Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
А. МАДУМАРОВ:
"Мына ушул улуу эпопея, бүгүн Жаныш Салиевич сизге арналат"
Учурда Адахам Мадумаровдун спикер болуп турган кездеги Жаныш Бакиев 50 жашка толгон юбилейинде, аны куттуктап барган учуру тартылган тасмасы кыргыз ММКларында байма-бай айтылып, байма-бай көрсөтүлүп жатат. Коомчулуктун Адахамга карата жек көрүүсүн, кыжырдануусун туудурган бул маалыматты окурмандардын суроолору боюнча, кыскача жазып коюуну эп көрдүк. Адахамдын таламын талашып жаткан, чала сабаттардын көзү ачылсын, эгер бул көрүнүш таасир этсе...
Ошол кезде 50 жашка толуп мас болуп турган Жаныш Бакиев Текебаевге карата жасаган "матрешка" чатагынан улам иштен "формалдуу" түрдө кетип, "бош" жүргөн учуру экен. Тойдо Адахам Жанышка жанаша туруп: "Мына ушул улуу эпопея, улуу тарых, улуу советтик маданият - бүгүн Жаныш Салиевичке арналат. Бул деген - чексиз байлык. Мен сизге суктануу менен көз артам. Сиз деген - чексиз бай жана бактылуу адамсыз! Бүткүл өмүрүңүздү Ата Мекениңизге арнадыңыз!"-деген кошомат каалоосун өтө берилүү менен айтып, Жаныш Бакиевге Кыргызстандын тоолорунда гана жашаган, акыркы жылдары тукуму жоголуп бараткандыктан улам кызыл китепке киргизилген кундуздун терисинен тигилген тебетейди өз колу менен кийгизет. Караңызчы, кошоматтын классикалык үлгүсүн?
Деги эле мындай куйтулардан жакшылык күтсө болобу? Эч бир кепилдик жок. Аман эле болсун...


"Ата-Журт" партиясы ыдырай баштады…
Кыргызга кенедей жакшылык кылбаган экс-премьер-министр Данияр Үсөнөвдун "Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка ат салышкан жубайы Динара Исаева аталган партиянын тизмесинен чыгарылды. Мунун себебин "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Садыр Жапаров: "Д.Исаева Кара-Балтадан партия үчүн жетишээрлик добуш алып бере алган жок, ошондуктан партиядан арызын жазып кетүүгө мажбур болду" - деп билдирсе, ушул эле партиянын ана башчыларынын бири Акматбек Келдибеков: "Динара Исаеванын фамилиясы элдин нааразылыгын жараткандан кийин, ал өз каалоосу менен арыз жазды. Эми Д. Үсөновдун жубайы биздин партиянын депутаты болуп эсептелбейт"-деп, Садыр Жапаровдун жымсалдаткан өлүмүштүгүн жокко чыгарды. Ошентип, бакиевчилерден топтолгон партия бири-биринин айбын чукуп, четинен ыдырай баштады.


Акмат Бакиев үй камагына чыгабы?
УКМК СИЗОсунда отурган Акмат Бакиевге карата кылмыш иши ноябрдын орто ченинде аяктаганы турат. Бирок аны бошотуу аракети көрүлүп келгенин "Дело№" гезитине шилтеме берип "Баракелде" сайты билдирди. Анда маалымдалгандай, Бишкектеги ЕККУ борборунун башчысы Эндрю Тесорьер КР Башкы прокуратурасына Акмат Бакиевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Ага мындай сураныч менен "Акыйкат-Жолу" укук коргоо уюму, ал эми укук коргоо уюмуна А.Бакиевдин аялы кайрылыптыр. Буга чейин ушундай эле өтүнүч менен Жалал-Абад облусунун аксакалдары кайрылган. Ушундан улам Акмат Бакиев ноябрга жетпей бошоп кетпесе болгону деген кооптонуу пайда болот экен. Себеби буга чейин Бакиевдин бийлигинин тушунда каалаганын жасап тайраңдашкан бир нече адамга кылмыш иши козголуп камакка алынып, дээрлик баары көп өтпөй эле бошоп кетишкен. Мындан улам карапайым калктын 7-апрелден кийин бийликке келишкен төбөлдөрдүн айрымдарына ичи чыкпай калган жайы бар. Башкача айтканда ошол кезде сот, прокуратура тармагын тейлеген Азимбек Бекназаров үй камагына чыгаруу операциясынын башында турганы айтылып, элге жек көрүндү болгон. Эми ошол жосундун экинчи этабы кайталанып кетип, Бакиевдер үй камагына чыгып кетпесе болду. Деги кудай сактаса экен. Дегенибиз, сотторго ишенип болбой калды.


