Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мончодон алган ардактуу наам

Мен 18 жашымда (1969-жылы) "Кыял" бирикмесине келип, ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Жөнөкөй саймачыдан баштап, улуттук кийимдер цехинин жетекчисине чейин көтөрүлдүм. 40 жылдын ичинде канчалаган республикалык, бүткүл Союздук, эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болдум. Азыр да менин иштерим Шанхайдагы "ЭКСПО - 2010" көргөзмөсүндө турат. Бир топ улуттук кийимдердин автору катары "Жогорку класстагы чебер" деген да наам алууга жетиштим. СССРдин убагында эмгек даңкы ордени менен да сыйландым. "Кыялдын" жетекчиси С.Макашовдун демилгеси менен Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамга татыктуу болдум. Мунун баарын айтып жатканымдын себеби, ошол наамга беш жыл бою, беш жолу көрсөтүлсөм да Маданият министрлиги бербей койгон эле. Бирок ал наамды Кыргыз Эл чеберлер союзунун сунушунун негизинде алып отурам. Биздин "Кыялда" бүгүн эмгек сиңирген ишмерлерден бешөө эмгектенип жатканына өтө сыймыктанам. Бирок бизде алтынчы "эмгек сиңирген ишмерибиз" да бар. Ошонун таржымалына токтолоюн.
2007-жылдын октябрь айында Таалай Мусабаев, экинчиси Султан Раев деген эки дос мончого барышат. Биринчиси ал кезде "Кыялда" өндүрүш башчысы, экинчиси Маданият министри. Ноябрь айында, маданият кызматкерлеринин майрамына карата наам берүүгө эмгеги сиңген, татыктуу адамдардын тизмеси каралат. Мончодо жылаңач отуруп, С.Раев министрибиз досу Т.Мусабаевге тез аранын ичинде коллективдин атынан Маданиятка эмгеги сиңген деген наамды алыш үчүн жалпы чогулуштун чечимин тез алып келүүсүн айтат. Т.Мусабаев андай чечимге коллектив каршы болоорун билет, анткени жумушка бирде келсе, бирде келбей, эч маселени чечпей, бирикмеге сокур тыйын пайдасы жок немеге ким бермек эле?! Жездеси С.Макашов Чеберлер союзунун төрагасы болгону үчүн Т.Мусабаев анын көлөкөсүндө жан багып жүрчү. Ошондон пайдаланып, чогулуш өттү деп, баары колдоп Т.Мусабаевди ардактуу наамга көрсөттү деп, өзү жазып, төраганын колун өзү коюп, амал менен мөөрдү басып, досу С.Раевге алпарып бере салат да, тизмеге кирип Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болуп чыга келет. Кийин бул былыктар билинип, чыныгы эмгеги сиңген ардагерлер кыжырданганда С.Макашов аларды сөзгө келтирип, тыйып коёт. "Кыялдын" эрке баласы Т.Мусабаев жездесинин аркасы менен чет өлкөлөрдөгү чоң көргөзмөлөргө катышып, 6-7 айлап, чет мамлекетте жакшы эле доор сүрдү. 2009-жылы январь айында Германиянын борбору Берлин шаарында чоң көргөзмө өтүп калат. Ошол жерде качып кеткен президент К.Бакиевдин бир тууган иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы ыйгарымдуу өкүлү болуп кызмат өтөп жаткан экен. Бир чети теңтуш, бир чети эски тааныш катары Т.Мусабаев М.Бакиевден "Кыял" ишканасын алып берүүсүн суранат. Бирок кашайгырдыкы, "Кыялдын" Уставын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитип, анда директор-көркөм жетекчиси болуш керек, жана жетекчини коллектив жалпы чогулушта шайлайт - деп жазылган. Кечки мектептин күбөлүгүнөн башка кесиби жок, же билими жок, Т.Мусабаев Устав боюнча өтпөсүн билип, "Кыялдын" Уставын, директорду Маданият министри дайындайт кылып кайра жазып чыгышат. С.Раев ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудиновго Маданият министрлигинин атынан кат жолдойт. Катында "Кыял" бирикмесин Маданият министрлигинин карамагына өткөрүп берүүсүн сурайт. Берлинден Марат Бакиев, И.Чудинов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ушул ишти тез арада чечип берүүсүн буйруйт. Бул иштин баары жашыруун режимде өтөт. Бирок шибегени капка сактай албагандай эле коллектив билип калып, тикесинен тик турушат. Ансыз деле Ош базарынын жанынан орун алган "Кыялдын" имаратына кимдер гана көзүн кызартпаган. Рейдерствонун бүт ыкмаларын көрдүк. Канчалаган текшерүүлөрдү башыбыздан өткөрдүк. Бир жылда прокуратура, Эсеп палатасы, Финансы полициясы дагы толгон токой текшерүүчүлөр 27 жолу келишти. Иштен аябай алагды кылышты. Жетекчибиз С.Макашов барбаган жери, ачпаган эшиги калган жок. Бир жолу И.Чудиновдун кабыл алуусунда болуп, эгер "Кыялды" Маданият министрлигине өткөрсөк, анда элдик өнөрдүн ордосу анык ойрон болорун айтат. Өзү суу ичкен кудугуна түкүргөн Т.Мусабаев эмне болду? "Кыялдын" профсоюзунун төрайымы Л.Жданова Т.Мусабаевдин алдоо жолу менен алган наамын текшерип берүүсүн Кыргыз Республикасынын Прокуратурасына өтүнөт. Генералдык прокуратура кылдат текшерип, Т.Мусабаевдин күнөөсүн толук далилдеп, материалдарды КР Президентинин наамдар бөлүмүнө жиберет. Коллективге да көчүрмөсү келет. Бирок ушул убакка чейин прокуратуранын "Т.Мусабаевдин алган наамы мыйзамсыз" деген чечими аткарыла элек. Иштен айдалган Т.Мусабаев апрель революциясынан кийин былыктарын эл унутуп калгансып, өзүнө окшогон санаалаштарды кошуп, көрүнгөн жерге алигиче арызданып жүрөт. Мончодон, ресторандан же дагы башка жерден канчалаган сыйлык наамдар С.Раев тарабынан берилди экен? Ошол С.Раев азыр президентибиз Р. Отунбаеванын кеңешчиси болуп момпоюп жүрөт. Эгерде Т.Мусабаев жана С.Раев беделибизге доо кетирди деп сотко беришсе, далил кагаздарыбызды ачыкка чыгарууга даярбыз жана экөөнүн тең башка фактылары бизде толтура.

