Өлкөдө: саясий кризис,
саясий амбиция, саясий чечим…

Учурда кыргыз элинин ар бир күнү саясий митингдер менен коштолуп өтүп жаткан кербези. Албетте, өлкөбүздө эртең менен, түштө жана кечинде да митингдер токтобой, өкүм сүрүп жаткандыгы өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган ар бир жарандын психологиясына терс таасирин тийгизип, кыжаалат кылууда. Ушундан улам, жуткан абабыз да, ичкен тамагыбыз да, оюбуз да, сунган колубуз да, эси-дартыбыз да митинг жана митинг болуп турат.

Бул көрүнүш өз кезегинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ачыктан-ачык бут тосуп, чет мамлекеттерден донорлорду, гранттарды, инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк бербей турат. Тышкы саясатыбыздын жакшырышына да кедергисин тийгизүүдө. Деги эле митингден тажабаган, тескерисинче митинг дегенде ичкен ашыбызды жерге коюп, бут үзүлгөнчө чуркаган тынчы жок эл окшойбуз. Ушул сапатыбыз менен Кыргызстанды митингдер өлкөсүнө айлантып жатабыз. Чарчабаган, чаалыкпаган эл экенбиз. Бирок минтип бир беткейликке салып айтууга да болбойт, себеби бул көрүнүшкө бир катар жүйөөлүү жана жүйөөсүз себептер да бар. Сөзүбүз кургак болбош үчүн, көздү чекчейткен сандарды мисалга тарталы.
Өткөн жумада Бишкек шаарында 10 айдын ичинде эле ар кандай мүнөздө (көбүнчөсү саясий багытта) 222 митингдер, пикеттер өткөндүгүн, ал митингдердин тынч өтүшүнө саресеп салып турушкандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармачылыгы маалымдады. Албетте, кичинекей Кыргызстан үчүн бул көрсөткүч оголе көп. Жүрөктү түшүргөн мындай жагымсыз көрүнүш биринчиден, өлкөдөгү бир топ оор социалдык абалдан мурун, жетер чегине жетип бараткан саясий кризистен, айрым ары жок, калк ичиндеги кадыры эчак кайтыш болуп кеткен экс-чиновниктердин аттын башындай амбициясынан жана эң башкысы бийлик тарабынан элдин талабына ылайык келген, мыйзамдын негизиндеги саясий чечимдердин кабыл алынбагандыгынан улам жаралып жаткандыгын четке кагууга болбойт. Кыскасы, эл азыр зор ачылыштагы эмес, элементардык эле көрүнүштөгү саясий чечимдерге зар болуп, андай ишти бийликтен талап кылып, зар какшап олтурат. Бийлик бул маселе тууралуу байма-бай убада бергени менен, аны иш жүзүнө ашырууну кечеңдетип келет. Албетте, бул абдан өкүнүчтүү.
Чу дегенде эле биринчи мисал бул жаңы бийликтин эл күткөндөгүдөй чечкиндүү кадамга бара албагандыгын айтсак болот. Айрыкча, 7-апрелден кийин эски бийликтин эл жакшы билген күнөөлүү бир топ эрендеринин жоопко тартылбай калышы, алардын боштондукта каалагандай жүрүшү, өлкөдө кайсы бир деңгээлде болуп келаткан дистабилдүүлүккө жол ачып бергенсиди. Бийлик аларды жоопко тартуунун ордуна (элестүү айтканда) жигиттин жаш селкиге жасаган үлбүрөк, назик мамилесин жасады. Бийликтен эл ушул "романтикалуу" көрүнүштү күттү беле? 7-апрелде Мекен үчүн курман болгон баатырлар ушул эт менен челдин ортосундагы көрүнүштү күтүштү беле? Албетте, күтүшкөн эмес. Эмне үчүн, Ташиев, Келдибеков, Султанов, Келдибеков, С. Жапаров, А. Жапаров, Н.