Шайды оодарган шайлоо жыйынтыгы
БШКга келген шайлоо протоколдорунун түп нускасы менен көчүрмөлөрүнүн ортосунда чоң айырмачылыктар чыгууда.
20-октябрь күнү БШКнын мүчөлөрү ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген расмий шайлоо протоколдору менен шайлоо участкаларынан келген сейф-пакеттердеги протоколдорду салыштырууга киришишти.

Чындыктын "түбүнө" тике карашат
Сейф-пакеттерди ачып, протоколдорду текшерүү шайлоого катышкан саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана маалымат каражаттарынын катышуусунда жүргүзүлүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев акыр-аягына чейин текшерүү иштерин жүргүзүүгө айрым партиялардан түшкөн салыштыруу актылары негиз бергендигин кошумчалады:
- Кайра добуш санап же протоколдорду толук карап чыгыш үчүн негиз болуш керек. Биз алдын ала текшергенибизде протоколдордо чын эле каталар бар экен. Ошондуктан ал каталар менен биз жыйынтык чыгара албайбыз. Андыктан толугу менен талдап карап чыгабыз. Сейф-пакеттерди өзүбүз деле ачып койсок болмок. Бирок айрым партия өкүлдөрү күмөн санабасын деген максатта алардын түздөн-түз катышуусунда толугу менен баштан аяк карап чыгалы деп чечтик.
Божураган болжол сандар салыштырылат
БШК мүчөлөрү "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары добуш берүүнүн болжолдуу экендигине карабастан көпчүлүк маалымат каражаттары аларды акыркы жыйынтыктар катары чагылдырышкандыгын айыпташты. Анын натыйжасында коомчулукта түрдүү түкшүмөлдөр жаралыш ыктымалдыгы эскертилди.
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов протоколдордогу партиялардын алган добуштарынын санындагы, негизги жана кошумча тизмелердеги айырмачылыктар текшерилип жаткандыгына токтолду:
- "ГАС-Шайлоонун" добуш берүүнүн жыйынтыктары туурасындагы маалыматтары жөн эле алдын ала маалыматтар. Ал юридикалык күчкө ээ эмес. Ошондуктан райондор алып келген расмий шайлоо протоколдор менен участкалык шайлоо комиссиялары жөнөткөн сейф-пакеттеги протоколдорун салыштырууда келип чыккан айырмачылыктарды карап жатабыз. Ошол жерде бардыгы чечилет. Кошумча тизмеге канча киши киргизилген, негизги тизмеде канча шайлоочу болгондугу ошол жерде дайын болот.
Салыштырууга катышып жатышкан айрым партия өкүлдөрү туура эмес толтурулган, актай же болбосо айрым сандык каталары орун алган шайлоо протоколдору табылып жаткандыгын белгилешти. Ошондой эле алардагы сандардын шайлоо күнү добушканалардан берилген маалымат торчолорундагы сандар менен дал келбөөчүлүктөрү чыга баштагандыгы айтылды.
Мыйзам бузуулар далилденсе шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылабы?
"Адам укугу жана демократия" борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар табылса, ал айрым чөлкөмдөрдө кайра добуш берүүгө же шайлоонун жыйынтыктарын түп тамырынан бери жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт:
- Биринчисин кайрадан кайталап добуш берүү деп коет. Ал мыйзам бузуулар же шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү жагдайлар кездешкен болсо, аныкталган шайлоо участкаларында же белгилүү бир чөлкөмдө гана жүргүзүлөт. Эгерде шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен мыйзам бузуулар орун алгандыгы далилденсе, анда карап чыгып мыйзамдын чегинде кайрадан шайлоолор жарыяланышы керек.
Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы мурда жарыяланган беш пайыздык босогонун чеги боюнча шайлоодон уткандыгын жарыялап, БШКга аны таануу талабы менен нааразылык чараларын уюштурган. Партиянын беш пайыздык босогого илинбей калышына БШКнын түшүндүрмөсү боюнча кошумча тизмедеги 150 миңден ашуун шайлоочунун кошулгандыгы себеп болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мурадил Жаңжалбековдун айтымында, кошумча тизмедеги шайлоочулардын санынын аныктыгы бардык протоколдорду салыштыруунун жыйынтыгында белгилүү болот:
- Ал партия беш пайыздык босогодон өттүбү же өткөн жокпу текшерүү көрсөтөт. Такталып жыйынтыгы чыккандан кийин бул маселенин башы ачылат. Ал гана эмес башка партиялар дагы мыйзам бузуулар болгон деп арызданып жатышпайбы. Ошонун бардыгынын чын-бышыгын аныктап чыгабыз. Бул протоколдорду кайрадан текшерүүлөр Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Мурда мындай тажрыйба болгон эмес. Партиялар өздөрү карап, чындыгына көздөрү жетиши керек.
Кечеңдеген шайлоо жыйынтыгы кырдаалды кыйчалыштырбайбы?
Анткен менен жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун кечеңдеп жатышына тынчсыздануусун билдиришти.
"Демократия жана жарандык коом үчүн" бирикмесинин төрайымы Динара Ошурахунова жыйынтыктарды чыгаруунун создуктурулушу менен кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт:
- Чындыгында шайлоонун жыйынтыгынын кечеңдеп жатышы коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратышы мүмкүн. Анткени шайлоочулар дагы мөөнөтү узарып кетти, бурмалоолор болгон жокпу деп ишенбей калышы да мүмкүн. Ошондуктан расмий жыйынтыкты жарыялоону эртелетиш керек.
Шайлоо протоколдорун салыштырууда күмөндүү деп эсептелген шайлоо участкаларындагы добуш берүү бюллеттендери кайрадан саналышы мүмкүн. БШК мүчөлөрү шайлоо документтеринин мыйзамдуулугу аныкталгандан кийин гана расмий жыйынтыктар чыгарыла тургандыгын белгилешти. Ал эми БШК жетекчилигинин айтымында, текшерүү иштери канчага созулаары белгисиз.

