Кубат Оторбаев,
Коомдук телерадио корпорациянын башкы директору:
"Биз цензураны жокко чыгарып, сөз эркиндигин калыбына келтирдик…"
- Кубат мырза, коомчулукка белгилүү болгондой, сиздердин каналда жакынкы аралыкта чоң өзгөрүү боло турганы күтүлүп жатат. Өзгөрүүнүн бирден-бир башаты бул УТРКны коомдук телеканалга айлантуу маселеси экени талашсыз. Деги эле буга чейин ишке ашпай келген коомдук каналды түзүү маселесинин күңгөй-тескейине кененирээк токтолсоңуз.
- Биринчиден, коомдук канал түзүүдө анын кандай аталышы зарыл эмес, коомдук каналды түзүү маселесинин артында сөз эркиндиги турат. Кыргызстандын аймагын камтый алган бирден-бир маалымат каражаты болгон биринчи канал мурдагы эки президенттин убагында тең саясый куралга айланып калган. Оппоненттерин жамандап, басмырлоо үчүн колдонулуп келгени элибизге жакшы маалым. Мына ушундан кутултуу маселеси акыркы 10-15 жылдан бери көтөрүлүп келген, бирок ар кандай себептер, шылтоолор менен иш жүзүнө ашпай келди. Биз ушуну ишке ашыралы деп атабыз. Коомдук каналдын бир максаты сөз эркиндигинин идеясына жараша бийликтин цензурасын жокко чыгаруу. Бир ууч башкаруучулардын сыйыртмагынан бошоп, көз карандысыз, коомдун, элдин талабын эске алган көрсөтүүлөрдү берүү. Бул айтылып жаткан маселе жамааттын ишине, байкоочу кеңештин берген акыл-насааты аркылуу ишке ашат. Байкоочу кеңеш коомдук каналдын редакциялык багыттарын аныктайт жана башкы директорду шайлайт. Эл арасында: "УТРК коомдук каналга айланса, менчиктештирилип кетпейби, капчыктуу бирөөнүн ырын ырдап калбайбы, чет мамлекеттердин идеялогиялык куралына айланып, курмандыкка чалынбайбы" деген чочулоо бар. Бирок мындай пикирлерге жол берилбестигин айтып коюшубуз керек. Себеби, "Коомдук телерадио берүү жөнүндө" декретте "канал мамлекеттик ишкана катары калат, менчиктештирилбейт" - деп жазылган.
- Коомдук телеканалды каржылоо кайсы булактан алынат? Өзгөрүү болобу же мурункудай эле калабы?
- Дүйнө өлкөлөрүндө коомдук каналды каржылоонун бир топ форматтары бар. Анын бир жолу абоненттик төлөмдөр аркылуу ишке ашырылат. Мисалы, Англияда ар бир техникалык буюмдардын сатыгынан (телевизор, компьютер, холодильник ж.б.) топтолгон акчалар коомдук телеканалдарды каржылоого жумшалат. Дагы бир жолун мисал келтирсек, Түркияда 13 каналы бар, ТРТ деген компания бар. Бул мамлекетте электр энергияга болгон төлөмдөрдүн ичине ТРТны каржылоо киргизилген. Дагы бир башка жолу, түздөн-түз мамлекеттин бюджетинен акча бөлүнүп турат. Биз ушул жолдо турабыз. Жыл сайын УТРКга 350 млн. сом бөлүнүп келатат. Ал 350 млн. сомдун 186 млн. сому биздин сигналдарды республикага таратып жаткан "Кыргызтелекомдун" алдындагы РПО РМТР ишканасына которулат. Ошондо каналдын колунда 160 млн. сомдой эле калат экен. Анын негизги бөлүгүн маяна түзөт. Бул 90 млн. сом. 740 адамга бөлгөндө бул чон сумма деле эмес. Техниканы жаңыртуу, имаратты кармоо сыяктуу маселелерди, УТРК өзү иштеп тапкан каражат менен жаап келатат. Ачык айтсак, каналдын мындай кызматтардан чогулткан акчасы жылына 15 млн. сомдун тегерегинде болот.
- Байкоочу кеңештин курамынын айлык албай иштөөсүнө кандай карайсыз? Себеби азыр ар бир маселе айланып келип эле каражатка такалып жатпайбы, ушул өңүттөн алып караганда, байкоочу кеңеш кайсы бир капчыктуу күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеп кетпейби?
