Мухтарбек Өмүракунов,
"Замандаш" саясий партиясынын төрагасы:
"Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улачу мезгил келди"
Урматтуу замандаштарым!
Урматтуу кыргыз элим!
20 жыл ичинде Улуу журтубуз болгон Кыргызстаныбыз жана кыргыз элибиз кандай гана сыноолорду башынан өткөрбөдү? Ооба, кылымдар бою өз мекенинен бир карыш кадам ары аттап көрбөгөн кыргыз көр тирликтин айынан "тентиди". Кыргыз баспаган жер калган жок. Алыскы Якутия, Сахалин, бул жагы Америка, Италия, тиги жагы Корея, Кытайга чейин кыргыздын буту жетти. Өз элибизди бага албагандыктан, сыртка агылган кыргыз бүгүн минтип чачырап отурат.
Буга кошул-ташыл быйылкы жыл кыргыз эли үчүн чоң саясий сыноолордун жылы болду. Эл бийлиги орноду дегенибиз менен, Кыргызстандын мындан ары келечеги кандай болот, биз жана биздин балдар кандай турмушта жашайт деген суроолор ар бирибиздин жүрөгүбүздө жоопсуз калды. Ушу күндө баарыбыздын каалообуз, максатыбыз бирөө гана. Ал - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Карапайым элге бийликтин да байлыктын, саясаттын да кереги жок. Бир гана нерсе - тынчтык, стабилдүү турмуш, татыктуу эмгек акы, тиричилигине бүлүк салбаган жай турмуш, балдарынын курсагынын тогу, алардын жаркын келечеги керек.

Урматтуу мекендештер!
"Чачылганды жыйначу, үзүлгөндү улачу" мезгил келди. Буга ар бирибиз милдеткербиз!
Биз мындан 7 жыл мурун "Замандаш" фондун уюштуруп, чачыраган кыргызды бириктирели деп көп иштерди жасадык. Бирок жалгыз уюмдун иши мындай масштабдуу миграциялык агымга аздык кылат экен. Буга мамлекеттик деңгээлдеги чоң саясат керек экен. Мына, ушул себептен биз саясатка аттандык. Биз байлык же бийлик топтогону бараткан жокпуз, чын пейилибизден кыргыз элине жардам берели деп баратабыз. "Замандаштын" өз күчү менен топтогон байлыгы өзүнө жетиштүү. Биздин максат - кыргыз мамлекетин сактап калуу, сыртка агылган кыргызды токтотуу, сырттагы байгер кыргыздардын инвестициясын кыргыз экономикасына салуу. Биз буга чейин эле кыргыз эли үчүн иштеп келгенбиз жана мындан ары да иштей бермекчибиз. "Замандаш" саясий партиясы уурдап-тоноосуз таза коомду, адилеттүүлүк өкүм сүргөн таза жашоону, өнүккөн экономикасы бар байгер турмушту орноткусу, эртеңки күнгө ишеним жараткысы келет.
Урматтуу замандаштар, күнүмдүк курсакка, анча-мынча тыйын-тыпырга, жалган убадаларга ишенбей, келечекти туура тандагыла дегим келет. Анткени ар бир шайлоодо алданып отуруп ушу күнгө жетип отурабыз.
Биз өзгөрүүгө МУКТАЖБЫЗ жана ошого УМТУЛАБЫЗ!
Урматтуу кыргыз элим, мындай улуу иштер кыргыз элинин көмөгү астында гана ишке ашат. Тагдыр чечүүчү күндөрдө туруп, замандаштар биз менен бирге болгула демекчимин. Анткени биз өз киндигибизди өзүбүз кестик, эми сиздерге жардам беребиз! Биз өз күчүбүз менен БУТКА ТУРГАНБЫЗ жана башкалардын да өйдө турушуна көмөк көрсөтүүгө ДАЯРБЫЗ! Биз мунун ЖОЛУН билебиз, анткени бул биздин өз башыбыздан өттү. Демек, биздин катарга кошул, бизди колдо ЗАМАНДАШ!
Материал "Замандаш" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды




Бакиевдер кайсы партияга 700 миң доллар которгон?
К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн кээ бир өкүлдөрү парламенттик шайлоого катыша турган айрым саясий партияларды каржылап келатышканын биздин гезит буга чейин байма-бай жазып, көп ирет күч тармактарына кулак кагып келгенбиз. УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бир аз билек түрүнө иштеп койду эле. Биздин жазып жаткандарыбызды иш жүзүндө далилдеди. Тактап айтсак, Кеңешбек мырза: "Бакиевдер алардын кызыкчылыктарын көздөгөн партиялар үчүн өтө чоң суммадагы акча которуп жатышат. Бакиевдердин Казакстан аркылуу бөлүп берген акча каражаттары Кыргызстанга алып келинген. 700 миң доллар менен жакында бир автоунааны кармадык. Ал каражат шайлоо алдында жана шайлоо күндөрү өлкөдөгү кырдаалга таасир этүү үчүн арналган"- деди Дүйшөбаев. Бирок Кеңешбек мырза ал кайсы партия экенин азыр ачык айта албасын билдирди. Кайсы партия экенин УКМКнын башында туруп билбей калса, анда чекисттерге жыргаган экенбиз го. Негизи 700 миң доллар менен камсыз болгон кайсы партия экенин "иттин уулу Байгара" деле билет. Ал партиядагылар жалаң Бакиевдин экс-министрлери, депутаттары. Ошондо кеп чындыгы баягы эле "Ата-Журтка" өзү эле келип такалып жатпайбы? Эл бул маселеден улам да туура жыйынтык чыгарышы зарыл!