"Бүтүн Кыргызстан" өлкөнү бүлүндүрөбү?..
"Бүтүн Кыргызстан" партиясын түзүп, бүтүндүктү ыйык тутушкандай түр көрсөтүшкөн Адахам Мадумаров, Марат Кайыповдор Кыргызстанды "бүлүндүрмөй" болушту. Адахам шайлоо күнү "ким шайлоодо чыр чыгарып, жамандык издесе ал кыргыздын душманы" дегендей кооз сөздөрдү айтып жатты эле, эми минтип кыргыздын душманы ким экенин көрсөтүп "бардык чараларды көрөбүз" дегенге чейин жетип отурат. Эң эле кызыгы БШКга "шайлоо жыйынтыгы чыкканча үч күн уруксаат бердик" деп аба ырайынын бузулушуна байланыштуу үч күнгө тыныгуу жасаган куулугуна эмне бересиң. Ал эми Марат Кайыповдун уялбастан тарап жаткан элге "телефонуңарды өчүрбөгүлө, биз чакыртканда келе калгыла, тарап кетпегиле" деп чакырык таштаганы эмнени каңкуулайт? Түшүнгөн кишиге элди көчөгө акча берип чыгаргандай эле маани берет. Муну Кайыпов ойду-келди сөздөрү аркылуу далилдеп жатат. Айтор, мындай жоруктары менен бүтүн кыргызстандыктар өлкөнү бүлүндүрбөсө болду...


Шайлоо протоколдорунда айырмачылыктар чыгууда
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жазылган протоколдордун көчүрмөсү менен түп нускасындагы маалыматтар эки башка чыгып жаткандыгына байланыштуу 2 миңден ашуун протоколдун түп нускасы салынган сейфтер жалпы комиссиянын алдында ачылып, текшерилерин кабарлады. Ал өз сөзүндө Мамлекеттик автоматташтырылган шайлоо системанын маалыматтары юридикалык күчкө ээ эместигин эскертип, шайлоо протоколдорун аягына чейин эсептеп, салыштырып чыкмайынча бир маалымат берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Учурда Акылбек Сариевдин билдиргени боюнча чет мамлекеттердеги 8 добуш берүү түйүнүнөн протоколдордун түп нускасы келе элек. Эскерте кетчү жагдай Мамлекеттик автоматташтырылган шайлоо системанын маалыматы боюнча беш партия: "Ата-Журт", Кыргызстан социал-демократиялык партиясы, "Ар-Намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" партиялары шайлоочулардын 5% добушуна ээ болушкан.


Экс-премьер А. Исабековдун "ишмердүүлүгү" текшерилсе..?
Закиржан Бакиевдин ташы өйдө кулап, тайраңдап президент болуп тургандагы эң жакшы көргөн, эч нерсеге алмаштыргыс бир иши бар эле. Анысы кадр саясатын каалагандай калчап, ал саясаттагы башаламандыктарды бат-бат жүргүзүп турчу. Мамлекетти башкарган "маң" баштардын башында өзү турганы аз келгенсип, өкмөт башчылыкка да "өлбө жаным, өлбө" деген өңчөй өзүмчүл эргулдарды алып келгенин жокко чыгарууга болбойт. Мындай мүнөздөмө берип санап жаткандардын катарына Алмазбек Атамбаев гана кирбейт. Анткени Алмаз мырза өкмөт башчы болуп аз иштесе да саз иштегенин эл жакшы билет. Ал эми Атамбаевден башка өкмөт башчы болгондорго катары менен калың сын айтса куп гана жарашат.
Айрыкча, Куловдон кийин Бакиев эл тааныбаган Азимбек Исабеков деген бир эргулду өкмөт башчылык кызматка беките коюп, элге шерменде болгон жайы бар. Анысы мамлекетттик кызматтарга өзүнөн бетер жөндөмсүз, болсо бир гана айыл өкмөтү боло ала турган кудурети бар, эптеген бир жан эле. Азимбек Исабековду Курманбек Бакиев өкмөттү болгону эки айдан ашуун гана башкартты да, анан кезектеги саясаттык жүрүш кылып туруп, аны көчүктөн нары бир тээп айдап жиберген болчу. Азимбек мырза кызматтан кеткенден кийин элге көрүнбөй жерге житип кеткендей болгон. Көрсө, житпей эле, кызматсыз калгандан кийин Асанбайдагы үйүндө алты ай "жинди суунун" жибин чубап, күндө көзү ачылбай жаткан дешет. Ал ошентип билинбей " чөгүп баратканда" аны кызматта турганда жакшы пайдаланып, андан "аюу кызматын" көргөн К. Бакиев Бишкек СЭЗди түптөгөнгө жана буттан тургузганга көп эмгек жумшаган жетекчисин кызматтан негизсиз алып туруп, ордуна Азикеңди койкойтуп олтургузуп коет. Азикең ал жерде жетекчи болуп 7-апрелге чейин аман-эсен иштеп турду. 7-апрелде көптүн катарында кызматынан кол жууп, учурда дагы баягы "жинди сууга" сугарылып жүргөн имиш. Исабеков ал тармакты да бир топ солгундатып, "соолутуп" койгондугу айтылууда. Бул кептин чын-төгүнүн буйруса жакында иликтегени турабыз.
Баарынан кызыгы, Азикең мамлекеттик кызматта эң кыска убакыт иштесе да, бат эле ишкана, соода-сатык дүкөндөрүн, жада калса анча чоң эмес болсо да курулуш базарын да (биз билбегени канча болду экен) ачканга үлгүрдү дешет. Жаңы бийлик анын өкмөт башында тургандагы кемчиликтерин текшербесе да, жок дегенде мынча көз тайгылтып шыгыраган байлык ага кандай жол менен келгенин текшерип койсо ашыкча болбос эле... Бийликтин бул кадамын эл да "балли" деп колдоп эле жатып калмак.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??