Төбө чачың тик турат…

Закиржан Бакиевдин "баласы"
Нариман Түлеев мынча байлыкты
кантип топтогон?
Кудайдан жөө качкан, канкор Закиржан Бакиевди "аталап" жүргөн Нариман Түлеев деген эргулду кимдер гана билбейт. Нариман Бакиевдин доорундагы "эң мыкты" иштерман саясатчы катары көрүнгүсү келип, 2007-жылы Бишкек шаарынын (мэрияны) башкармалыгынын эки тизгин, бир чылбырын колго алгандан баштап, 7-апрелге чейин борбор шаарыбызды каалагандай калчады. Сөздүн кыскасы, Нариман мырза өзүн Ленинден кем калбаган "улуу реформатор" катары көрсөткүсү келгенин жокко чыгарууга болбойт. Сөзүбүз кургак болбош үчүн анын элге кеңири белгилүү "реформаторлук" иштеринен учкай кеп кылалы.

Алгач, Наримандын Бишкек мэрлигине келгенге чейин, "Кыргыз темир жолундагы" жоруктарынан бир шиңгил жаза кетели. Бул тармакты Нариман Түлеев "Мен бутуна тургузгам"-деп, каратып туруп: калпты ышкыртып жатканы көпчүлүктүн жинин кашайтууда. Буга далил катары айтылуу "diesel.forum" деп аталган интернет баракчасында "Кыргыз темир жолунун" Түлеев келгенге чейинки өнөктөштөрүнүн алдындагы карызы 10 млн. швейцар франкын түзсө, ал келгенден кийин бул сумма 23 млн.го чейин өскөндүгү жазылат.
Мындан тышкары Нариман Түлеев Орусиядан 62 пассажирдик вагон алып келгендигин бардык ММКлар аркылуу жар салганы бар. Чын-чынына келгенде ал вагондор "Орусия темир жол" ишканасынан ар бир вагон үчүн күнүнө 92 доллар ижара акысы менен алынган экен. 62 вагондун ар биринен 92 доллардан төлөсөк, бир күндө 6 миң долларга жакын кызылдай болгон акчаны ижара акысы катары төлөйбүз. Эски жетекчиликтин мына ушундай акылсыздыгынын айынан "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы айына 200 миң, бир жылда 100 млн. долларга жакын карызга чөгүп бараткандыгы айтылат.
Нариман мырза мэр болуп турганда "атам" деп жүргөн Курманбек Бакиевдин бул сүрөттөгү айкелин жасатып иш бөлмөсүнө чекчейтип коюп алган "эрдиги" эле эмнени каңкуулайт?
Ар бир өлкөнүн борбор шаарынын чок ортосунда жайгашкан борбордук аянты болот эмеспи. Андай аянт ар бир мамлекетте бар. Жада калса, жакынкы Тажикстанда, Өзбекстанда, согуш басылбаган Афганистанда, алыскы мамлекеттерден Африка өлкөлөрүндө да бар. Биздин мамлекетте да көзгө басар бир гана чоңураак аянт бар болчу. Нариман ал куттуу аянтты, сөздүн туурасын айтканда 2009-жылы улам күч алып бараткан оппозициядан кызганып, ортосуна фонтан курдуруп, гүл олтургузуп, олтургуч жайнатып ачык паркка айлантып салды. Натыйжада эл чогула турган көзгө басар аянтыбыз жашыл-ала парк болуп эле жатып калды. Азыр ал аянтыбыз аянт экени же парк экенин айырмалоо кыйын. Анысы аз келгенсип, кыргыз элин ачык эле мазактап, Манас бабабыздын түбүнө жетишкен калмак-кытай баатырлары Нескаранын, Шыпшайдардын, Макел дөөнүн, Жолойдун айкелдерин так ошол аянтыбызга орнотуп, бүтүндөй кыргыз элин дүйнө жүзүнө уят кылды. Элибиз ошондо Наримандын бул кылыгына абдан нааразы болушуп, гезит беттерине: "Нариман ошол калмак баатырларын өз огородуна алып барып коюп алсын"-деген пикирлерин билдиришкен эле.
Андан кийин жолдорду сапатына эмес, санына басым жасап оңдомуш этти. Учурда Наримандын ал жолдорду оңдоодо жалпысынан 190 миллион сомду ашыкча көрсөтүү жана башка ар кандай жолдор менен сол чөнтөккө сологондугу Эсеп палатасы тарабынан ачыкка чыгып олтурат. Мындан тышкары шаар ичиндеги жерлерди бизнесмендерге мыйзамсыз саткандыгы, борбордук көчөлөрдүн боюна, ооруканалардын, бала бакчалардын, парктардын жанына курууга уруксат берип, бул иштерди ишке ашырууда да бир топ акчага "туйтунгандыгы" да айтылууда. Сөздүн кыскасы, Наримандын мындай шылуундук иштери ага чексиз байлык алып келген. Бирок кептин баары "ал опол - тоодой байлык адалбы?" деген суроодо. Эмесе, "Ата-Журт" партиясында тизмеде бешинчи болуп, депутаттык мандатты көздөй эч нерсеге карабай марш уруп бара жаткан Наримандын бийликте турган кездеринде топтоого жетишкен байлыктарынын тизмесин жарыяламакчыбыз. Бул тизмени жакшылап окуп чыгалы да, кепти андан ары уланталы.
Наримандын үйүнүн саны араң эле 17би?
Түлеев мырзанын Бишкек шаарында араң эле 17 үйү бар экени тиешелүү тараптардын иликтөө иштеринде ачыкка чыкты. Булардын бири да өзүнүн наамына эмес, атасы Ташболот Түлеевдин наамына 13 үй катталса, кызы Түлеева Назгүл Наримановнанын наамына үч, Нариман уулу Санжардын наамына бир, Нариман уулу Бакыттын наамына да бир үй катталган. Ал эми бул үйлөрдүн көбүнчөсүнүн баасы кеминде 200 миң доллардын тегерегинде экендиги айтылууда. Элге ачык жана далилдүү болуш үчүн бул үйлөрдү дареги менен берүүнү эп көрдүк:

1. Эркин-Тоо көч., №23 үй - Түлеев Ташболот,
2. Саранский пер. №3 үй, 5-кв. Түлеева Назгүл Наримановна,
3. Раззаков көч., №7 үй, 8-кв. Түлеева Назгүл Наримановна,
4. Раззаков көч., №7 үй, Түлеева Назгүл Наримановна,
5. Раззаков көч., №7 үй, Түлеев Ташболот,
6. Коёнкөзов көч.,№35 үй, Түлеев Ташболот,
7. Коёнкөзов көч.,№37 үй, Түлеев Ташболот,
8. Айтматов Т. (мурунку Каширская) №65 үй,1-кв. Түлеев Ташболот,
9. Токтоналиев (мурунку Душанбинский) номерсиз үй, Түлеев Ташболот
10. Үмөталиев көч., №41 үй, 27-кв., Түлеев Ташболот,
11. Үмөталиев көч., №41 үй, Түлеев Ташболот,
12. Раззаков көч., №7 үй, 1-кв. Түлеев Ташболот,
13. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 үй, 18 кв. Түлеев Ташболот,
14. Эркиндик (мурунку Дзержинский) №14 үй, Түлеев Ташболот,
15. Фрунзе көч., №495 үй, 7-кв, Түлеев Ташболот,
16. Славгородский көч. №21 б, Нариман уулу Санжар,
17. Токтогул көч., №86/1 үй,10-кв. Нариман уулу Бакыт.

Тизмеде көрсөтүлгөн бул үйлөр ачыкка чыкканы. Ал эми ачыкка чыга элеги канча болду экен? Борбор шаарыбыздан тышкаркы жерлерде Нариманга жана анын жакындарына катталган канча ишкана, канча үй бар болду экен? Кези келсе, бул жагын да иликтеп көрөрбүз. Себеби Наримандын өзүнүн наамында бир да үй "жок" болуп жатпайбы? Бирок ошентсе да, Нарикеңдин жеке менчик ишканалары да жогоруда саналган үйлөрүнөн да ашык.
Наримандын жеке менчик ишканалары:
1.Панфилов көч., №153-155-үй, ЭкспоСтрой ЖЧКсы,
2. Фрунзе көч., №364/1, ЭкспоСтрой ЖЧКсы,
3. Киев көч., №126-128-үй, "CARAVAN" ЖЧКсы (Караван) соода борбору,
4. Үмөталиев көч., №41 үй, ТСЖ батыш тарабындагы Караван,
5. Үмөталиев көч., №41 үй,1-кабат, Караван ЖЧКсы,
6. Үмөталиев көч., №41 үй, жер төлөсүндө, Караван ЖЧКсы,
7. Манас просп. , №101/1, Караван соода борбору, ЖЧКсы, (Сапаткомдун мекемеси),
8. Жумабек Ибраимов көч. (мурунку Иваницин), 203/1, Караван соода борбору, ЖЧКсы, (Сапаткомдун мекемеси),
9. Исанов көч., №81-83, Дос-Кредобанк ААКсы,
10. Токтогул көч., №171/1, 1-2-кабат, Дос-Кредобанк ААКсы,
11. Чүй просп., №100/5, Дос-Кредобанк ААКсы,
12. Байтик баатыр көч., №3/2, 11-кв., Дос-Кредобанк ААКсы,
13. Байтик баатыр көч., №3/2, Дос-Кредобанк ААКсы,
14. Байтик баатыр көч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 6, Дос-Кредобанк ААКсы,
15. Байтик баатыр көч., №3/2,(цок.кабат) парк, Ст-ка 25, Дос-Кредобанк ААКсы,
16. Улан мкр., №7, 48-кв., Дос-Кредобанк АКБ, Бишкектеги филиалы,
17. "Сапатком" байланыш түйүнү жана анын бардык бөлүмдөрү.
18. "Ак жол" камсыздандыруу компаниясы. (Түлеев ушул компаниясы аркылуу "Ата-Журт" партиясына бир нече млн. которгондугу айтылууда).
19. Vesti. kg. сайты.
Ижарага алгандары:
1. Манасчы Сагымбай көч. (мурунку Калинин), ЭкспоСтрой ЖЧКсы,
2. Жумабек Ибраимов көч. (мурунку Иваницин) №203/1, Караван соода борбору ЖЧКсы,
3. Исанов көч. №81-83-үй, Дос-Кредобанк ААКсы,
4. Жукеев-Пудовкин №2/1 кв. Дос-Кредобанк ААКсы.

Нариман мынча байлыкты кантип топтогонун кыраакы кыргыз элине айтпасак да белгилүү. ЭкспоСтрой ЖЧКсынан Нариман мырза канча пайда көрөрү белгисиз. Ал эми көп тармактуу Караван соода түйүнүнөн жана "Сапатком" байланыш түйүнүнөн болсо, кудайга шүгүр пайда көрөрүн айтпасак да түшүнүктүү. Түлеевдин карамагындагы Дос-Кредобанк интернеттеги маалыматтарга таянсак, өткөн жылы 31 млн. сомдон ашык пайда тапкан. Анан ушундай чириген бай адамды мамлекеттин казынасынан бир тыйын алган жок деп кантип айтабыз? Аксынган Нариман мырза, мынча байлыкка кандай жолдор менен жеткенин кыргыз элине ачык айтып берсин! Кыргыз бийлиги бул маселе боюнча эт менен челдин ортосунда жүрө бербей, чечкиндүү чара көрүшү зарыл!
Сапарбай Саякбаев