Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Деген экен…

Эр жигиттин
сөзү өлгөнчө өзү…
Бир кылым илгери атактуу В. Лениндин саясий сойкулук жөнүндө айткан кептери күнү бүгүнкүгө чейин өз таасирин жогото элек. Өзгөчө кыргыз саясатчыларынын бүгүн бирди айтып, эртең теңирден тескери айткан кептери, уят-сыйытты жыйыштырып койгон эки жүздүүлүгү учурда кыргыз коомчулугун анчалык деле таң калтыра албай калды. Мекенчилбиз, Кыргызстан үчүн күйөбүз, өлкөбүздү гүлдөтөбүз, өркүндөтөбүз, кыйратабыз деген убадаларын оңду-солду берип аткан эл башкарабыз деген "мыктыларыбыздын" дээрлик көпчүлүгү мансап, байлык үчүн мамлекетибизди сатып жиберээрине көзүбүз деле жетип калды.

Элибизде: "Эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн"-деген мыкты сөз бар. Анын сыңарындай, кечээ башкача сайрап, бүгүн башкача "маарап" кирген айрым саясатчыларыбыздын мурунку сөздөрү менен азыркы кептерин салыштырып, окурман журтубуздун алдына салып берүүнү эп көрдүк.
Өзүн чыныгы генерал атап, оозу-мурду кыйшайбай туруп, намыстуулук, жигитчилик жөнүндө узун кептин учугун улап жүргөн "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы мурдараак "Кыргызстан парламенттик мамлекет болуш керек"-деп ак эткенден так этип аткан Феликс Кулов бир заматтын ичинде кубулуп, "Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек"-деп, Кремлдин сөзүн сүйлөй баштады.
Бир заматтын дегенибиздин себеби, кайран Феликең мындан үч-төрт гана ай мурун "Общественная позиция" деп аталган гезитке берген маегинде:
"Биздин партия утурумдук өкмөт сыяктуу парламенттик республика түзүүнү жактайт. Акаев менен Бакиевдин кайгылуу тажрыйбасы башкаруунун коллегиалдуу жолуна өтүү зарылчылыгын көрсөттү. Мындай кеп бар: демократиянын башкы душманы - бул ак көңүл падыша. Жумшак көңүл падышаны күтүү оор, ошондуктан, парламентаризмге өтүү керек.
Мындан ары, жалпы саясый маданияттын өсүшүндө, президенттик формага кайтуу тууралуу кеп болушу мүмкүн.
Бирок Кыргызстан парламентаризмге өтүүдө башка өлкөнү так ошондой туурабаш керек. Бизде өзүбүзгө таандык өзгөчөлүк бар" - деген экен. (Бул маекти 2010-жылдын 26-июнь күнү "Айгай" гезити кыргызчалап кайрадан басып чыгарган). "Ар-Намыстын" "намыстуу" генералы мындан төрт жыл мурдараак да "Агым" гезитине "Биз мурдагы айткандарыбыздан четтебейбиз, конституциялык реформаны тереңдетүүгө дагы да ниеткербиз. Парламенттик республиканы колдой турганыбызды Акаев убагында эле расмий түрдө билдиргенбиз. Ал ойдон кайтпайбыз. Бирок качан каалоолор ишке ашары - бул башка маселе"- дептир, анысы тарых барактарында ташка тамга баскандай жазылып калды ("Агым" гезити №57 сан, 15.09.2006-жыл). Эми минтип океңдер опол-тоодой мансап убада кылып, далысынан таптап койгонго эрээркеп, теңирден тескери сүйлөй баштады. Эл башкарам деп турган Феликс Кулов мурдатан кармап келген позициясын "жеп коюп", минтип эки сүйлөп отурса, элибизге кыйратып деле "темир калкан" болуп бере албайт көрүнөт.
