Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КОАЛИЦИЯ "тамашасы"
1. Башаламандык кимге керек?
Шайлоонун шайтан оюндары да күтүүсүз натыйжаны алып келди. Негизги мыйзамыбызда парламенттик башкарууга өткөнүбүз белгиленген менен, шайлоодон кийин күчтүү президенттик башкарууну көксөгөндөр Конституциябызды кайрадан өзгөртө тургандыгын БШК али расмий жыйынтыгын билдире электе эле жар салып, карапайым калктын башын маң кылууда. Ошол эле учурда кандай коалиция түзүлөрү талаш маселелердин бири болуп калды. Ал эми Кыргыз Республикасын эртеңки күндө курмандыкка чалуудан кайра тартпай турган айрым лидерлер ансыз деле алсырап да, кансырап да турган өлкөбүздүн биримдигинен жеке амбициясын жогору койгон учурга тушугуп отурабыз. Азыркы күндөгү кырдаал кайсы бир "саясатчылардын" чыныгы жүзүн тастыктап койсо да, алардын ит жеминдей акчасынабы, болбосо жек-жааттык, тууганчылык жана жердешчилик сыяктуу эски илдетине чалдыкканынанбы, айтор, митинг-пикеттер тынымсыз өткөрүлүп, эски бийликтин өкүлдөрү менен сарай төңкөрүшүндө курман болгондордун ортосунда тирешүүлөр күчөп барат. Акыл-эске салып караган адамдарга жергебиздеги бул көрүнүш региондук күчтүү бөлүнүүгө алып келери ачык көрүнүп калды.
Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгон кезде Орусиянын айрым саясий серепчилери "арадан 20-25 жыл өткөн соң Кыргызстандын түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Казакстанга кошулат"-деп айткан божомолу туура чыга турган мезгилге тушукканыбызды коркпой айтсак болот. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын ызы-чуусу буга айкын мисал боло алат. Анын лидери Адахам Мадумаров кошумча тизмедеги 200 миң шайлоочунун добушун мыйзамсыз деп табууну талап кылышы абийирдүүлүккө жана жигитчиликке жатар бекен? Мансап үчүн мамлекетибиздин келечегине кайдыгер мамилеси патриоттук болобу? Ал эми "Ак жол" партиясы аркылуу депутаттык мандат алганда мындай кошумча тизмени пайдалануу "ыкмасын" неге четке каккан жок? Ошондо административдик ресурстар кеңири пайдаланылганын танабы?
Биздин айрым саясий лидерлердин айыкпас ит оорусу - күрөштө жеңилгенин татыктуу тосуп ала албагандыгында. Мунун себеби жашыруун эмес, ал мансапкорлук. Анын үстүнө Бакиевдердин "бөлүп алып, башкара бер" принцибин туу тутуп калгандыгын турмуш өзү аныктап отурат.
Айтпай турган эмнебиз калды? "Бүтүн Кыргызстан" митингге алып чыккандардын арасында ушул партиянын лидерлеринин аялдары, балдар-кыздары барбы? Алар эч качан мындай опурталдуу оюндарга аралашпайт. Кыштын суугунда, жайкы аптапта "аянттагы бул саясий чыр оюндарга" карапайым калктын, болгондо да элибиздин сабатсыз, ишенчээк бөлүгү гана тартылат. Мансапка жетпесе да, жетсе да учуру өткөндө лидерлер ушул митингге чыгып бергендер менен адамча сүйлөшөт болду бекен? Митингчилер элибиздин "коон бышканда дос болуп, бозо сүзгөндө ажырашарын", "бир үйгө экинчи үйдүн жарыгы тийбесин" ойлобогондугу өкүндүрөт. Ушул жол менен азыркы күндө аракет жасап жаткандар үчүн өлкөдө башаламандыктын күчөшү баарынан мурда зарыл каражат катары кызмат кылууда. Мунун натыйжасында мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу түзүлгөнүн эскерте кетсек күнөө болбос.

2. Парламент кайсы "паралеллден" кесилишет?
