Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дил маек

"Режиссерлордун көбөйгөнү мени түйшөлтпөйт…"
Рустам Аташов,
режиссер:

Элге төбөсү көрүнүп калган бир эмес, бир нече тасманын режиссеру Рустам
Аташов менен чыгармачылыгы туурасында ой бөлүштүк.
Тасма…
- Жылына бир жаңы тасма тартып, коомчулукка сунуштоону салтка айлантып алгам. Бул жолу да карманган салтымды бузбай "Ак алтын" деген аталыштагы жаңы тасманы тартып, монтаждап бүттүм. Буйруса, аталган тасманы ушул жылдын декабрь айында коомчулукка тартуулаганы турам. Бул тасма Мамлекеттик тарых музейинин кинозалында 1-декабрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Мындан сырткары буга чейин элдин сыноосунан өткөн "Эркектер", "Эгиз тумар" тасмалары 1-ноябрдан тарта жогоруда аталган Мамлекеттик тарых музейинин кинозалында көрсөтүлө баштайт. Өлкөбүздө болуп өткөн окуялар элдин көңүлүн чөктүрүп, кайгыга салып койду. Элдин көңүлүн көтөрүү максатында жогорудагы тасмаларды дагы бир жолу коюп жатам. Азыр бизге тынчтык, биримдик, ынтымак керек.

Саясат…
- Мамлекеттин ички саясатынын туруксуздугу чыгармачыл адамдардын иштерине терс таасирин тийгизет экен. Жылда жай айында элиме жаңы тасма тартуулап турчу элем. Бул сапар жергебизде болуп өткөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу коомчулукка тартуулайм деген тасмам декабрь айына жылып отурат. Бул нерсеге өкүнбөйм деле. Бардык нерсенин өз учуру, мезгили болот эмеспи. Менин тасмамдын сааты да эми чыкты го деп ойлойм.
Азыр баарыбыз эле саясатка кирип кеттик. Саясат - чыгармачыл адамдар алектене турган иш эмес. Ар ким өз жумушун жасаса жакшы болмок. Тилекке каршы, биздин эл өз жумушун таштап, саясатка аралашып кетти. Бул көрүнүштөр биздин экономикалык, маданий жактан өнүгүүбүзгө тоскоол болуп жатат деген ойдомун.

"Ак алтын" тасмасы…
- "Ак алтын" тасмасы союз учурундагы мезгилди чагылдырган тасма. Бул тасма менен союз учурундагы мугалимдердин, дарыгерлердин иш-аракеттерин, жашоо турмушун чагылдырабыз. Тасманын негизги сюжети ошол доордун жакшы учурун камтып, элге чагылдырат. Эми бул тасма туурасында көп айтпай турайын. Элдин кызыгы тарап кетпесин. Буйруса, декабрдан тарта элибиз өзү күбө болуп, сындап алат. Дагы бир айта турган нерсе, "Эркектер - 2" кинокомедиясын тартып бүткөм. Учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бирок бул тасманы ушул жылы элге тартуулай албай калдык көрүнөт. Буйруса, келе жаткан жылдын башынан тарта кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт.

Атаандаштык…
- Туура, азыр режиссерлордун саны өсүүдө. Бир катар киностудиялар ачылууда. Бирок бул көрүнүштөр мени чоочутпайт. Атаандаштык күч болгон сайын, адамда изденүү көп болуп, сапаты мыкты тасмалар пайда болот. Тасмалар канчалык көп жаралган сайын, элдин таразасына коюлуп, иргелүүгө алып келет. Бул нерсе режиссерлордун профессионалдык жактан өсүүсүнө аябагандай чоң өбөлгө түзөт деген пикирдемин. Режиссерлор көбөйүп бара жатат деп коркпош керек. Чынын айтканда ар бир режиссердун өзүнүн көрөрманы бар. Менин тасмаларымды сүйүүчүлөр да жок эмес. Кино тармагында менин өз стилим, өз ордум бар. Ошондуктан режиссерлордун көбөйгөнү мени түйшөлтпөйт. Тескерисинче, биздин кино тармагыбыздагы өсүштөр мени кубандырат жана дем берет.

Кемчилик…
- Биринчи тарткан тасмама караганда экинчи тарткан тасмам мыктыраак болуш керек деген карманган принцибим бар. Экинчи тасмада биринчи тасмадагы кетирген катачылыктарды кайталабоого аябай аракет кылам. Адам өзүнүн өскөнүн жасап жаткан иштеринен билет эмеспи. Мен дагы өзүмдүн ишимде, алдыга жылып жаткандыгымды акыркы тарткан тасмалардан көрүп, байкап жатам. Бул мактаныч эмес. Өзүмдү профессионал режиссермун деп айтуудан да алысмын. Профессионалдуулукка жетүү үчүн мен дагы көп эмгектенишим зарыл. Эми ар бир тасмада кемчилик болот. Чынымды айтсам, ушул кезге чейин өзүмдүн купулума толгон, өзүм ыраазы болгон тасма тарта элекмин. Бир чети тасмалардагы кемчиликтердин пайда болушуна каражат маселеси өз таасирин тийгизип жатат. Мыкты сценарий болгону менен, аны жогорку деңгээлде тартууга каражат жок болуп, ал тасма жеңил тартылып калышы мүмкүн. Элибизде: "Көрө-көрө көсөм болот"- деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары биздин кемчиликтер да тынымсыз эмгектин арты менен жоюлаарына толук ишенем.

Эротикалык эпизод…
- Биринчи жолу "Министрдин кызынын махабаты" тасмасын тарткам. Ошол тасмада мен жаштык кылып, жаңылыштык кетиргем. Чыгарманын автору башка киши болгондуктан, мен чыгарманы бурмалай албай, ошол өзөктөн чыкпай тартып жатып, эротикалык эпизоддорду аябай ачык берип салгам. Муну кийин түшүндүм. Ал нерсени алып деле таштасам болмок экен. Бир жаман жери ал тасманын пираттык жол менен элге тарап кеткени болду. Мен ал тасманы дискке эротикалык эпизоддорун алып салып чыгарайын дегем. Бул менин жаңылыштыгым. А чындыгында эротикалык эпизоддорду бир көз караш менен да чагылдырып, ачып берип койсо болот. Ар бир элдин өзүнүн менталитети болот эмеспи. Жылаңач цивилизация биздин менталитетке туура келбейт. Биздин эл муну кабыл ала албайт. Ошондуктан кыргыз кинолору төшөк маселесин чагылдыруунун жеңил жолдорун тандап алганы эле дурус го деп ойлойм.

Сахна…
- Ооба, алгач чыгармачылыкка ыр менен келдим. Бирок эл мени ырчы катары таанышын каалабайм. Азыр эмне көп, ырчы көп. Ырчылыкка караганда режиссерлук жүрөгүмө жакын. Азыркы жумушум өзүмө аябай жагат. Сахнадан кеткениме беш-алты жыл болду. Ошондон бери ырдай элекмин. Үнүм деле жоголуп кетсе керек. Yндү да багыш керек да. Бош учурда ыр чыгарып койсомбу деген ойлор пайда болот. Тилекке каршы, ага азырынча менде убакыт жок. Мен ырчылыкты эмес, режиссерлукту тандап алдым. Бир топ тасмаларды жараттым. Мен жараткан тасмаларды сүйүүчүлөрдү таптым. Кайсы бир учурда сахнага кайтып, азыркы эмгегимди талаага таштай албайм. Мен өзүмдү ырчы эмес, режиссер деп эсептейм.
Баарлашкан
Жаркынай Кадыркулова








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??