Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Путин Темирбек Асанбековду премьер-министрликке көрсөттүбү?
Шайлоо өнөктүгү башталганда да, бүткөндө да биздин атка минер төбөлдөр Москвага чабагандап кыргыз элинин кыжырын кайнатып, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирчү жорук жасап жиберишпедиби. Эми бул өзүнчө сөз. Биздин айтайын дегенибиз, өткөн жумада оптому менен Кремлге барышкан партлидерлердин учурда маанайлары жок экен. Буга Путиндин "кандай коалиция түзсөңөр да премьер-министр кылып "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбековду шайлайсыңар" деген көрсөтмөсү себеп болгон имиш. Москвадан кайтып келишкен биздин партия лидерлеринин Кремлге болгон сапарлары туурасында ооз ачышпай, дале болсо дымып жатышканы ошондон улам экен. Учурда Путинден премьер-министрликти сурап барышкандар эмне кылышар айлаларын табышпай, аябай бушайман дешет. Өз өлкөсүнө премьер-министр болуу үчүн Москванын уруксатына зар болушкан төбөлдөр ошентип мыш болуп кайтышып, маанайлары нөлгө түшүп, эч кимди сүйбөй турушкан кези...


Карабеков "Ар-Намыска" жалданып…
Тээ илгери, 2006-жылы Жаныш Бакиевдин ишке ашпай калган "матрешка гейт" операциясы боюнча ЖоКедеги кызуу талкууда "Бүгүн бүт өлкө эли өзүн жаман сезип атат. Бир жыл мурун мен Бакиев турганда бул өлкө жыргап кетпейт, жакшылык көрбөйт" деп айткам. Коомчулук, бүт дүйнө алдында шерменде болгонубузду эч качан жууп кетире албайбыз, жок дегенде бул шылдыңдан балдарыбыз тазаланса экен десең. Өткөн жыл бизге эмне берди? Уят, шылдың, коркокчулук, жалдап өлтүрүүлөр, акмакчылык, жүгөнү жок үй-бүлө... Ооба, менин бир туугандарым, балдарым таза, мыкты профессионалдар деп айтып калат. Жөнөкөй операцияны ың-жыңы жок тыңгылыктуу өткөрө албаган соң, профессионал дегенден шектенем. Бирок өздөрүн-өздөрү уят кылбаса болмок. Өлкөнү башкарууга бул адамдын моралдык укугу жок деп айтам"-деген экен саясаттагы эки жүздүүлүктүн "кайталангыс" үлгүсүн көрсөтүп кеткен экс-депутат Кабай Карабеков. Арадан бир жыл өтпөй Карабеков кесиптеш, калемдеш досу Мелис Эшимканов экөөлөп ошол парламенттин таш талканын чыгарып, үй-бүлөлүк "Ак жол" партиясына жол ачып берген. "Бакиевдердин өлкөнү башкарууга моралдык укугу жок"-деп кыйкырып аткан Кабай мырза жылуу-жумшак мансапка жайланышаары менен жаагы жап болуп, "үй-бүлөгө" чаң жугузбай, апрель окуяларына чейин ак кызматын кылып келди. Учурда орусиялык бир басылмада жазмакерлик кылып аткан Кабай Карабеков парламенттик шайлоонун алдында "Ар-Намыс" партиясынын башкы "пиарщиги" катары кызмат өтөп, оңбогондой акчага "шабашка" кыла коюптур деп угуп калдык.


Бала Бекназаров таланып кала жаздады
Апрель окуяларынын кийин баатыр болуп чыга келген Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров ата жолун жолдоп, саясатка аралашам деп катуу аракет кылып жүрөт. Атасы түзгөн "БЭК" партиясынын алдыңкы сабынан депутаттыкка аттанам деп, анысы ийгиликсиз аяктады. Ага да болбой эл аралап, упай топтоп, кийинкисине эмитеден кызуу даярдык көрө баштайын деген Азикенин "эркеси" мурдагы күнү ата-журтчулардын парламентке келишине нааразычылыгын билдирип, Ак үй алдында митинг кылып атышкан "Мекен шейиттери", "7-апрель" "Айкөл Ала-Тоо" сыяктуу уюмдарга тилектештигин билдирип коеюн деп барган экен, ушунун баары атасы Азимбектин айынан болуп жатканын айтышкан митингчилер Руслан Бекназаровду аз жерден төө бастыга алып кое жаздашты.
Атасынын эл арасындагы кадыры мурункудай болгондо, балким, башкача болот беле ким билет, бирок бакиевчилердин баарын "үйлөрүнө" камап койгон Азимбек Бекназаровго болгон жумурай-журттун пикири учурда анча түз эмес.


