Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жалил ИЛИПБАЕВ,
Ысык-Көл облустук ички иштер
башкармалыгынын начальниги:
"Эл менен милициянын биримдиги бузулган эмес"
Ж.Илипбаев 1959-жылы Түп районундагы Корумду айылында туулган. 1988-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Үч баланын атасы, өмүрлүк жары Бактыгүл И. Арабаев атындагы университетти бүтүргөн.
Жалил Илипбаев катардагы милиционерден Свердлов раймилициянын начальнигине чейин көтөрүлгөн. Андан соң наркотикага каршы күрөштүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Революциядан кийин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгын начальниги болуп эмгектенет.

- Жолдош полковник, Көл калаасында азыркы учурда криминалдык абал кандай?
- Кудай сактасын дейли, абал жаман эмес. Боло жүргөн кылмыштар болуп жатат. Адамзат жашап турганда кылмыштар боло берет көрүнбөйбү. Бу жазылбаган мыйзамга карабай биз, милиция кызматкерлери, мыйзам чегинде чектелген жоболор менен ишибизди аткарып жатабыз, ууру-кескини кармап дегендей…
- Бир-эки мисал айтсаңыз?
- Мисал кылчу кылмыштар, тилекке каршы, бир топ эле бар. Бул окуя тууралуу Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары бир топ эле жазышты болуш керек, облусубузда 500 сомдук жасалма акча менен Б.Нургазиев деген жаран кармалды. Андан 183 даана 500 сомдук - 91500 сом алынды. Мурун ушундай жасалма акча ири суммада (беш жүз миң сом) түшөт деген маалымат алганбыз, анан ошол маалыматтын негизинде изилдөө-иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы жаран кармалды.
Дагы бир мисал, 2010-жылдын 24-июлунда Түп районуна караштуу Байзак айылында Дүйшеналиев Жанатбектин төшү менен мойнуна бычак урулуп, киши колдуу болуп өлгөн сөөгү табылган. Ал жерге Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн, облустук кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгып кароо жүргүзүшкөн. Натыйжада, көп өтпөй эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин атайын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин негизинде, мурда бир нече соттолушкан үч кылмышкер, белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Айтып отурсак, мындай мисалдар көп эле, кылмыш кырк жылда билинет дегендей, жасалган кылмыш эртедир-кечтир ачыкка чыгаары бышык.
Жакында эле адам өлтүрүп жүрүшкөн бир кримтоп кармалды, алар үстүбүздөгү жылдын майында Каракол шаарынын жашоочусу бизнесмен Боржикова Анараны өлтүрүшкөн. Албетте, бул иш дароо эле ачыла калган жок. Облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Эмил Салиевдин жетекчилиги менен бул иш көптөн соң ачылды. Көрсө, Орузбаев Улан, Тюлебаев Арстанбек, Шаршеев Таалайбек, Иманбеков Элдияр, Дүйшебаев Тоодарбектер биригип алып Боржикованы тоноо үчүн кылмышка барышкан. Кылмышкерлерди суракка алуу учурунда алар аталган бизнесмен аялды көптөн бери кылтакка иле албай аңдып жүрүшкөндөрүн моюндарына алышты. Кылмышкерлердин колунан каза болгон аялдын үйүнөн көп суммадагы акчаны алып чыгышып, "Мазда" жана "Волга" үлгүсүндөгү автоунаа сатып алышкан. Аталган бандадан кара чүмбөт, Италияда жасалган "UMAREX" тапанчасы, квартира, үйлөрдү тандап ачуу үчүн бир топ ачкычтар, үй эмеректери ж.б. далил зат катары алынды. Булар дагы 23 талап-тоноо, уурдоону жасагандыгы ачыкка чыкты. Жогоруда аты аталган кылмышкерлердин арасында экөө мурда милиция кызматында иштеп кеткен болсо, бирөө учурда милиция кызматында иштегендиги бизди өкүндүрөт. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, ансыз да кыйын күндөрдү өткөрүп жатышкан жалпы милиция кызматкерлерине оор сокку болду деп ойлойм. Бирок ким да болбосун кылмыш жасадыбы, анда мыйзам негизинде жасаган кылмышын мойну менен тартуусу абзел.
- Жанагы "Хизбут-тахрир" жана башка диний экстремисттерге каршы күрөшүү жүргүзүлүп жатабы?
- Албетте, бул багытта биз биринчи иретте иш жүргүзүшүбүз керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген бардык көрүнүш, иш-аракеттер менен күрөшүү милиция кызматынын бирден-бир милдети болгон жана болуп кала бермекчи. Бул багытта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат десем жаңылышпайм. Өткөн 9 айдын ичинде аталган бөлүм 76 адамды диний-экстремизмге тиешеси бар деп табышкан. Булар бүгүнкү күндө атайын профилактикалык учетто турушат. "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмга тиешеси бар бир топ жаран колго түшүрүлүп далил заттар: китепче, DVD, CD дисктер, баракчалар ж.б. алынып, жазаларын алышты. Андан тышкары Өзбекстандын 21 жараны чек араны мыйзамсыз басып өтүшүп, Тоң районунун аймагында курулуш иштеринде иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болду. Алар боюнча тиешелүү материалдар түзүлүп, иш-чаралар аткарылууда. Облустун жашоочулары арасында улут аралык жаңжалды болтурбоо максатында биздин кызматкерлер тарабынан ар дайым улуттук диаспоралардын лидерлери менен эскертүү, түшүндүрүү, профилактикалык иштери жүргүзүлүп турат.
- Эл менен милициянын ажырымы балээнин баарын кылып жатат деп айтып жатабыз. Эмне дейсиз?
- Ооба, ушундай маселе бар. Биз деле милиция кызматкерлери өзүбүздүн эле жарандарыбыз, биздин арабызда душман деп саналгандар жок. "Ажырымы" деген сөз да бекеринен келип чыккан эмес. Түз суроого түз жооп берейин, ажырым бар. Бирок ал ажырымды жоюуга кандайдыр бир мыйзамдын кереги жоктур. Милиция кызматкерлери Ала-Тообуздун ары жагынан келген адамдар эмес, бирине агабыз, экинчисине балабыз, үчүнчүсүнө инибиз … дегендей. Демек, милицияда иштегендер баары бир элдин балдары, алардын көпчүлүгү ак дил, эли, жери үчүн жанын берчү көк жал жигиттер. Албетте, бар дечи арасында начар жигиттер, биз алардан акырындап арылып жатабыз.
- Сиз бул кызматка келгенде Тоңдогу бир чырды басты дешти эле?
- Ошондой окуя болгон. Эки милиционер бир жигитти көзүн көгөртө сабап салышкан экен. Ошондо ал жигиттин туугандары, жакын санаалаштары жүздөн ашуун адам милиция бөлүмүн курчап алышыптыр. Мен облустук жетекчилерден алып дароо Тоңго жетип бардык. Баягы адамдар милиция начальнигинин кабинетине толуп алып начальникке арыз жаздырып жатышыптыр, кызматтан кет дешип. Дароо эл менен сүйлөштүм, алардын арыз-армандарын шашпай уктум, чынында милиция жасаган кылмыштар бар экен. Аларды тыкыр изилдеп чара көрө турганымды айтып элди ишендирдим. Ошентип чыр басылды. Райондун милициясынын начальниги менен анын төрт орун басарын министрге сунуш киргизип, кызматтан алдырдым.
- Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат деген кандайча жүрдү?
- Бул сөздүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Ар бир жетекчинин мүнөзү өзүнчө, иш алпаруу тартибинин өзгөчөлүгү бар дегендей. Анан дагы жаңы жетекчи келгенде кээ бир нерселерге башкача көз жүгүртөт экен. Анын үстүнө апрель революциясынан кийин коомдук-саясий кырдаал, элдин талабы да ошондой болуп жатты. Жети-Өгүз районунан башка райондордун, шаарлардын милиция начальниктерин, бир топ орун басарлары алмашты, алардын ордуна тың, тажрыйбасы көп, иштин көзүн билген кызматкерлер келди. Иш натыйжасын берип жатат.
Күндө эртең менен бардык милиция бөлүмдөрү менен селектордук жыйналыш өткөзүү тартиби киргизилди. Ошол кеңешмеде өткөн сутканын кайсы райондо кандай кылмыштар катталды, ачыла элек канча кылмыш калды, жакын арада ачылабы же жокпу деген ж.б. толгон маселелер каралат. Мурункудай үйүндө жатып алып телефон менен рапорт берип коймойлор жок. Ошол селектордук жыйында ар бир кызматкер тапшырма алат, анын аткарылыш мөөнөтү белгиленет. Ар бир кылмышты өзүм жеке контролго алып турам. Баса, өзүм ар күнү таң заардан ишке келип, биринчи иретте облусубуздагы кримабал менен таанышып чыгам.
- Мага бирөө айтты эле кээ бир милиция кызматкерлери бирөөлөргө наша чогулттуруп, анан өзү көзөмөлдөп саттырат деп?
- Андай кептер эл ичинде айтыла калып жүрөт. Бирок эгер ким экендиги билинип, ошондой иштер менен шугулданганы далилденсе, мыйзамдын чегинде токтоосуз катуу чара көрүлөт деп жоопкерчилик менен айта алам. Тарипти бузган милиция кызматкерлерине бизде орун жок. Мен бул кызматка келгенден кийин облус боюнча 151 милиция кызматкерлерине чара көрүлдү, бешөө биротоло кызматтан айдалды, бир тобу кызматынан төмөндөтүлдү, сөгүш алды ж.б.
- Ушул азыр деле милицияга элдин ишеними аз болуп жатат көрүнөт?
- Аны таптакыр эле тансак болбостур. Милиция арасында деле начар мүнөздөгү адамдар бар да. Биз андайлардан арылышыбыз керек, четинен иш жүрүп жатат. Милицияга детектор менен текшерип туруп алуу тартибин толугу менен колдойт элем. Анан да милиция кызматкерлерин даярдоочу окуу жайлардын ишин жакшыртыш керек. Министрибиз да милиция арасында профессионалдык деңгээли төмөн, тартипти бузган, милициянын атын булгаган, эл ишеничин актабаган кызматкерлерден арылуу боюнча катуу талаптарды коюп жатат.
- Ишиңизге ийгилик каалайм.
- Рахмат!
Суроо салган
Баратбай АРАКЕЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??