Сандан-санга

Кандуу жылдар
Барсты "өлтүргөндөрдөн" дагы табыш керек. Барстын бошогон ордун ээлеп, Ромдун эң ишенимдүү оң колу болушка жакшы шанс болуп турат. Профессор билген да, билбеген да Ромдун карышкырдай курч, түлкүдөй куу дагы төрт-беш ишенгени бар, ошолордун бири калбай Профессор ойлогон үмүттү ойлоп турушканын ал билген жок...
Ром Профессорду жүрөгүн түшүрө айдап, дароо эле Ментти чакыртты...
Мент Ромдун дагы бир тың жигиттеринин бири. Барстан айрылгандан кийин анын ордун ээлечү үч-төрт жигиттин бири да ушул. "Мент" деген аты айтып турбайбы, ал мурун милийсада он жылдай иштеген. Армиядан келип эле кирген милийсага. Анан анын окуусун да бүткөн. Капитандан эми мына майорго аттайм деп турганда аттабай аңга түштү. Ушул эле борбордун бир районунда тергөөчү эле. Ырасында тың иштечү. Тың иштегени менен алган айлыгы эч нерсеге жетпейт. Эчен баш кесердин, бандиттердин үшүн алган неме тилдүү аялынын жанында мышык боло калар эле. Ошонусу жеп турчу. Сүлүк курттай жеп турчу, "тапкан акчаң өзүңөн ашпайт, милийсада иштегендин балакет-мээнетин аласыңбы..." сыяктуу сөздөрдү айтып, чучугуна жеткирчү. Акчанын азгырык-азабы ошентип башталды. Адегенде иши түшкөндөрдүн бергенин алса, кийин маселени өзү кое баштады. Колуна акча канча көп түшкөнү, ошончо май басты көзүн. Бир уйгурдун тоокканадай жертөлөсүндө турчу эле, бак-шактуу заңгыраган алты бөлмө үй сатып алды, адегендеги эски "Жигулиден" кийин жапжаңы "Ауди" минди. Аны менен катар чындык жандаган деми шалпылдап баткакка айланды. Мына-мына жарылчудай көптү. Ушунун баары беш эле жылдын ичинде болду. Баягы эч нерсеге жетпей, күн сайын ызы-чуу салып таштачу аялы топук кылдыбы? Жок. Аныңдын "жетпейти" күчөгөндөн күчөп барат. Ошол күндөрдүн биринде арам болсо да келген ырыскысы заматта тыйпыл болду.
Колуна көптөн бери колго түшпөй убара кылган наркобарондордун бири колго түшүп, анын иши тийген. Кым деген ошондо. Наркобарондун жөкөрлөрүнүн бири анабашысын бошотуп алуу үчүн оңбогондой акча сунуштады эле, Мент дагы ошончо кошсоңор жардам берем дегенди айтты. Ошондон эки эсе оңбогондой акча доллар менен колго тийди. Бирок наркобарон кутулбай калды. Ишти министрдин орунбасарынын бири жеке көзөмөлүнө алып, сотко ашырды. Бүгүн-эртең бошоном деп турган наркобаронуң 12 жылга соттолуп кетти. Доллар берген неме эртеси эле келип алганыңды кайтар деди эле, Мент баш бармагын манжаларынын ортосунан олчойто чыгарып, "ме" деп тигинин тумшугуна такады. Шагы катуу сынган неменин эки жолу бар эле, бири - Менттин үстүнөн арызданып ишинен айдатуу, экинчиси - аны аттырып салуу. Биринчи жол тандалды. Ичи аябай күйгөн неме өзүнүн жооп берип каларына кайыл болуп, арызды түз эле министрге жазды. Иш дароо эле башталып, Менттин айласы кетти. Министрликтин өздөрүнүн коопсуздук кызматы териштирип, Менттин пара алганын мойнуна кое алышкан жок. Диктофонго жазылбаса, сүрөткө же видеого тартылбаса, же доллардын изи жок болсо, ошо да... Бирок Мент иштен айдалды, экинчи милийсада иштебей тургандай айдалды. Пара берген неме буга ыраазы болгон жок, эми Ментти жок кылмай жолун издеди. Менттин кримиште тажрыйбасы чоң эле, анын үстүнө түлкүдөй куу боло турган. Анысына тартынбас-тайманбастыгы кошулса, оңой жан эмес да. Пара берген неме өзүн өлтүртмөктүн жолун издеп, аны аткаруучу киллердин ыгын келтире албай жүргөн күндөрдүн биринде ага Мент өзү барды. Ачык сүйлөштү. Эпадам дагы эле артынан түшө берсе, барону кармалгандан кийин деле жүрүп жаткан ишин ойрон кыларын, милийсада аны жасачу достору али толтура экенин айтты. Керек болсо өз колу менен ит аткандай атып саларын да кошумчалады. Пара берген неме баарын таразалап туруп, Менттин сөзүн туура көрдү. Мындан ары экөөнүн бири-бирине нааразылыгы жок, бири-бирин таанышпайт. Бүтүмү ушундай болду... Ошол эле жылы Мент Барстын жардамы менен Ромдун тобуна кошулуп, бат эле ал топтун активдүү баш кесерине айланды. Барс экөө бир мектепте удаалаш окушкан, Мент бир жаш улуу болчу...
Мент Ром эмнеге чакырды экен деп санааркай кирди. Өтө зарыл иш болбосо чакырчу эмес да.
Ромдун кабагы бүркөө болчу. Салам айтып кирген Менттин алигин алган жок. Отур да дебеди. Каккан казыктай турган неменин көзүн тике карай айтты:
- Профессор Барсты аткандарды издеп жатат. Ал кандай издеп жатат, өзү эмне кылып жүрөт, баарын көзөмөлгө ал. Барс айтты эле "мени аткан Токенде иштеп кеткен Макан деген жигит бар, ошондон шектенем" деп. Уктуңбу?!
- Уктум, - деди Мент. Үнүнөн тапшырмаңыз так аткарылат деген жооп сезилди.
Ром "кете бер" деген сөзүн ыраа көрбөй, башы менен жаңсап койду. Мент ичинен кым деди. Кабинетине келип, мээси шишигенче ойлоду. "Демек, Профессорго көп ишенбейт турбайбы. Ага караганда мага ишенет тура. Мент менен Профессордун биринчи эле күндөн жылдызы келишпейт. "Мент" деген атты да ушул Профессор койгон. "Бир күнү болбосо да, бир күнү менттигин кылбай койбойт, андан сак болуш керек" дегенди көп айтып жүрүп, бир күнү Барстан катуу жеме угуп, атургай өпкө-боору үзүлүп кала жаздаган. Ошол күндөн ал Ментти жек көргөнүн ачык билдирбейт. "Сен да прокуратурада иштегенсиң, ак ит, сары ит - баары бир итсиңер" деген ачуу сөздү да уккан. Профессорду ойрондотчу бир шанс болуп турганын Мент түшүндү...
***
Барстын өлгөнүн уккан Макан аябай кубанды, моокуму канды. Анын артынан Ром кетсе кана... Ошондо гана Токендин өчү алынмак, ошондо гана Макандын көксөөсү суумак...
***
Ичеби-ичпейби, Макан Касым менен Берметти бир тууган ага-жеңесиндей көрүп калган эмеспи. Күндө болбосо да күн аттап ойлонгону, санааркаганы, жакшы болушса экен деп тилегени ошолор.
Баягы наркологго алпарып, уй, кой сатып берип, "экинчи ичсеңер мууздап салам" деп катуу кетип алардын жүрөгүн түшүргөндөн кийин үч-төрт ай өткөндө кайра барды алардын абалын билмекке.
Күз келип, элдин алды буудайын чаап, картөшкөсүн казып, эрте бышчу алма-өрүгүн жыйнай баштаган кез. Илгери мындай убакты "төөнүн карды жарылган кез" деп кеңири айтылчу, азыркы жетишпеген, улунуп-жулунуп калган заманда антип айтылбай калса да, ач-жылаңач элге күздүн келгени кантсе да күткөнү эмеспи.
Экөөнүн кебетелери келишип ичип отурганынын үстүнөн чыкпасам экен деп тиленип келген Макан алардын огороддогу аз жеринде картөшкө казып жатканынын үстүнөн чыкты. Өңдөрү да оңолуп калыптыр. Мотураңдаган кыз, баласы кошо иштеп жүрөт. Маканды көрө сала төртөө тең чака, кетмендерин таштай чуркашты. Айтарга сөз таппай сүйүнгөнүнөн демиге учурашышты. Короо четинде өскөн килейген каражыгачтын түбүнө тыпырайган чай иччү жер жасап алышыптыр. Аз өтпөй отуруп, чайга киришти. Макан толтура алып келген эмеспи базарлыкты, анысы үстөлгө толду. Үйдөн чакырылган кемпир Макандын чекесинен сүйүп, барбалаңдап ыйлап жиберди: "Кудай өмүрүңдү берсин" дегенди кайра-кайра кайталайт. Чай да ичилип, бажылдаша сүйлөшөт. "Ырас ичпей калган турбайсыңарбы" дегенди айтып жибермекчи болгон Макан кайра токтоду...