Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бурганак…

Сен адам эмес эле
эки буттуу айбан экенсиң!..
Сен… Баарына сен күнөөлүүсүң… менин тагдырымды талкалаган да сенсиң… Сенин айбандыгыңдын кесепетинен мен бактысыз болуп отурам… Сен муну жакшы билесиң… бирок билмексен болуп, жашап келесиң… Мен сени айбанга теңедим… Анткени сенин айбандан айырмаң жок… Сенде адамдык сезим жок… Сенин жан дүйнөң жарды, жүрөгүң таш… Сен муздаксың… Сен адам деген атка татыктуу эмессиң… Билесиңби, тирүү адамдын жүзүн, жүрөгүн жылуулук ээлеп тураарын?.. Сенин жүзүңдө да, жүрөгүңдө да мээрим жок… Сен ташбоорсуң…
***
Экөөбүз капыстан кездештик. Мен иштеген нан чыгарчу чакан ишканага сен да келип иштеп калдың… Башында токтоо, бир сырдуу, бир кырдуу жигиттей көрүндүң. Көрсө, ал мүнөздөрүңдүн баары жасалма экен. Сенин өзгөрүлмө, кубулма экендигиңди кийин билип, азабыңды тартып жүрбөйүмбү… Анан бир жерде иштеген адам катары таанышып калдык. Атың Бакыт экен. Бакыт деген аттан айланып кет…
Башында саламыбыздан башка ашыкча сөзүбүз жок эле… Келип-кетип иштеп жүрдүң. Мен ал кезде университетте окуп жүргөм. Сессияма акча керек болуп, күндү күн, түндү түн дебей иштеп жаткам. Сенин бар-жок экендигиңе деле көңүл бурчу эмесмин. Анткени ал кезде жүрөгүм жараланып, эркек аттуудан көңүлүм калып, жан дүйнөм кирдеп, араң күн кечирип жүргөм…
***
Сага кезиккенге чейин сага окшогон адам сымал айбанга жолуккам. Башында аны адам экен деп ойлогом. Көрсө, ал да сен сыяктуу адам деген атка шек келтирген эки буттуу айбан экен… Ал мени алдады… менин кыздык намысымды тебелеп, талкалады… андан кийин куйругун түйүп, азыр сен тентип жүргөн Орусияга кетип жоголду.. Ыйладым… Күчүмдү көз жаштан чыгардым… Өлүп алгым келди… алсыздык кылдым. Анан адам катарында теңселип жашап жүрдүм…
***
Экөөбүз бара-бара аябай ынак болуп кеттик… Бир күнү сөз арасында үй-бүлөң менен ажырашып кеткениңди, буга аялың күнөөлүү экендигин айтып калдың… Угуп гана койдум… Бир нерсе деп айтууга акым да жок болчу. Анткени өзүмдүн жашоом сеникинен жеңил эмес эле… Ошенте да сага чын дилимден боорум ооруп, колумдан келген жардамымды жасай баштадым. Сен дагы мага жардам көрсөттүң. Yстүмө үйрүлө түшүп, жакын адамыңдай камкордук көрсөттүң. Ар дайым жанымда болдуң. Сенин жылуу мамилеңе эрээркеп кеттимби, билбейм… Сага ишеним арттым. Эркек аттууга болгон жек көрүүм жоголуп, сени жактырып, жакын тутуп, сага жолукканыма кубанып, үмүт менен таң атырып, үмүт менен күн кечире баштадым…
Көрсө, сен менин жумшактыгымды, ак көңүлдүүлүгүмдү өз кызыкчылыгыңа колдонупсуң. Муну кеч түшүндүм. Түшүнгөндө эмне… Колумдан эмне келмек эле?
