Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)

Же тоок баккан майдачыл болору таризде. Чочкочу кичине ыпласка жакын. Ал эми бүркүт таптаган өзү да бүркүт кыял, бир мүнөз, эки жүздүүлүктү жек көргөн, намыскөй, өзүн таза туткан, бийикти эңсеген кулк-мүнөздүү болот. Атактуу манасчы Саякбайдын да көкүрөктө туу тутканы бир айкөл Манас болсо, көңүл кушун көкөлөткөн колундагы эрмеги - бүркүтү болгон. Өзү да бүркүт сыңары оболоп, бийикте, аруулукта өмүр өтөдү.
Ошондуктан көптөр эңсеп жүргөн борборго келгенде адеп баш калаа тардык кылып, өзү батпай жүдөп кыйналып, капастагы бүркүттөй тоону эңсеп, көлүн сагынып, эркиндикти самап, колу бошой калганда Көл тарапты көздөй чу коюп кетип калып жүрдү. Фрунзе ага тардык кылды.
Өзү айткандай ал "Манасты" залда, кабинетте, же студияда эмес, таза абада, тоодо, суу жээгинде эркин айтчу. Төгүлүп айтчу, кыйналбай өзү рахат алып эргип, кээде ээлигип токтоно албай айтчу. Кырк чоросу менен кошо жүргөндөй кербезденип айтчу. Түлөккө отургузулуп тапталган бүркүттүн томогосун чечкенде кандай бийикте сабалап учса, Сакең да көпкө дейре сагынып дастанын айтпай жүрүп, анан оболоп "Манас" айтса, ошол бийиктеги бүркүтүндөй сызчу. Тээ көк мейкинди сабалачу. Жер паста калчу, боз чаңгыл бойдон.
Сагызган сайда, таранчы карагайда, ал эми карга-кузгун тарп аңдып жашайт. Чыныгы бүркүт бийикти, көк мелжиген асканы, жылдыздарга жакын булуттарды мекендеп, майда-чүйдө чымчыкка кол салбайт. Чоңду качырат. Сакең дагы кенже эпосторго аралашкан жок.
Бүркүт бийиктен тике качырып, атып түшүп аң алып, чеңгелине мүйүздөй катуу бир тырмагын, бир тумшугун батырып алып, анан мүнүшкөрү келгенде бошотуп берип, мүнүшкөрүнөн алкоо сөз уккан соң ыраазы болуп моюнун ого бетер зоболотуп, көкүрөгүн кере бир мактоого татыктуу экенин билгизет. Сакең да "Манасты" укмуштай айтып болуп, элден алкоо укканда, ичинен өзүнө ыраазы болуп, эки жаагы бүлкүлдөп турса да, кудум Манастын өзү сыяктуу кабагын бүркөп, анан каардуу карап койгону да бүркүт чалыш мүнөзүнөн эмеспи.
Анан Сакең ачык-айрым мүнөз киши болгон менен эч ким менен сыр бөлүшпөгөн. Болгону жалгыз Бүркүт салып жүрсө, ага "Манас" айтып, кырааны аны тыңдап, ээн талаа, эркин тоодо кушу менен кобурашып, сыр бөлүшө жүргөн. Саякбай не деген залкарлар менен үзөнгүлөш, насиптеш, жолдош болуп жүрдү. Бирок, бири да Сакеңдин сырын толук билем деп айтканга оозу даап барган эмес. "Манастын" сырын манасчы гана билген сыңары, Саякбайдын сырын бир билсе ал өлөөрдө кайдадыр кайып болуп учуп кеткен Ак көз бүркүтү билер.
Бүркүт бүркүттүн гана эрежесине баш ийип жашайт. Маселен, жапызга конбойт, чаңга жолобойт, капаска көнбөйт. Өлүү эт жебейт. Тоону гана эңсеп, тээ бийиктеги Көктү гана көксөйт. Көкүрөгү шамалды самайт. Канатына кир жугузбайт. Чагылгандын жарк-журк эткенинен жалтанбайт. Көзү курч, жүрөгү өрт келет. Эркин өскөн эрээн куш.
Сакең: "Бүркүттү жырткыч деп айтууга болбойт. Жырткыч болсо баарына алы жетет, баарын кырып жибербейт беле. Бүркүт канаттуулардын кайра тартпаган мырзасы. Ал эркиндикти сүйгөн асыл жаныбар. Ошон үчүн бийик аскаларга уя салып, бийик асманда гана каалгып учуп жүрүшөт" деп барктап айтчу.
