Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Адал молдонун алты каманы
Кадимки Жаныш Бакиевдин 50 жылдык мааракесинде, "мына ушул улуу эпопея, улуу тарых, улуу советтик маданият - бүгүн Жаныш Салиевичке арналат. Бул деген - чексиз байлык. Мен сизге суктануу менен көз артам. Сиз деген - чексиз бай жана бактылуу адамсыз! Бүткүл өмүрүңүздү Ата Мекениңизге арнадыңыз!" деп мактаган Мадумаров эки күн мурун улуттук биринчи каналдагы "Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө БШКнын төрагасы Акылбек Сариев менен катышып, эл алдында дагы бир жолу уят болду.

Башында ойлодук эле, чечен неме чекилдеп сөз бербесе керек деп. Чаң чыккан тили тишинин артында калып, өзүнөн-өзү наалып, айтор, алдастап калды. Адалсынган Адахамды Акылбек мырза эки-үч суроо менен эле эсин оодарып салды. Ал колунда болгон документтерге таянып "Мынакей, менин колумда 2007-жылдагы шайлоону жыйынтыктаган протоколдор турат, сиздин спикер катары сүйлөгөн сөздөрүңүз турат"-деп айтып, ошол кездеги окуяны оодарып салды. Ошентип, одураңдаган Адахамдын оозун Ошко каратып салды. Эсиңиздерге сала кетсек, ал кезде "Ак жол" партиясынын арты менен депутаттыкка, көп өтпөй спикерликке жеткен Мадумаров ошол кездеги оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын өтпөй калганын какшыктагансып, "жеңилип калган партиялар татыктуу утулганды үйрөнүп, жигиттик кыла жүргөндөрү оң" деген оюн айткан эле. Мейли, бул үч жыл мурун болгон нерсе дейли. Анткени Адахамдын унутчаак, урушчаак экендигин элибиз деле билип калбадыбы. Шайлоо күнүнө үч-төрт күн калганда УТРКдан уялбай туруп айтпадыбы, "биз Кыргызстандын келечегин ойлосок, утулган партиялар уткан партияларды куттуктаганды унутпашыбыз керек" кыязында. А эмичи, эми. Эми ошол эле Адахам "Бүтүн Кыргызстаны" менен бүтүндөй мамлекетибизге чаң салып жатат. Эркектигин аксылык аялдарга далилдеп бере албаган Адахам мырза, эми эркектик жөнүндө сөз айтпай деле койсо болмок. Дагы жакшы, эл арасында жүрөт. Эгер эркинен ажыратылгандардын арасында жүрсө, эбак эле Айнагүл кылып коюшмак. Апей, айта турган оюмдан алыстап кетип бара жаткан окшойм.
Бул кишинин чыгарган чатагы жанагы 5 пайыздык тосмо менен кошумча тизме болуп жатпайбы. Ал боюнча Акылбек Сариев Адахамдын алдына 2007-жылдагы шайлоонун протоколун таштап салды. Ал кезде деле кошумча тизме менен 50 миңден ашуун шайлоочу киргизилип, 5 пайыздык тосмо кошуп эсептелген экен. Арбын добуш алган ошол кездеги "Ата Мекен" партиясы ошентип жайланган экен. Алар минтип митинг уюштурушкан эмес. Болгону сотко гана беришкен. Мындайча айтканда, жигиттик кылышкан. Ал жолку шайлоодо "Ак жол" партиясы эмес, "Ата Мекен" партиясы утуп чыкканын ал кездеги ажонун жан сакчысы генерал Артур Медетбеков айтып чыкпадыбы? Булар азыр "биздин добуштарды уурдап кетишти" кыязында айтып жатышат. "Ата Мекендин" добуштарын уурдап алгандарын эмнеге айтышпайт? Дегеле, азыркы Адахамды акшыңдатып койгон бийликтегилерге таң каласың. БШКга бир сутка берет, бийликке үч сутка берет. Отунбаеваны кетиребиз дешет, бийликти алмаштырабыз дешет. Айтор, акыркы күндөрү буларың оголе одураңдап кетишти. Балакет басып, Барыктабасовдой болуп башаламандык салбагай эле. Анан барып кошуна болуп калбагай эле. Эки күн мурун "Дело №" гезити Адахамдын акыркы жылдары айткан сөздөрүн анализдеп чыгыптыр. Мындайча айтканда, ошол орду жок сөздөрүн кайра бир жагына тыгыптыр. Гезит 2005-жылкы революциядан кийин вице-премьер болуп тургандагы сөзүн мисалга тарткан. Адахам мырза Россиянын кабарчысынын:
- Кыргызстанга диктатура орноп келатканы жокпу?- деген суроосуна:
- Түшүңөргө да кирбесин! Диктатура деген болбойт! Эмне үчүн түштүктүктөр диктатурага жакын деп ойлойсуңар? Эмне, Аксыдагы өз элин түштүктүн диктатору аттырдыбы? Аны деген түндүктүн диктатору Акаев аттырган. А Бакиевде диктатордук сапат жок",-деген.
- Кайрадан революция кайталанат дегенге кандай ойдосуз?-деген суроосуна:
- Жок! Революция кайталанбайт. Революция кайталанат деген сөздү кайдан таптыңар? Кандайча? Эмне үчүн революция болмок эле?"- деп жооп берген экен.
Байкадыңыздарбы, ошол кезде түндүк-түштүк деп элин бөлгөн адам, бүгүн партиясын "бүтүн" деп атап салыптыр. Кыргызстан акыркы 5 жылда казактарга жерин берип бүлүнүп, орустардан карыз сурап бүгүлүп турганда, азыркы "бүтүндөрдүн" бирөөсү чыкты беле?! Айтор, "Бүтүн Кыргызстандын" артында Үсөн Сыдыков турат деген маалымат чын окшоп бара жатат. Акчага алдагандардын, акчага жалдагандардын жарымы качып жүрсө, жарымы суракта жүрүшөт. Абайла элим, абайла.
Шайыр Орозбаев