А.Исакова,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Кыял" бирикмесинин эмгек ардагери жана бирикменин Кеңеш мүчөсү.




Башкы прокурордун
абийири таза, иши ак
Ооба, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболовдун баштаган иштери ак, абийири таза. Анын удаа-удаа жасаган ыкчам жана чечкиндүү аракеттерин өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу, мыйзамдардан айбыгууну көнүмүш адатка айландыруу, жарандардын Конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кам көрүү катары карашыбыз керек. Албетте, Башкы прокурордун мындай чечкиндүү чаралары элдин кешигин, ырыскысын талап-тоногонго маш болгон эски мамлекеттик чиновниктерге жакпасы бештен белгилүү. Анан калса айрым прокуратура кызматкерлери аларга бөгөт болгондун ордуна, тескерисинче тымызын өздөрү кошо аралашып, ар кандай мыйзам бузууларга жол ачып же байкамаксан болуп, көз жумуп келишпедиби. Андайлар прокурордун милдети-мыйзамдардын бузулгандыгын эсепке алуу менен чектелбестен алардын алдын алуу үчүн аракеттенүү, тиешелүү жетекчилерге эскертүү экендигин небак унутушкандай. Ал эми Башкы прокурор тигил же бул мамлекеттик маанилүү маселени талкуулоого кийлигишүүгө, борбордук же жергиликтүү бийлик органдары кабыл алган чечимдердин мыйзамсыздыгын жана аны кайра кароо зарылдыгын бетке айтууга укуктуу.
Мындай милдет менен укукту менимче, Башкы прокурор Кубатбек Байболов алгачкылардын болуп эл алдындагы өзүнүн ыйык милдети, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн күндөлүк кыла турган ак кызматы катары сезип отурат. Бекеринен ал кээ бир алкымы араандай ачылган кесиптештерине жаман көрүнүп, иш козгоп иштен айдап жаткан жок. Кыргызстандын казынасын какшыткан келемиш сымал жегичтер: В. Белоконь, М. Надель, Е Гуревич, Т. Турдумамбетовго ж.б. банктардан миллиондогон долларларды элге билгизбей чет өлкөгө чыгарып кетиши үчүн көмөктөшкөн прокурорлорду антпегенде кантмек эле, же башынан сылап эркелетиш керек беле? Анан калса, кезинде жаза басып, ишинен аксагандардын уялбай бет тырмарлык кылганы зээнди кейитет.
Башкы прокурор бул ирет да калайыктын алкоосуна арзыгыдай абдан туура, башкаларга үлгү болорлук иш кылды. Андыктан аны Мекенибиздин чыныгы жана ишенимдүү уулу деп атасак куп жарашат. Дегеле, прокурорлор текши Байболовдой болсо, өлкөнүн бөксөсү толуп, элибиздин өксүгү жанып, көксөөсү канат деп ойлойм.
Урматтуу Кубатбек Калбекович! Сизге темирдей бекем эркти, кажыбас кайратты, өлкөбүз үчүн аянбай жана жалтанбай эмгектенүүнү тилейбиз.
Бакасова Ж.




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??