Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Келдикенин күлкүлүү үйү
"Күлкү-ден соолуктун мүлкү" дегендей, күлкү адам баласына ар дайым керек. Дарыгерлер аныкташкандай күлкү өмүрдүн узарышына өбөлгө түзүп, жан дүйнөнү жашартат экен. Ал эми элибизге күлкү ырахатын тартуулап келаткан куудул агаларыбыздын аксакалы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Келдибек Ниязов мындан ары гезиттен күлкү жаадырып турмакчы. Көптөн бери теле, радиодон көрүнбөй калса да жандуу, боорду эзген күлкүлүү окуяларын окурмандарга узатып турууну чечти.

Куудул тилек
Кыргыз эли чоң үмүт менен караган жаңы депутаттары, чындыкты чыркырап айткан таза болгула! Силер эми кире бериш узун коридордун эки жак бетине силердин депутат болушуңарга шарт түзүп, жандарын кыйышкан азаматтарыбыздын сүрөтүн бакыйтып илгиле, кирип баратып учурашып, кетип баратып таза иштедим деп отчет берип чыгып тургула. Артыңарга ар кимдин сүрөтүн илбей, Раззаковдун: "Мен таза болсом, сен таза болсоң - коом таза болот"- деп жазып койгула. Ал үйдөн сый-урмат менен бирөө чыга элек. Усубалиевди шаарды мрамор кылдың деп партиядан чыгарып айдап чыгышкан. Масалиевди Топчуке баштап, ачкачылык кылышып, делдектетип жетелеп чыгышкан. Акаев куйругун кыпчып качып чыккан. Бакиев элди аттырып, Ак үйдү канга боёп качып кеткен. Силер абайлап, коркуп таза иштегиле. Атпесеңер бир айга жетпей чачыңардан сүйрөлүп эшикке чыгып каласыңар. Силерге ийгилик каалап, куудул Келдибек Ниязов.
Кыргыз карыз
МАИ кечке тишине эч балээ илинбей жинденип, жин ургандай үйүнө келип бакырып-өкүрүп баарын каарып, баласын чакырып:
- Күндөлүгүңдү алып келчи - деп бакырат.
Баласы апасына барып:
- Апа, атам күндөлүгүмдү сурап жатат.
- Сураса көрсөт.
- Математикадан 2 алгам.
- Келе күндөлүгүңдү - апасы 2 алган бетке 200 сом салып барып көрсөт - дейт. Атасы жинденип күндөлүктү барактап 200 сомду көргөндө:
- Эх, жок дегенде үйүм түшүнөт экен - деп, мемиреп уйкуга кетиптир.
Бербесең кыстыр
МАИ машинаны токтотуп:
- Тормуз кандай?
- Бут тие электе кармайт.
- Аптечка?
- Бар.
- Өрт өчүргүч?
- Бар.
- Лампочкалар?
- Бар, баары күйөт.
- Дөңгөлөктөр?
- Жапжаңы.
- Домкрат. Насос.
- Бар.
- Магнитофон?
- Бар.
- Кассеталар?
- Дүйнө жүзүндөгү музыкалар.
- Андижанский полька.
- Бар.
- Кой, үнүн чоңойт - ГАИ талпалактап бийлеп кирет. Шопур карап тура берет. Бир кезде эси оогон МАИ:
- Кыстыр, кыстыр, кыстыр - деп кыйкыра баштайт. Шопур дал болуп карап тура берет.
МАИ оозунан ак көбүк атып кыстыр деген бойдон тырп жыгылат. Шопур эсине келип МАИнин ыргып жаткан таягын колтугуна кыстырып коюп кете бериптир.
Шеф ыраазы, уктай бер
МАИ түн ортосунда ооналактап бакырып-өкүрүп жөөлүй баштайт:
- Камаз, камаз мал тартып келе жаткан КАМАЗды токтоткула, ставкасы 1000 сом.
Көлдөн картөшкө, алма тартып келе жаткан ГАЗ-53дү токтоткула, ставкасы ар бир машинага 500 сомдон. Шефке 1 мүшөк картөшкө, 1 коробка алма.
Кара-Кечеден көмүр тартып келаткан МАЗды токтоткула, ставкасы 500 сом. Шефке 2 мүшөк, мага 1 мүшөк түшүргүлө. Болгула чоңдор көргүчө - деп бакыра баштайт. Аялы ойгонуп кетип ГАИнин кулагына шыбырайт:
Баарын алдык, түшүрдүк. Шеф ыраазы болду. Чоңдор көргөн жок - дегенде тиги коркурап уйкуга кеткен экен.
Өзүң өлбөй тур
Лектор:
- Качандыр бир жылдарда кыргыздын саны "жетинин бири кыдыр" дегендей 7 миллионго жетет. Мен муну саясат таануучу, саясий серепчи, көзү ачык катары айтып жатам-десе, залдан:
- Оозуңа май, ошого чейин өзүң өлүп кала көрбө - деген экен.
Каргыштан грилге түштү
Эки тоок сүйлөшүп отурушат дейт.
- Кошунанын чаар корозу жанга батты, бура бастырбай буйдалап. Тоокканага келип алып балапандарыма жашымды көрсөтпөй каргачу элем. Каргышым жетиптир.
- Эмне деп?
- Күйүп өл. Куйкаланып өл. Өрттөнүп жүрүп өлөр күнүң кайда - деп. Кечээ балдарыма жем алайын деп Аламүдүн базарына барсам, өлүгүңдү көрөйүн чаар короз грилде куйкаланып жатыптыр.
Эски да жок, жаңы да жок
Болду, ойлондум, көрсө акмак болуп жүрүптүрмүн. Жашоону нөлдөн баштамай болдум. Ичкенди, чеккенди, кайра-кайра аял алганды кан буугандай токтотуп, эски кийимдеримди байпактан баштап калпакка чейин өрттөдүм. Эртең базардан бүт жаңы сатып алам.
- Базарга кайcы кийимдериңди кийип барасың?
Апам кайра төрөптүр
9-класстын эки баласы:
- Туй, энеңди урайындыкы, апам ичкенимди билип койду.
- Оозуңду жыттадыбы?
- Кайдагы ооз. 16 жыл мурун апам төрөгөн кебетем менен келиптирмин.
Бир айда бир баа
- Балам тарыхтан качан баа аласың?
- Бир айдан кийин.
- Эмнеге?
- Класста 30 балабыз. Бир эле тарых китеби бар. Мага 30-октябрда китеп колума тиет.
Кайын энем өлдү, 100 грамм
МАИ:
- Бирдеме жуткансыз го байке?
- Кайдагы иним, чоң кайын энем өлүп кайгырып келатам.
- Көңүл айтып жуткузушкан го жыттанып турасыз?
- Буйрубасын иним, пайгамбар жашына келип баламдай болгон сага кантип калп айтайын.
- Макул анда байке Вене Мадагаскар, Гондурас десеңиз.
- Мад... Вен... Го..эк атаңдын оозун урайын 100 грамм ичтим эле - дептир.
Чайыңа сакалың күйгүр
МАИ:
- Байке ылдамдык өтө жогору штраф.
- Айланайын иним моюнга алам. Кечирип кой.
- Анда чайлык таштап кетиңиз.
- Ал бат эле. Момуну ал бир чайга жетет.
- Билгизбей чөнтөккө салып коюңуз.
МАИ үйүнө келип баягы конвертти ачып алып сөгүнүп жатат дейт. Аялы кирип:
- Эй эмне жинди болуп жатасың-десе
- Сакалың өрттөнгүр, бир чайга жетет дегенинен аябай кечке сүйүнүп жүрсөм.
- Анан эмне экен?
- Бир салым чай экен-деп пакетти ыргытып жибериптир.
Даярдаган
Сахиба КАДЫРОВА




ЖАН ЭРГИТКЕН - ЖАНДУУ МУЗЫКА

Адам баласынын жашоосунда искусствонун бир түрү болгон музыканын алган орду, аткарган кызматы өтө бийик. Жан дүйнөнүн сөз менен айтып бере алгыс түпкүрүндөгү кылдарын кыймылга келтирип, адамдын көңүл кушун көкөлөткөн да, сезимди кайгы-муң басса ага ортоктош болгон да ушу - МУЗЫКА! Өткөн жума күнү ордо калаабыз Бишкектин азыноолак тургундары үчүн кичинекей майрам, музыка майрамы болуп өттү. Тоо булбулу Токтогул атабыздын ысымын алып жүргөн Филармониябыздын жамааты быйылкы сезондун ачылышынын урматына көргөндүн көөнүн тойгузуп, уккандын кумарын таркаткан, зал толо келген элдин көпкө чейин эсинде калгыдай ажайып сонун концертин тартуулашты. Көшөгө ачылып, көөнөрбөс алп "МАНАС" дастаныбыздан алынган, эл-журтубузду Мекендин кадырын бийик алып жүрүүгө, элибиздин бекем ынтымагына үндөгөн эпизоддорун, БАКАЙ, КОШОЙ бабалардын, КАНЫКЕЙ энебиздин элге айткан насааттары ( КР Эл артисттери - Асанкул Осмонов, Марат Алышпаев, Калича Сейдалиеванын аткаруусунда), Мелис Убукеевдин "МАНАС дүйнөсү" фильминен алынган үзүндүлөр сахнанын төрүндөгү экрандан көргөзүлүп, көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды. Андан кийин салттуу төкмөлүк өнөрдү аркалап жүргөн таланттуу акын агабыз Замирбек Үсөнбаев эл-журтуна "алтын шилекейин" чачыратып амандашкан соң, элибизге жана чет өлкөлүктөргө буга чейин элдик ырлардан классикалык орпераларга чейин аткарган көп кырдуу өнөрлөрү менен таанымал талант ээлери биринин артынан бири чыгып, элди курсант кылышты.
Алар: 1.Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру КРга эмгек сиңирген артист - Сагынбек Акматалиев, КРнын Эл артисти - Сардарбек Жумалиев),
2. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик "Ак марал" бийчилер тобу (көркөм жетекчиси жана балетмейстери КРнын Эл артисти - Мелис Асылбашев жана "Ак марал" бийчилер тобунун "Миң кыял" оркестринин дирижеру - Чолпонкул Райымкулов),
3. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Чалагыз Иманбаев наамындагы "Камбаркан" этнографиялык фольклордук тобу (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери - Рысбек Жумакунов),
4. Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын симфониялык оркестри (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру - Рахат Осмоналиев жана филармониянын хор коллективи, анын көркөм жетекчиси жана дирижеру КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Гүлбара Маматова),
5. Атай Огонбаев атындагы комузчулар ансамбли (көркөм жетекчиси -Дүйшөн Касымов),
6. Т.Тыныбеков атындагы Темир комузчулар ансамбли (көркөм жетекчиси КРнын эмгек сиңирген артисти - Айша Базарбаева).
Ошондой эле, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси - Самара Токтакунова, КРнын Эл артисттери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары - Замирбек Үсөнбаев, Саламат Садыкова, Анарбек Ибраев, КРнын эмгек сиңирген артисттери Чырмаш Төрөбеков, Замира Мавлянова, Майрам Дүйшекеева, Бермет Байкелова.
Ырчылар: Кутман Жолдошев, Тамара Исабекова, Гүлмира Жолдошева, Кубан Ашыралиев, Улан Качкыналиев, Мурадил Сагыналиев, Анапия, Лира, Дилбар Райымбековалар, Гүлзат Батырканова, Турдукан Сарбанова, Алтынбек Каленовдор эч кандай фонограммасыз эле жандуу үн менен ырдашып, уккан кулактын моокумун кандырышты. "Күлүктү күлүк көрсө, төрт аягы тыбырайт" дегендей, биринен-бири мыкты, өнөрлүү жигиттерибиз, ай чырайлуу, кымча бел кыздарыбыз "Кыргыз" - деген тегин эл эмес, ар кыл өнөргө бай, миң кубулган асыл таштай кымбаттуу эл экенибизди көрүүчүлөргө дагы бир жолу тастыктагандай болушту. Айрыкча, Муса, Атайдын өлбөс-өчпөс ырларын ийине жеткире аткарган жаш аткаруучулар - Алтынбек Каленовго, Турдукан Сарбановага алакандар кызый-кызый чабылды, алкоолор айтылды. Эже-сиңдилер Райымбековалардын "Мен кыргызмын!"- деген мекенчил ыры да көпчүлүктүн көөнүн ого бетер көтөрүп салды. Артисттердин кийген улуттук саркеч кийимдери да чет өлкөлөрдөн келген меймандардын алдында уятка калтырбай, аземделип тигилген. Сахнанын декорациясын улуттук колоритте кооздоп, концерттин сценарийин жазып, сахнага алып чыккан режиссеру КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Филармониянын көркөм жетекчиси - Келдибек Тургунбаевге, концерттин режиссерлору: Казыбек Көкүмовго, Виктор Леонидович Фельдге, концертти алып баруучу КРнын Эл артисти Темирлан Сманбековго да көрүүчүлөрдүн атынан ыраазычылык айтсак, ашыктык кылбайт! Эң башкысы - базар мамилелери менен жашап жаткан ушул турмушта концерт акысыз көрсөтүлгөнү чоң жаңылык болду! Дүнүйөнү искусствонун, маданияттын ажайып сулуулугу сактап калат демекчи, жалаң саясат менен алпурушпай, жан дүйнөлөрүбүздү сыйкырдуу, керемет булактар менен тез-тез сугарып турсак, коомубуз тезинен тазаланып, адамгерчиликтин, адалдыктын туу чокусуна жетээрибиз күмөн эмес. Филармониянын ары түйшүктүү, ары сыймыктуу иштерин жетектей баштаган, элибизге аттын кашкасындай таанымал агабыз Замирбек Үсөнбаевге жана анын чыгармачыл жамаатына албан-албан ийгиликтерди, бекем ден-соолукту, үй-бүлөлөрүнө аманчылык жана бакубатчылык каалайм! Эл-журтубуз үчүн талыкпай жүгүрүп, таскагыңыздар алыска угула берсин!
Сапарбаева Айканыш Керим кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??