Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Төрт жылдан кийин…
Мындан туптуура төрт жыл илгери, 2006-жылы 2-ноябрда "Реформа үчүн" деп аталган кыймыл президенттик бийликти чектөө, үй-бүлөлүк башкарууну жок кылып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылып, айтылуу ноябрь митингдерин баштаган. Бул кыймылдын башында быйылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен КСДП, "Ата Мекен", "Республика" партияларынын лидерлери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабановдор турушканы эсибизде. Тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы, төрт жылдан кийин дал ошол лидерлердин колунда өлкөбүздүн кийинки тагдырын чечүү вазийпасы ыйгарылып, алар ошондо талап кылган парламенттик башкарууга жетип отурабыз.
Эми ошондогу тилектерин азыркы мүмкүнчүлүктөрү менен туура пайдаланышабы же амбицияларын ооздуктай албай, элибизди убайымга салышабы, аны убакыт көрсөтөөр…

Апрель окуясы болбогондо…
Президенттик администрацияны жетектеп аткан Эмилбек Каптагаев 28-октябрда болуп өткөн "Кыргызстан: жаңы реалдуулук" деп аталган форумда өткөн-кеткенден кеп салып келип: "Эгер апрель окуялары болбогондо Кыргызстандагы азыркы белгилүү саясатчылардын көбүнүн көзү тазаланмак" - деди. Эмилбек мырзанын бул сөзү канчалык коркунучтуу угулбасын, ошол учурда мындай коркунучтуу ой оппозициялык маанайдагы аттуу-баштуу саясатчыларыбыздын көпчүлүгүнүн башында айланып жүргөн. Марат Бакиев менен Мурат Суталинов башкарган ошол кездеги УКМКчылардагы ишенимдүү булактарыбыздан акыйкаттык үчүн айтканынан кайтпай, улам-улам митинг өткөрүп, Бакиевдердин ичкенин ириң, жегенин желим кылып аткан Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев өңдүүлөрдү апрелдин алгачкы күндөрү тез арада "тынчытуунун" жолдору иштелип жаткандыгын укканыбыз бар. Эмил мырза айткандай, ондогон өмүрлөрдү алып кеткен апрель окуясы ишке ашпаганда, Бакиевдердин репрессиясы Ислам аканыкынан ашып түшмөк. Тилекке каршы, эл менен эсептешпей эпсиз эсирип кеткен эски бийлик ээлери баары бир элибизди канга боёгонго үлгүрүп калды. Бирок "кан коё бербейт"-демекчи, кайсы бир күнү канкорлор тийиштүү жазасын алышаар…


Бакиевдер өлкөдөн 250 млн. доллар чыгарып кеткен
Максим Бакиевдин жеке капчыгына айланган кадимки "АзияУниверсалБанк" банкрот деп жарыяланды. Мындай чечимди мурдагы күнү Бишкек шаардык соту чыгарды. 7-апрелге чейин үй-бүлөнүн жеке кызыкчылыктарына гана пайдаланылып келген АУБ эми банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин атайын көзөмөлүнө алынды. Бул банктан апрель окуялары учурунда Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Марат Алапаев, АУБдун негиздөөчүсү делинген Михаил Наделдердин аркасы менен 3 миллиард сом сыртка чыгарылып кеткен. Учурда жогорудагы эки эргул баш болгон бир топ "келемиштерге" эл аралык издөө жарыяланган. Айтмакчы, өлкөбүздүн 1-вице-премьер-министри Амангелди Муралиев "АзияУниверсалБанк" элдин ишеничинен тайган, ошондуктан, банк банкротко учурап отурат"-деп жар салды. Ошондой эле экс-президент К.Бакиевдин жакындары өлкөдөн 250 млн. доллар алып чыгып кетишкенин да кошумчалады.


