Феликс "Андерсен"
Куловдун жомогу
Бир жумадан бери Камчыбек Ташиевдин жактоочусу катары кызматын өтөп аткан Феликс Кулов мурдагы күнү журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, "Ташиев чатагы" кандай болгондугун төкпөй-чачпай божурап берди. Окуя тууралуу Кулов Ташиев менен тынч отуруп, эмне болгонун шашпай сураптыр. Камчыке ал күнү эки адам (бирөө европалык улуттагы, экинчиси азиат) келип, биз электрикпиз деп айтышканын, анын жан сакчылары алардын сумкаларында курал-жарак бар экенин көрүп, үйдүн короосуна киргизишкенин, алардын бирөө кетип, экинчиси короодо калып калганын, ошондон кийин, кесиптешин куткарабыз деген ой менен башка УКМК кызматкерлери келгенин Феликс досуна төкпөй-чачпай айтып бериптир. Мындан улам Куловдун бул жомогу куралчан 50 адам басып кирди деп ач-айкырык салып чыккан Камчыкенин версиясына таптакыр коошпой, буларың ачык эле апыртканга өтүшкөнбү деген ойго келип отурабыз. Теңирден тескери эки кепти айтып чыгышкан экөөнүн кимисине ишенээрин билбей элибиздин да эси эки болууда. Элүү адам келди беле же эки электрик келди беле ошону такташтырып алып, анан кимдир бирөөнүн отставкасын талап кылышса жакшы болмок.


Баракелде, Бабанов!
Кечээ жакында "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстан-социал-демократиялык партиясы менен коалиция түзүүгө даяр экендигин айтып, көпчүлүктүн көңүлүнө төп келген чечимин коомчулукка жар салды. Кандай гана кысымдар, кыйынчылыктар болбосун Өмүрбек Токтогулович тагдыр чечүүчү маалда өз сөзүн айтып, чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды. Бирок, тилекке каршы, жумурай-журт каалап аткан, чыдамсыздык менен күтүп аткан КСДП+Ата Мекен+Республика коалициясы азырынча түптөлө албай турат. Себеп дегенде, көпчүлүк урматтап, сыйлап келген ата мекенчилерибиз чечүүчү учурда орто жолдон ойт берип, ойлонууга убакыт сурап отурушат. Кыргызстаныбыз кыйчалыш кырдаалда турганда "Ата Мекен" акылга келип, жогорудагы коалицияга бириксе деген тилек көпчүлүктүн көңүл чордонунда турганы эч кимге деле жашыруун эмес да.


Бакиев Аксыдан баштаптыр…
Чубактын кунундай чубалып, аягына чыкпай келе жаткан "Аксы окуясы" боюнча кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты. Айыпталуучулардын аттары ачыкталып, ага экс-президент Курманбек Бакиев да кошулду. Мындан 8 жыл илгери "Тайфун" операциясына кол коюп, Аксынын кырчындай алты жигитин аттырып ийген ошол кездеги премьер-министр Бакиев башында турган Чубак Абышкаев, Болот Жанузаков, Зоотбек Кудайбергенов, Мамбеталиев баш болгон аткаминерлердин иштери сотко өткөрүлгөнү турат. Эми акыйкат чечим чыгып, үй-бүлөлүк башкаруунун алгачкы курмандыктарына айланышкан Аксынын жигиттерин аттыргандар тийиштүү жазасын алат деген үмүт оту бүлбүлдөп турат. Бакиев тушунда го, "балык башынан сасып" бир дагы чиновник жоопко тартылган эмес. Эми сок билек сотторубуз акыйкат сөзүн айтышаар… Баса, Бакиев президент кезинде "Аксы окуясын" ийне-жибине чейин иликтеп чыккан ыраматылык Дооронбек Садырбаевдин өлүмү да көптөгөн шек саноолорго жем таштаган. Кайран Доке ошондо Аксынын азаматтарын атууга түздөн-түз көрсөтмө берген "Тайфун" операциясына Курманбек Бакиев кол койгондугун ашкерелеп, ачык айтып чыккандан кийин ар кандай куугунтуктоолорго кабылып, арадан көп өтпөй аркы дүйнөгө кете берген.