Дагы бир генерал саясатчыбыз Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов да мамлекеттик башкаруу тууралуу оюн бир эле жылдын ичинде түп тамырынан бери өзгөртүп жибериптир. Тагыраак айтсак, 2010-жылдын 22-январында Мирослав Жумабекович "Пресс.kg" гезитине берген маегинде президенттин укуктарын кескин түрдө кыскартып, бийликти бөлүштүрүү тууралуу оюн "Кыргызстанды өнүктүрүүнүн эң жакшы жолу - президенттин укуктарын кыскартуу, бийликти жер-жерлерге берүү (децентрализация власти). Менин жеке пикиримде биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу европалык хартиясына өтүшүбүз керек. Кыргызстандын бүтүндүгүн, кыргыз элинин биримдигин сактап калуунун бирден-бир жолу ушул. Акырындык менен губернатор, аким, айыл өкмөттөрүн эл өзү шайлап алгыдай кылуу абзел. Болгону аларды координациялаган Аймактык өнүктүрүү министрлиги гана болсо жетет" -деп билдириптир. Күчтүү президенттик бийликке каршы принципиалдуу оюн ортого салып аткан Мирослав мырза арадан тогуз ай өтүп-өтпөй, өткөн жумада "Алиби" гезитине мындай дептир: "Эл Арманы" партиясында жүргөнүмдө Парламенттик Республикага түп тамырынан бери даярдыгыбыз жок экенин айткам. Ошол себептүү бизге күчтүү президенттик, андан кийин күчтүү парламенттик республика керек. Эмне себептен биз азыркы акыбалга келдик? Себеби бизде, Кыргызстанда эч ким жоопкерчиликти мойнуна алган жок. Он тогуз жылдан бери президент да, парламент да качып жүрдү. Мына эң төмөнкү деңгээлге түштүк. Эң биринчи Конституция да, мыйзам да күчүндө болуп, бийликтин башында турган адамдар дагы муну толугу менен сезиши керек. Борбордук бийликти күчөтүш керек" ("Алиби" гезити, 19. 10. 2010-жыл, №69 саны)
Мына ошентип, "ишенген кожолорубуз" четинен сууга агып, кечээки сөздөрүнө бүгүн өздөрү каршы чыга баштады. Туура, Мирослав Ниязов туш-тушунан мамлекетибизди тоноп кирген Бакиевдердин үй-бүлөсүнө, жан-жөкөрлөрүнө каршы айбаттуу сөздөрүн айтып, алардын былыктарын коркпой-үркпөй ашкерелеп келгендигин жакшы билебиз. Бирок өзү сындап келген ошол бакиевчилер менен быйылкы парламенттик шайлоодо бир бүтүн болуп бириккенден кийин мурдагы оюнан кайтып, күчтүү президенттик, борбордоштурулган бийлик жөнүндө кыялданып жүргөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын чоңу Адахамдын сөзүн сүйлөй баштаганы - көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылды.





 "Төө кыядан өткөн соң…"

Опурталдуу оюндар, чыр-чатактуу чагымдар
Шайлоо аяктаган менен мекенибизде ызы-чуулуу саясий-шоулар күч алды. Эски бийликтен мураска калган түндүк-түштүк бөлүнүүлөр эми региондук мүнөзгө гана ээ болбостон, акаевчил-бакиевчил деген коркунучтуу түшүнүк пайда болду. Буга шайлоонун жүрүшүндөгү жыйынтыктарга "нааразы" болгон топтордун ич ара тирешүүсүнүн себепкери болгон айрым чагымчылардын жеке амбициясы себепкер десек жаңылыштык болбос.
"Баракелде - АКИпресс - Фергана" маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда Жалал-Абад облусунун 30га жакын аксакалдары К. Бакиевдин жердештерине "кысым жасап жаткандыгына" нааразы жана алар "Ата-Журт" партиясын "Бакиевдин ысмы" менен байланыштырбоо талабы менен чыгышыптыр.
Ал эми кечээ эле "Ак жол" партиясынын камчысын чапкан экс-спикер Адахам Мадумаров, "эки катын" алгысы келген Адилет министрлигинин экс-министри М. Кайыповдун шашылыш түзгөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да дүйнө эли Кыргызстанда алгачкы ирет шайлоонун таза өткөндүгүн таанып жаткан учурда, алар "шайлоонун таза өткөнүнө" шек келтирип, арадай жерде чарадай жыйындарды өткөрүп жатышы өлкөбүздүн "түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Казакстанга кошулат" деген "көзү ачыктардын" кебин ишке ашырууга "салымын" кошууга аракеттенип жаткан сыяктанат. Мындай шектенүүнүн себебин элибиз деле географиялык жактан булар өзбек туугандар коңшу жашашса, кайын-журттары казак туугандар экенин жакшы билишсе керек.
