Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Көөнөрбөс өнөр…

Улуу өнөрлөрдү сактоо менен улутубуздун тамырын сактай алабыз
Абалтан аалам-Жерге айкаша, жан-жаныбарга жалгаша жашап келген Кыргыз адамы, айбанаттын тилин билип, аяр мамиледе алака куруп, Теңирдин теңдик мыйзамын сактай келген. Бул биримдик кылымдар бою кыйшайбаган шайкеш жашоону түзүп, ааламга аруулук тартуулаган.
Кыргыз элиндеги асыл тукум тайгандарды, куштарды сактоо менен тайганчылык, мүнүшкөрлүк өнөрлөрүн өнүктүрүп, жалпы элге жайылтуу. Дүйнө элинин кызыгуусун арттырып, эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан тайганчылык, мүнүшкөрлүккө арналган фестивалдарда Кыргызстандын намысын коргоо. Өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик демде тарбиялоого салым кошуу максатында "САНАТ-КУУМАЙ" федерациясы, Дасмия компаниясы менен биргеликте 30-октябрда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында "Ынтымак" улуттук өнөр фестивалын өткөргөнү турат. Фестивалга өлкөнүн ар тарабынан келген саятчылар өзүнүн эң мыкты деп тандалган тайган, куштары менен келишет. Иш-чара "Манас" айтуу менен башталат. Бүркүт, ителги, куш салуу, тайган агытуу, концерттик номерлер жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен коштолот. Мына ушул жагдайда, кыргыздын байыркы өнөрүн кастарлап, келечек муунга жеткирүү максатында түзүлүп жаткан "Санат-Куумай" федерациясынын вице-президенти Асаналиев Майрамкулду сөзгө тарттык.