Жашоонун өзү карама-каршылыктардан турары баарыбызга белгилүү. Шайлоонун мурдагыларга караганда бир кыйла таза өткөндүгүнөн бири-бири менен кесилишпеген эки параллель сызыгындай болгон саясий күчтөр парламенттик орундарга ээ болду. Эске салалычы, мурдагы "Ак жол" партиясынан турган парламент өзүнө караганда элге кадыр-баркы бар партияларды жасалма жол менен кулатып, катарларында оппозициялык күчтөр болбой калгандан кийин аргасыз КСДП менен ККП партияларын киргизүүгө мажбур болуп, "биз оппозицияга да орун бердик"-деп желпинишкен. Мында талаш-тартыш маселелерде оппозициянын ой-пикирлери четке кагылып келгенине калкыбыз деле күбө болду.
Азыркы парламентте карама-каршылардын ортосунда тең салмактуулук түзүлдү, бирок депутаттарыбыз бир маселени караганда жеке амбициясын көтөрүүгө интригалык оюндарды башташпайбы? Ошондой эле эки жаат болуп, мушташканга чейин жетишпейби? - деген күдүк ойго аргасыз батасың. Анткени шайлоо бүтүп-бүтпөй, коалиция түзүү багытында сүйлөшүүлөрдө бүт партиялардын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригиши мүмкүн эместигин белгилесек болот. Аргументтерди келтирели.
Айрым партиялар шайлоо өнөктүгү башталганда өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүктүрүүнүн ишенимдүү жолун издеп, калктын жашоо шартын жакшыртуу, регионалдык жактан бөлүнүүлөрдү токтотуунун жолун табуу, эски бийликтер тарабынан түптөлүп бүткөн коррупцияга чек коюуга иштиктүү чара көрүү, эл чарбасын өнүктүрүү сыяктуу орчундуу маселелерди эмес, негизги максатты Конституцияны өзгөртүүгө катуу басым жасашы биздин бир топ лидерлердин саясий жактан али өсүп жетилбегендигин айгинелеп койгонсуйт. Биз үчүн Негизги мыйзам саясатчылардын "футбол тобунун" милдетин гана аткарып калды десек жаңылбайбыз.

3. Коалициягабы же конфронтациягабы?
Саясат кылдаттыкты, дипломаттык чеберчиликти, зарыл болгон жерде компромисске барууну талап кылат. Мындай өзгөчөлүктөргө караганда жеке амбициясы күчтүү, эркине эмес, эмоцияга алдырган, өз дараметин билбеген, башкалардан өзүн акылман жана көрөгөч сезген, "оордун үстүндө, жеңилдин астында" жан сактаган, башкадан принципти сактоону талап кылган, бирок өзү аткарбаган саясатчыларыбыз көп болууда.
Мамлекетти башкаруу багытында көз караштарда пикир келишпестик да тирешүүнүн очогуна айланат. Ошол эле учурда акаевчилер-бакиевчилер-отунбаевачылар деген бөлүнүүлөр дагы күчөйт. Бул парламенттеги конфронтация жалпы элибизге чоң залакасын тийгизери шексиз. Булардын тил табышып иштешине ишенүү кыйын.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасы кайсы мамлекеттер менен өнөктөш болору да таасирин тийгизбей койбойт. Парламентте Европа өлкөлөрүнө жана Орусияга жан тарткан топтор бар экендиги да "саясий-шоуда" пикир келишпестикти күчөтө берет. Ал эми Орусия Кыргызстанда кандай бийликти кааларын ачык эле айтып койгон. Бирок эгемендүү өлкө болгондуктан, ички иштерибизди чечүү өз эркибизде. Орусия тарабынан айрым кысым жасоолор да болушу мүмкүн. Ошондой болсо да Кыргызстандын колунда оюндун жүрүшүндө "көзүрү" турат. Бул дүйнөлүк геосаясат болуп саналат. Тактап айтканда, Орусиянын түштүк-чыгыштан коопсуздугу Борбордук Азия менен мамилесине жараша болорун алар эч унутушпайт. Экинчиден, эң арзан чийки сырьё булагынан, арзан жумушчу күчүнөн, товарларын жана капиталын кымбат баада сатып алуучу аймактан кол үзгүсү келбейт. Бул мамлекет башчыбыздын, Өкмөтүбүздүн тең ата сүйлөшө билүүсүнө жараша болот.
