Шайырбек Арапов,
алып баруучу:
"Айкөл кыргызымдын жашоосу айкөл болушу керек эле"
Көп бийкечтердин жүрөгүнө бүлүк салып дагы эле бойдок жүргөн жигит, Коомдук каналдын "Браво" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Шайырбек Араповду, классташ деп коем. Качан караба шашып өтүп бараткан болот. Жумуш деп жүрүп үйлөнгөнгө убакыт таба элек. Көптөн бери көрүшпөй калып, айтчу ойлору бышып калыптыр. Бул жолу да чай үстүндө сураша кеттик.


- Шайырбек, классташ кандайсың?
- Кудайга шүгүр жакшы, өзүң кандайсың? Рахмат, классташыңды унутпай сурап жатканыңа.
- Турмуштан табылган классташ дегенди кандай түшүнөсүң?
- Турмуштан табылган классташтар эми теңтуштар болуп эсептелет да. Экөөбүздүн жашыбыз да тең анан буга чейин бир жерде иштеп, бири-бирибизди жакшы таанып калган күндөн бери классташ болуп калбадыкпы. Негизи бул нерсе жакшы деп ойлойм. Чыныгы классташтарым менен чанда кезиксем, турмуштагы классташтарым менен бат-баттан учурашып турам. Демек, классташтарымдын ордун толуктап турат.
- Дос жакын болобу, классташпы?
- Негизи бала кезден дос болсоң, ал сенин теңтушуң бир партадан олтурган адамың болуп саналат. Ошондуктан достун да, классташтын да ролун аткарса анда жакшы. Бирок турмуш деп классташтардан алыстап кетебиз. Ал эми чыныгы достор менен дайыма жакын жүрөсүң. Менин досторум абдан көп. Чөйрөмдө эмес, мектепте чогуу окуган балдар, 5 жыл группалаш болуп чогуу окугандар. Эки тарап тең көңүлүмдүн түбүнөн орун алган.
- Кандай жанылыктарың бар?
- Жаңылык деген революциядан кийин токтоп калды. Мүмкүн эми тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса жергемде жаңылыктар көп болот деп ишенем. Анткени азыр саясатты тамаша кылып олтуруп, жеке адамдан эмес саясатчылардан көп жаңылык күтүп калдык. Анан да күндө бир эрендин жаңы саясий оюнун көрө берип башка жаңылыктар анча таң калтырбай калды.
- Качан үйлөнөйүн деп жатасың?
- Айтпай турайынчы, анткени пландасам эле бир нерсе чыга калып ишке ашпай калып жатат. Жашыруун, эч кимге билгизбей үйлөнүп алып, анан биринчи кезекте сага кабар кылам.
- Бир селкиге көз кырыңды салып койгондурсуң?
- Чын сырымды айтайынбы? Мен ойлогондой кызди кезиктире албай жүрөм. Алып баруучу Шайырбек Араповду эмес, жөнөкөй Шайырбекти сүйүп, урматтаган жар жолукса дейм. Кыздар таарынбасын, бирок көпчүлүгүнүн ой, максаттары башка кызыкчылыктарда экени сезилет. Адам баласы өзүнө түгөй тандоодо жаңылбаса дейм. Анткени ошол өмүрлүк жарың менен келечектеги балдарыңдын татыктуу апа, атасы, жылуу коломтонун ээси болгон сыймык эмеспи.
- Өзүң эмне менен алексиң?
- Азыр жумуш жана жумуш менен жүрөм.
- Кыздар сени "Короз чачтуу жигит" деп коюшат экен, териккен жоксуңбу?
- Башында териккем, бирок буга деле көнүп калат экенсиң. Короз чач дегенден бери чачымды сылаң короздой болуп бийик көтөрбөй өзгөртүп алдым. Ага да кыздар бир ылакап чыгарат болуш керек. Негизи бул нерсе да жакшы. Демек, мен күйөрмандарымдын, көрүүчүлөрүмдүн назарындагы алып баруучумун, аларга ар дайым керек экенмин деп ойлойм.
- Быйыл эмне олуттуу иш жасадың?
- Быйылкы жылы олуттуу иштерден көп нерсе жасадым. Бирок мунун баары өзүм үчүн жеке аткарган иштерим болду. Айылда там салууга жардам берип, ал бүттү. Шаардагы үйүмдү оңдоп түзөдүм. Эң негизгиси жыл сайын чөп басып пайдаланылбай жаткан бош жерди иним экөөбүз огородго айланттык. Мол түшүм алып, кулпунай жеп, жыргап жатып калдык.