***
Бир күнү экөөбүз баш коштук… А дегенде эле жашообуз уруш менен коштолду… Сенин баягы мен билген мүнөзүң толугу менен өзгөрдү… Сени тааныбай турдум… өзүмдүн таштаган кадамыма өкүнүп, бармак тиштедим… Экөөбүздүн үй-бүлө курган атыбыз гана болбосо, бири-бирибизге чоочун адамдардан элек… Эки башка төшөктө жатчубуз. Сен каалаган учурда келип, өз моокумуңду кандырып, кайра ордуңа барып жатып алчусуң… Ичимден гана сызып тим болчумун. Сага айтканда деле майнап чыкмак эмес. Айткан күндө да сен мени түшүнмөк эмессиң. Yйүбүз муздак… Ортодогу чыр үйдүн кутун качырып, каражат жагы да тартыш боло баштады… Эртең менен жумушка үңүрөйүп кетесиң, кабагың бүркөө келесиң. Тамактангандан соң, ары карап уйкуга кетесиң… Ыйлай-ыйлай уктап калам… Бир күнү жадырай келдиң… кубанып кеттим… Сенин үйлөнгөндөн бери биринчи жолу күлүшүң… Yйдө өзүнчө эле майрам…
***
Ошол күнү таң аппак атканча экөөбүз келечек пландарыбыз туурасында кобурашып отурдук. Аябай чоң үмүткө жетелендим… Жакшы жашоого бел байлап, жакшы тилектерди тилеп, эртеси сени Орусияга жөнөтүүнүн камын көрө баштадым. Менден өткөн бактылуу адам жок. Тим эле кудуңдап алгам… Өзүм күнү-түнү уйку көрбөй иштеп тапкан акчама билет алып, эжемден карыз сурап сага жылуу кийим сатып берип, үч күндөн кийин сени алыскы сапарга узаттым. Сен сүйүнүп гана кеттиң… Кетип жатып бетимден өөп, жылуу коштошконго да жараган жоксуң…
***
Сен кеттиң… арадан бир топ убакыт өттү… Сенден дайын жок… Кумга сиңден суудай жоголдуң… Сен үчүн азап тартып, сарсанаа болгон күндөрүмдү, түндөрдү санабай эле коеюн. Сен кетип жатканда беш айлык боюмда бар эле… Убакыт учкан куштай бат эле өтүп, көз жардым… Көзүм жаныма көрүнүп, сенин тукумуңду жарык дүйнөгө алып келип жаткан күнү сен чалдың. Эмелеки тарткан азабым унутула түштү. Жадырай телефонду алдым. Сенин орой үнүң.. абалымды сураганга, адам катары учурашканга да жараган жоксуң. Болгону "Сени кармабайм, башың бош"- дедиң да телефонду коюп салдың. Менин ошол кездеги абалымды сендей жан дүйнөсү жардылар эч качан түшүнө алмак эмес…
***
Мени го таштап кеттиң… Аныңа деле мейли… Өз каныңдан жаралган наристени таштап кеткениңе башым маң?.. Сенин ташбоордугуңа таң калам. Ал сенин каныңдан жаралган бала эмес беле?.. Наристеде эмне күнөө… ушул суроого жооп берчи?
Сен бир нерсени билип кой. Мен сен сыяктуу айбан эмесмин! Сен таштап кеткен кызды, эч нерседен кем кылбай, сенин ордуңа ата болуп, эң негизгиси адам кылып тарбиялап жатам. Кызымдын сендей айбан атасы болбой калганына кубанам… Сенин Орусияга шашып кеткениңдин да жөнү бар экен. Көрсө, Орусияда сени кызың менен аялың күтүп жаткан экен. Акчаң жок кете албай, мени торуңа түшүргөн экенсиң. Мунун баарын кийин сенин карындашыңдан уктум… укканда эмне… Менин көз жашым, кызыңдын жетим аты сени тынч уктатпас…
Кудайга койдум. Менден болбосо дагы бирөөнөн сен да жамандык көрүп, жүрөгүң ооруйттур… Ошондо эсиңе мен түшөм… Жогорудагы сөздү жалгыз гана сага арнаган жокмун. Сен сыяктуу эки буттуу айбандардын баарына арнадым!
Асыл,
Кара-Балта шаары




