Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Экс-министрге эскертүү берилеби?
"Эгер бийлик "Бүтүн Кыргызстан" партиясына карата адилетсиз чечим кабыл алса, анда биз ал бийликти алмаштырабыз" деген сөздү ким айтты? Албетте, ал сөздүн автору кадимки Кайыпов Марат болгонун "24. kg" маалымат агенттиги жазып чыкты. Бирок бүгүнкү бийлик "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин биринин мындай сөзүнө эч кандай маани берген жок. Бакиев бийлиги убагында ушундай сөздү айткандарды УККга чакыртып, түшүнүк жаздыртып, аягында эскертүү аркылуу бошотмок. Муну ал кезде Адилет министри болуп иштеген Таштакенин уулу танбаса керек. Өзүн мыкты мыйзамчы катары сезип жүргөн Марат мырза мыйзамды бузуп жатканын, чакалайдын чак түшүндө чакырык жасап жатканын чанбаса керек. А балким, атайы ушундай сөздү айтып, прокурордон эскертүү алып, акыркы жылдары жылоолоп калган АКШны көздөй жылт койгону жатпасын. Экс-министрдин экинчи аялы ошол жакта дешет, атургай, эркек уул төрөп берген дешет. Айтор, аялын алмаштыргандар эми бийликти "алмаштырабыз" деп калышыптыр, жакшы жашоолорун жаманга алмаштырып албагай эле.


Өмүрбек Өмүрбекке каршыбы?
"Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахманов "бакиевчилердин" кайрадан бийлик баскычтарына келип калышын, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн саткынчылыгынан көрүп жатат. Анын айтымында, эгерде бийлик шайлоого чейин люстрация(тазалоо же жазалоо) мыйзамын кабыл алганда, "акаевчилер" менен "бакиевчилер" бийликтен биротоло кур калмак экен. Эгерде ошол мыйзам кабыл алынса, анда бир кездерде спикер болгон Өмүрбек Текебаев, вице-спикер болушкан Шер Болот менен Эркин Алымбеков мырзалар кандайча талапкер болуп катталышмак эле? Атамбаев менен Исаков эмне болушмак? Айтор, бул мыйзам кабыл алынса Ак үйдө анын авторлору Абдрахманов менен Тургуналиевден башка адам калбачудай болуп турат. Дегеле, бакиевчилерди мындай мыйзам аркылуу эмес, адилет соту аркылуу жазалаш, абийир соту аркылуу тазалаш керек. Алардан дагы кутулуп кетсе, арбактардын сотунан кутула албаса керек.


Кылыктар чыкты, кызыктар алдыда
Үмүт деген адам менен жаралып адам менен өлөт, үгүт деген шайлоо менен жаралып шайлоо менен өлөт. Үгүт менен эмес, үмүт менен жашоо керек экендигин эми сезип жатсак керек. "Той болот тойдун эртеси да болот" демекчи, шайлоонун эртесин эми көрүп жатабыз. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев буга чейин бир нече жолу кайталап айтты эле: ""Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес" - деп. Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жазылган протоколдордун көчүрмөсү менен түп нускасындагы маалыматтар эки башка чыгып жатканын Акылбек мырза айткандан кийин, жанагы "өттүк" дегендер "өлдүк" дей башташты. СДПКдан башка партия лидерлери өлкө башчыбыз Роза Исаковнага киришип, "БШКга айтыңызчы, алдын ала берилген маалымат боюнча токтомун токуй берсин" кыязында суранышыптыр. Былыктары былжырап чыгарын сезишкен окшобойбу. Анда Акылбек Сариев айтыптыр, "мен ажону дагы, силерди дагы укпайм, мыйзам талабынан эч жакка чыкпайм" деп. Ошентип, төрөлө элек парламенттин төрүнө өтүп алышкан төрт партиянын лидерлери, төлгөчүлөрдү издеп турган чагы.


"Кадрлардын" кадыры какшыдыбы…
"24. kg" маалымат агенттиги атайын сурамжылоо өткөрүп, ага "эки экс-президенттердин убагында мамлекеттик кызматты аркалагандар кайрадан мамлекеттик кызматтарга кабыл алынышы керекпи?" деген суроону койгон экен, кашайып жооп бергендердин жоон тобу каршы болуптур. Мунун өзүнөн эле, андай адамдардын калк алдындагы кадыры какшып бара жатканын көрсөк болот. Анан калса, ошол каршы болгондордун калың тобу акаевчилер менен бакиевчилерди мамлекеттик кызматка аралыштырбоо аракетин эртерээк болушун каалайт экен. Демек, "Мекен шейиттери" кыймылынын "Ата-Журт" партиясына болгон аракеттери бүгүнкү күндүн талабы экенин эске алганыбыз оң.


Кожоналиевди колдойлубу?
Юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев апрель окуясы боюнча соттук отурум коомдук телеканал аркылуу бүтүндөй коомчулукка көргөзүлүшү керек экендигин тегерек стол жыйынында билдирген. "Соттук отурум бир гана өкүм чыгаруу менен чектелбестен, коомчулукка тарбиялык таасирин дагы тийгизиши керек. Эгер СССР убагында атайын көчмө отурумдар өткөрүлгөн болсо, азыр андайларды телеканал аркылуу коомчулукка жеткишибиз керек. Биз ушундай жол менен соттордун ачыктыгын, акыйкаттыгын көргөзө алабыз"-дейт бир кездердеги аскер прокурору Кубатбек мырза. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, апрель окуясы боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн. Айып тагылган 29 адам азыркы учурда сот жообуна тартылганы турат. Алардын көпчүлүгүн ок аткан снайперлер эмес, Ак үйдүн ошол кездеги аттуу-баштуу чиновниктери түзөт. Жогоруда Кубатбек мырза айткандай эле, мындай иштерди коркпостон эле коомчулукка көргөзсө, чынында эле тарбиялык таасири тийчүдөй. Экинчиден, элдин күткөнү дагы ошол болуп турат.


Уялбагандардан уялып коёлу
"Ар-Намыс" партиясынын лидери кадимки Феликс Кулов парламенттик шайлоо алдында айткандай болду эле, "биз үчүн парламенттен 25-30 мандат алыш уят иш" деп. Атургай, өз партиялаштарынан өзүн тизмеде 42-орунга коюуну суранганын укканбыз. Эми ошол уятын унуткан адам Маскөөгө эмнеге барганын ачыктаптыр. Айтымында ал жактагы кайсы бир досунун ден соолугун сураганы барыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал кишини кабыл ала тургандар качып коюшуптур. Кыязы, Кыргызстандагы шайлоолордун жыйынтыгы жыдымык болорун океңдер сезген окшойт. Чапкылап баргандарды чабал өрдөк болбогулачы дешсе керек да. Ошентип, шайлоо учурунда шардана сүйлөгөн Феликс мырза эми эмне кыларын билбей турган чагы. Кызыгы, Кулов тизмеде 42чи болуп калганда, "ар-намысы" аласалып кетмек беле…





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??