- Айрым мамлекеттерде байкоочу кеңештин ишине кеткен чыгымдарды ошол канал жабат. Менин оюмча, биздин байкоочу кеңештин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу да каналдын эсебинен болсо туура болмок. Бирок Жободо байкоочу кеңеш акысыз иштейт деп көрсөтүлүп калган. Менимче, ага өзгөртүү киргизүү зарыл.
- Жакында УТРКнын жетекчисин шайлоо маселеси байкоочу кеңеш тарабынан ишке ашырылганы турат. Өткөн жолу 20дан ашуун адам талапкерлигин көрсөтүштү. Анын ичинде сиз да барсыз. Коомчулукта: "Талапкерлердин жарымына жакыны "батышчыл" - деген чочулоо турат. Эгер жетекчилик батышчылардын колуна өтүп кетсе, анда коомдук канал улуттун эмес, батыш саясатын жүргүзүүгө ыктап калбайбы?
- Чынында, мен да "Азаттыкта" бир топ жыл эмгектендим. Ачык айтсак, "Азаттык" Американын конгресси тарабынан каржыланат. Бирок ошого карабастан эл "Азаттыкты" кыргыздын үналгысы катары кабыл алып калды. Кандай болгон күндө дагы, коомдук каналдын жетекчилигине кандай адам келсе да биринчи кезекте, улуттун кызыкчылыгына төп келген иштерди колго алышы керек. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө шарттар түзүлүшү керек. Байкоочу кеңеш болсо батышчыл дейбизби, башка дейбизби, айтор, андай адамдарга өздөрү каалагандай саясат жүргүзүүгө жол бербеши керек.
- Сиз жетекчиликке келгенден бери жарым жылдан ашып калды, ушул убакыттын ичинде көзгө көрүнөрлүк кандай иштерди аткарууга үлгүрдүңүз?
- 7-апрелдеги окуядан улам, УТРК бир топ талкаланууга, таланууга кабылган. Мен ошол мезгилде келдим. Эфир да токтоп калган экен. Тарткан чыгым 10 млн. сомго чыккан. Биз ошол талкаланган нерселерди бюджеттен кошумча акча албастан, кыска убакыттын ичинде өзүбүздүн ички каражаттарыбыздын эсебинен калыбына келтирдик. Талкаланганды курап гана тим калбай андан ары өнүгүүгө карай бет алдык. 6 айдын ичинде бир топ саясий окуялар болуп өттү. Мисалы, май айында бакиевчилердин Жалал-Абад, Ошто бийликти басып алууга аракет жасаганы, өтө кайгылуу июнь окуясы, андан кийинки референдум, жакындагы эле шайлоо, айтор, ушул сыяктуу ири-ири окуялар бизден абдан чоң күч менен, жаңыча, тынымсыз иштөөнү талап кылды. Өзгөчө июнь окуясында бизге ар кандай кысымдар болду, мисалы, өзбектерди кармап келишип, УТРКнын алдына канжалатып сабап турушуп: "Ушуну силер сөзсүз түз эфирде коомчулукка көрсөткүлө"-деп катуу кысым кылышты. Бирок биз улуттар аралык маселе курчуп турганда акыл-эске салып, андайларды көрсөткөн жокпуз. Кыскасы, өтө кризистик жагдайларда туура чечим кабыл алуу көп ирет талап кылынды. Бул биринчи маселе, экинчиси, журналисттерге чыгармачылык эркиндик бердик. Сөз эркиндигин калыбына келтирип, буга чейин болуп келген цензураны жокко чыгардык. Андан тышкары техникаларды жаңыртууну баштадык. Мисалы, азыр биз олтурган имараттан баштап "Кыргызтелекомго" караштуу РПО РМТРге чейин 4, 5 чакырым жерге опто-волокно линиясын тарттык. Мурда биз сигналды аба аркылуу берсек, азыр жердин асты менен берип жатабыз. Бул сигналды алда канча сапаттуу берүүгө шарт түздү. Анан дагы цифралык телеге өтүүгө алгачкы жасалган кадам болду. Мындан тышкары, "Ала-Тоо" программасы үчүн "жаңылыктар фабрикасы" деген заманбап системаны киргиздик. Ошондой эле облустардан жаңылык алууга көңүл буруп атабыз. Ош, Жалал-Абадда түз эфир үчүн студияларды ачуу, чет өлкөлөрдө да өз кабарчыларыбызды иштетүү маселесин да карап жатабыз. Айтор, айта берсек, ушу сыяктуу дагы башка бир топ иштер алты айдын ичинде жасалды.
