"Манас-Алтай"
жүрүшүнүн экинчи этабы башталат
Кыргызстан калкына аты бир кыйла тааныла түшкөн алтайлык боордошубуз Акай Кине Манас-Алтай жүрүшүнүн экинчи бөлүгүн аткаруу, Кыргызстанга кедр (Кыдыр) дарактарынын көчөттөрүн алып келүүнүн жол-жоболорун биргелешип чечип, анын убакыт-саатын тактоо үчүн Кыргызстанга келип кетти. Акай мырзанын бул жолку сапарында, белгилүү ишкер Таабалды Эгембердиев мырзанын "Супара" улуттук эс алуу борборунда жолугушуп, Акай мырза менен Таабалды агайыбыздын маегине күбө болдук.

- Таабалды агай, Акай мырзанын көчмөндөр маданияты тууралуу пикирине сиздин кандай көз карашыңыз бар. Кыргыздарга көчмөндөр маданиятынын өзгөчө эмнеси таандык?
- Кыргыздын өзүнүн үрп - адаттары, илгертен келе жаткан салттарыбыздын баардыгы көчмөн калктын көчмөн маданияты десек туура болот. Себеби кыргыздын кайсыл гана салттарын алып карап көрбөйлү, баардыгы көчмөн маданияттын туу чокусу болуп турбайбы. Адегенде биздин ата-бабаларыбыздын салттарын, жаратылышка болгон көз караштарын, табиятка болгон мамилесин карап, терең изилдеп көргөн болсок, кыргыздар илгертен бери экологияны азыркы окумуштууларга караганда жакшы билишкен. Кыргыздар эч качан алакандай түз жер турса, ошол жерге үй сала койбой, ал жерге дан эгиндерин эгип, үйлөрүн кыштоолорго, тоонун боорлоруна салышчу жана жаратылыш менен бирге жуурулушуп, жаратылыштын укмуштуу сырларын колдонуп башкара билген. Мисалга алганда, кыргыздар көчмөн калк катары жашаган жерлеринин жаратылышына этияттык менен мамиле жасап, көчмөн маданияты менен ушул жерге кайра көчүп келгендей болоюн деген аяр мамиле жасашкан. Эгерде кыргыздарда көчмөн маданияты болбогондо, жаратылышка да башкача мамиле болмок. Биз отурган кыргыздын боз үйү, бул дагы кыргыздардын көчмөн маданияты, кыргыздын үйү, кыргыздын салты. Астыбызда турган тамактын баардыгы, биргелешип отуруп сүйлөшкөн сөздөрүбүз, улууга болгон урматыбыз, кичүүгө болгон сыйыбыздын баардыгы көчмөн калктын маданияты. Азыркы кезде, шаарда жашап отурукташып калганыбызга карабастан, баары бир боз үйгө келип отурганыбызда, жайлоого чыкканыбызда, өзүбүздү бактылуу сезебиз, себеби бул биздин каныбызда. Кыскасын айтканда, көчмөндөр маданияты дегенде, мен кыргыздын каада-салтын, үрп - адаттарын түшүнөм, анткени биздин салттарыбыздын баардыгы көчмөн калктын жашоосуна ылайыкташтырылып түзүлүп, ошол жашоо, ошол маданият, биздин генетикалык деңгээлде сакталып келет.
- Таабалды мырза, Акай мырза менен көптөгөн кызык маектериңизге күбө болуп отурабыз. Акай мырза менен Манас атабыздын Алтайдагы туулган жери жөнүндө сөз болду. Ошондон улам сизге суроо: Манас атабыздын бар экендигине, кыргыздын тарыхында болгондугуна ишенесизби?
- Албетте ишенем, кантип ишенбейм? Манас атабыз болгон, Манас атабыз болбогондо, кыргыздар чачырап качан эле тарыхта аты изи калбай жок болуп кеткен элдердин катарында болмок. Манас атабыз улуу инсан болгон, себеби ал элдин башын бириктирип, кыргыздарды башка эл менен бириктирип, жадагалса Алманбет келгенде кытай экенине карабай, Бээжинди алганы барганда аскер башчысы кылып койгон. Кандай болсо да сен кытай жерин, адатын мага караганда жакшы билесиң деп. А калмактарга каршы чыкканда башка элдер менен бирге сүрүп чыккан. Манас деген бул ар бир кыргыздын жүрөгүндө жаткан ыйык нерсе. Манас - кыргызмын дегендин көкүрөгүндө алоолонгон от, кыргызды тайманбас баатыр кылган кудум Манастын күчү, Манастын духу. Бул көрүнүш Манастын тукумдарына гана таандык. Манас деген бул кыргыздын маданияты, кыргыздын тарыхы, кыргыздын сыймыгы жана башка элдерге салыштырмалуу өзгөчөлүгүбүз. Манас, кыргыз көчмөн элинин туу чокусу деген оюмдан кайтпаймын. Мен Манастын тукумумун.
- Сиз Акай мырза менен көчмөндөр маданиятын, Манастын кыргыздын тарыхында калтырган издери жөнүндө сүйлөшүп жаткан кезде дагы бир суроо пайда болду. Сиздин көчмөндөр маданиятына, Манаска жана динге болгон көз карашыңыз кандай?
