Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Кадам ушул

ЭЛИМ УТУЛГАНДАЙСЫҢ, БИРОК...
Жүрөктүн түшкөнүн айтпа, "Ата-Журт" деген бакиевчи партия шайлоону утуп жатпайбы. Бу эл дегениң дегеле жалкпайт экен! Кечээ эле бакиевчилерди кетирдик деп эйфориянын туу чокусуна чыгып алып калпак-салпактарды, шапке-папкелерди асмандата ыргытып кайра тосо албай жаттык эле, мына эми, дал ошол бакиевчилерди парламентке шайлап бердик.

Бул жалпы сөз, ал эми бу маселени конкреттештирсек, анда "Ата-Журттун" утуп жатышына момундай негизги эки себеп болду: биринчиси, бул маселеде баягы эле түндүк-түштүк маселеси алдыга чыкты, экинчиден, акча маселеси ага теңтайлаша роль ойноп кетти. Ошентип, жердешчилик менен акчанын күчү бир бүтүнгө айланса, абийирди кетирип коет экен.
"Ата-Журттун" жеңиши, албетте, далай тескери иштердин башаты болор, Бакиевинен ажырап, "кан кусуп" олтурган немелер эми "куландан соо" абалга келет да, баягы элин эл дебеген, анын байлыгын өзүнүкүндөй алган адатын эки эселеген, он эселеген күч менен жолун улар. Ушунун баары азыркы бийликтин ылжырактыгынан болуп тынды көрүнөт, анан да жалгыз өзү "бешинчи колоннанын" ролун аткаргандай такталбаган пикир калтырган Бекназаровдун иши болду го. Баягыда Атамбаев менен айтышып жатып бир тиштенип өтпөдү беле, "балан-бастан кылам" деп, ошонусун ишке ашырды окшоду.
Бийлик тарап шайлоо мөөнөтү белгиленери менен эле "бу шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өтөт" деп күнү-түнү какшап келди. Анысына ишенген адамдар аз эле болчу, анткен менен чынында эле шайлоо таза өттү десе болот. "Таза өттү" деген маани бу жерде бийлик ресурстары пайдаланылган жок деген маани. Болбосо, акча таратуу деген кампания кадимки мыйзамдаштырылгандан да катуу бийлигин жүргүзүп турбадыбы. Маселен, ата-журтчулар 0,5 процентти алуу үчүн кээ бир облустарда ар адамга 500 доллардан таратты деген сөз жашап турат. Бул сөздү фактылаш оңойго турбас, экинчиден ал ишти баштоого бийлигиң да кол шилтеп турат көрүнөт. Бу бийлигиң колду шилтеп эле жатат, шилтенген колу өз башына тийбесе болду! Тийбесе болду дегенимди кара, тийип жатпайбы, нокдаун кылып, нокаут баштантып...
Ойлодук эле, биринчи орунду СДПК менен "Ата Мекен" талашат деп, дегеле "Ата-Журт" алдыңкы орунду алат деп ойлогон таза адамдар болгон эмес. Жердештик менен акча маселесин эстен чыгарып, элибиз ыймандуу, таза деп курулай кыйкыра бериштин кереги жок экен, турмуш дегениң биз ойлогондой боло бербейт экен! Бир акын айтмакчы, "ар-ар ким ойлогондой боло бербес, а көрсө турмуш деген турмуш тура".
Азыр ата-журтчулар баягы жыргал, көпкөн турмушу кайрылып келгендей болуп, Бакиеви кайра келип аларды баштан сылап "каалашыңарча тайраңдагыла" деп тургандай элестетип, анан Максимдин алдында кайрадан бөйпөктөп турганын кошо элестетип, Отунбаева, Атамбаев, Текебаевдерди кайрадан камап, бизге окшогон журналисттердин "оозун оңкойтуп"... айтор, баштагы айбанчылыктары жан койбой турган кези...