Кезекте Молдобаевби?
Шайлоодон кийин "Ата-Журт" партиясынын ички жашоосунда бир катар өзгөрүүлөр болуп, анын аркасында ар кандай чатактар, чабышуулар, нааразычылыктар күч алып аткандыгы айтылууда. Жакында эле тизмеден четтетилген экс-премьердин жубайы Динара Исаеванын таз кейпин эми нарындык экс-ак жолчу Нарынбек Молдобаев кийип калышы мүмкүн экендиги байма-бай айтыла баштады. Тартип боюнча өз аймагынан тийиштүү добуш алып бергендерге мындай коркунуч жок экендигин, Нарын облусунан 3,5 миң добуш алып, "Ата-Журттун" 0,5 пайыздык өтмөгүнөн ийгиликтүү өткөрүп бергендигин билдирген Нарынбек мырза "Ата-Журттан" азырынча айдалбай тургандыгын ачыктагандыгы менен мындай сөздөрдүн учугу үзүлбөй келет. Айтмакчы, Кара-Балтадан "Ата-Журт" үчүн татыктуу иштеп бере албагандыгы үчүн тизмеден чийилген Динара Исаеванын он чакты тарапкери Кара-Балтадагы "Ата-Журттун" кеңсесине келип, чоң чатак чыгарып кетиптир.


Бийликке келген оппозиция билимсиз дейби?
Башкы прокурор Кубатбек Байболов "Дело№" гезитине: "Бул шайлоо мурдагыларга караганда мыктыраак өттү, бирок биз каалаган деңгээлден начар болду" - деп билдирди. Анын себеби катары бийликке келишкен оппозициянын шайлоодо уюшуп, бирдиктүү иш алып бара алышпай, ар кандай максаттарды көздөгөн чектелүү билимдүү болушканы менен байланыштырды. Ошол эле учурда ал: "жаңы бийликтин өкүлдөрү административдик ресурска бөгөт коё алышты, анткени бардык жамандыктар ошондон келип чыгып жатат деп ойлошкон. Бирок ушул шайлоодо гүлдөгөн шайлоочуларды сатып алууга каршы чыга алышкан жок. Криминалдардын аралашуусу, сатып алуу да ушунчалык абдан чоң деңгээлде болду", - деп белгиледи. Албетте, бул туурасында канчалык айткан менен болору болуп боёсу канды десек жарашат. Ошондуктан Башпрокурор баарынан мурда оппозициядагылардын кимиси билимсиз болгонун ачык айтып койсо болмок экен… Ошондо бийликтегилердин кимисинин деңгээли кандай экенин элибиз так билип алмак эле..

"Жылкы мүнөз"...
Жеткен жандимилердин бири атыккан Каныбек Иманалиев деген Акаевдин "оту менен кирип, күлү менен чыгып" байлык топтогон эргул бар. Бүгүн бирди айтса, эртең теңирден тескери сүйлөйт. Бакиевдин бийлигинин учурунда чээнге кирип кетип, 7-апрелден кийин революциянын башында турган "баатыр" кейиптенип, кызмат үмтөтүп чыга калган жайы бар. Эл-жер деп канкор бийликтин огунан кайтыш болгон жигиттерибизди жерге берүү зыйнатын жетектеп, жалындуу сөздөрдү сүйлөп, бийликке жагынып чыркырамыш болгон андагы эргул бүгүн тескери "сийип" калганы туурасында айыңдар тарай баштады. Эл арасында айтылган сөздөргө караганда кайран Каныбек "7-апрелдеги окуя боюнча азыркы бийликтегилерди соттош керек" деп тар чөйрөдө аябай бакылдайт имиш. Демек, "көнгөн адат калбайт" дегендей, кечээкисин бүгүн унуткан Иманалиевдин "жылкы мүнөзү" кармаган го...

Атамбаев премьер-министр, Текебаев спикер...
АКИпресс маалымат агенттиги ким премьер-министр, ким спикер болот деген сурамжылоо жүргүзүштү. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн сурамжылоодо Атамбаев 31.5%, Бабанов18.9%, Кулов 16.5%, Текебаев 15.7%, Ташиев12.6 пайызга ээ болсо, спикерликке болгон сурамжылоодо Текебаев 53.5%, Ташиев 21.9%, Бабанов 9.6%, Кулов 7.0%, Атамбаев 4.4 пайызга ээ болушкан. Демек, агенттиктеги сурамжылоодогу натыйжага таянсак коомчулук Атамбаевдин премьер-министр, Текебаевдин спикер болушун каалашары билинип турат.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??