Нариман ыйманын жеп актанды…
Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган "Закиржан Бакиевдин "баласы" Нариман Түлеев мынча байлыкты кантип топтогон?" деп аталган макала тууралуу Нариман мырза жан досу Акматбек Келдибековдун "Апта" гезити аркылуу (актануунун көлөмү эки бет) жанын, ыйманын жеп актанууга үлгүрдү. Кыскасы, биздин гезит Наримандын Бишкектеги 17үйүн, 20дай ишканасын, жана Бишкектин жолдорун оңдоодо Эсеп палатасы расмий түрдө аныктап чыккан сол чөнтөккө уруп койгон 190 миллион сому тууралуу да ойдон чыгарып жазып койгон имиш. Түлеев мамлекеттин казынасынан сокур тыйын дагы албаган аппак киши имиш. Жок, кечирип коюңуз, урматтуу Нариман мырза, жана Нариман Түлеевчилер… Ал маалыматтар такталган маалымат. Андыктан жооп берер күнүңүз эртедир-кечтир келет. Анан канчалык деңгээлде ак экениңизди далилдеп жата бериңиз? Же кырдаал ошончолук эле курчуп баратса, "көп болсо, кайра качып кетермин" деп максат кылып турасызбы? Айтмакчы, ал макаланы Наримандын беш колдой жакшы билген, бир санаалаш адамы бизге калтырган болчу. Нариман мырза, "Форумду" жана жогоруда аталган макаланын авторун сотко берүүгө чамынып жаткан имиш. Берсин, бергиси келсе…Кудай буйруса, кийинки сандарыбызда Наримандын эл биле элек дагы далилдүү укмуш жоруктарын жарыяламакчыбыз.


Арабаевде алгылыктуу иштер жасалды
Акыркы жылдары кыргыз интелигенция өкүлдөрү бийликтин саясий куралына айланып калгандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Өзгөчө он миңдеген студенттер армиясын башкарган жогорку окуу жайларыбыздын жетекчилери эски эки бийликтин тең тушунда кандай саясий өнөктүк болбосун, айдаган жагына барып, кол балалык милдеттерин аткарып келгендери эсибизде. Ал эми окумуштуу-профессор Төлөбек Абдрахмановго окшогон жеке көз карашы, карманган принциби бар, таза, бийликтин кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгын жогору койгон айрым жүрөгү курч инсандарыбыз ошондогу кошоматчы, ат кошчу ректор, декандардын куугунтугунда калып, ар дайым кодуланып келишти. Жаңы бийлик келгени дал ушундай таза адамдар кызматка тартылды. И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин учурдагы ректору Төлөбек Абдрахманов карызга белчесинен батып, мугалимдердин айлыгын бере албай калган мышык ыйлаарлык абалда калган бул университетти акырындап бутуна тургузуп келатат. Алдыдагы шайлоодо да башка жетекчилерчилеп ар кайсыл партиянын эшигин сагаалабай, өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аркалоонун үстүндө. Аз убакыттын ичинде көп иштерди жасаганга үлгүргөн Төлөбек Абдрахмановдун иш билгилиги учурда аталган университеттин жалпы жамаатында зор алкоого алынууда. Айтмакчы, жакында эле өлкө башчысы Роза Отунбаева Төлөбөк Абдрахмановду И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына атайын Указы менен бекитип берди.




Шайлоонун ачык, таза жана калыс өтүшү үчүн камкордук
Өлкөнүн Башкы прокурору Кубат Байболов өз ишине жаңыча мамиле жасап, өкүм-зордукчул эски бийликтин одоно мыйзам бузууларынын бетин бир четинен ачууда. Азыркы учурда мындай чечкиндүү аракеттер коомубузга аба менен суудай керек. Себеби А. Акаев менен К. Бакиевдин заманында элибиз мамлекеттик бийлик органдарынан, Башкы прокуратурадан, Жогорку Соттон, Конституциялык Соттон, Борбордук Шайлоо Комиссиясынан ж.б. түңүлүп калган болчу. Алар, айрыкча Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик, президенттик шайлоолордун мыйзамга ылайык акыйкат, калыс, ачык жана таза өтүшүнө көзөмөлдүк кылуунун ордуна Президенттин, анын жан-жөкөрлөрүнүн пайдасына баардыгына көз жумушкан, атүгүл ыймансыздарга үзүлүп-түшүп шарт түзүшкөн.
Ошондуктан шайлоолор буга чейин жапырт мыйзам бузуулар менен коштолуп келди. Айрыкча 2007-жылкы 21- октябрдагы референдум, 2007-жылкы 16-ноябрдагы шайлоолор, 2009-жылкы Президенттик шайлоо мамлекеттик ресурстарды ачыктан ачык колдонуунун, абийирди унуткарган уятсыздыктын, кошоматчылыктын ачык айкын далили. Ошол шайлоолордо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, округдук, участкалык комиссиялар ашынган жасакерликтин үлгүсүн көрсөтүп, жасалма жыйынтыктарды таңуулашканы кимге жалган. Айрымдар азыр да андай абийирсиз аракеттерден кайра тартпашы мүмкүн. Андайларга сабак болуш үчүн, эскертүү катары Башкы Пракурордун анын демилгеси боюнча 2007-жылкы референдумдун, Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыктарын, 2009-ж. президенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушу өлкөдө калыстыкты камсыз кылуу үчүн көрүлгөн чечкиндүү чара десек куп жарашат.
Ылайым Башкы прокурор К.Байболовго кудай кубат берип, баштаган иштеринин аягына чыгышын тилек кылалы.
Н. Ишекеев,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору,
педагогика илимдеринин доктору.