Эми бул пессимисттик ойго алдырып тургандагы кезибиз, болбосо, абал анчалык деле колго алгыстай эмес. Эпадам, СДПК, "Республика", "Ата Мекен" болуп биригип коалиция түзсө, Текебаев спикер, Атамбаев премьер болсо, Бабанов биринчи вице болсо, Отунбаева ордунда дегендей... ошондо бакиевчилердин тизгини тартылып турар, былгытары бар дечи...
Өз улутуңду эмес, өңгө улутту сыйлап, ага таянып турсаң биздин Кыргызстандагы шайлоодо жеңишке жетишериң бар экен. Буга "Ар-Намыс" партиясынын алдыңкы орундардын бирине чыгышы эң сонун мисал болуп бере алат. Бул партияны орустар баш болгон башка улуттар, дунган-пунгандар... колдошту. Эмне эле бу Кулов дегениң кыргызча үйрөнбөй жатат десе... Текебаевдин акылы болгондо, орусча сүйлөп туруп алганда эмне?!
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча азыркы абалда "Республика" партиясы чечүүчү ролду ойногону турат шекилдүү. Жогоруда айтпадыкпы эгерде бул партия СДПК менен "Ата Мекенге" бириксе анда, иш жакшы, эпадам бирикпесечи? Айтылып жатпайбы, бул партия бирөөнөн аябагандй чоң сумма акча алган деп. Айталы, ал Максим дейли. Эми алардын кайсы партияга биригери ушул жаш желмогузга байланыштуу болсо, анда иштин ойрон болгону ошол.
Бакиевдердин күнү бүттү деп аябагандай кубанып бүтө албай турдук эле, мына эми алардын оту кайра тутанмай болду окшоду. Бу жаман нерсенин жоголмогу оңой эмес экен, дегеле жоголобу деги. Бүгүн болбосо, Бакиев эртең келип, жаш айбаны кошо келип, доллардын күчү менен бийликти басып алам десе, анда кыргынды көрүп ал! Ал күндүн бетин нары кылсын деп жакшылыктан үмүт этеличи...
Кызыгы ушул - баарыбыз биригип алып "таза шайлоо болду" деп былжырап жатпайбызбы. "Былжырап" дегенди эч тоскоолдуксуз айттым, анткени бизге - кыргыздарга "таза шайлоону" суутуп коюппу?! Жердешчилик дегенди көзүр кылсак, акчаны атом бомбанын күчүндөй курал кылсак, кайдагы таза шайлоо?! Таза шайлоо дегенди кыраан кыргызың үчүнчү миң жылдыктын ичинде турмушка ашыра албайт, төртүнчү миң жылдакта болсо көрө жатышар... Башка бир топ партияларды мисалга тартпадым, мисалга тартчу "Ата-Журт" партиясы болсо, акчаны арбын таратты, он миңдеген адамдарга чөнтөк телефонун "белектеди". Анан эр болсоң ушундай белектерге туруштук берип көр, анда "кудай уруп кетпейби"...
Кызык эй, бу шайлоо түрмөдө отурчу наадандарды парламентке отургузмай болду!
Тилеген тилегибиз ишке ашып, эл каалаган, эл тиленген, таза, билимдүү президентке - Роза Отунбаевага ээ болдук эле... болбостур анын мөөнөтү бүтөргө жыл чамасы калды. Мыйзамды оңдоп-түздөбөй жашаган бир дагы мамлекет жоктур. Ошондон улам айтат элем, Отунбаеваны эми бир мөөнөткө президент кылып шайлап, анын укутарын арбындатып беришибиз керек. Бул айласыз сөзбү, же элдин кайткыс талабыбы аз өтсө билинер... Азырынча кудайга тобо деп туралы... бейпилдик болсун.

