Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Пикир…

Люстрация мыйзамын
киргизүүнүн зарылчылыгы барбы?
Люстрация мыйзамын кабыл алып, мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарды мыйзамдуу түрдө тазалоо маселеси азыр кызуу талкууга коюлууда. Өлкөнүн байлыгын, элдин ырыскысын уурдай качкандар - убагында бийлик башында олтургандар, чоң кызматтарды ээлеп тургандар экени жашыруун эмес. Бирок кеп мыйзамды кабыл алууда эмес, анын иштеп кетүүсүндө. Себеби Кыргызстандын шартында көп керектүү мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, ишке ашпай келет. Балким, люстрация мыйзамын кабыл алып, өлкөнү ууру-кескилерден, коррупционерлерден, жегич, ичкичтерден тазалоо керектир. Ушул багытта айрым коомдук ишмер, белгилүү инсандардын оюн уктук.


Кусейин Исаев,
мударис:
- Кыргыз мамлекетине люстрация мыйзамын киргизүүнүн чоң зарылчылыгы бар. Бул мыйзамды киргизмейинче, мамлекеттин мүлкүнө кол салган адамдардан тазаланмайынча, Кыргыз мамлекетинин, кыргыз коомунун мүлкүнө кол салган адамдарды беш-алты жыл саясаттан алыстатмайынча Кыргыз мамлекети өсө албайт. Батыш Европа жана Чыгыш Европадагы өлкөлөрдүн баары аталган мыйзамды киргизишкен. Биз люстрация мыйзамын киргизүүдөн кечигип жатабыз. Бул мыйзамды эбак эле кабыл алышыбыз керек болчу. Кечигип жатканыбыздан улам, өткөн бийликтин нагыздары чоң акча менен парламентке өтүшүп, бийликтен орун алып жатышат. Мунун баары тең Кыргыз мамлекетин оң жолго салбайт. Люстрация - тазалануу. Биз мамлекетти жеп-ичкен адамдардан тазаланмайын өнүгө албайбыз. Өнүгүү үчүн тазалануу мыйзамын кабыл алуу абзел. Люстрация мыйзамын кабыл алууну толугу менен колдойм.


Турсунбек Акун,
КРнын акыйкатчысы:
- Люстрация мыйзамынын ордуна жаңы аталыштагы "Коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамы" деген мыйзамды киргизүү зарыл болуп турат. Биздин бийликтеги адамдар люстрация мыйзамына таянып, Акаев менен Бакиевдин учурунда чоң кызматта эмес, жөн гана президенттин же өкмөттүн аппаратында иштеген кызматкерлерди да жумушка албай жатат. Бул туура эмес. Алар айлыкка иштеген катардагы гана кызматкерлер. Люстрация мыйзамынын курмандыгы катардагы кызматкерлер гана болуп калат экен. Ошол үчүн люстрация мыйзамынын ордуна "Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн" деген мыйзам кабыл алып, элдин байлыгына кол салган чиновниктерди кызматка албаш керек. Ал адамдар кайсы бийликтин тушунда иштебесин, жеп-ичкени үчүн кызматтан четтетилиши керек. Мына ошондо туура болот деп ойлойм.


Төлөбек Абдырахманов,
саясат таануучу:
- Люстрация мыйзамы дүйнөдөгү көп мамлекеттерде кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам баардык өлкөгө жакшы натыйжасын берген. Биздин конкреттүү шартты ала турган болсок, айрым бир партиялар акча жолу менен көп добушка ээ болду. Ал партиялардын катарында мурдагы бийликте иштеп, мамлекеттин эсебинен байыган адамдардын кулактары көрүнүп жатат. Люстрация мыйзамы ушул нерсеге бөгөт коюуда керек. Мындан сырткары жаштардын өсүшү үчүн люстрация мыйзамы абдан зарыл. Себеби биздин бийлик жаңы адамдар менен толукталбай эле, эски адамдар айланып бийликке келишип, жаштарга орун бербей жатышат. Анткени буларда акча, таасир, тажрыйба бар. Мамлекеттин башына жаңы кадрлар келбесе, мамлекет алдыга кантип жылат? Люстрация мыйзамын кабыл алып, мамлекеттин мүлкүнө кол салган чиновниктерди саясаттан алыстатса, алардын ордун билимдүү, таза жаштар ээлемек. Бул мыйзамды кабыл алууну толугу менен колдойм.


Бегиш Ааматов,
коомдук ишмер:
- Люстрация мыйзамын киргизүүгө каршымын. Ал мыйзамды кабыл алгандын ордуна, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны эле алып келиш керек. Ошол Конституцияны бузгандарды, Каркыра, Yзөңгү-Кууш жерлерин саткан адамдарга карата кылмыш ишин козгош абзел. Коррупционерлер менен экономикалык кылмыш жасагандарды мыйзам алдында жоопко тартуу зарыл. Ошондо Бакиев менен Акаевдин куйруктары бүт качып кетип, алардан толугу менен кутулмакпыз. Ал эми азыр болсо, бийликке жаңы агымдын келиши учурдун талабы болуп турат.


Кадыр Кошалиев,
Коомдук каналдын башкы директорунун орун басары:
- Люстрация мыйзамынын кабыл алынышын колдойм. Бул мыйзам башка өлкөлөрдө тарыхый милдетин аткарып келе жатат. Бул мамлекетти мыйзам жолу менен тазалоочу ыкма катары өзүн өзү актаган мыйзам. Кыргызстан азыркы кырдаалдан кантип чыгып кете аларын кошумча кыла кетейин. Кыргыздын бул багытта тарыхый жолу бар. Элдик курултайда кандай түйүндүү маселелер болбосун талдап, бир чечимге келишкен. Азыркы Башкы мыйзамга Элдик курултай кирген, ошону аткарыш керек.


Жыргалбек Касаболотов,
журналист:
- Люстрация мыйзамын киргизүүнүн зарылчылыгы бар. Бул мыйзамды 7-апрелдеги окуядан кийин дароо кабыл алуу керек эле. Биздин бийликтегилер ал учурда чечкинсиздик кылып коюшту. Аталган мыйзамды моралдык саясий жоопкерчилиги бар адамдарга гана колдонсо туура болот. Ал эми кылмыш жоопкерчилиги бар адамдар, мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Негизинен, люстрация мыйзамын кабыл алууну колдойм.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??