Тата Улан,
ырчы:
"Сен кыргыздын ырларын бузуп
жатасың дегендер болгон"
Манасты туу тутуп, жүрөгү патриоттуулук деп соккон реп ырчы Тата Улан кыргыз жөнүндө ойлонгондон тажабайт. Тескерисинче, кыргыз экенине сыймыктанат. Ырларынын ар бир сабында мекенине, улутуна болгон сый-урматы байкалат. Ырчы жигиттин маеги төмөндө.

- Улан, дагы бир жаңы клип жаратуунун үстүндө экенсиң…
- Клип тууралуу так маалымат бере албайм. Азырынча аракеттенип, бышырып жатам. Бирок аба-ырайы бир аз тоскоолдук жаратууда. Күн чыгып туруш керек эле. Эки күн катары менен суук, жамгыр болду. Буюрса, тартып баштайм.
- Сенин ырдоо стилиңе, багытыңа кулак көнө түшкөндөй болду. Дагы деле сага жаадырылып жаткан сындар жок эмес. Өзүң буга кандай карайсың?
- Сындын ар кандай болгону бир чети жакшы. Бул багытта эч кимге таарынычым жок. Болгону башында кандай кадам баштасам, ошону улантып келатам. Эч кандай нерсеге көңүл бурган жокмун.
- Чыгармачылык изденүүлөр кандай болууда?
- Мен үчүн изденүүлөр жаңылык эмес. Башкаларга жаңы нерсе болушу мүмкүн. Мен аткарып туруп айтканды жакшы көрөм. Болбогон эле, ишке ашпаган нерсени айтуудан алысмын.
- Чарчаңкы түрүң бар…
- Кудайга шүгүр, чарчабай элемин.
- Кошумча эмне менен алексиң?
- Yйдө эле олтурдум. Шайлоонун өтүшүн күттүм.
- Алгач "чымыныңды" "Манас" козгосо керек..
- "Манастын" кайсыл варианттары болбосун кайрыктарын бузуп ырдаганга укугум жок. Жаңыдан чыгармачылыгын баштап келаткан муундарга айтып коёюн, эч качан "Манастын" саптарын алып, бурмалаганга болбойт. "Манас" кыргыз үчүн ыйык нерсе болушу керек. Мен болгону "Алча" деген ырыма Манастын обонун алгам. Бирок андан кийин токтоттум. Себеби мурда орусча сүйлөп жүргөнүмдөн улам, "Манасты" окуп баштап, кыргызча жазып баштагам. Ошондуктан "Алча" кыргыз тилиндеги биринчи ырым. Кыргызча сүйлөп калганым Манасты окуганымдан улам ишке ашты. Мен дагы улантып ыр жазсам болот эле, бирок Манасты көп козгобош керек экендигин түшүндүм. Андан сырткары "Манастын" ыргактарын колдондуң деп мага көп улуу адамдар кайрылышты. Мен жаман нерсеге колдонгон, туура эмес сөздөрдү айткан жокмун деп жооп айткам. Кыргыздын азыркы жаш мууну "Манас" китебине көп көңүл бурушпайт. Улуттук идеология деп илгертен айтып келатабыз. Бирок сөз түрүндө калып келет. Туруктуу позиция жок. Муну түзүп туруп жаштарга сиңириш керек. Анын ордуна биз оома болуп, Батыштын, башка өлкөлөрдүн системасына ыктаганыбыз туура эмес. Бул кадамды башташ керек деген ой. Себеби биз кыргызбыз. Баары бир кыргыз бойдон калабыз. Өзүбүздүн кенчибизди таштап, түкүрүп койгонубуз, өзүбүздү жээриген менен барабар. Мисалы, орустарды, ошол эле бизге окшоп 20 жыл мурда эгемендик алган өлкөлөрдү алалы. Алар 20 жылдын ичинде өзүнө өзөк түзүп алышкан. Ошондуктан алар өнүгүп кетишкен. Кайсыл өлкө өзүнүн тилин сыйлабаса, ал улут болуп жашап кетиши арсар. Патриоттук сезимди өстүрүш, өнүктүрүш керек. Ошол жагынан мен атуулдук позициям менен "Манаска" кайрылгым келди. Чыңгыз атабызга мен чоң ырахматымды айтар элем. Менин оюмча, Чыңгыз атабыздын көптөгөн сонун чыгармаларынын арасынан зор эмгеги - Манас атабызды ордуна тургузуп бергени. Манастын алгачкы редакцияларын Чыңгыз Айтматов чогултуп берген. Эгер ал киши аны жасабаганда билбей калат элек деп ойлойм. Манастын азыркыдай китептери болбой калса маалымат албай калат белек…
- Көрсө, жөнөкөй түрдө сиңирсе болот турбайбы?
