Ааламда
бар ар кызык
Он сегиз миң ааламдагы түркүн кызык, кулак кызытып, адам баласын айран таң калтырып келет. Күн сайын жаңылык, жаңы кабар. Коом, технология өнүккөндөн өнүгүп, адам акылына сыйбаган жоруктар, окуялар күч алууда. Дүйнө кызыктары окурмандарды да кайдыгер калтырбайт.

20-кабаттан секирип аман калды
Кытайда 10 жаштагы бала 20-кабаттан кулап кетип аман калган. Ачык терезеден башы менен түшүп, токтоп турган машинанын арткы айнегинен кирип, аны айдоочунун жумшак орундугу сактап калган. Дарыгерлердин айтуусунда баланын эч жери жаракат алган эмес. Көчөдөгү байкоочу камерага окуя тартылып калган. Маалым болгондой, жамгыр жаагандан кийинки ачык турган терезеден бала өзүн таштап жиберген. Бул факт боюнча иликтөө иштери башталып, кокустук окуя катары мүнөздөлүүдө. Өзүнүн аман экенине сүйүнгөн бала "Машинаны оңдосо болот" деп компоюп койгон.


Көзү ачык осминог көз жумду
Германияда Пауль деп аталган эки жаштагы "көзү ачык" осминог өлүп калды. Эске салсак, осминогдун кадыр-баркы дүйнөлүк футбол чемпионатында дагы бир ирет жогорулаган эле. Кичинекей суу жаныбары дүйнөлүк чемпион кайсы команда болорун тактап берген. Ушундан кийин аны дүйнөлүк деңиз паркынын жетекчилери сатып алмакчы болгон. Бирок Германия мамлекети аны берүүдөн баш тарткан. Осминог 2008-жылы Англияда жарыкка келген. Анын биринчи "карьерасы" Германияда башталган. Осминогдор негизи 2 жылга чейин өмүр сүрөт. Айрым учурларда 4 жылга чейин жашагандары бар.
Ал эми Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Диего Марадона осминогдун өлгөндүгүнө абдан кубангандыгын билдирди. "Мен Пауль бизди таштап кеткенинине сүйүнүп турам. Биздин команданын дүйнөлүк чемпион болбой калганына ошол себептүү" - дейт.




Кыргызстандагы кырсык, кылмыш окуяларынан…
Аскаровго өлүм жазасын талап кылышты
Улуттар аралык кагылышууга себепкер деп күнөөлөнүп, Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун аппеляциялык арызынын негизинде өткөн сот отуруму кайрадан уланды. Ош окуяларында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кара-Суу райондук ИИБинин начальниги Мыктыбек Сулаймановдун тарапкерлери Азимжан Аскаров баш болгон жети адамды өлүм жазасына тартууну талап кылышты.
Кийинки сот отуруму 3-ноябрга белгиленди.

Конторадагы канкор кармалды
30-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан "Winner sport" деп аталган букмекердик конторасында оператор болуп иштеген Талас шаарынын тургуну, КУУнун 5-курсунун студенти, 1986-жылкы Ж.Ч аттуу кыздын бычакталып өлтүрүлгөн денеси табылган. Аталган конторадагы жашыруун видеотасмага тартылып калган кылмышкер издөөгө алынып, ушул жумада кылмышка шектүү делинген Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылкы Тынаев Азат аттуу адам кармалып, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлерине сурак берүүдө.

Кылмышкер айым кылтакка илинди
Ушул жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун 37 жаштагы М.А. аттуу тургуну бычакталып, шаардык клиникалык бейтапканадан кансырап өлгөн. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын из кубарлары 25-октябрь күнү кылмышка шектүү делинген Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 31 жаштагы Т.К. аттуу айымды колго түшүрдү.

Кыңыр иш 18 жылда...
Алматы шаарынын полиция кызматкерлери мындан туптуура 18 жыл илгери түрмөдөн качып кеткен кыргызстандык кылмышкерди кармашты. 1992-жылы Кыргызстандагы абактардын биринен качып кетип, Бишкек шаардык ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн 44 жаштагы адам ушул жумада казакстандык полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп, жаза мөөнөтүн улантканы турат.

Кыргыз жаранын башка атып, өзү кетти камалып
20 жаштагы кыргызстандык Сулим аттуу адамды сурак берүү учурунда бетине атып өлтүргөн Андрей Юрков аттуу милиция кызматкерин 20-октябрь күнү Орусиянын Сургут шаарынын шаардык соту 12 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары сот А. Юрковду мамлекеттик орган кызматында иштөө укугунан 3 жылга ажыратты.

Өрт алдында музыка да баары бир
Ысык-Ата районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан райондук Маданият үйү өрттөнүп, өрттүн кесепетинен музыкалык аспаптардын баары күйүп кеткен. Кечки саат беш жарымда башталган өрттү 1,5 саатта араң өчүрүшкөн.

Жардырам дедиң беле?
Кыргызстандын ИИМинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын автоунаасынан жардыргыч зат табылган. Окуя шаардын Интергельпо жана Московская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. К. А. аттуу офицер өзүнүн машинасынын оң жактагы арткы дөңгөлөгүнөн граната таап алган. Ага учурунда чаралар көрүлүп, бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок. Учурда прокуратура кызматкерлери иликтөө ишин жүргүзүп жатышат.

Батинкеге катылган баңги зат
Кыргызстандын мурдагы боксчусу наркотикалык зат менен колго түштү. Өз мекенинен Новосибирск шаарына баңгизаттарын ташып, бизнес өнүктүрүүгө киришкен спортчу эми сот алдында жооп берет. Сурак учурунда спортчу наркотика колдонбой тургандыгын, сергек жашоо образында жашарын билдирген. Новосибирск облусттук ИИБинин маалымдашынча экс-спортчунун жашырып ташып келген баңгизаттары 1 килограммдан ашуун. Эми аны 10 жыл эркинен ажыратуу коркунучу күтүп турат.

Кызыл-Кыяда эки милиционер окко учту
27-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кайгуул-күзөт кызматкерлерине белгисиз бирөөлөр ок ачкан. Натыйжада Кулан Бердалиев менен Кылыч Исманов набыт болуп, улук лейтенант Мухаммедибрагим Акназаров оор жарадар болгон.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей кол салгандар "Тико" автоунаасында жүрүшкөн. Аларды кармоо боюнча Кызыл-Кыя, Баткен, Ош шаарларынын аймагында атайын операция жарыяланды.