Темикең териккенде…
Темир мырза шайлоодон утулганын жигиттик менен моюнга алып, өлкөдөгү митинг менен коштолгон саясий кырдаалга "Ак шумкарынын" борбордун чок ортосундагы айтылуу чоң кеңсесинин терезесинен "дүрбү" менен карап жатканын көп эле гезиттер жазды. Ага улай коомчулукта Темикеңдин шайлоого чейин жана шайлоо учурунда жасаган иш аракеттери тууралуу ар кандай пикирлери да эч токтоосуз айтылып келет. Темикең жөнүндө айтып, жазып келаткан гезиттердин арасында "өзү баса белгилеп өткөндөй" биз да барбыз. Айрыкча, өткөн саныбызда жазган "Сариев саясаттан да акча жасайбы" деген куш тилиндей кабар Темикеңди абдан териктириптир. Албетте, Темир мырзанын "саясаттан кантип акча жасап жатканын" колубуз менен кармап алганыбыз жок. Бирок "жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, бул кеп да бекер жерден чыкпаса керек, чын-төгүнүн иликтейли, тактайлы деген ниетте жазылгандыгын коомчулукка айтып коюшубуз керек. Ансыз да "капа" болуп турган Темир мырза бизге абдан нааразы экендиги маалым болду. Не демекчибиз, гезитибиздин эмки сандарында артынан калп-чыны анча белгисиз арбын сөз ээрчиген "таарынчак" Темикең менен "тегерек столдо" кенен маек курарыбызды эсиңиздерге салмакчыбыз.


Атамбаев Рушайлону кабыл алды
Орус президентинин атайын өкүлү Владимир Рушайло Кыргызстанга келип, президент Роза Отунбаева, ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдердин кабыл алуусунда болду. Ал эми партия лидерлеринин ичинен эң алгачкылардын болуп КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин эшигин кагып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кремлдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен иш кылып атат делинген айрым партия лидерлеринен айырмаланып, социал-демократтардын лидери Кыргызстандын кызыкчылыгын баарынан жогору коюуу менен катар расмий Кремль менен болгон мамилесин бузбастан, кандай гана маселе болбосун алар менен тең ата сүйлөшүүдө. Кыргызстандын парламенттик мамлекетке айланышына, элдик бийликтин орношуна жан үрөп аракет кылган КСДП партиясынын жана анын лидери Алмазбек Атамбаевдин башка партияларчылап, Москванын сөзүн сүйлөп президенттик башкарууга ыктабагандыгын кошумчалап кетсек болот. Орус бийлиги да кыргыз коомчулугундагы социал-демократтардын кадыр-баркын эске алып, Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү дал ушул КСДП партиясынан баштап жатат-деген оюн билдиришиптир бир топ саясий серепчилер. Рушайло менен болгон сүйлөшүүлөрүндө да Алмазбек Атамбаев Орусия менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин, ошол эле учурда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары ар дайым биринчи орунда болоорун билдирген.





Гүлчамбар...
Кечээ, 21-октябрь күнү, таң эрте кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.
Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн II даражадагы Манас орденинин ээси Жалил Садыков узакка созулган оорудан кийин жарыкчылык менен кош айтышты. Чыгармачылык жолунда Жалил Садыков көптөгөн мыкты чыгармаларды жаратып, ыр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүнөн түбөлүк түнөк таба алды. Акындын калеминен жаралган ырлары көптөгөн ырчылардын аткаруусунда жаңырып келет.
Жалил Садыков чыгармачыл инсан гана болбостон, кыргыз телевидениесинде көп жыл кызмат өтөгөн. Акындын жаркын элеси кыргыз калкынын жүрөгүндө жашай бермекчи. "Форум" гезитинин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
"Форум" гезитинин жамааты
*******************************************************
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыковго атасы, белгилүү маданият ишмери
Жалил Садыковдун
кайтыш болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
"Форум" гезитинин жамааты




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??