Ал эми Каркыранын Казакстанга өтүшүнө да алардын аздыр-көптүр салымы бар экендигин өздөрү деле танышпас чыгар? Ал эми "Ата-Журт" партиясынын депутаттык мандатка ат салышуусунда алдыңкы саптарда мурдагы ак жолчулар түзөрүн айрым аксакалдарыбыздын "байкабай" калгандыгы калкты региондук бөлүштүрүү амалы болуп жүрбөсүн? Алар мамлекеттик ири чиновниктер да болушканын эске алсак, 2010-жылдын 7-апрелиндеги күнөөсүз төгүлгөн кан үчүн жооп бериши керек эмес беле? Ошол эле учурда А. Мадумаровдун аялзаттарына "шымынын ичиндегисин" көргөзгөндүгүнө калкыбыз өзү күбө болбоду беле? Ушуларды эске алып, укуктук талаадан эмес, эң алгач моралдык өңүттөн алып караса, абийиримди өзүм төгүп алдым деп митинг-пикеттерге чыккандан уялмак да, чыныгы жигит катары калкыбыздын алдында кайрадан ишенимин кайрып алмак.
Учурда Таласта "бакиевчилердин бийликке келүүсүнө каршыбыз" маанайында нааразычылыгы, алардын "Ата Мекен", КСДП, "Республика" партиялары бириксин!" талабы ушул саясий акцияны уюштуруучулардын чала сабаттуулугун айгинелеп койгонсуйт. Алар "партия - бир идеяга берилген адамдардын тобунун саясий уюму" экендигин, бул үч партиянын саясий, экономикалык жана идеологиялык багыттары да ар башка болорун билбегендигин, мунун кесепетинен аң-сезимдүү адамдардын бул партияларга болгон ишенимине доо кетерин ойлоп коюшпагандыгын өкүнүү менен белгилесек болот. Ошондуктан партиялар координаторлукка саясий сабаты жогорку адамдарды тандап шайлабаса, анын натыйжасы оңойго турбасын шайлоодогу "Ата Мекендин" жеңилиш ызасы тастыктап отурбайбы? Бирок өткөндүн сабак албагандыгы саясий акциядагы коюлган талаптан анык көрүнүп жаткан жокпу?
Борбор калаабызда 12-октябрдан бери "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмелери тарабынан митингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат. Аларды да түшүнүү керек, сарай төңкөрүшүндө жакындарынан ажырагандар, ок жеп, ден соолугунан ажырагандар бакиевдик кадрлардын кайрадан кызматтарга келишине, алардын "Ата-Журт" партиясынын чүмбөтүндө биригишип, кайрадан ажыраган бийлигин калыбына келтирүүгө аракетине ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгүн алгачкылардан болуп түшүнүшкөн. Чынында, Убактылуу Өкмөт эски бийлик өкүлдөрүн май-көл, сүт-көл кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүк берип жатканы өкүнүчтүү көрүнүш катары санасак болот. Алардын жолуна бөгөт коюуга коркпостон люстрация мыйзамын кабыл алса болмок. Бул ишке ашса Ак үйдө ок атууларга себепкер болгондордун бири экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева "Ата-Журт" партиясынын атынан депутаттыкка каттала алмак эмес. Шайлоодон кийинки кырдаалды туура түшүнө койгон "Ата-Журт" Д. Исаеваны "керектүү өлчөмдө добуш" албаганын шылтоолоп, аны тизмеден чыгарды, аларда мындан башка ишенимдүү жолу болбогондугу ачык көрүнүп калды.
Жаңы бийликтин жаңылыштыгы "кадрларды тазалоону" кечеңдеткендигинде болчу. Алар чечкиндүү аракет кылганда, ошол эле учурда кимдин ким экендиги калкыбызга белгилүү болуп, азыркыдай регионалдык, акаевдик-бакиевдик деген түшүнүктөр четке кагылмак да, мыйзам чегинде кадрлар тандалып, бийлик мунарасында мурдагылардан таза кадрлар топтолмок. Тилекке каршы, "жеңгендер эч нерсеге жооп бербейт" эйфориясына тушуккан партиялардын эми тоскоолдуксуз парламентте алдыңкы орунду ээлейбиз деген ишеними аткарылган жок. Мына ушунун өзү жана Ош, Жалал-Абад окуялары "Ата-Журттун" ири добушка ээ болушуна алып келгени аныкталып калды көрүнөт.
Өлкөдө эң опурталдуу оюн, чыр-чатактуу чагымдар башталды. Алар бул оюндун байкоочусу катары сырттан көз салып, калкыбыздын регионалдык бөлүнүп-жарылуусуна жетишүү максатын көздөгөн сыяктанат. Демек, элибиз кимдир-бирөөлөрдүн жеке амбициясынын курмандыгына айланбоо үчүн сабырдуулукту сактоосу керек. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы нааразылык акцияларын өткөрүүдөн түп-тамыры менен өзгөрүлүп кетиши мүмкүн эместигин эске алып, БШКнын чечимине макул болуудан башка жол жок…
Эртабылды АТТОКУРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??