Баратбай АРАКЕЕВ




Элибиз шайлады, эргулдар пайдаланды
10-октябрдагы шайлоону бийлик болушунча таза өткөрүп берди. Бийлик тарабынан таза шайлоого жол ачылганы менен "Ата-Журт", "Республика", "Ар-Намыс" баш болгон эски бийликтин эркелери Акаев, Бакиев тушунда үйрөнгөн балит, шайтан оюндарын каалашынча жасашты. Аталган партиялардын шайлоого чейин эле тутамдап акча таратып, ачыктан-ачык эле "соода-сатык" иштерин жасап жатканын элдин баары эң жакшы билет. Бирок Акылбек Сариев башчылык кылган БорШайКом бир дагы тийиштүү деңгээлде чара көрүүгө жараган жок. Ал эми УКМК, Башкы прокуратура баш болгон күч органдарыбыз ата-журтчулардын" ана башчысы Камчыбек Ташиевдин түндүк-түштүк маселесин козуткан чагымчыл сөздөрү бар видеотасманын аныктыгын иликтеп чыгышканы менен, ал иштин да акыр аягына чыгышкан жок. Бакиевдер тымызын жиберген 700 миң доллардын да тагдыры ошол боюнча бүдөмүк бойдон калды. Айтып отурсак, арманыбыз аттын башындай. Алардын дээрлик баардыгына тең четинен кылмыш ишин козгоп, жоопко тартууга себептер толуп жатты эле го. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "бул шайлоодо криминалдын, акчанын жана чет мамлекеттердин таасири күчтүү болот"-демекчи, эски бийликтин партиялары кызылдай акчаларды агызганы аз келгенсип, "кара дүйнөнүн" карылуу жигиттери алар үчүн катуу иштеп беришти. Техникалык Өкмөт муну билсе да билмексенге салды. Кечээ эле издөөдө жүрүп, бүгүн депутат болуп калган Түлеевди да Бекназаров баш болгондор сылап-сыйпап, ээн-эркин бастырып коюшту. Балким, Максим Бакиев да анын артынан келип, шайлоого катышам деп, кайсы бир партиянын этегине жармашып алганында, ал деле бүгүн депутат болуп чыга келмек экен да? Туура, Роза Отунбаева шайлоонун таза, акыйкат өтүшүнө президент катары кепил болуп берди. Бирок бакиевчил партиялар таза, акыйкаттуу саясий күрөш жүргүздүбү? Албетте, жок. Техникалык Өкмөттүн жооптуу кызматында отургандар ар бир шайлоо участокторунда кандай иштер болуп жаткандыгы жөнүндө кабардар болуп, ошонун баарын көзөмөлдөп турушу керек эле да. Алар андай кылышкан жок. Айтор, техникалык деп аталган өкмөтүбүз бакиевчилерди эмнеге эле мынчалык башынан сылап, эркелеткенин түшүнө албай койдук. Балким, бул өкмөт эки-үч айдан бери магдырап көнө түшкөн мансабын дагы бир аз узартуу үчүн ушундай чалмакейди чалып жибериштиби? Бир чети ошолордун арзыбаган акчасына алданган элибизге да убал жок дегиң келет аргасыз.


"Таза шайлоо" ассоциациясынын билдирүүсү…
"Таза шайлоо" коомдук ассоциациясынын мүчөлөрү кечээ шайлоонун жыйынтыгы боюнча "АКИpress" агенттигине берген маалымат жыйында: "Райондук жана айыл округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү протокол толтурганды дагы билишкен эмес. Андан тышкары алар маркировка, жеребьевка жасаш керек, ошол маалда өзүнүн процедуралары толугу менен өтпөгөндүгү байкалып жатты. Ошондой эле райондук комиссиялар сейф-пакеттерди жаппай келгендерин да көрүп жаттык. Протоколдорду таза баракка жазып, кайра киргизип аткандар болду. Маркировка лампаларынын батарейкалары отуруп калып, 3-4 саат күтүп, урунууга берилип жатты. Ошондой эле Сокулук районунда шайлоо алдында 35 участокто байкоочулар алмаштырылган. Алар атайын окуудан өтүүгө жетишпей калгандыктан, мыйзам бузуулар болуп жатты. Шайлоочулардын негизги укуктары бузулуп, алынып салынчу талондорду албастан кирип жатты, бирок комиссиялардан сурасак, шайлоого кирген жок деп жашырып да жатты. Биз буга чейин шайлоо процесстерине көп эле катышып келгенбиз. Бирок бул жолу административдик ресурстарды колдонуу байкалган эмес"- деген пикирлерин билдиришкен.
Эске сала кетсек, "Таза шайлоо" ассоциациясынын 80 байкоочусу 40 участкага байкоо ишин жүргүзүшкөн.







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования