БАКИЕВДердИН "БАТАЛЬОНУ"
КАЙРАДАН БИЙЛИКТЕ...
Кыргыз элинин саясий сабаттуулугу эчак эле жогорку деңгээлде жоюлган деп төш кагып, өтө ишенимдүү жазып келдик эле. Анан эмне болду? Эмне болмок эле, "Мактаган кыз тойдо осурат" болуп, Парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн жалаң бакиевчилерге, максимчилерге, березовскийчилерге "белекке" берип салдык. Алардын арам акчаларына каратып туруп алдандык. Катуу айтканда, өзүбүздү өзүбүз аяганды билбеген акмак экенбиз, башыңды көрсөтсө, бутуңду көрсөткөн маңкурт экенбиз. Эми канча өкүргөн менен болору болуп кетти. Бакиевдер ачыктан-ачык 700 миң доллар сыяктуу акчаларды Казакстан аркылуу бөлүп берип атканын кармап алсак да, алар Бакиевдерди алып келебиз деп ачык жар салып жатышса да, акчага өлүп бараткансып, алдандык. Кыскасы, убал-соопту билбейт экенбиз. 7-апрелде ушулар келсин деп үй-бүлөлүк бийликке каршы согуш ачтык беле. 90 баатырыбыз бакиевчилер кайра парламентке келип элди эзсин деп жанын беришти беле? Жок жана жок.
Ырас, шайлоо таза өттү. Административдик күч колдонууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар КСДП менен "Ата Мекен" партиясы ал жолго барышкан жок. Бирок акмак болбойлу, ата-журтчулар менен республикачылар элдин добушун ачык эле арам акчага сатып алышты. Эмнеге буга чара көрбөйбүз? Сокурбузбу? Эмнеге шылуундарды, коррупционерлерди, элди эмес өзүн гана ойлошкон өзүмчүлдөрдү асманга көтөрдүк? Кашакпызбы?Же алардын буга чейин бизге көрсөтүп келишкен кордуктары жетишпейби?
Коомчулук азыр бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек деген пикирге токтолууда. Бул пикир, айтты айтпады дебеңиз, күн өткөн сайын, саат өткөн сайын күчөйт. Ылайым ушундай болсун. Жокко чыксын! Шайлоо, элдин добушун акчага сатып алууга жол берилбей, кайра өтсүн.
Эми бакиевчилер менен максимчилердин парламенттен канча орун алгандыгына жана кандай "сонун" эргулдардын (азырынча болжолдуу түрдөгүсү, бирок өзгөрүү деле болбойт) мандатка ээ болгондугуна көз чаптырып коюңуз.





28 орунга кантип жеткени "түшүнүксүз"
"Ата-Журт" партиясынын депутаттарынын тизмеси:

1. Абдылдаев Мыктыбек - Азикенин кан кудасы, ИИМдин илгерки жетекчиси, Бакиевдин администрация (Садыркуловго чейин) жетекчиси;
2. Ташиев Камчыбек - "Ак жолдун" чоң муштум депутаттарынын бири, ӨКМнын (МЧСтин) экс-министри;
3. Акматбек Келдибеков: Бакиевдин экс-баш салыкчысы;
4. Иманалиева Эльмира - Түлеевдин орун басары (экс-вице-мэр);
5. Түлеев Нариман - Бакиевдин бакма "баласы", экс-мэр;
6. Кангелдиев Азамат - Чүй областынын экс-губернатору;
7. Жумабеков Дастанбек - ак жолчу Сабыр Жумабековдун иниси;
8. Жолдошева Жылдызкан - Бакиевдин санаалашы, "Курманжан датка" фондусунун жетекчиси;
9. Кудайбергенов Жаныш: "Ак жолдун" экс-депутаты;
10. Чолпонбаев Улан;
11. Айдаров Нургазы - "Ак жолдун" экс-депутаты;
12. Исаева Динара - "Ак жолдун" экс-депутаты;
13. Молдобаев Нарынбек - "Ак жолдун" экс-депутаты;
14. Султанов Марат - Бакиевдин Каржы министрлигинин экс-башчысы;
15. Жапаров Садыр - Бакиевдин Коррупцияга каршы агенттигинин жетекчиси;
16. Эсеналиева Сымбат;
17. Сулайманов Нурлан - экс-транспорт министри;
18. Суракматов Азиз - Максимдин жакын досу, Шаардык Кеңештин экс-депутаты;
19. Шин Роман - "Ак жолдун" экс-депутаты;
20. Мажитова Шарапаткан;
21. Арапбаев Азамат - "ЮКСМ" , "Даннур-Юг" ЖЧКларынын кожоюну;
22. Осмонов Курманбек - Жогорку Кеңештин экс-башчысы;
23. Жунусов Ибрагим - "Ак жолдун" экс-депутаты;
24. Нарматова Надира;
25. Мамытов Талант;
26. Абдиев Курмантай - Адилет министрлигинин экс-министри;
27. Иманалиев Жусуп - ЖКнын экс-аппарат жетекчиси;
28. Осмонова Нурзат - Салык кызматында жетекчилик кызматтарда иштеп келген чиновник.

"Ар-Намыс" партиясы 24 орунду басып жыгылды:

1. Кулов Феликс - Бакиевдин тандемдеши, экс-премьер-министр, "желим генерал";
2. Жапаров Акылбек - Бакиевдин эң ишенимдүү адамы экс-министр;
3. Турсунбай Бакир уулу - Бакиевдин тушундагы, Акыйкатчы, экс-элчи;
4 Мамырова Бөдөш;
5. Артыков Анвар: Ош областынын экс-губернатору;
6. Гусаров Игорь - Словакия Республикасынын Кыргызстандагы консулу;
7. Туманов Кубанычбек;
8. Асымбекова Гульнара - "Профессор Асымбекованын клиникасы" ЖЧКсынын ээси;
9. Төрөбеков Нурлан;
10. Бекешев Дастан;
11. Маматалиев Абдырахман;
12. Талиева Камила;
13. Мамытов Токтокучук;
14. Калматов Анарбек;
15. Рыспаев Кожобек;
16. Бадыкеева Нуржан;
17. Жетигенов Бакытбек;
18. Узакбаев Талант - Мамлекеттик ветеринария инспекциясынын экс-башкы адиси;
19. Бекбоев Замир - экс-вице-мэр;
20. Левина Татьяна;
21. Осмоналиев Каныбек - Өкмөткө караштуу дин агенттигинин экс-башчысы;
22. Иманалиев Каныбек - Акаевдин өкүл баласы;
23. Маматов Бактыгул;
24. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна.

"Республика" партиясы
да "Ар -намыстан" кем калбай, 23 орунга ээ болду.

1. Бабанов Өмүрбек - экс-вице-премьер министр;
2. Алимбеков Нурбек - ири бизнесмен, Шаардык Кеңештин экс-депутаты, "Папан Курулуш" ишканасынын ээси;
3. Пирматов Исхак - 7-апрелге чейин "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеп келген, Бакиевдин "Ынтымак" курултайынын ардактуу делегаты.
4. Султанбекова Чолпон - маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы;
5. Исаев Канатбек - Токмок шаарынын экс-мэри;
6. Төрөбаев Бакыт - "Ак жолдун" экс-депутаты, ӨКМнын экс-министри;
7. Сулайманов Алтынбек - "Ак жолдун" экс-депутаты;
8 Завгородняя Алевтина;
9. Молдобаев Асхат;
10 Баатырбеков Алмазбек - Салык кызматынын жетекчилик тепкичтеринде көп жыл "үзүрлүү" иштеп келген чиновник;
11. Эсенаманов Замирбек - Бакиев тушунда 5 жыл бою Жайыл районун калчап турган экс-аким;
12. Акназарова Роза - экс-чиновник;
13. Бокоев Кенжебек;
14. Арипов Назарали;
15. Турускулов Жыргалбек - ири бизнесмен, "Строй Арсенал" ЖЧКсынын ээси;
16. Жумалиева Эльмира;
17. Обдунов Элмурат;
18. Кадыркулов Искендер;
19. Осмонов Малик;
20. Аманбаева Урулкан;
21. Арым Кубат Актан;
22. Айтматов Куштарбек;
23. Шайназаров Тынчтык.