Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Рыскелди МОМБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер:
"Эл өкүлдөр эмес,
эл өкүртөр палатасы болсо, эл…"
- Рыскелди мырза, сиз "шайлоонун жүрүшү эмес, бүтүшү чатакка айланат" деп шайлоо алдында айттыңыз эле. Оболу ошондой болуп жатат. Азыркы чыр-чатактардын аягы эмне менен бүтчүдөй?
- Мен шайлоочулар менен болгон жолугушууларда такай эле "азыркы аламан байгеге аттанышкан 29 партиянын ашып кетсе 6 партиясы мандат алат, калгандары соодалашуу үчүн ар кандай чыр-чатактарга барат" - деп айтып жүрдүм. Азыркы чыр-чатактардын чыгышына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга койгон талаптары негиз болуп жатат. Анткени алар БШКга асылып жатышат, "кошумча тизмедеги 200 миңге жакын шайлоочулар кайдан чыкканын тактап бергиле" кыязында. Ошол эле учурда, алардын талабын "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партиялары колдоп чыгышты. БШК алардын талабын аткарууга киришип, протоколдорду салыштырып башташты эле, "шайлоонун жыйынтыгын тез чыгаргыла" дешип "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" партиясы кайрадан БШКны кокодон алып башташты. Эмнеге? Анткени аталган партиялардын түштүктөн алдык дешкен түмөн добуштары күмөн болуп калган. Жанагы Адахан мырзалар "алып салгыла" деген 190 миң кошумча тизме менен пайда болгон добуштун 110 миңге жакыны Ош, Жалал-Абад облустарынан пайда болгону билинип калган. Эгер аларды БШК жокко чыгарса, анда "Бүтүн Кыргызстан" 5 пайыздык тосмодон өтмөк, "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" "өлмөк". Кошумча тизме менен кирген шайлоо участкаларынын дээрлик баардыгында аталган эки партия арбын добуш алышканын эске алсак, анда ала турган мандаттары арсар болуп калмак. Ошентип, оюндан от чыгарып аларын сезишкен эки партия, эми тескери заара ушатып турган чагы. Бул чырдын, бул сырдын аягын азыр бүтүргөнүбүз менен, кайра кайрылып келе турган убак болот.
- Демек, сиз шайлоо "таза өттү" дегендерге кошулбайт турбайсызбы?
- Талашка түшкөн талапкер катары, "бул шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда алда канча тазараак болду" деп айта алам. Ал эми "таза шайлоо болду" деп, кудай алдында калп айта албайм. Ачыгын айтканда, азыркы бийлик биз күткөн таза шайлоону камсыз кылып бере алган жок. Добуштарды сатып алуу аракеттерине каршы чара колдоно алган жок. Эгер шайлоо таза өткөн болсо, анда азыркыдай чыр-чатактар чыкмак эмес. Таза шайлоо болгондо, "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" партиясы арткы орундарда болмок же 5 пайыздык тоскоолдуктан өтө алышпай "капут" болмок. Канча деген добуштар кошулуп жазылганы жарыкка чыгып жатпайбы! Анан кайсы бетибиз менен"таза шайлоо болду" деп айтабыз.
- Эми "болору болду" демекчи, эртеңки келечегибиз кандай болчудай?
- Ал азыркы "уттук" дешкен 5 партиянын лидерлеринин амбициясына жараша болот. Эгер алар бир пикирге келише албаса, анда азыркы парламенттин өмүрү эң кыска болот. Жаңы жылга жетпей парламенттик кризис башталып, жазга жетпей таркап кетиши мүмкүн. Эгер алар эл өкүлдөр эмес, "эл өкүртөр" палатасына айланып кетсе, эл эртең эле таркатып жиберет. Бул менин жеке пикирим.
- СДПК менен "Республика" партияларынын парламенттик коалицияда бирге болуу тууралуу чечимдерине кандай карайсыз?
- Шайлоо баштала электе көрөгөчтүк кылган Өмүрбек Токтогулович дагы бир жолу көрөгөчтүгүн, саясатта такшалып калгандыгын тастыктады. Эгер аталган эки партияга "Ата Мекен" партиясы бириксе, карапайым элдин каршылыктары азаят. Көпчүлүк элдин күткөнү ушул болгону менен, кызыкдар күчтөрдүн күткөнү башка. Эгерде элдин элегинен өткөн 5 партиянын лидерлери эртеңки келечек үчүн биригип кетишсе, эң сонун эле болмок. Бирок алдыда президенттик шайлоо тургандыктан, булардын биригүүсү күмөн туудурат.
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талабы мыйзам ченемдүү деп ойлойсузбу?
- Албетте, алардын арызданганга акысы бар. Алтургай себеби дагы бар. Бирок биз бир нерсени эске албай жаткансыйбыз. Ушул эле Адахан мырза мындан үч жыл мурун болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы канча күндөн кийин жарыяланганын айта алабы? Маселен, мен ал шайлоонун жыйынтыгын азыркы күнгө чейин көрө элекмин. "Коммунисттер" партиясы кайсыл аймактан канча добуш алышкандарын, кандайча "Ата Мекен" партиясы парламентке өтпөй калганын ал кездеги спикер Адахан Кимсанбаевич билбесе, карапайым элдин андан кабары жок. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев өткөндө Адахан Кимсанбаевич менен "Азаттыктын" УТРКдагы "Ыңгайсыз суроолор" эрөөлүнө чыкканда, бир нерсенин ачыгын айта албай койбодубу, "убагы келгенде угасыңар" кыязында. Мен ошол кездеги шайлоонун шайтан оюндары болсо керек деп ойлоп жатам.
- Эмне үчүн сиздердин партиянын лидери Алмазбек Шаршенович ушул убакка чейин унчукпай отурат? Эмне үчүн президент эки жолу чакырса барбай койгон?
- Биринчиден, президентибизди сыйлабагандан эмес, мыйзамды сыйлагандан акырын "аткез" берип жатса керек да. Анткени шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө азыркыга чейин жарыялана элек, массалык маалымат каражаттарына бериле элек. Демек, шайлоо азырынча бүтө элек десек болот. Добуш берүү бүткөнү менен, добуштарды саноо азырынча бүтө элек да. Президентибиздин алар менен алдын ала сүйлөшүп жатканы, саясий стабилдүүлүк үчүн болсо керек да.
- "Уттук" дешкен партия лидерлеринин шайлоо күнү бүтөөрү менен Маскөөгө барып келишкендерине кандай карайсыз?
- Андан сыр издөө, жумурткадан кыр издөө менен эле барабар. Кептин баары барышкандарында эмес, кимдер кабыл алышкандарында. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондон кийин, ага кызмат көрсөтө турган, ага кыр көргөзө турган өлкөлөр болот. Кыргызстан менен кызматташа турган өлкөлөрдүн баарысы эле "уттук" дешкен партия лидерлеринин келечек пландары менен таанышкысы келет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мына, шайлоо бүткөндөн бери Алмазбек Шаршеновичке Европа Кеңешинин Борбордук Азия, Кавказ өлкөлөрү боюнча өкүлү Пьер Морель, Орусия президентинин атайын өкүлү Владимир Рушайло, ошондой эле Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн бир канча элчилери кирип чыгышты. Алар А. Атамбаевди эмес, А. Атамбаев аларды кабыл алды. Демек, көпчүлүк өлкөлөр жаңы өкмөт башынан Атамбаевди көргүсү келип жатышса керек да.
- Рахмат маегиңизге.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??