Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Манас" эпосун
кино кылып тартуу зарыл…"
Кыргыз саясатындагы кадырман аксакал адамдарыбыздын бири Топчубек Тургуналиевди кимдер билбейт? "Арыдым, талыдым, карыдым" деп кабак түйбөстөн, бар күчүн мамлекеттик иштерге жумшап келет. 7-апрелден кийин Токой-чарба агенттигин жетектеп, ал жерде кыска убакыт турса да, коомчулукка өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө үлгүргөн эле. Учурда Роза Отунбаеванын кеңешчиси болуп жигердүү иштеп жаткан учуру. Топчукең ал жерден кыргыздын руханий байлыктарын, идеологиясын жандантууну колго алган окшобойбу, айтор буга чейин демилге көтөрүлүп келсе да, эч ким даап баштай элек эң чоң ишти иш жүзүнө ашырууга катуу киришип жаткан кези экен. Топчукенин ал чоң иши - "Манас" эпосун тасмага тартуу идеясы. Топчуке ушундай жагымдуу жаңылыгы менен Жазуучулар союзунун төрагасы, тарыхчы Абдырахман Алымбаевди жана манас изилдөөчү, "Айкөл Манас " коомунун төрагасы Бакыт Максутов мырзаларды ээрчитип алып, редакциябызга баш бакты. Биз бул коноктор менен "Манас" эпосун тасмага тартуу маселесинин тегерегинде кыскача талкуу кылдык.