- Өзүм орус мүнөз болгом. Музыка, шоу дүйнөсүндө өстүм. Эмнегедир биздин жаштар комузга көп көңүл бурбайт. Кыргыз аспаптары жаштардын мээсине сиңимдүү эмес. Көрсө, бул жөнөкөй эле нерсе экен. Мен ырдап чыкканда "Бул эмнени ырдап атат" - деп түшүнүшкөн эмес. Азыр кулак көнүп калды.
- Сен айткандай, Манасты жаштар окушпайт. Сенден таасирленип келекчекте дагы да кызыгуу жаралат деп ойлойсуңбу?
- Реклама кылып коеюн дегем. Мисалы, көп жерде ырдап келем. Угармандарым бар дегендей. Улам айта берсем, "Улан байке эмне деп жатат" - деп Манасты ачып окуйт. Манас дүйнөсүнө кирип кетет. Кыргыз ким экенин түшүнөт.
- Байкасаң керек, сенин артыңан айрым жаштар сенин стилиңе окшоштуруп ырдап чыгышты. Кандай пикирдесиң?
- Албетте, жакшы көз караштамын. Бир байке: "Сениң жасап жатканың жакшы, бирок мага жакпайт. Кыргыздын муунун, кыргыздын ыр саптарын бузуп жатасың. Кыргызда жок нерсени кыргыздыкы кылайын деп атасың" - деген. Чынын айтсам ага деле макулмун. Бирок өз жообумда мен: "Ооба, балким мен бузуп атам. Бирок бар нерсени көкөлөтпөгөн улуу муун силер болуп жатасыңар"- дегем. Жаш кезде кыргыздын мурасын аздектеп, келечек муунга үйрөтпөсөк, карыган кезде аттиң болбойбу. Муну менен улуу муундун баары билбейт дегенден алысмын, жаштар комуз кайрыктарын, күүлөрдү билбей жатышат да. Мен өзүмдүн стилимди, формамды тапканым жаштарга жакшы реклама. Ошол чыгып келаткан таланттарга ырдап, кыргыздын нукуралыгына кайрылсаңар менден да озуп кетесиңер демекмин. Мен кыргыздын мурунку ырларындай чыгарма жазганга жете элекмин.
- Ырларыңда терс көрүнүштөргө басым жасаган саптар бар. Сени абдан кейиткен ушулар десек болобу? Мисалы, кыздар тууралуу…
- Эми кыздарды күнөөлөгөнгө болбойт. Жаман дей бергенде адам жаман жагына айлана берет. "Карындаш" деген ырымды чынында эле өсүп келаткан карындаштарга арнап жазгамын. Турмушунда катачылыктарга жол бербесин деген ойду айткым келген. Улуттук позициябыздын жоктугунан адашууга кирип кеттик. Кыздардын тагдырына жеке бир адам күнөөлүү эмес.
- Келечекте ача турган дагы кандай темалар бар?
- Аны кудай билет. Мен программага киргизип туруп чыгарма жарата албайм. А тургай, текст жазып бериңиз деген заказдык чыгармаларды жаза албайт экем. Ыргак, илхом кандай учурда келсе, ошол кезде ишке ашыра алам.
- Дин жолуна түшүп, беш убак намаз окугандан бери өзгөрүлүүгө кабылдың окшойт…
- Биз, кыргыздар, илгертен мусулман болгонбуз. Көпчүлүк теңирчиликти тутунган дешет. Албетте, мында талаш жок. Ислам дини акылдын дини экен. Бирок дүйнө жүзүндө бул пикирди бузуп, террорчулук кылып атышпайбы. Исламды жеке кызыкчылыкка колдонбош керек. СССР кезинде кудай жок деп, атеисттик духта жашап келгенбиз. Бизди сактап келген бул ислам болду. Анткени жүрөгүбүздө мусулман болуп, куран окуп жерге бердик. Жакында Россияга, Алтайга, Хакасияга барып келдим. Мурда укчумун хакастар кыргыздар деп. Көрсө, көбүнчөсү алкаштар экен. Тилин, жерин жоготуп, улут болбой баратат. Ислам катуу кармабаса да көбүбүздү кармап турат.
Маектешкен
Сахиба Кадырова