Феликең Темикени губернатор кылабы?
Ар качандан бир качан ойкуп-кайкып кетмейи бар "Ар-Намыстын" "атасы" Феликс Куловдун өтпөй калган партиялардан да адамдарды чакырып, кеңири коалиция түзүш керек деген чакырыгы башкасына болбосо дагы "Ак шумкардын" лидери Темир Сариевге майдай эле жагып атыптыр. Премьерлик көздөн учуп, кандай гана жол менен болбосун эки тизгин бир чылбырды колго алыштын амалын көрүп жаткандардын арасындагы эң эле амбициясы ашып-ташыганы дал ушул Кулов экендигин көпчүлүк айтып келет. "Ата-Журт" менен антташканы менен алардан майлуу-сүттүү мансаптар азыраак артып калаарын эске алып, экинчи вариантын ойлонуштуруп атканын уктук. Жыландан башын кылтыйтып, кеңири коалиция деген шылтоо менен 5 пайыздык өткөөлдөн өтпөй калгандарга кол сунуп атканы - анын "запасной" жүрүшү имиш. Бул ойду илгиртпей түшүнгөндөр "Куловдун баягы эле куулугу да" - деп, Феликстин сунган колун суутуп атышыптыр. Бирок "Ак шумкардын" "шумкары" кеп сөзгө келиптир деп угуп калдык. Кокус, Куловдун "запасной" ою орундалып калчу болсо, Темикең Чүйдүн губернаторлугун "басып жыгылат" имиш.


Баалуу кагаз баяны…
Аз күн мурда өлкөбүздүн банктарынын биринен каратаман калкыбыздын түшүнө кирбеген 4 млрд. долларга жакын акчага бааланган баалуу кагаздар (вексель) табылгандыгы жөнүндөгү кабар туш тарапка тараган. Билерман-эксперттерибиз: "ал вексельдердин чын-бышыгын такташыбыз керек, балким анда 4 млрд. эмес, 4 тыйын да болбой калышы мүмкүн"-деген божомолдорун божурап келишет. Башпрокурор Байболов да дал ушундай оюн айтып, бул вексельдерди Бакиевдер менен 2004-жылдан бери эриш-аркак иштешип келе жаткан бир адам салгандыгын кыйытты. Бакиевдин Кулов өңдүү жан жөкөрлөрү өлкөбүздү ХИПКке тыгып салаарда, намыстуу калкыбыз тышкы карызыбызды өз чөнтөгүнөн төлөп берүүгө даяр болуп, чыркырап атканда, буларың элдин ырыскысын миңдеп, миллиондоп эмес, миллиарддап сол чөнтөккө солоп атышкан турбайбы…
Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстаныбыздын ички да, тышкы да карыздарын жаап, айрым жыртык-тешиктерибизди бүтөп алууга кенен кесири жетип берчү чет өлкөнүн бараандуу төрт-беш банкында катылган бул сумма чын эле өлкө казынасына түшүп калуусу толук мүмкүн экен. Ылайым ошондой эле болсун.


Аксылыктар ачык сөзүн айтты
Ар дайым акыйкаттык, чындык үчүн кармашып келген Аксы эли мурдагы күнү бакиевчилердин маал-маалы менен митинг өткөрүп, Ала-Тоо аянтындагы азаматтарыбызды аттыргандарды актап атканына жандары кашайып, чоң митинг өткөрүштү. Митингде 7-апрелдеги кандуу окуяга тиешеси бар делинип айыпталып жаткандарды сот жообуна тартууну, бөлүнүп-жарылууга чакырыктарды таштап жаткандарга катуу чара көрүлүшүн талап кылышып, президент Роза Отунбаеванын саясатын колдой тургандыгын билдиришти. Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын айланасындагы беш айылдан чогулган митингчилердин саны 2 миңге жеткен.