- 7-апрелден кийин элге эчак жек көрүнүп бүткөн, коомчулукту козуткан, жеткен коррупционер, мамлекетке эбегейсиз моралдык да, материалдык да зыян келтирген адамдарга экран берилип жатат. Алар ушундай курч кырдаалда карапайым элдин башына оңой эле "чай кайнатып" жатышат. Калктын кайсы бир бөлүгү аларга ишеним артууда. Бул жаатта, кандайдыр бир деңгээлде, иргөө болбойбу? Деги, бул маселеге кыжырданган элдин талабы эске алынабы?
- Массалык маалымат каражаттары - коомчулуктун күзгүсү. Биз "тигил адам бакиевчил, же акаевчыл, бул адам мындай экен" деп бөлүп, экранга чыгарбай кое албайбыз. Мунун себеби - ар тараптуу маалымат берүү саясатын жүргүзүп жаткандыгыбызга байланыштуу жана пикирлердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу аракетибиз. Мына, акыркы шайлоо эмнени көргөздү? Партияларга мурда 1 сааттык бекер эфир берилсе, биз ага кошумча жарым сааттан эфир бөлүп, дебаттарды уюштуруп, кайсы партия кандай экенин, кимдин ким экенин элдин таразасына салып бердик. Бирок ошого карабастан, биздин эл тандоого даяр эместигин көргөздү. Эркин шайлоо өткөрүлдү, эл өз чама-чаркына жараша тандоо кылды. Маалыматты ар тараптуу берип жаткандыгыбыз, мыйзам ченемдүү өнүгүүгө бараткандыгыбыз болуп эсептелет. Эл ичинде канча пикир болсо, ошонун баарын берип турушубуз керек. Ошондуктан эл маалыматты өзү тандап алышы зарыл. Кимдин ким экендигин анык көрсөтө турган курал бул - массалык маалымат каражаттары.
- Шайлоодо сиздердин канал жарнамадан 1,5 млн. доллар топтогону айтылууда. Бул акча кайда жумшалат?
- Биз партиялар менен 60 миллион сомдун тегерегиндеги суммага келишимдерди түзгөнбүз. Бул акчанын 5 млн. сому партияларга кайра кайтарылып берилди. Себеби айрым партиялар жарнамалык роликтерин толук көрсөтүүгө үлгүрбөй калышты. 10 млн. сому салыкка төлөндү. Азыр 40 млн. сомдун айланасында акча калды. Албетте, бул каражат биринчи кезекте техникалык базаны чыңдоого жумшалат. Мисалы, "Ала-Тоо" жаңылыктар дирекциясынын техникалык аппараты 25 жылдан бери жаңыртылбай келатыптыр. Булардын баарын жасоого 15 млн. сомдой сарпталат. Ошондой эле "Замана" студиясын, концерттик залыбызды да оңдойбуз деген ой бар. Ош, Жалал-Абадда кошумча студияларды ачалы деп жатабыз. Кыскасы, шайлоодон түшкөн акча сыртынан көп көрүнгөнү менен, алдыда жасала турган иштердин көлөмү андан да көп.
- "Мурдагы жетекчи М. Эшимкановдун өзүнө 200 миң айлык коюп алган"- деген кептин канчалык деңгээлде чындыгы бар. Негизи, жетекчинин мыйзамдуу айлыгы канча болушу керек?
- Мен бул кептин канчалык деңгээлде чын экендигин билбейм. Себеби атайын иликтөө жүргүзгөн жокпуз. Ал эми жетекчинин мыйзамдуу айлыгы 12 миң сом, ага сыйлыктар (премия) кошулуп олтуруп 30 миң сомго жетет. Катардагы кызматкерлер, журналисттер 3000 сомдон 25 миң сомго чейин алышат. Акча берүүдө айлык акы, гонорар, сыйлык, стажы үчүн төлөм сыяктуу формалары бар.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев