7-ноябрь басма сөз күнүнө карата

Журналисттер
коррупцияны ооздуктайт...

Журналисттер төртүнчү бийликтин өкүлдөрү аталганы менен коомдо өгөйлөнгөн бала өңдөнүп, төртүнчү бийлик эмес, 44-бийликке айланып калган. А тургай акыркы жылдары журналисттерге кол салуу, зордук-зомбулук, кысым көрсөтүү сыяктуу терс көрүнүштөр күч алып, канкорлордун колунан мерт болгон журналисттердин топурагы али сууй элек. Массалык маалымат каражаттарынын коомдогу орду, ролу, эл менен бийлик ортосундагы байланышты кура алган зор күч экендигин айтпасак да белгилүү. Журналисттер кандай гана оор кырдаал болбосун, кыйың кезеңдерге карабай жалпыга маалымат жеткирүүдө эр жүрөктүүлүгүн көрсөтө алган кесип ээлери. Бийлик бутактарынан тартып, министр, губернатор, мамлекеттик кызматтарда олтурган чиновниктердин кылган иштерин эл алдына алып чыгып, сынга коюп, ак-карасын ылгатып, коомдогу оң, терс, жакшы-жаман көрүнүштөрдүн бетин ачкан бирден-бир күч экени талашсыз. Журналисттер өлкөдө тырп эткендин баарынан кабардар болуп, адам укуктары, мыйзам бузуулар, коомго сыйбаган жат көрүнүштөргө тикеден тик каршы туруп, ошол эле учурда коомдук пикирди жарата алган агым. Ошого карабай мамлекет тарабынан журналисттерге эч кандай колдоо, камкордуктар көрүлбөй келет. Алардын коомдогу ролун дагы да активдештирүүнүн ордуна чындыктын бетин ачкан макалалары үчүн айрым учурларда төө бастыга алынып, коркунучка кириптер болгон учурлар кездешет. Өкүнүчтүүсү өмүрү өткөнчө калем сабы менен "жылаңач баатыр" аталып, үй-жайга жетпей өкүттө өткөн журналисттер бар. Ал эмес мамлекеттик сыйлыктар каралган эмес. Ушундан улам "Эмгеги адал эти арам" делген эшектин кейпи аргасыз эске түшөт.
Мындан ары журналисттер бийлик бутактарын көзөмөлдөө ишине тартыларын президенттин администрациясы билдирди. Муну журналисттерге мамлекет тарабынан көңүл буруу катары мүнөздөсөк болобу? Бийлик бутактарын көзөмөлдөөгө журналисттердин тартылышы кандай жыйынтык берет? Журналисттер жеке кызыкчылыктардын кулу болуп калбайбы деген суроолор түйшөлтөт. Эмнеси болсо да быша элек ашка курсак тойгузбай, келечегин күтө туралы.


Марат Токоев,
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Журналисттердин байкоочу кеңештин курамына кирүү маселеси бир аз кооптуу туюлуп турат. Себеби мамлекеттик органдарда айтылбай турган, жазбай турган жагдайлар болот. Журналисттерди байкоочу кеңешке киргизүүнүн кажети бар беле? Бир чети туура болгон сыяктанат. Кээ бир мамлекеттик органдардагы, министрликтердеги аткарылып жаткан иштер байкалбайт. Алар менен байланыш дээрлик жокко эсе. Бирок байкоочу кеңештин түзүлүшү бийлик структурасынын алсыздыгынан кабар берет. Анткени күчтүү механизм иштелип чыккан эмес. Бийлик мамлекеттик органдарды көзөмөлдөй албай калганы десек болот. Экинчи тарабы коррупцияны ооздуктоо максатында түзүлүп жаткандыр.


Кыяс Молдокасымов,
тарых илимдеринин кандидаты,
профессор:
- Журналисттер мамлекеттик органдардагы байкоочу кеңешке кирбей туруп деле, мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин ишин, алар кандай иштеп жатат, жакшы-жаманын, кемчиликтерин ар дайым көрсөтүп турушу керек. Ошол жазган материалдары жыйынтык берүүсү зарыл. Ал эми байкоочу кеңешке кирсе эле маселе чечилеби же дагы деле жыйынтык бербей калабы азырынча белгисиз. Эгер андан эч нерсе өзгөрбөсө, жөн гана элдин көзүн будамалаган көрүнүш болуп калат. Албетте, буга бийликте тургандардын мамилеси да таасирин тийгизет. Жеке кызыкчылыктар роль ойноп кетиши мүмкүн. Журналисттер жөнөкөй учурда деле активдүүлүгүн көрсөтө беришсе болот. Байкоочу кеңешке деле бийликке жаккан журналисттер кирип, жакпаганы четте калышы мүмкүн.


Бакыт Орунбеков,
"Кыргыз Туусу"
гезитинин башкы редактору:
- Абдан туура деп ойлойм. Бийлик бутактарын көзөмөлдөө кеңешине ар тармакты жакшы билген адистерди тартуу керек. Журналисттер - коомдогу активдүү ишмерлер. Алардан да 1-2 ден кошушу зарыл. Ошондо журналисттер кайсы мамлекеттик орган болбосун, ичинде болуп жаткандарды көрүп, билип, аны элге ачык жарыялап турушу керек. Биздин гезиттен да байкоочу кеңешке бир талапкерибизди көрсөтүп жатабыз. Мындай демилгени ар дайым колдошубуз керек.
Даярдаган Сахиба Кадырова






Болот Абдрахманов,
дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы:
"Меккеге жөнөтүүдө коррупция азайды"
Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Болотбек Абдрахманов ажылык сапарды уюштуруу иштери тууралуу кеп салып берди.


- Оболу маалымат бере кетесизби, бүгүнкү күндө канча адам Меккеге жөнөп кетти, жалпысынан ажылыкка жөнөтүү иштери качан аяктайт?
- Эки күндөн бери биздин зыяратчыларыбыз чекесинен кете баштады. Мурдагы күнү биринчи учак Оштон учту, 171 адам. Кечээги күнү түн ичинде Бишкектен 171 киши учуп кетти. Эми күн сайын 2-3төн учак менен биздин зыяратчылар активдүү уча баштайт. Меккеде эң маанилүү зыярат 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин болот. Биздин мекендештер негизи онуна чейин уча берсе болот. Көпчүлүгү ноябрдын башында эле учуп барышат. Анан 19-ноябрдан баштап декабрдан онуна чейин кайра учуп келишет.
- Быйыл зыярат кылгысы келгендер мурдагыдан аз деп атты эле. Төрт жарым миң орундун баары толдубу?
- Биздеги кырдаалга байланыштуу көп кишилер ушул жылы ажылыкка аз барат деген божомолдорун айтып жатты эле. Бирок биз бүгүнкү күнү айтып кетишибиз керек, бизге берилген 4,5 миң орунга биздин Кыргызстандын жарандары менен толуп, биз 4,5 миң адамдын паспортун кабыл алып 2-3 күндөн бери четинен виза басып берип жатабыз.
- Ажылыкка баруунун уюштуруу, өткөрүү иштери буга чейин жылда эле проблемалар менен коштолчу эле. Бул жолу кандай болду?
- Проблема деген деле болбойт. Жаздан берки кырдаалга, анан 10-октябрь шайлоого байланыштуу эл кичине чочуп, эмне болуп кетет деп көп зыяратчылар 10-октябрга чейин паспортторун бизге тапшырбай турду. Ошондуктан тынчсыздануу пайда болуп, кээ бирлер бул жылы зыяратчылар азыраак болот го деп божомолдой баштады. Бирок шайлоо өткөндөн кийин, 15-октябрдан баштап баары активдүү тапшырып, бизге бөлүнгөн орундун баары толду.
Экинчи жагы, түштүктөгү окуяларга байланыштуу өзбек туугандар барабы, же барбайбы деп атышты эле. Мен түштүккө берилген орундун жарымынан көбүнө өзбек тектүү жарандар, зыяратчылар барганы жатышкандыгын баса белигелп айтып коёюн.
- Ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык элементтер бар деп айтылып келген. Бул жолу паракорчулукту азайтуу үчүн кандай иштер жасалды?
- Биз бул жолу коррупция болтурбоо үчүн атайын ачык конкурс өткөрдүк. Биринчиден, 17-сентябрда ажы башчылар, ажылыкка алып бара турган жоопкерчиликтүү адамдардын ачык сынагын өткөрүп 75 талапкерден 57син тандап алдык. Араб тилин билген, ажылыкты алып барган тажрыйбасы бар, мурун ажылыкка алып барып жатканда эч кандай штабдан эч кандай доомат укпаган адамдарды тандадык. Жыл сайын алып барып, өз билгендерин кылгандарды кылган 18 адамды коё берген жокпуз.
Экинчиден, жыл сайын сынакка авиакомпаниялар катышып, бирөө гана утуп, монополия кылып, каалаган баасын коюп алып коррупция болчу эле. Бул жылы андай болбошу үчүн сынакка катышкан 9 компаниянын ичинен бешөөнү тандап алдык. Алардын документтерин, учактарынын абалын тишелүү органдардын өкүлдөрү менен текшердик. Беш авиакомпания өздөрү арасында атаандашып, кардарларды өздөрүнө тартыш үчүн бааларды төмөндөтүп, тейлөөсүн жогорулатып ортолорунда күрөш болуп жатат дагы, зыяратчылар алардын арасынан тандап алышына мүмкүнчүлүк болуп жатат. Мындай учурда коррупция болбойт.
Элеонора Бейшенбек кызы,
"Азаттык" үналгысы