Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)
"Манас" менен манасчы
56. Саякбайдын Манас айтканын бир көрүп, делебеси козголуп, жан-дүйнөсүнө бүлүк салынып, ага арбалып калган казак элинин академиги, профессор, таасын аалым Кажым Жумалиев "Казак адабияты" гезитине 1964-жылы минтип эскерип жазат :
…"Манас" - бир калктын далай кылымдар ичиндеги элдик, эрдигин, ынаным-ишенимин, турмуш-салтын, философиялык, эстетикалык көз карашын, рухий күчүн, көркөмдүк ой жүйөсүн өз боюна жыйнактаган, таң калтыргандай мол, тамшандыргандай көркөм чыгарма.
Бүткүл жер жүзүндө "Манастан" зор көлөмдүү эпопея болгон эмес. Башкаларды деңиз десек, муну океан дегенге болот. Поэзиялык көркөмдүгү, окуяга байлыгы жагынан да "Манас" ушул күнгө чейинки адабий журтчулукка маалым эпостордун эч кайсынысынан кем түшпөйт.
Индиянын аты аталуу "Махабхаратасы" көлөмү жагынан "Илиада" менен "Одиссеядан" сегиз эсе артык болсо, атактуу "Шах-нама" эки жүз миң жол, ал эми "Манас" трилогиясынын тек гана Саякбай Каралаев вариантынын өзү эле жарым миллион жол: изилдөөчүлөрдүн айтуунча, беш миң жолдон жогорку "Манас" варианты он сегизге жетет. Алардын ичинде 15 томдон турган жалаң гана "Манастын" өзүнө арналган Сагынбай Орозбаковдун варианты да бар. Эмне деген мол байлык?
"Манасты" которуп, өз калкыбызга таанытуу - жеке кыргыз эмес, бүткүл союздук масштабда айрыкча көңүл бурарлык иш. Арийне, ага демилгечи болуучу эң оболу кыргыз калкы, анын өкмөт башчылары, илимий коому. Ошону менен катар кыргыздын тилин жакшы түшүнө турган казак, өзбек, татар, башкыр жана башка элдер да бул ишке белсене ат салышууга тийиш.
"Манас" эпосунун патриоттукка үндөгөн тарбиялык маанисин, тарыхый этнографиялык, көркөмдүк касиетин, ченемсиз тил байлыктарын мындай койгондо да, казак, кыргыз шекилдүү элдердин өткөндөгү турмушу жапайы, маданиятсыз, рухий жагынан төмөнкү баскычта калгандык деп айта жүргөн Европа окумуштууларына "Манас" чоң сокку. "Маданияттуумун" деп көөдөнүн көтөрө турган азыркы Европа, Америка элдеринин эч кайсынысы "Манас" тариздүү эпос менен азыркы маданиятка кошулган жок. "Нибелунгилер тууралуу ыр", "Роланд тууралуу ыр" дегендер "Манастын" бир эпизодунун ченине келбейт. Ошондуктан, В.Г.Белинскийче айтсак, "Чыгыш - адам баласынын бешиги", анын акындык өнөрү мол калктары эски замандын өзүндө да "Махабхарата", "Шах-нама", "Манас", "Казактын баатырлар ыры" сыяктуу ааламга орток алтын казынага тутка болорлук мол байлык кошту, - деп ооз толтуруп айта да алабыз, мактана да алабыз.
Ошолордун ичинде көлөмү жагынан да, көркөмдүгү жагынан да "Манас" эпосу өзгөчө орун алат. Илим мааниси үчүн аны моюнга алуубуз керек. Биздин пикирибизче, бул турпаттуу, бараандуу көрүнүш эң оболу союздук, кала берсе дүйнөлүк бийиктикке көтөрүлүүгө тийиш. Буга бүткүл Союздук бардык элдер болуп ат салышканда гана жетишүүгө мүмкүн.
XIX кылымдагы Ч.Валиханов, В.В.Радлов баштаган традицияны улантуучулар - М.О.Ауэзов, В.М.Жирмунский, А.Н.Боровков, К.К.Юдахин, Б.М.Юнусалиев жана башкалар болуп саналат. Бирок бул али аз. Х.С.Сулейманов, Г.Х.Арасли, А.Н.Кереймерген, М.Габдуллин, Н.М.Маллаев, А.Х.Харисов, Х.Абдуллаев сыяктуу чыгыш адабиятын изилдөөчү белгилүү илимпоздор болуп түгөл ат салышуулары кажет. Ошондо гана "Манас" союздук, дүйнөлүк аренага көтөрүлмөк.
Кыргыз ССР илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун "Манас" секторунун башчысы менен жакында сүйлөшкөнүмдө кыргыздын карт жомокчуларынын соңкусу жана эң даңктууларынын бири - Саякбай Каралаевдин быйыл 70 жашка толо тургандыгын, ошого байланыштуу сектордо көп жумуштар жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Саякбай ырдай турган "Манас" трилогиясы ("Манас", "Семетей", "Сейтек") 30 том экен. Ал түгөл жазылып алыныптыр. Ошонун эки томун быйыл чыгарышат көрүнөт.
Саякбай менен кантип көрүшүп калганын андан ары минтип баян кылат.
…Азыркы тирүү Гомер шекилдүү Саякбай жомокчу менен Фрунзеде өткөн бир чоң жыйында жүз көрүштүм. Башында ак калпак, үстүндө баркыт бешмант-шым, толук денелүү, али карылыкка моюн сунбаган, өңү да, көңүлү да жаш, орто бойлуу, чалкалабыраак баскан кең көөдөндүү карт кыргыз сол жаккы бутун саал гана сылтый басып, биз отурган залга кирип келгенде ага журт назары тегиз ооду. Отургандардын улуу-кичүүсү дебей ага айрыкча бир жылуулук, өзгөчө ызаат менен баштарын ийкешти. Ал залдагыларга башын бир ийкегилеп коюп, калпагын колтугуна кысты да, буурул тарткан мурутун эки жагына кайрып салып, өз замандашы - атактуу түрколог академик К.К.Юдахиндин маңдайына барып, кучакташа отурду. Кыргыз тилинин ири изилдөөчүсү Константин Кузьмич окумуштуулугунун үстүнө күлдүргү юморист адам эмеспи, же бир азил айтканын билбейм, экөө шыбырашып, күлүп калды...