Жогорудагылар боюнча ой жүгүртсөк, бизде бирдиктүү коалиция түзүлбөйт. Парламентте биринчи топту "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партиялары, экинчисине партиянын программасы жактан карама-каршы болсо да эски бийликке каршы чогуу күрөшкөн КСДП жана "Ата Мекен" партиялары биригүүгө мажбур болот. Кантсе да "Республика" партиясы акыркы күндөрдөгү "Ата-Журт" партиясындагы бир кыйла "лидер" болуп жүргөндөрдү шайлоодогу "жеңиштен" кийин "тазалашы" бир кыйла апкаарытып койду. Эртеңки күндө мындай тагдыр республикачылардын башына түшүшү да мүмкүн болгондуктан, КСДП менен "Ата Мекен" партиялары менен аргасыз кошуларын белгилесек болот. (Макала даярдалып бүткөндө "Республика" партиясы КСДП партиясы менен коалицияга бириккени тууралуу маалымат жарыяланды). Ошентип, анчалык деле артыкчылыкка ээ болбогон коалициялар ортосунда конфронтация башталат сыяктанат. Албетте, мындай шартта коалициялык Өкмөттө да тирешүүлөр күчөй берери далилдөөнү талап кылбаган аксиома болуп саналат. Натыйжада, Өкмөттүн курамы тез-тез өзгөрүлө берет да аткаруу бийлигинде да, парламентте да саясий кризис алардын таркашына алып келиши мүмкүн.

4. Партиялардын компромисске барышы күмөн
Дүйнө жүзүндө бири-бири менен саясий аренада айыгышкан душман катары мамиле жасашкан саясатчылар да, мамлекет башчылары да өз кызыкчылыгынан мамлекеттин коопсуздугу үчүн ар дайым компромисске барышкан. Мисалга алалы, коомдук саясий түзүлүшү карама-каршы эки системанын: социалисттик менен капиталисттик мамлекеттердин көрүнүктүү жетекчилери Сталин менен Черчиллдин мамилелери эч келишкен эмес. Дүйнөлүк экинчи согуш мезгилинде жана андан кийин Тегеранда, Ялтада жана Потсдамда жолугушуу учурунда катуу талаш-тартыш учурунда алар деле жүйөөлүү сөзгө моюн сунуп, кези келгенде өлкөсүнүн кызыкчылыгына ылайык компромисске барышканын тарых тандырбайт. Ал эми Кыргызстандын парламентине өткөн партиялар эки башка мамлекеттики эмес, бир эле өлкөнүн жарандары, бирок алардын амбициясы башынан ашкандыктан компромисске барарына ишеним жок.
Канга бүткөн адатпы, өздөрүнүн атын чыгарууга тынымсыз "кара пиар" уюштуруп, өздөрүн жабыр тарткан адам катары көргөзүшүп, элдин биримдигине көз көрүнөө доо кетиришүүдө. Саясатчылардын "тебишип жүрүшүнөн" калкыбыздын канчасы тентип кетти. "Чабышып жүрүп чачылдык", ыркыбыздын кеткенин билген коңшу өлкөлөр чек арабызды кой, түпкүргө чейин кирип келип, малыбызды айдап, адамдарыбызды байлап кетип жатышат. "Жаман өз элине тап" дегендей, өнөрүбүз өзүбүздү кордоого чыкканын көрүп жатабыз. Ушундай шартта коалициялык Өкмөтүбүз түзүлсө да, 5 партия алардын көз карандысыз иштешине мүмкүнчүлүк берер бекен? Ал эми Өкмөт башчылыгына бул партиялардагы адамдар эмес, бир да партияга көз каранды эмес адамды көтөрүү керек. Ал жылына бир жолу депутаттар алдында отчёт берип турушу эле жетиштүү болмок. Ушуга биздин 5 партия даярбы? Деги качан биз саясий маданияттуулук деңгээлине көтөрүлө алабыз? Эгерде бул саам компромисске барбасак, партиялардын тирешүүлөрү мамлекетибиздин ыдырап кетишине алып келүүчү күчкө ээ болуп, аягында "этин эмес, табагын таба албай" калып жүрбөйлү? Владимир Ленин айткандай, азыр бизде "саясий ызы-чуулар аз болуп, бардык көңүл экономикага" бурулушу керек…
Эртабылды АТТОКУРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??