Жашасак болмок, бактылуу…
Ырдалбай калган ыр барбы?
Айтылбай калган сыр барбы?
Кайталап жашап өткөндү
Кайгырбай турган күн барбы?

Эзилген санаа, ой басып,
Эзелден өлбөй, ким калды?
Кайрымсыз күнүн көп көрүп,
Кадиксиз өмүр өткөрүп,
Кайрылгыс, көргөн күн бүгүн -
Көзү өтүп, аттиң, ким барды?

Дүйнө ушул - дүйнө, жалжалым,
Көрбөсөм кантип айтайын.
Элжиреп жүрөк эзилген
Баланын көрсөм "тай-тайын".

Тил туруп, колду жаңсайбыз,
Бут туруп, көрүнө "аксайбыз".
Кайгысын тартып Жаңылдын*
Кайгырып "дат" деп какшайбыз…

Жакшылык "тушун" жашырбай,
Жамандын "мушун" ашырбай.
Жашасак болмок, бактылуу
Бакыттын кушун качырбай…

Жаңыл Кыз антын аттабай,
Мекенин кечип таштабай.
Балдарын таштап Какшаалга,
Кеткенде бугуп Калматай*.

Буулуккан жерин сактаган,
Кылымдар өтүп катпаган.
Жайылган өрөөн жер турат,
Биз өтүп, бүгүн каттаган…

Жазылган жайык дайранын,
"Жазы" деп аты аталып.
"Калпакка" жеткен колотко,
Мырза-Аке турат маталып…

Тагдыры жазып-жаңылган,
Белектей болуп Жаңылдан.
Армандуу сүйүү айтылып,
Ырдалып муңу жаңырган…

Кайталап жашап өткөндү,
Тил туруп-колду жаңсайбыз.
Кайгысын тартып Жаңылдын,
Кан өтүп ичтен какшайбыз…

Жакшылык жасап-жашырбай,
Жамандык жасап, ашырбай.
Жашасак болмок, бактылуу
Бакыттын кушун качырбай…


* Жаңыл Мырза жөнүндө сөз
** Кыргыз каны - Кара Багыш уруусунан чыккан, Жаңыл Мырзанын күйөөсү.
Манап Алиев акын




Ичтеги муң
Бөксөнү толтура деп,
Бөтөндү өздүк дешти.
Бугуп жаткан ичимдеги муңум ушу.
Чыркыраса кенебешти.
Чындыкты тебелешти,
Ченебей уурдап келди добушуңду.
Эгерим багынбаган,
Эр Манас баатыр бабаң,
Эзелтен бербей келген Ата Журтту
Көкөтөй ашы өткөн жер.
Кыргызың мөрөй алган,
Кертип берди Каркырадай конушуңду.

Элиңди бөлүп жарды,
Ээрчитип сайга салды.
Эзелки өчү бардай уруп-согуп,
Бирөөнүн көз жашынан,
Болушту бакыт курган.
Буларыңа "байлык" деген оору жугуп,
Манчыркап кутурушуп,
Митедей өз элинин канын соруп,
Элиңдин ырыскысын,
Эбин таап сугунушуп,
Эч кейибей Ата Журтуң турса ооруп.

Калдайган калың элге,
Калп эле күйүнүшүп,
Калкынын жон терисин сыйрып салган.
Жетсем деп майлуу жерге,
Жата калып жүгүнүшүп,
Жексурларың Ак үйгө толуп алган.

Өз элинен коркуп өзү,
Өзгө элге өтпөй сөзү,
Өз тууганын жанына коюп алган.
Өз уулун айга теңеп,
Өзгөнү көрбөй көзү,
Өзгөчө куу, залкар атка конуп алган.

Кароолго алып чекеге атып,
Кары-жашына карабады.
Караңгүн ай, кантип сенин колуң барды.
Өз агасын агалабай,
Өзгө элди сагалады,
Өзөктү өрттөп, энелердин аккан жашы.
Кетелекте сүйгөн жардын,
Көкүрөктө муңу-зары,
Көөдөнү пас, дагы эмнени ойлоп тапты,
Апкелем деп Закиржанды,
"Ата-Журттун" анабашы,
Ант ургуруң эмне айтканын аңдабады.

Байырлап Ала-Тоону,
Багынтып далай жоону,
Баатыр элдин тукумусуң, накта шери.
Кел-келиң мына келди,
Кере жут, эркин демди.
Калк башына карөзгөй хан келбейт эми,
Бир куштун канатысың,
Бир кыргыздын баласысың,
Бабаң Манас, байыркы элдин тукумусуң,
Биригип бир муштумга,
Баш ийип акылдууга,
Бактылуу жашоого сен акылуусуң.

Жолдошбек Акунов, Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??