2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө карата…

Союз ыдырагандан кийин кыргыз цирки болуп көрбөгөндөй татаал тагдырга кептелип, аз жерден ыдырап, жок болуп кетүү коркунучунда калган. Сугалак колдор кол салып, цирктин болгон байлыгын талап-тоноп, артисттерин таратып, мышык ыйлагыдай абалга жеткен. Көчөдө жумушсуз калган артисттер колунан келген оокаттарын жасап калышкан. Кыргыз балдарынын цирк көрүү бактысы бар экен. Болбосо кийинки жаш муун цирк эмне экенин өз көздөрү менен көрүп, ырахат ала алышпай калмак. Циркти талануудан учурунда сактап калып, бүгүнкү деңгээлге жеткирген татыктуу жетекчи Курмангазы Исанаевдин көп тер төккөн эмгегин айтпай коюу мүмкүн эмес. Кыргыз циркинин кечээ-бүгүнү тууралуу Кыргыз мамлекеттик циркинин генералдык директору К. Исанаев менен маектештик.

Курмангазы Исанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору:
"Өз учурунда кыргыз циркин
жоголуудан сактап калганбыз"

- Курмангазы агай, кыргыз циркинин өткөн тагдыры абдан аянычтуу эле, эскерип өтпөйсүзбү…
- Россиянын цирктеринин башын бириктирип турган "Россгосцирк" деген бирикме бар. Бул Союздун курамындагы өлкөлөрдүн цирк артисттерин кайсы өлкөлөргө жиберүү, алып келүү тууралуу ушул бирикме аркылуу чечилип келген. Бул тээ Союз кезинен бери салт болуп келатат. Акыркы 15 жылда, биз келгенге чейин Кыргызстан ошол бирикмеден чыгып калган. Мунун өзү эле кыргыз циркинин жоголуп кетүүсүнүн коркунучу эле. Себеп дегенде кыргыз цирки таланып-тонолуп, чет жактан артисттер келсе жатакана, суу, жылуулук сыяктуу керектүү жабдуулар жок, иши кылса толгон-токой проблемаларга курчалып калган. Талкалангандан кийин кыргыз цирки жалпы маршруттан чыгып калган. Биз келип ошол байланышты кайра түзгөнгө аракет кылдык. Цирк өнөрү көчмө искусствого кирет. Дайым көчүп жүрүш керек. Мисалы, филармониянын артисттериндей бүгүн бир күү, эртең бир күү жаратса эл барып көрө бербейт. Цирктин артисти бир номер менен өмүр бою иштеп, же ашып кетсе 2-3 номер менен өмүрүн өткөрө берет. Ошондуктан алар бир орунда олтуруп алып, өнөрүн көрсөтө алышпайт. Көрүүчүлөрдүн көйгөйүн да чечиш керек. Цирктин көрөрмандары өспүрүмдөр, жаш балдар. Цирктин ичиндеги эң негизги маселе гастроль болгон. 15 жылдын ичинде гастроль деген токтоп калган болчу. Биздин циркте жатакана маселеси таптакыр каралбай калган. Артисттер келсе конорго жай жок. Башка өлкөлөрдүн цирктеринин, жакынкы Алматы шаар циркинин эле 5 жылдыздуу жатаканасы бар. Ал эми бизде жок эле. Цирктин имаратын 3 гектар жери менен мурдагы жетекчилик менчиктештиребиз деген максат менен ОсОО түзүп, цирктин бүтүндөй материалдык, техникалык базасын, транспорттон тартып бүт жабдуусун 10 жылга ОсООго арендага өткөрүп берген. Ошол аркылуу транспортторун сатып жиберген. Кыскасы, максат циркти менчиктештирүү болгон. Штаттар жоюлуп, бир дагы артист калган эмес. Бухгалтерия эмес, банктагы эсеп-кысабы жоюлган экен.
- Ошол кезде цирк артисттеринин тагдыры да кыйынчылыкка кептелген да?
- Артисттери "Цирк коомунун ассоциациясы" деп бирдеме түзгөн болушуп иштеп жүрүшкөн. Артисттердин да күчтүүлөрү, дарамети чамалуулары бар. Мыктылары сырттан чакыруу алып, чет өлкөлөргө кеткен. Айрымдары Америкага чейин барып иштеп келишкен. Кээ бирлери өз деңгээлине жараша Бишкек шаарындагы мектеп, бала бакчаларга барып цирк көргөзүп, ошонун эсебинен жан багып калышкан.
- Сиз циркке жетекчи болуп эң эле оор кырдаалда келбедиңизби…
- 2004-жылы мен генералдык директор болуп келгенде циркте эч ким калбай калган экен. Мен кимге гендиректор болом деп таң калгам. Сантехник, вахтёр өңдүү 4-5 адам жүрүптүр. Мени министрдин орун басары ээрчитип кирсе, эшиктен киргизбей, бул деген жеке менчик, ОсОО деп бандиттерди коюп коюптур. Анан ИИМге чалып, ал жактан рота келип, каршылык көрсөткөндөрдү тазалап анан киргенбиз. Цирктин ошол кездеги абалын айтып түгөтүү мүмкүн эмес. Ысык суу, жылуулук түйүндөрү үзүлгөн, коммуналдык карыздары чачтан ашып кеткен. Биз биринчи кезекте чыгармачыл топту түзүп, цирктин мамлекеттик деген статусун кайтарып алуу максатын койдук. ОсООну жойдуруш үчүн 1,5 жыл сотто жүрдүк. 2006-жылга чейин соттошуп жүрүп ОсООдон циркти чыгарып алдык. Андан кийин чет мамлекеттерге кетип калган артисттерди чакырдык, бир топтору келишти. Ошентип, 15 жылдан кийинки аралыкта 1-жолу элибизге цирк өнөрүн тартууладык.
- Соттошуп жүрдүңүз эле, цирктин жатакана маселеси чечилдиби?
- Жатакана мамлекеттик агенстволордун бирине берилип кеткен экен. Ал тууралуу соттошуп, биз утуп чыктык. Жогорку Кеңешке чейин барганбыз. Юридикалык түрдө кайрып алганыбыз менен, ошол учурда хаостон пайдаланып жатаканага жайгашып алган жашоочулар дагы деле чыкпай жатышат. Он чакты үй-бүлө чыгарылды. Бирок сот процесси дагы деле бүтө элек.
- Быйылкы жылы кыргыз циркинин бир катар артисттери дүйнөлүк фестивалдарда ийгиликтерди багындырды, ушулар тууралуу айта кетсеңиз?
- Быйыл январь айында дүйнөлүк чоң фестивалга катышып, биздин труппа 2-орунду алып келди. Ушул труппа азыр Германиянын территориясында иштеп жатышат. Кытай мамлекетинде ат ойноткон жигиттерибиз 2-орунга жетишти. Азыркы мезгилде 5 туруктуу труппабыз иштөөдө, анын ичинен үчөө чет өлкөлөрдө гастролдо жүрүшөт.
- Кыргызстанда цирк адистерин даярдаган окуу жай жок эмеспи, артисттерди кантип даярдайсыздар?
- Өзүбүздүн цирк студиябызда цирктин болочоктогу артисттерин даярдайбыз. Туура, Кыргызстанда цирк өнөрүн окуткан бир да окуу жайы жок. Студиябызга болгон шартты түзүп, балдарды окута баштаганбыз. Бүгүнкү күндө 50дөй бала окуп жатат. 30га жакын артист бала даярдадык. Ошонун ичинен алгачкы карлыгачтары Италияда жүрүп кайтып келишти. Жакында Португалияга чакан труппа жөнөттүк. Аба гимнасттары азыркы кезде ошол мамлекетте иштеп жатышат.
- Артисттердин гастролдук чыгымдарын цирк каржылайбы?
- Эгер биз өзүбүз каржыласак, жакшы болмок. Тилекке каршы, артисттердин алган айлыктары 1,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин. Анан кантип каржылайбыз? Артисттердин тамак-аш, жол чыгымдары бар. Аларды биз эмес, Кыргыз мамлекети каржылай албайт. Тескерисинче, биздин артисттердин талантына кызыгып, сырттан келгендер чакырып кетишет.
- Алардан түшкөн киреше кайда жумшалат? Дегеним, артисттердин тапкан каражаттары киреше булагы боло алабы?
- Алардан артисттерге киреше түшөт. 10 пайызын циркке төгүш керек эле. Азырынча кичине ирденип алсын деп албай жатабыз. Ошол эле мезгилде алар мамлекеттик кызматта иштеп турган соң, көп мөөнөткө жумуштан калтыра албайт экенбиз. Бирок айлыктары сакталат. Бизге төгө турган пайызынын эсебинен айлыктары тура берет. Алардын тапкандарына биз кайра эле өздөрүнө костюмдарды тиктирип беребиз.
- Чет жактан кыргыз циркине оюн коюп келген труппалардан канчалык киреше түшөт?
- Эми ар кандай. Орто эсеп менен алганда 100-150 миңге чейин каражат алабыз. Жыл сайын цирк башчыларынын саммитинде бул маселелер каралат. Алардын көрсөтө турган оюндарын карап көрүп, анан келишим түзүлөт. 1-2 жолу жакшы программа келгенде 200 миңге чейин алган учурларыбыз болгон. Алар бааларын өздөрү коюшат. Эгер билет баасы 600 сом болсо, "кымбат экен" деп баары нааразы болуп чыгышат. Ал тургай журналисттер да жазып жиберишет.
- Ошол эле учурда кыргыз цирк көрүүчүлөрүнүн капчыктары чамалуу экени эске алынабы?
- Мен муну дайым айтып турам. Биздин айлыктарды, шартыбызды түшүндүрсөм, "Ансыз деле силерге башка өлкөлөргө койгон баанын 60 пайызын гана коебуз" -дейт. Бир чети аларды да түшүнүш керек. Алар деле артисттерди жалдап келишет. Цирктеги ар бир кыймылды аткарып жаткан адамга акча төлөнөт. Көп учурда менеджерлер чөнтөгүнөн төлөп калышат.
- Кээде сиздин дарегиңизге цирк артисттери тарабынан кыйытма сындар айтыла калып жүрөт…
- Германияда жүргөн Манат Эшимбеков "Азаттык" радиосуна: "Циркте биздин атыбызды эле атап коюшат. Циркти түшүнгөн адам жетекчи болуш керек"- деп маек бериптир. Алар өздөрүнүн оюнда, жакшы артист болсом эле циркке генералдык директор болуп жетектеп кетем деп ойлошот. Артист деген артист. Жетекчи болуш үчүн бардык маселени жакындан билиш керек. Жетекчи болууга тажрыйба өзү алып барат. Мен 43 жыл маданият тармагында жүргөн болсом, 31 жылдан бери биринчи жетекчи болуп иштеп келатам. Ошого карабай мен түшүнө элек көп маселелер бар.
- Курмангазы агай, маегиңизге ырахмат. Келе жаткан майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым бар болуңуз!
Маектешкен
Сахиба КАДЫРОВА