Сакең да канча кооз кабинет, залдарда "Манас" айтты. Бирок өзүнүн өтө кысылып, кыйналып жатканын сезчү. Бүркүт бүркүттүгү менен мактанбайт. Анын турган турушу эле Бүркүт. Саякбай да манасчылыгы менен эч мактанбаган, элеттик миң абышканын бири сыңары эле, айылдын топурагындай жөнөкөй, карапайым болгону анык. Бүркүт тоодо, бийикте, таза абада, мөңгүдө жашап, сылап-сыйпап, эркелеткенди жактырбайт. Кудум ошо сыңары Сакең да баладай таарынчаак, баатырдай каардуу мүнөзү менен эркелетейин дегендерди шатырата сөгүп кирчү. Акыл айтса Бакайдай, чарт-чурт этсе Чубактай, достукка Алмамбеттей бекем. Мергенчилеп баратса Манас жоого аттанып бараткандай.
Бүркүттү көпкө аң уулатпаса тамырлары, тарамыштары ката түшөт. Сакең көпкө "Манас" айтпаса сыркоолоп калган өңдүү маанайы чөгүңкү тарта түшөөр эле.
Бүркүт тоё тамак ичсе аң-куш ала албай калат.
…Жайдын саратаны. Бул учурду баары күтөт. Көлгө барып эс алып, күнгө күйөлү деп. Бирок Саякбай бүркүт сыңары кеч күздү күтөт, эң биринчи сампарлап жааган карды. Себеби кар жааса баары кар астында калып, аң жем издеп чыгат. Анан бүркүтү аң алат. Ошон үчүн Саякбай жадыраган жазды күтпөй, жайкалган жайды күтпөй, күркүрөгөн күздү күтүп, аппак карды арзып жашачу. Кудум Бүркүтү сымак. Бүркүтү аң алса өзү алгансып жаш баладай сүйүнүп, бүркүтү тойсо өзү тойгондой сүйүнүп, бүркүтү көктө жүрсө өзү да көктү карап жердеги турмушту унутуп, көктө гана оболоп, буту жерде экенин унутуп. Айрыкча кыш келгенде шаарда тура алчу эмес. "Түндө Бүркүтүм түшүмө кирди...





Шай - Доот:
Мезгил Сабактары


Мезгил cабактары азыркы күндө болуп жаткан адамзаттын ар кыл кыйынчылыктарынын себептери, көпчүлүк адамдардын рухий дүйнөсүндөгү өзгөчө туюм-сезимдердин жаралуу негизи жана ушул күндө аалам түпкүрүнөн Жер планетасына келип жаткан айрыкча кубаттуу энергетикалык таасирлери тууралуу маалымдайт. Ал таасирлердин кубаты адамдар дүйнөсүнө жакынкы келечекте кандай өзгөрүүлөрдү алып келери баяндалат. Эгер сизди бул маалыматтар кайдыгер калтырбаса, аалам сырларын ачып берген мезгил сабактары менен таанышып, жаңы доорго бурулуш жасаган адамзаты менен кандай кубулуштар болору тууралуу үзбөй окуп туруңуз.


(Башы өткөн санда)
...Ошондо ар бир адамдын жүрөгү, эненин баласына болгон сүйүүгө толгон жүрөгү сыяктуу, ар бир нерсени аёодо болуп, жер дүйнөсүндөгү "согуштан" жана "согуш" деген түшүнүктөн ыраактайт. Жаныбарлардай болуп эки адам урушуп биринин денесине бири так салбайт. Алсызынын "тамагын" алдуусу тартып ичпейт. Космоинтеллектуал сапатына ээ болгон адам эң эле жырткыч жаныбардын кол астында турса да, аларга жем болбойт, алардын кол салуусуна кабылбайт. Себеби мындай инсандагы таза аруулук, денесиндеги ар бир клетканын Эң Жогорку Акыл-Эстен келген балкыган энергия менен жогорку гармониядагы шайкештүүлүктө болуусу, ал инсандын айланасын ыйык нурга бөлөп тургандыктан, агрессивдүү келген жаныбардын да жырткычтык инстинктин жумшартып турат. Муну биз Даниил пайгамбардын мисалынан билебиз. Алтын доор заманынын тушунда адамзат жапырт космоинтеллектуалдуулукка айланганда, адамдар жаныбарлардын прогресс ишине да салым кошоорун ушул учурдан байкасак болот. Бул ааламдагы бардык нерселер бири-бирине эң керек болгондуктан, сөзсүз түрдө кандайдыр бир деңгээлде бири-бирине пайдасын, кызматын берип турат. Жаныбарлардын адамдарга берген тамак менен кийимден башка, бизде жок өзгөчө сапатын баалашыбыз керек. Мисалы адамдар жаныбарлар сезген жер титирөөнү же дагы башка табигат кырсыктарын сезе алышпайт, алардын бул артыкчылык жагын белгилей кетишибиз керек. Ушул артыкчылыгы, эволюциялык прогресс системасында баалануучу, бизден алдыда турган жаныбарлардагы бир сапат болуп эсептелинет. Ошол сапатка биз, жаңы энергетикалык ааламдын сферасына барганыбыздан кийин гана ээ болобуз. Азыркы учурда биздин арабызда бул сапатты өздөштүрүп алган инсандар бар, бирок аларды космоинтеллектуал деп же 6-расанын инсаны деп атоо эртелик кылат. Себеби толук түрдө ар кырынан тазаланып бүткөндөр өтө эле аз өлчөмдө. Космоинтеллектуалдуулукка таандык болгон, азыр силер иножөндөмдүүлүк (иноспособность) деп баалаган сапаттардын бириңерде бары бириңерде жок. Ушул иножөндөмдүүлүк кыргыз тилинде ыйык чеберчилик деп аталышы керек. Ал эми мындай деңгээлдеги сапатты алып жүргөндөр учурда адамзатына кызматын беришүүдө. Азыр айрымдарыңар ыйык чеберчиликтин бир кырдуу жагын ачып иштеп жаткан болсоңор, жаңы энергетикалык сферага киргениңерден кийин ар бириңер мындай жөндөмдүүлүктүн бир нечесине ээ болосуңар. Ал эми Алтын доорго өтүүгө жетишкенде, ар бир инсан бул касиеттүү жөндөмдүүлүктөрдүн баарын алып жүрөт. Глобалдык Кристаллизацияны (глобалдык кристаллизация - бул, адамзатындагы терс илептүү кубаттарды Кудайдан тиленип олтуруу менен аруулап тазалоо жана ар бир инсандын пендечилик сезимдерден арылышы, напсинин агарышы) жүргүзүүдө бир эле сферанын тазаланбай калуусу да жаңы сферага өтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул жерде материалдык дүйнөдөгү бардык сфералардын тазалануусу жана тонкоматериальный дүйнөдөгү ата-тектен келе жаткан адамзаттын кармасындагы энергетикалык түрдө ааламда кармалып турган бардык туура эмес иштеринин энергиясын өчүрүү керек. Ошол себептүү бул процесстин мөөнөтүн созбогонго аракет кылалы жана бардыгыбыздын жүрөк ачылуубуздун өз учурунда жүрүшүн, мезгилден кеч калбашын тилейли.
Энергетикалык ири толкундар,
Энергетикалык майда толкундар,
Энергетикалык жыш толкундар
Адамзат дүйнөсү азыркы мезгилге чейин энергетикалык ири толкундардын күчү менен кармалып, бул ири толкундар адамдын физикалык жана мээ өнүгүүсүнө чоң таасирин берип келген. Эми эволюциялык жолдо энергетикалык синтездоо иши боюнча жаңы мүнөздүү толкундар аракетте болуп адамзат өзүнүн жаңы баскычына көтөрүлөт. Глобалдык синтезделүү мезгилин адамзат ийгиликтүү жашап өтүшү үчүн энергетикалык өзгөчө ыйык толкундун жумшак мүнөздүү алгачкы эки илеби жер бетине таасирин берүүдө. Бул эки майда толкун энергиялык вибрациялык күчтөрү боюнча илептери бири-биринен аз гана айырмаланып, бирок негизинен өтө эле окшош мүнөздүү толкундар. Бул толкундар адам дилин жумшартуу менен анын аң-сезимин алдыдагы эволюциялык баскычтарга даярдамакчы. Андан кийинки этаптын толкундары өтө жогорку жыштыктарда болуп, адамзат буга чейин илимий негизде далилдеп койгон теориялардын "акылын сапырат". Дал ушул энергетикалык жыш толкун - космос энергиясынын активдештирилген кубаттуу резонансы деп аталат. Жер дүйнөсүндө мурда эч качан аракетте болбогон өзгөчө мүнөздүү бул толкундар адамзат дүйнөсүндөгү бардык бар нерселерде катышып, ал эми эң негизгиси адамдын дил дүйнөсүндө маанилүү позицияда болот. Ошондо адамзат жердеги болуп келген убакыт стандартынан башка дагы "убакыттардын" бар экенин таанууга жетишет. Азыркы учурда олуялык касиеттерин туура жолго салып алган сопланетяниндерибиз бул "өзгөчө убакыттуу дүйнөлөрдө" катышып, ыйык иштерин параллелдик жана жогорку чектеги сфераларга кирүү менен аткарып жатышат. Кайсы инсан Улуулуктун адамзат үчүн керектүү ыйык кубулуштарына өзүнүн акылын, денесин жана аң-сезимин өз убагында даярдоого үлгүрбөсө, ага бир топ кыйын келген сынактар болот. Эми алдыдагы этаптын иштерине карай өтө жогорку жыштыктагы энергетикалык толкундуу илеп жакындап келе жатат. Бул айтылып жаткан "толкундар келди, дагы күчтүүсү келет" деген нерсе эмнени түшүндүрөт? Биздин Саманчы Жолу галактикабыздын өз денесин өзү айлануусунун негизинде - бул микроцикли, жана Жер планетасы бир жылда Күндү бир айланган сыяктуу, галактикабыздын чоң айлануу жасоосунун негизинде - бул макроцикли, адамзат өзүнүн галактикасы менен бирге ааламдын бизге мурда эч качан тааныш болбогон, убакыт, аралык жана мейкиндик чектери башкача жыштыктагы энергия менен кармалган бизге "чоочун" күчтөгү сферасына кирип бара жатабыз. Ошентип, алдыдагы ар бир эволюциялык баскычтар жалаң эле бизге эмес, бардык аалам гражданиндери үчүн да улам жаңысы жаңылык катары кабыл алынып турат. Бир сабакта деп айтылган: "Чудное для вас - это нормы эволюции".
Уйку акыбалындагы денелердин ойгонуусу
Оттуу Доор энергиясынын илептери улам жаңыланып келип олтуруп, адамзат дүйнөсү жаңы жана алда канча жогорку жыштыктагы энергия менен кармалуучу сфераларга барып кирет да, андан ары да бул Улуулуктун биз үчүн жаңылык болгон энергетикалык жыштыктагы таасирлеринин күчү арбындай берет. Ошол биздин жан дүйнөбүздүн түпкүрүндө терең уйку акыбалында жаткан жука денелерибиз, эми биздин дүйнөбүзгө келүүчү өзгөчө толкундуу энергиянын таасири менен кыймылга келтирилет. Мындай таасирленүү менен аялзаты буга чейин өзүндө ала келген психикалык чачылуулардан арылып, эркек адамга таандык болгон сабырдуу, кайраттуу жана беймарал келген сапаттарды өзүндө өздөштүрө алат. Ал эми эркек адам болсо тез эле намыска алдырып жиберүүчү, согушту каалап кеткен, кайратына салып опурулган сапатты, эне мээримине толгон сүйүү менен алмаштырып, өзүндө жумшак сезимдерди өздөштүрүүгө жетишет. Бул жакшы көрөңгөлөр Улуу Теңирден Адам атабыз, Обо энебиз жаралганда, өтө терең катуу уйку акыбалына алып келинип, жука дене катары жан дүйнөбүзгө салынуу болгон экен. Ошол асыл сапаттарыбыз эми жаңы доордун өзгөчө толкундуу жогорку жыштыктагы энергиялык вибрациясы менен ойготулат да, аялзаты эркекке таандык жакшы касиеттерди, ал эми эркек аялзатындагы жакшы сапаттарды өздөрүндө кыймылга келтиришет. Кыргызда, ата-тегибизде айтылып келген "кичинекей медерим, жер түбүнө жетээримдин" түпкү мааниси эми чечмеленип, жаңы энергетикалык сферага кирип келүүбүз менен жан дүйнөбүздө улуу муундарыбыздан геноформулабызга (турпатыбызга, ДНКга) жана геноэнергоформулабызга (касиетибизге) жазылып келген ыйык чеберчиликтерибиз жандуу акыбалга келет. Кичинекей медер - ал, азыркы учурга чейин уйку акыбалында болуп денебизге жазылып келген нур илептүү касиеттерибиз.
(Уландысы бар)