- Жерди бат эле гүлдөтүп, түшүм алганыңа караганда, багбанчылык шыгың бар окшойт?
- Байкап көрсөң, адам баласы бара-бара табиятка жакындап, өз колу менен бак тигип, тал түптөп, мөмө өстүрүп, анын үзүрүн көрүүгө кызыга баштайт экен. Бул адамдын анык мээнетинин акыбети эмеспи. Ошол сыяктуу мен да алгачкы жолу жерге мээримимди төгүп, ал мага жемишин берди. Бул бир чети мага кубанычтуу болду. Анткени таза эмгектин наны таттуу да болот эмеспи.
- Эфир жагында кандай пландарың бар?
- Азыр чынын айтсам аябай эс алгым келип жүрөт. Анткени быйылкы жылы эмгек өргүүсүнө чыккан жокмун. Жергебиздеги болуп өткөн окуялар таасирин тийгизди. Эми убакыт келди окшойт. Отпускага чыгып келип жаңы идеялардын үстүнөн иштесемби деп жатам. КТРКнын жаштар студиясында жакында жаңы, кызыктуу долбоорлор ишке ашат. Ал жакка сөзсүз салымымды кошом. Өзүмдүн жаңы идеямды эс алуудан кийин ишке ашырганга киришем. Ал дагы башка мурунку рейтингдүү программалардын катарын толуктап, алардан кем калбайт деп ишенип турам. Бирок жумуш деген жумуш, "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?", "Браво" долбоорлорунда, андан сырткары атайын репортаждарда иштеп жатам.
- Жакында сага башка жумушка чакыруу түшүптүр деп уктум эле?
- Учурда ошол сунуштарды карап жатам. Эгер мага сунушталган жумуш жакса, телевидениеден кетишим толук ыктымал. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, ал ишти да аркалап көрүүгө кызыгып жатам. Кандай жумуш экени сыр болуп турсун.
- Телекөрсөтүүнү биротоло таштап кетүү сага оор болбойбу, көнүп калбадыңбы?
- Оор, албетте. Бул нерсени ойлонуп алып эчтеке дей албай турам.
- Азыр жашоо саясат болуп калбадыбы, саясатка сен да кызыксаң керек?
- Мурда анча маани бербесем да студенттик күндөрдөгү саясатка болгон кызыгуу кайра кайтып келди. Марс деген нарындык группалашым бар эле, экөөбүз абдан бири-бирибизге оппозиция болуп саясий нерселерди көп талкуулап жүрчүбүз. Учурдан пайдаланып, Марска салам жолдоюн. Марс кайда жүрөсүң? Мага телефон чалчы. Анан азыр саясатка сүңгүп кирбесем да саясатка бир аз ыктап келатам. Саясий чөйрө өтө кир деп коет. Бирок баштан өткөрүп көрмөйүнчө толук аңдай албайт окшойсуң..
- Демек, келечекте саясатчы да болуп кетишим мүмкүн дечи?
- Эми аны убакыт аныктайт. Максаттарым бар. Кыргыз уулу болгон соң, элдин жүгүн тарта билиш керек. Эл кызматын аркалаган сыймыктуу уул болоюн деген асыл ойлорум бар.
- Кыргызстандын келечегине ишенесиңби?
- Абдан ишенгим келет. Кыргызстанды келечекте өнүккөн өлкө болот деп өзүмдү ишендирем. Бирок эмнегедир жолдор туман келечек күмөн. Акыркы кездери көп ойлончу болдум. Кыргыздын тагдыры, элдин кыйналып жатканын көрүп өзүм да кыйналам. Кыргыз эли мындай мамилеге, жетишсиз жашоого татыктуу эмес эле. Кыргыз молчулукта, токчулукта, бардар жашоодо жашаш керек эле. Айкөл элдин жашоосу да айкөл болуусу шарт. Буга ким күнөөлүү?. Кээде бийлик башында олтурган бардык чиновниктерге"Силер кыргыз үчүн эмне кылып жатасыңар" деп суроо бергим келет. Бирок бул суроолордун жоопсуз калышын билем. Баары эле кыргыз демиш болот, а чынында кимдин ким экенин көрдүк го. Ылайым Кыргызстанда тынчтык, элим аман болсо экен.
Маектешкен
Сахиба Кадырова