- Кыргыздардан көчмөн маданиятын, Манасты жана ислам динин бөлүп сүйлөгөн болбойт, себеби кыргыздар илгертен теңирчиликке ишенип, ислам дини келгенде, көчмөндөр маданиятына каршы келбегенде гана ислам динин кабыл алышкан. Себеби өзүңөр карап көргүлө. Кыргыздар ислам динин кабыл алганда, ислам дини көчмөндөрдүн салтына, үрп - адаттарына бирге жуурулушкандыгынан азыркы биздин кабыл алып сыйынган ислам дини болуп жатпайбы. Ислам дини таза дин, сүйүүнүн, кечиримдүүлүктүн жана тазалыктын дини. Алла таала кедей, бей - бечараларды, баардыгын бирдей жакшы көрөт. Ал эми мисал келтирип көрсөк, көчмөндөр маданиятында кыргыздар сөөктү үч күн кармап анан жашырышчу, бул дагы көчмөн маданияты. Себеби биз сөөктү үч күн кармаганыбыз, ошол сөөккө алыстагы урук-туугандарынын, куда-сөөктөрдүн келип акыркы сапарга узатып, сый-урматын белгилөөчү салт катары азыркы күнгө чейин келип отурбайбы. А башка мусулман калктарында анча кармашпайт, себеби алардын илгертен бери келе жаткан салты башка, а бизде көчмөн калктын маданияты. Мусулман дини кыргыздардын канына көчмөн маданияты менен бирге сиңип калган, аларды бөлүп караган болбойт, себеби ошол эле башка мусулман калктарында арбактарга сыйынышпайт, а бизде арбактарды сыйлайт, арбактарга куран түшүрүшөт, мазарларга сыйынышат, ушунун баардыгы бизге ислам дининде уруксат берилген. Биздин жүрөгүбүздө ислам дини орун алган, ошол эле кезде кыргыздар илгертен бери көчмөн калк катары ар жерде отурукташып жүрүп, азыркы кезде кыргыздар менен бир эл болуп жүргөн хакас, тува, жана ошого окшогон бир боордошторубуз ар кандай динге ишенип сыйынып жүрүшөт. Мисалы, христиандагы, буддадагы, мусулманчылыктагы кыргыздар бар, бирок алар жашаган жерине, жаратылышына, заманына жараша, ошол диндерге кирип кеткен. Бирок, ким кайсыл динде болбосун, баары бир Иса пайгамбар деле, Будда деле Кудайдын жерге жиберген пайгамбарлары.
- Акай мырза, кедр (Кыдыр) дарагынын эмне өзгөчөлүктөрү бар. Кандай касиетке ээ экендигин окурмандарыбыза айтып берсеңиз?
- Кыдыр дарагы көк асман менен түз байланыштагы дарак. Кыдыр дарактын түбүндө Манас атабыз төрөлүп, чоңоюп өскөн. Кыдыр дарагы кыргыздарда ыйык дарак катары эсептелинет. Кыдыр дарагынын адамга болгон өзгөчө жылуулугу бар, жана ал дарактын астында адам баласы чоң энергетикалык күчкө ээ болуп, азайып бараткан, же бузулган энергетикасын түздөп, адам баласына күч берүүчү дарак болуп эсептелинет. Кыдыр дарагынын энергетикасы адам баласынын энергетикасы менен түздөн түз байланышы бар. Кыдыр дарагы адамды жылытып, мөмөсү менен тоюндуруп сактап калуучу касиетке ээ. Кыргыздар үчүн Кыдыр дарагы Манас, көчмөндөр маданияты, деген түшүнүктөр менен бирге, бирдей мааниге ээ болгон ыйык дарак. Бул жолку сапарымда мен август айындагы Алтай Манас жүрүшүнүн экинчи этабы катары Кыргызстанга Кыдыр дарагынын көчөттөрүн кантип алып келип, кай жерге отургузаарыбызды Мелис Карыбеков менен чечишкени келгенмин. Сиздер билгендей, Алтай Манас жүрүшүн үч бөлүккө бөлгөнбүз, биринчиси; кыргыздын кырк чоросу Алтайга барып Манас атабыздын туулган жерине зыярат кылганы, экинчиси, Кыдыр дарагынын көчөттөрүн алып келип кыргыз жерине отургузуу эле. Башталган Чоң казаттын экинчи бөлүгүн Мелис досум экөөбүз кыргыз элибиз менен бирге аткарганы турабыз. Кудай колдоп баары жакшы болсо, ноябрь айларында Кыдыр көчөттөрүн алып келип Мелис досум айткан жерлерге отургузганы даярданып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыркы кезде Мелис экөөбүз баардык суроолорду чечишип, бүгүн түнү учак менен Алтайга кайтканы турам.
- Акай мырза, болжол менен канча көчөт алып келейин деп атасыз?
- Кыргызстанга алып келип отургузулуучу көчөттөрдүн саны кырк бирден кем болбошу керек. Андан ашса да кем болбош керек.
- Өлкөбүз үчүн бул иш-чаралар кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?
- Кыдыр дарагы кыргызга таандык ыйык дарак. Кыдыр дарагы кыргыздын асман менен жер ортосундагы таза жана тунук энергетикалык байланышын түзүп, элдин энергетикалык абалын оңдоочу, жылуулуктун, элдин ынтымагын, биримдигин бекемдөөчү ыйык дарак. Кыдыр дарагынын касиеттерин сиздерге терең айтып бере ала турган адам, Мелис Карыбеков. Ошол досум силерге мага караганда Кыдыр дарагы кандай касиеттерге ээ экендигин, кыргызга кандай жардамы тийээрин, жана кыргыз үчүн Кыдыр дарагы эмне жакшылык алып келээрин шашпай айтып берээр.
Нургазы Нарынбаев