Кубанычбек Жолдошев
"Азаттык" үналгысы




Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
"Адвокаттарга кол
салуулар күчөп кетти"
- Өкмөттүк топ түштүктөгү июнь коогалаңы боюнча сот жараяндарына катышкан айрым адвокаттарга кол көтөрүү фактыларынын чын-бышыгын иликтөө үчүн, маселени жеринен чечүү үчүн түштүктө жүрүшөт. Бул маселенин жөнгөрүүнүн кандай жолдору бар, сиздер кандай жолдорун сунуштайсыздар?
- Эң биринчи мыйзамдуулук керек. Бардык жерде мыйзам орноп, мыйзам иштесе анда талаш-тартыштар аз болот, же таптакыр болбойт. Бул адвокаттарга кол салуу, коркутуп-үркүтүү бир гана жабыркагандардын тууган-уруктары тарабынан, жай айларында күч органдары тарабынан болгон. Адвокат Томинаны күч менен Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн сүйрөп чыгуу, адвокат Тайыр Асановго автомат такоо фактылары тууралуу биз июль айында Башкы прокуратурага дагы, биздин Убактылуу Өкмөттү жетектеген Роза Отунбаевага дагы расмий түрдө кайрылганбыз.
Ошондо бул башталышы болчу. Андан кийин улам сот жараяндарында күчөп отуруп, акыры адвокаттарды сабап, кол көтөргөнгө чейин барды. Адвокат деген бул дарыгерлер, укук коргоочулар сыяктуу эле эч жака тартпастан, калыс турган, бирок ошол эле убакта керектүү кесип да. Адвокатсыз бир дагы сот жараяны болбойт дагы, жакшы болду деп дүйнө жүзү кабыл алалбайт дагы. Ошондуктан адвокаттарга кол көтөрүү, басым жасоо бул одоно түрдө мыйзамдардын бузулушу, мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек, жабырлануучу тарап дагы, соттолуучу тарап дагы.
- Жогорку Сот адвокаттарды сот процесси маалында эмес, сыртта уруп кетип жатышат деп билдирип атышат. Адвокаттар өздөрүнүн коопсуздугун өздөрү да камсыз кылуу чараларын көрүшү керекпи?
- Адвокаттар өздөрүнүн коопсуздугун өздөрү көрө албайт. Ал мамлекеттин түздөн-түз милдети. Эч убакта адвокат жасоолдорду, же кайтаруучуларды алып жүрө албайт, адвокаттарда андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан соттун жакшы, туура, акыйкат болушу, ошол эле убакта адвокаттардын коопсуздугу мамлекетке жүктөлөт. Жогорку Соттун жообу эң туура эмес, айласы жоктун эле жообу, сот залында эмес, башка жактан уруп атат деген. Мисалы, Тайыр Асанов сот залында сабалды, Назгүл Сүйүнбаева сот залынан чыгып баратып сабалды, Ноокенде Томинаны сот залында стакан менен чабышкан. Мунун бардыгы сот залында болуп атат. Ошол эле убакта ал сот залында эмес, адвокат үйүндө, көчөдө сабалса дагы өзүнүн кесиптик ишине байланыштуу сабалса, мамлекет түздөн-түз жооп берет. Себеби ал өзүнүн кесиптик кызматына байланыштуу сабалып атпайбы. Ошол эле убакта журналисттер, дарыгерлер, укук коргоочулар өзүлөрүнүн кесиптик иши боюнча кандайдыр бир көчөдө, үйүндө, же транспорттордо сабала турган болсо ага мамлекет түздөн-түз жооп берет.
- Азиза айым, укук коргоочулар ошол сотто жабырлануучу болуп катышып жаткандарга кандай жардам бере аласыздар?
- Биз жабырлануучу болуп, ошол эле убакта жоопкер болуп катышып жаткандарга дагы бирдей мамиле жасайбыз. Жабырлануучу тарапка эгерде адвокаттык, же укуктук жардам керек болсо бизге түздөн-түз кайрылса биз аларга дайыма өзүбүздүн кеңешибизди жана адвокаттык жардамыбызды берүүгө даярбыз. Бизге ким кайрылса биз ошол тарапка жардам берип атабыз.
- Ушул маселе боюнча укук коргоочулар нааразылык чарасына чыкканы жатыптыр...
- Ооба, биз эртең Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыгабыз. Себеби бул көзөмөл орган жана ар бир жарандын коопсуздугу корголушуна, ошол эле убакта Кыргызстанда мыйзамдуулуктун орношуна Башкы прокуратура түздөн-түз жоопкер. Ошондуктан биз Башкы прокуратурага сот жараяндарында соттолуучулардын, жабыркагандардын, адвокаттардын, күбөлөрдүн, журналисттердин, укук коргоочулардын укугу корголушу алардын коопсуздугу сакталышынын талабы менен пикетке чыкканга аргасыз болуп атабыз. Себеби адвокаттарга, журналисттерге, укук коргоочуларга, дарыгерлерге кол салуу көрүнүштөрү бүгүн күчөп кетти.
Элеонора Бейшенбек кызы,
"Азаттык" үналгысы