oСандан-санга

Шай Доот
Мезгил сабактары
Урматтуу окурман, биз буга чейин аалам түпкүрүнөн адамзат дүйнөсүнө келип жаткан кубаттуу энергиялардын таасирлери тууралуу маалыматтар менен таанышып келсек, мындан ары бизге чейинки жер кезген цивилизациялар тууралуу баяндамаларды улантмакчыбыз. Ал баяндамалар бизди жомокко айланган чындыктарга жетелейт…

(Жайсаң ата баяны, 03.12.2009)

Жер өңүттө касиеттер унут калган,
Ойготулуп сезимиңер, чырак жанган

Кези келди, жандуу сезип баарын түгөл,
Ачылмакчы Казына Илим - чалкыган көл:

Жер жараны болушкан Атлантида,
Келечегин камашып туңгуюкка,

Калганында касиет тебеленип,
Рухтары чачырап себеленип,

Сириустан жай табып аруулары,
Эчен Заман өтүп барып карууланды.

Жердешиңер өзүңөрдөй, алар эми
Колдоп, тартчу силерди учур келди.

Кызыл Нурга каарылып, сындан өтүп,
Көгүш Нурга өтүүчү кезди күтүп,

Азат болчу күнгө жетээр бекенбиз деп,
Кайрылышат силерге үмүт издеп.

Бир четинен өздөрүнө үмүт тапса,
Сактайлы, - дейт, адамзатты ушул чакта.

Жердеш, бирок убакыт ажыратат,
Өзүңөрдөн аларды алыстатат.

Убакыттын сырлары ачылмакчы -
Кошо алсаңар өткөн, келээр, учур чакты.

Ушул жерде СЫР жатат эң негизги,
Бириктирүү Атлантида - адамзат кош эгизди.

Туура жүргөн рухтары колду сунат
Өткөзүшөт көпүрөдөн сүйөп, сылап.

Эки сыноо бир мезгилде эки элге,
Бири буудай илеби, бири Жерде.
(буу сымак илептеги, Сириустагы Атлантида кайып дүйнө рухтары жана азыркы адамзат цивилизациясы)

Азаттыкка жетишет силер менен,
Түшүнсөңөр ИЛИМди силер кенен,

Кызыл Нурлуу дүйнөнүн оту өчүп,
Көгүш Нурлуу дүйнөгө алар өтүп
(Сириустагы)

Алар үчүн жаңы Сфера өтө керек
Зор илимдин дагы эшигин ачсак дешет.

Атлантидага силер да себеп болуп,
Кайып дүйнө күчүнө жетип, толуп,

Көрүнбөгөн, бирок эми көрүнө алчу
Келди мезгил Кайыпка кирип барчу
(Алтын Доор)

Сириустан Цивилизация - жердеш, боорлош
Нур салышат Адамзатка, болуп Доорлош.

Жаңыланган Дооруна алар өтөт,
Адамзаттан аз гана, көңүл төшөп

Калың элден - катмары чакан гана
Себеленип, Кайыпка татып өтөт.

Жан, рухка азык сымал кубат төгүп,
Катуу дүйнө түспөлүнөн даана бөлүп,

Жумшак илеп, НУР Дүйнө, КУТ Илимге (Кайып дүйнөсү)
Жеткизмекчи түшүнгөндү ал ириде.

Себеби чукул келди Адамзатка
Кырдаалы, Доор жаңырчу, ушул тапта.

Кыйчалыш көпүрөдөн адашпастан,
Илимге ишенгени жолду тапкан.

Ыйыкты, бул билимди сиңире бил,
Ишенсең! Бийиктикке көтөрөт дил.

Жердеш болуп Атлантида өзүңөргө,
Боордоштугун көрсөтөт көзүңөргө.

Көрүнбөгөн Дүйнөнүн сырларынан,
Аян берип ар кылдуу кырларынан,

Ошол болуп жардамчы, түрткү катар,
Табасыңар туурасын жолду басаар.

Ал анткени алардан кеткен ката
Кайталанбай калса дешет адамзатта,

Жанын үрөп күн -түнү чыйпылыктап,
Ар кимиңе байланыш учур камдап,

Ата Рух, Нур, Кут, Пирлер түспөлүндө,
Түшсөк дешет орун алып дил төрүнө.

Мерген сымал бута кылып өзүңөрдү,
Жалдырашат таамайлап көзүңөрдү.

"Кулактарга жумшак дабыш илебинде
Угулсак, - дейт, - ишенимдүү", тилегинде.

"Илим болуп жүрөктөргө жазылсак, - дейт,
Кайып болуп көзүңөргө, ачылсак", - дейт,

Бизге келип кошулуп бир катарда,
Жер дүйнөнү сактасак дейт Күн батаарда.
(Адамзат цивилизациясынын Күнү батпашы үчүн, анын эволюциялык жолунун Улуулуктан кесилүүсүн каалашпай)

Кыйналса да ылдыйлап, Адамзатка
Кошулушат, жетүү үчүн бул максатка.

Ал анткени Улуу парз тынчтык бербейт,
Алар эми жөн гана жайдак желбейт.

Өкүнүчкө карай, бирок Жер жараны,
Адашат тааный албай ак-караны.

Күнү батпай калса экен деп, чыгып кайра,
Алар берген шол Илимдер - аккан дайра.

Өбөлгө боло калып, жарасак дейт,
Адамзатты биз жаркып карасак дейт.

Жакшы тагдыр, келечек алып берип,
Өздөрүнүн күнөөсүн салып "керип"

Бул Ааламдан тап такыр жууп салсак,
Туура жолдо адашпай туруп калсак,

Маяк сымал адамзат бизге ишенип,
Жогоруда биз болуп толук шерик.

Күчтүү жанса Адамзат чын үмүтү,
Жуулмакчы Атлантида зор күйүтү.

Ортодо Нух пайгамбар эли өткөн,
Кечирилип сынактардан, алар көптөн.

Ошол кезде неге сен Атлантида
Чыгарбадың, калтырып аны азапка
(Нух элин)?

Жардамды сен, анда неге ойлонбодуң?
Кайгысына алардын бойлонбодуң?

Деп сураган адамга төмөнкү жооп,
Жооп алганда качмакчы таарыныч, кооп.

Ал Доорунда Адамзаттын Нух элине
Жардам берип алардын эң кемине

Атлантида жердештер келмек кайда,
Келсе эгер өздөрү калмак сайда.

Ал анткени Сириустун Кызыл Нуру,
Кактап коймок ысык отко, кылып кулу,
(Уландысы бар)








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??