Ботко жеген Бакиев "баары жайында" дейт
Өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиев "Комсомольская правда" гезитинин Беларусиядагы редакциясына төгүлүп-чачылып маек бериптир. Чү деген жерден таңкы чайынын менюсун мактанып: "Бүгүн колбаса менен гречка боткосун жедим"- дептир эдиреңдеп. Анан Минскинин көчөлөрүнө көп чыкпарын, коомдук жайларда аз болорун саймедирептир. "Мага карата элдин кызыгуулары жаралышын каалабайм. Андан көрө табият койнунда эс алган жагат" деп кошумчалаптыр. Өз элин атып, канга чылап коюп качып кеткен президентке беларус элинин кыжырданган эле сезими жаралбаса, ал киши дагы деле өзүн ак көрсөткүсү келет тура. Анткени 7-апрелдеги окуяларды бүткүл дүйнө өлкөлөрү күзөтүп турбадыбы. Кабарчынын "60 жашка келгенде жер которуу сизге ыңгайсыздыктарды жаратпадыбы?" деген суроосуна, "Баары жайында, эң негизгиси Александр Григорьевич мени кесиптешиндей эмес, чыныгы досундай кабыл алды"-деп мактаныптыр. Өз агасын агалай албай, башканы сагалайт болуп, Текебаевди өлкөгө тургай өз районуна кымындай да эмгек жасабаганын айтып, кылган ишин сындаганга үлгүрүптүр. Андан ары президент болуп турганда, өлкөдө коррупциянын азайганын, жакырчылык кыскарганын, элдин жашоо деңгээли жогорулаганын дагы толгон-токой калп жомоктору менен ооз көптүрүптүр. Парламентке эң көп добуш менен өткөн "Ата-Журт" партиясынын ийгилигин өзүнө байланыштырып, "Менин кандай иштегенимди эл билет. Ошондуктан бул партияга көп добуш берди. Анткени "Ата-Журтта" мени менен иштеген чиновниктер бар"-дептир уялбай. "Бир туугандарыңыз менен кабарлашып турасызбы?" десе, "Жаныш Минскиге келип мени көрүп кетти, анын азыр каякта экенин айтпайм" - деп жооп узаткан. Маегинин аягында "Менин айланамды кооз пейзаж курчап турат. Жаңы курулган тамдар, кооз токой көрүнүп турат..." деп жашоосу ырахат экенин, мындан артык бакыт болбосо керек таризинде, тагдырына ыраазылыгын сездириптир. Аттиң, балдары, күйөөлөрүнөн, бир туугандарынан айрылып жесир аялдар, жетим балдар кала берди. А Закиржан эргул чет жерде жыргап гана жашап жатыптыр...




Нариман эси болсо ойлонсо...
Гезитибиздин өткөн санында Нариман Түлеевдин коррупциялык иштерин чагылдырганыбызга байланыштуу адалсынып сотко бергенин жазган элек. Көрсө кайран эргул жөн эле чокчолой баатыр болуп, "үрүп" койгусу келиптир. Сотко барсак "доо арызга кошумчалай тургандарыбыз бар" деп кийинкиге жылдырып салыптыр. Кантсе да арты таза эмес да. Топтогон байлыгымды кимдир бирөөнүн атына каттатып койсом эле, эч ким билбей калат деп ойлойт окшойт. Бекер жеринен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоптурбу?.. Акыл-эси болсо кичине ойлонсо болмок экен...
Айтмакчы, Данчиктин аялы Динара Исаева "Ата-Журт" партиясына белгиленген санда добуш топтоп бере албаганына байланыштуу тизмеден чыгарылганы маалымдалды. Эми Нариман Түлеев, Нарынбек Молдобаев, Азамат Кангелдиев, Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаровдор да тизмеден чыгарылышы ыктымал экен. Себеби ата-журтчулар шайлоодо ким 12 миң добуш топтой албаса, тизмеден өз каалоосу менен арыз жазып кетсин деген келишимге кол коюшкан имиш. Тилекке каршы, жогорудагы аты аталган эргулдар туулган аймагынан келишимдеги айтылган жетиштүү санды топтой албай калышкан. Ошого карабастан "мен баланча акча кошком" деп кеткилери келишпей тырмышып жатышыптыр. Анын ичинде "Бишкектен укмуш добуш алып берет, кыйратат деген" Нариман да бар экен. Учурда "Ата-Журт" партиясы ич ара ит тартыш болуп, ыйкы-тыйкысы күчөптүр. Сыягы жакын арада ыдырап кетишет го...






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??