- Топчуке, чоң иш баштап жаткан экенсиз. Адегенде окурмандарга ушул чоң иштин жол-жобосун түшүндүрүп айтып берсеңиз?
- Кыргыз эли дүйнөдөгү эң улуу элдин бири. Улуулук элинин санына карабайт. Жаратмандыгы, айкөлдүк касиеттери менен бааланат. Элибиздин саны аз болгону менен, эч бир өлкөдө, башка элде кезикпеген эбегейсиз "Манас" эпосун жаратып, дүйнөгө тартуулаган эл. Бирок кыргыз элинин, мамлекет жетекчилеринин эң чоң кемчилиги, алигиче ушул дүйнөнү дүңгүрөткөн "Манас" эпосун кино кылып тарта элек. Манас бабабыз убакыт өткөн сайын кыргыз улутунун символу, улуу байрагы болуп, улам күчөп айтылып жатат. Биз "Манасты" ар тараптуу изилдеп, "Манастан" таалим-тарбия алсак жакшы болот эле. Кыргыз жаштары акыркы жылдары кыргыздын ушундай улуу мурастарынан таалим албай эле, батыштын бири-бирин атып жаткан, койчо союп жаткан, эркек менен аялдын бири-бирин төшөктө тапташып жаткан терс көрүнүштөрүнөн аябай таалим алып жатышканын жокко чыгарууга болбойт. Былтыр, "Манасты" киноэпопея кылып тартуу үчүн Бакиев Курманбек 25 миллион доллар, Максими 25 миллион доллар, Бабанов Өмүрбек 25 миллион доллар ( анда вице-премьер кези) жана Данияр Үсөнов 25 миллион доллар бөлүшмөкчү болуп чамынып чыгышкан. Бирок кыргызга күйбөгөн адамдар экен, айткандары калп болуп, иш жүзүнө ашырышкан жок. Бул маселеге бир да цент кошушкан жок. Биз ушул маселени жандантуунун үстүндө иштей баштадык. Айтсак, эл аралык коомдук фонд түздүк. Экинчиси, РСК банктан мен өзүм баштап 6-октябрда эсеп ачтык. Ал эми 8-октябрда валюталык эсеп ачтык. Мына, ачык айтып коюшум керек, ачылган ал эсепке "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев өзүнүн чөнтөгүнөн 1000 доллар салды. Манаска күйгөн ушундай жеке адамдар өз чөнтөктөрүнөн, көңүлүнөн чыккан акча сала башташты. Эң биринчи "Манасты" киноэпопея кылып тартуу үчүн абдан көп каражат талап кылынат. Биринчиси, жеке адамдардын каражаты, экинчиси эл аралык донорлордон кайтарылгыс грант издейбиз, үчүнчүсү мамлекет кошушу керек. Төртүнчүсү, балким башка боордош мамлекеттер кошоор. Ушундай жол менен биз жок дегенде, 50 миллион топтосок, анда биздин жобонун эрежеси боюнча сценарий жазууга, режиссерлукка, операторлукка, музыкага жана сүрөтчү, аткаруучуларга - эл арлык жарыш сынагын жарыялашыбыз керек. Биздин максатыбыз - ушундай жол менен "Манасыбызды" бүтүндөй дүйнө жүзүнө жайылтуу. Бул эң негизгиси, ал эми Жаныш-Байыштан баштап, Жаңыл мырзага чейин мультипликациялык фильмдерди тартуу маселеси да кезек күтүп турат. Ошондуктан биз жанагы эл аралык фондду үч кат менен түздүк. Жогоруда айтылып жаткан иштерди баштоодон мурун дагы бир татаал чоң иш бар. Ал "Манас" эпосундагы айрым көрүнүштөрдү тазалоо, талаш-тартыштарды тактоо жана Манас доорун тактоо. Албетте, бул да өзүнчө чоң сөз.
- Бакыт мырза, сиз бул иш-чарага кандай карап жатасыз? Деги эле бул маселеге кандай колдоо көрсөтүп жатасыздар?
- Дүйнөдө жүздөгөн улуттар, миңдеген тилдер бар. Бирок эбегейсиз "Манасты" кудай таалам, бир гана биздин элге берген жана "Манас" айтуу таланты биздин элге гана берилген. Кыргыз эли ушундай алп "Манасты" жараткандыгыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Бирок мамлекет тарабынан "Манасты" дүйнө элине таанытуу маселесине анча көңүл бурулбай келет. Албетте, бул биздин чоң кемчилигибиз. Себеби "Манасты" дүйнөгө таанытуу ар бир кыргыздын милдети болуш керек. "Манасты" дүйнөгө таанытсак, кыргызды тааныткан болобуз, кыргызды таанытсак, "Манасыбызды" тааныткан болобуз. Бул өтө маанилүү маселеде эл да мамлекет да бар аракетин көрүшү зарыл. Каражат маселесин, көп түкүрсө көл болот дегендей, чогуу көтөрсөк баарыбызга жеңил болот. Ал эми Топчукенин бул баштап жаткан иши, эч токтоосуз, эч каршылыксыз түрдө колго аларлык, зарыл иш деп эсептейм.
- Абдырахман мырза, сизге деле Бакыт мырзага берилген суроо менен кайрылайын...
- Жазуучулар союзу көп жылдардан бери "Манас" эпосун ар тараптуу изилдеп келатат. Биз ушул жол менен жардам берип, мүмкүн болушунча элге жеткизүү менен алек болуп келатабыз. Биз "Манасты" изилдеп олтуруп, кыргыз эли эмне деген эл экенин таанып, билип олтурабыз. Чынында, "Манас" эпосун изилдөөгө алсак, бул жерде бир адамдын тагдыры эмес, бүтүндөй бир элдин, тагдыры, тарыхы жатат. "Манас" эпосун окуп жатканда, Манас деген сөздүн ордун, кыргыз деген сөз менен алмаштырып окусак, биз ошондо Манас эмне экенин терең түшүнөбүз. Ушул жааттан алып караганда, Топчукенин баштап жаткан иши өтө маанилүү болуп эсептелет, бирок мындай татаал иштерди баштаардан мурун "Манасты" илимий жактан жетиштүү деңгээлде изилдөөгө алышыбыз зарыл. Убагында Манастын 1000 жылдыгыбы, же "Манас" эпосунун миң жылдыгыбы деген талаш- тартыштар болуп, Манастын доору анча так такталбагандыгына байланыштуу "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы деген бүтүмгө токтолуп, ошонун негизинде 1995-жылы 1000 жылдык белгиленди. Ошондуктан Манастын доорун такташ үчүн чыгаан тарыхчыларды, чыгаан философторду, уламышты, мифти чечмелеген адистерди чакырышыбыз керек. Андай адистер бизде жокко эсе.
- Башка элдин бул жааттагы адистери "Манаска" кандай тиешеси бар? Кантсе да алар...
- Жок, бул жерде менин айтайын дегеним башка элдин адистерин чакыруу эмес. Алар мифти чечмелегени менен, "Манастын" тарыхын билишпейт да. Ошондой адистер биздин элде да өсүп келатат, ошолорго талапка ылайык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек.
- Топчуке, "Манасты" тасмага тартуу маселесин козгоп жатасыз, ал тасмага, сценарий жазуу, режиссерлорду тандоо иштери качан башталат?
- Бексултан Жакиев агабыз "Манастын" 20 бөлүктөн турган сценарийин жазып койгон. Жакында мен аны таразалап окуп чыгам. Биз мисалы, 50 миллион доллар топтогондон кийин, албетте, бул акча аз эле акча, бирок ошентсе да бул акча топтолгондон кийин, анда биз бул маселенин тегерегинде эл аралык сынак жарышын жарыялашыбыз керек. Мына ошондо чоң комиссия түзүлөт, анан ошолордун колуна Бексултан агайдын ж.б. жазган варианттары келип түшүшү керек. Ошол топко эң мыктысын тандоо милдеттендирилет. Менин оюмча, "Манас" дүйнөдөгү эң көп бөлүктүү киноэпопея болушу керек. Маселен, 20 эмес, балким 50, 60 бөлүк. Анткени "Манас" эпосу өтө көлөмдүү, ошондуктан Манастын образын жеткиликтүү ачып бериш үчүн, эпосту кенен чагылдыруу зарыл. Мисалы, Манастын бала чагын эле үч бөлүк кылып тартуу абзел.
- Кенен тартуу үчүн укмуштай көп каражат талап кылынат да, сиздин пикириңизде мунун баарына канча каражат сарпталышы керек? Мамлекет буга канча акча бөлө алат?
- Азыр бюджет тартыш болуп жаткан учуру, бирок ошентсе да мен Роза Исаковна менен бул маселе тууралуу сүйлөшүп жатам, мамлекет бул иш-чарага жок дегенде, 1 млн. доллар бөлүшү керек. Биз бул иш-чаранын Уставын толук иштеп чыгып бүтсөк, 30-октябрларда Роза Исаковнанын катышуусунда бет ачарын өткөзүүнү, аны менен кошо балким, марафон да уюштурушубуз мүмкүн. Ал эми "Манасты" толук тартуу үчүн 200 млн. талап кылынат деп божомол кылуудамын.
- Америкалыктардын "Титаник" фильмине эле 250 млн. доллар кеткендиги маалым. Анан эбегейсиз "Манаска" кантип эле 200 млн. жетсин? Экөөнү салыштыруу болобу? Же эптеп эле чампаламайбы...
- Албетте, салыштырып такыр болбойт. Балким, 200 млн. эмес, 500 млн. доллар кетээр. Бирок бул иш бир эки жылда эле бүтүп кала турган иш эмес да. Бул иштин аягына чыгуу үчүн абдан көп убакыт талап кылынат. Биринчиден, жетиштүү каражат маселеси толук чечилиши керек. Анан уюштуруу иштери жогорку деңгээлде жүрүшү зарыл.

(Уландысы кийинки санда)

Даярдаган
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??