- Майрамкул байке, кыргыздын унутулуп бара жаткан өнөрүн кайра жандандыруудагы негизги көздөгөн максатыңыздар туурасында айтып берсеңиз?
- Кыргыздын эзелтеден келе жаткан өнөрүн өркүндөтүү максатында биз аталган иш-чараны өткөрүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул менин жеке пикирим эле эмес, элдин каалоосу десек да болот. Жер-жерлерде мүнүшкөрлүк, тайганчылык боюнча фестивалды өткөрүп жүргөндө эл: "Майрамкул, элибиздин эзелтеден келе жаткан өнөрү унутулуп бара жатат. Эл менен киндиктеш келе жаткан өнөр эле. Ушул өнөрдү өркүндөтүп, көтөрүү иш аракеттерин көрбөйсүңбү"- деген суранычтарынан улам, аталган өнөрдү өркүндөтүү ишин колго алууну туура көрдүм. Биздин ата-бабадан калган улуу өнөрдү чет өлкөдөн келгендер кызыгып, өз өлкөлөрүнө алып кетип өркүндөтүп жатышат. А биз бабалардан калган мурастарды барктай албай жатабыз. Эми ушул өнөрдү өркүндөтүп өстүрүү кыргыз баласынын милдети деп эсептейм.
- Бул өнөргө болгон кызыгууңуз эмнеден улам пайда болду эле? Же сиздин ата-бабаңыздан калган мураспы?
- Бул өнөргө бала кезден кызыкчумун. Адам бир нерсени ишке ашырууда алгач чоң кызыгуу болушу керек. Кызыгуу болбосо, жасаган ишиңден майнап чыкпай калат. Бул өнөргө кызыгуум таякемден жукту десем болот. Таякем бүркүт менен тайганды бирдей багып, ууга алып чыккан ышкыбоз аңчы мүнүшкөр. Тайакемдин атасы, чоң атасы да өмүр бою бүркүт таптоо менен өмүр кечирген кишилер болуптур. Мен бала кезде таякемдин колунда чоңойдум. Жанында жүрүп кыраан тайгандарды, кыраан бүркүттөрдү көрдүм. Ошол бала кезден кызыгуум улуттук өнөрдү өркүндөтүү ишин колго алышыма чоң таасирин тийгизди. Кыргыздын мырзасы болуп туруп, улуттук өнөрдүн жоголуп бара жатканын көрүп-билип туруп кантип унчукпай отура алам.
- Сиздер түзүп жаткан "Санат-Куумай" федерациясынын келечеги кандай болот?
- "Бала ыйлабаса эмчек кайда" дегендей, байыртадан келаткан улуттук өнөргө күйгөн, аздектеген адамдар алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Эми өкмөт да көңүл бура баштады. Буюрса, келечеги жакшы болот. Мен кыргызмын дегендер ата-бабабыздан келе жаткан өнөргө кайдыгер карабайт деп ойлойм. Мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлсө, ишибиз илгерилейт деп турабыз.
- Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында болуучу "Санат-Куумай" федерациясы уюштурчу "Ынтымак" улуттук өнөр фестивалына токтолуп кетсеңиз?
- Буйруса, Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында кыргыздын байыркы өнөрүн элге тартуулап, чоң иш-чара уюштуралы деп турабыз. Иш-чарада тайгандарды карышкырга салып алгырлыгын, күлүктүгүн сынайбыз. Мындан сырткары бүркүттөрдү түлкү, карышкырга салып кыраандыгын, ителги, куштарды кыргоол, коёнго салып учкулдугун, алгырлыгын сынайбыз.
- Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан келеби, же саналуу адамдарды гана чакырдыңыздарбы?
- Эми бул өнөр Чүйдө, Таласта, Нарында, Кочкордо аз да болсо колго алынып, өнүгө баштады. Ошондуктан Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактары бул фестивалга толук катышып жатат. Ал эми Ош, Жалал-Абад аймактарында бул өнөр таптакыр жоголуп кеткен. Бирок учурда ал жактан да бул өнөргө кызыккан балдар келип жатышат. Алар: "Бизге тайгандын күчүктөрүн бергиле"- деп сурап жатышат. Ителги, бүркүт таптоого, тайган үйрөтүүгө кызыккан балдар бизге келишсе колдон келишинче жардам беребиз. Биздин максат унутулуп баратканы ата-бабабыздын өнөрүн улантып, элге жайылтуу.
- Кыргыз элине гана тиешелүү бул өнөрдү эл аралык деңгээлге көтөрүү боюнча келечекте кандай аракеттер көрүлөт?
- Аңчылык өнөрдү кыргыз улутуна таандык экендигин далилдөө оор эмес. Мунун бир мисалы катары бүркүт таптоо жалгыз гана кыргыз элине гана таандык өнөр экенин эч ким тана албайт. Муну эч ким талаша албайт. Эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн биз бул өнөрдү байма-бай өткөрүп, элге жайылтып турушубуз зарыл. Бул өнөр кыргыз эли менен киндиктеш келаткан касиет. Бул өнөр аркылуу элдин элдүүлүгүн сактап калуу. Биз кыргызды кыргыз кылып турган бабаларыбыздын улуу өнөрлөрүн сактоо менен улутубуздун тамырын сактай алабыз.
- Кыргыздын устачылык, кол өнөрчүлүк, уузчулук өнөрлөрүн да бириктирүү максаттарыңар барбы?
- Биздин программада сиз айтып жаткан кыргыздын өнөрлөрүн камтуу жагы да каралган. Эң мыкты уста, эң мыкты зергер, эң мыкты ууз деген наамдарды уюштуруу аркылуу кыргыздын артыкчылыктарын даңазалай турган баалуулуктардын баары камтылган.




Ишенбек Кыдыров,
мүнүшкөр:
- Ишенбек ага, мүнүшкөрлүк менен алектенип жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
- Мүнүшкөрлүк менен алектенип жүргөнүмө отуз жылдан ашты. Бул үчүнчү бүркүтүм. Биринчи-экинчи бүркүтүмдү эркиндикке агытып жибергем. Бул өнөр мага ата-бабамдан калган десем болот. Чоң атам кыйын мүнүшкөр киши болгон. Мен аларды көрбөй калдым. Сексенинчи жылдары эле атамдан калган томоголорду алып бүркүт салам деп калдым. Ошондон тартып мүнүшкөрлүк менен алектенип келе жатам.
- Байге алган учурларыңыз болду беле?
- Былтыр "Салбуурун" фестивалында мен таптаган бүркүт карышкыр алып биринчи байгени алгам. 1994-жылы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгына барып, башкы байгеге ээ болгом.
- Сиз үчүн мүнүшкөрлүк өнөрбү, же кесиппи?
- Бул өнөрдү мен кыргыздын маданияты деп эсептейм. Кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан улуу өнөрү деп билем.


Нурак Абдырахманов,
комузчу:
- Нурак ага, кыргыздын байыртадан келаткан өнөрүнүн кайра жанданып жатышын кандай кабыл алдыңыз?
- Кыргыздын байыртадан келаткан өнөрүн кайрадан көтөрүп жаткан жигиттердин демилгеси адам кубанарлык нерсе да. Кытайдын мындан эки миң жыл мурдагы тарых барактарында "Кыргыздар бүркүт салып, тайган агыткан аңчылык аркылуу жашоо муктаждыгын канааттандырышкан. Жыл бою уучулук менен жан багып келишкен"- деп жазылган. Бөлөк элдин уучулук эмес, өздөрүнүн тарыхы жок болуп турганда, биздин өнөрдүн кытай тарых барактарына түшүп жаткандыгы, мүнүшкөрлүк, тайганчылык тегин өнөр эмес экендигинен, аңчылык биздин ата-бабалардан калган касиет экенинен кабар берет десек туура болот. Анткени бүркүт салуу, тайган агытуу жөнүндөгү улмыштар элдин эсинде дале сакталуу. Ишенбек иним Англияга барып куш, бүркүт салуу өнөрүн көрсөтүп, дүйнөгө даңазалап келди. Англичандар "ушул өнөрдү бүгүнкү күнгө дейре мурас кылып калтырган кыргыздарга рахмат" - деп ыраазычылыктарын билдиришиптир. Мурда бүркүт таптап, куш салган адамдар көп болчу. Азыр бул өнөрдү кесип катары тутунгандар дээрлик жоголуп баратат. Бул чоң трагедия. Эми бул ишти кайра жандандырып жаткан жигиттердин ишине ийгилик.


Урматтуу калайык-калк,
кыргыз эли!
Сиздерди, эгемен элибиздин аң уулоо, мергенчилик өнөрүн сактап калуу максатында "Санат-Куумай" федерациясы тарабынан 30-октябрда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында уюштурулуп жаткан
"Ынтымак" улуттук өнөр фестивалына чакырабыз!
Кызырлуу Кыргыз журтум!
Кыргыз элиндеги мүнүшкөрлүк, тайганчылык, саят өнөрлөрүн өнүктүрүп, жалпы элге жайылтуу. Дүйнө элинин кызыгуусун арттырып, эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан тайганчылык, мүнүшкөрлүк, саят өнөрлөрүнө арналган фестивалдарда Кыргызстандын намысын коргоо. Өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик демде тарбиялоого салым кошуу. Бул өнөрдү көөнөрбөс салтка айландыруу аталган иш-чаранын негизги максаты.
Фестивалга өлкөнүн ар тарабынан келген мүнүшкөр, тайганчылар өзүнүн эң мыкты деп тандалган тайган, бүркүт, ителги, куштары менен келишет.
"Ителги салуу". Ителги көгүчкөнгө, коёнго, кыргоолго салынат.
"Куш салуу". Куш дагы коёнго, кыргоолго салынат. Кушчулар куштарын аңга эки жолудан салганга мүмкүндүк берилет.
"Бүркүт салуу". Бүркүтчүлөр ат минип, же жөө бүркүттөрүн атайын даярдалган түлкүгө, чөөгө жана карышкырга салышат.
"Тайгандын күлүктүгүн сыноо". Алардын күлүктүгүн сыноодо атайын даярдалган түлкү же коёнду 70 чакырым/саат ылдамдыкта 700 метр куушат.
"Тайганды карышкырга агытуу". Тайганчы экиден тайганын бир (1) мүнөткө, 50 метр жүгүртмөгө белинен байланган карышкырга агытат.
Иш-чаранын программасы
Өтүүчү жери: Бишкек ш. "Аккула" ат майданы
Өткөрүлүүчү күнү: (30.10.2010)
Өткөрүлүүчү сааты: 14:00 - 18:00
Пресс-катчы Мирхамид Токтогул уулу
Байланыш тел: 0777 34 93 53, 0772 22 98 16, 0555 74 65 64
e-mail: dobulbass@gmail. com


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??