Түлеев, И. Гайипкулов, А. Мадумаров, ж. б. жоопко тартылышкан жок? Булардын 7-апрелге чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ичип-жегендери, өзүм билемдикке салган акылга сыйбаган кылык-жоруктары ММКларда эчак "ырдалып бүтпөс махабат" темасына айланган. Ыйык Ата Журтубуздун атын жамынышкан "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларынын Бакиевдер менен мурункудай эле киндиктери туташкан бойдон келатканын бир катар окуялардан улам ачыкка да чыгып берди. Ушул өңдүү бакыйган далилдер турса да буларга кандай себептердин негизинде чара көрүлгөн жок? Суроолор чачтан көп, жооптор жокко эсе. Ушулар ж. б. экс-чиновниктердин күнөөлөрү жок, таза экендиктерине ким кепилдик бере алат? Берсе, бир гана "ак көңүл, боорукер" Бекназаров бериши мүмкүн. Бирок калдайган калың эл эгерим бербес эле. 7-апрелден кийин бийлик башына келген бул Азикеңдин жоругу жоон топ элдин күйбөгөн жерин күл кылды. Азикең эч кимден коркпой (жада калса, 7-апрель баатырларынын арбактарынан дагы), өз алдынча саясий чечимдерди биринин үстүнө бирин кабыл алып, өңчөй мамлекеттин душмандарын, коррупционерлердин бошотчусун бошотуп, үй камагына чыгарчусун чыгаруу менен алек болду. Аларды кандай шартта чыгарганы да эл арасында көп сөз болду. Азикеңе дабаа да, сурак да жок экен. Эми ага кудайдын гана сурагы болбосо…
Биз сөз кылып жаткан экс-чиновниктердин ишмердүүлүгү өз учурунда (7-апрелден кийин дароо) тыкыр текшерүүгө алынышы зарыл болчу. Эгер ошол тыкыр текшерүүлөрдүн жыйынтыгында таза болушса, эч бир шектүү ишке илинчектери жок болушса гана парламенттик шайлоого катышууга укук берилиши керек эле. Тилекке каршы, мындай болбоду: 7- апрель жана түштүк окуяларынан улам аяк-башын жыйнай албай жаткан жаңы бийликке Ташиев, Түлеев, Султанов, Сулайманов, Шин, Жунусов, Келдибеков, А. Жапаров, Ниязов, Кулов, Мадумаров өңдүү жеткен мансапкорлор өздөрүнүн жалаң жеке кызыкчылыктан турган саясий амбицияларын көрсөтүмүш болду эле, бийлик алардын амбицияларына каршы чыга албай оңой эле эсептешип жатып калды. Албетте, бул бийликтин чечкинсиздиги, алсыздыгы. Бийликтин ушул сапатынан улам жогорудагы эргулдар уят, абийир деген улуу нерселерди тепселеп, орустардын: "Наглость - второе счастье" - деген сөзүн ураан кылышып, карапайым калктын башына чай кайнатышып (чай кайнабаган баштарды тутам акча менен азгырып), жеке амбицияларынын негизинде өздөрүнүн саясий чечимдерин ишке ашырып, өлкөгө саясий кризис орнотуу менен алек. "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партияларынын максаты дал ушундай экенин, 10-апрелден кийинки алардын кадамдары ачык айкын көрсөттү. Баарына токтолуп, майдалап жазып олтуруунун кажети деле жоктур. Сөз кыскасы, бийлик эми (ансыз да кеч болуп баратат) тез аранын ичинде мындай көрүнүштөрдүн алдын алып, өлкөдөгү саясий кризиске, экс-чиновниктердин саясий амбицияларына мыйзамдын негизинде чек коюп, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген саясий чечимдерди кабыл алуусу зарыл. Андай саясий чечимдердин эң эле (коалиция түзүү маселесинен мурда) ыңгайлуусу - бул 10-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу. Себеби шайлоо таза өтпөгөндүгү, мыйзам бузуулардын оголе көп болгондугу, акча менен жердешчиликтин гана шайлоосу болгондугу жокко чыгарылгыс далилдердин негизинде ачыкка чыгып олтурат. Андай толгон-токой былыктар дагы чыгат…
Эл да шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу чечимин жактырып турганы белгилүү. Демек, бийлик элдин талабын аткарышы абзел.
Айбек Шамшыкеев