Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын
төрагасы:
"Мамлекеттин туруктуулугун жана бийликтин күчтүүлүгүн орнотушубуз керек…"
- Темир Аргенбаевич, коомчулукта сиздердин партия шайлоодо 3-орунду алат деген чоң ишенич бар эле, тилекке каршы андай болбой калды. Утулуунун эң башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Утулганыбыздын эң негизги себеби, таза шайлоого катышып, таза күрөшөбүз деген аракетибиз, тилекке каршы, бүгүнкү күндө биринчи утулууну алып келди. Шайлоо күнүндөгү болуп өткөн мыйзам бузуулар, шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасирин тийгизди. Буга бир нече көрүнүштөр себеп болду. Айрым жергиликтүү шайлоо участкалык комиссиялары шайлоого даярдыгы жок болуп калды. Биз ар түрдүү партиялардан шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн түзүүнү максат кылдык эле, бирок андай болбой калды. Ушул себептүү, шайлоо комссияларынын мүчөлөрүнө даярдалбаган, жада калса шайлоо кодексин билишпеген, тажрыйбасы жок адамдар келип калгандыгына байланыштуу, мыйзам бузууларга кеңири жол ачылды.
Анан дагы бир себеби, азыр шайлоо кандай бурмаланганы тууралуу көптөгөн далилдер БШК тарабынан ачыкка чыгып жатат. Мына бир эле протоколду мисалга алалы. № 2049 шайлоо участкасында саат 24:40та "Ак шумкар" партиясына 68 добуш деп кол коюлган. Эми караңыздар ГАС шайлоого кирген ошол эле № 2049 шайлоо участкасы "Ак шумкар" партиясына 0 деп турат. Мына ушундайча бурмаланган протоколдор ондоп саналат. Мындан тышкары эң өкүнүчтүүсү көптөгөн шайлоочулар акчага сатылып кетишти. Буга кошумча бизде шайлоочулардын тизмеси да туура эмес. Каза болуп калышкан бир топ адамдардын да тизмеде болушу, кошумча бюллетендердин берилиши, көчмө урналардын көбөйүп кетиши да себеп болду. Жалпысынан ушулар себеп болду десек болот. Дагы бир эске алчу жагдай өзүбүздүн үгүт иштерибизде, өзүнүн тактикасында да бир катар каталар кетти. Албетте, кандай айтпайлы ансыз болбойт.
- Коомчулукта: "Ак шумкар" партиясынын утулушунун башкы себептеринин бири бул - сиз Каржы министри болуп турганда миллиондорду бөлүшүү окуясы жана партиянын алдыңкы тизмесинен ак жолчулардын орун алып калганы болду"-деген пикирлер айтылды…
- Миллион окуясы боюнча ким гана айткан жок. Бул маселе тууралуу өз убагында Роза Отунбаева баштаган бир топ адамдар ал акчанын каякка жумшалганы тууралуу расмий билдирүү жасашкан. Бул боюнча бүт документтер бар. Ал бурмаланган, мыйзамсыз угулган, атайы жасалган нерсе болчу. Негизинен бул: "Сариевдин рейтинги абдан тез өсүп баратат, буга бирдеме табыш керек" - дешкен кара ниет адамдардын ойлоп тапканы. Албетте, бул шайлоо учурунда түздөн-түз таасирин тийгизди. Себеби биз жолугушуу учурларында, өзүбүздүн кыла турган ишти айтпай, бул окуяны түшүндүрүүгө бир топ убактыбызды короттук. Ал эми "Ак жолдон" биз Г. Дербишеваны гана чакырганбыз. Бул биздин жаңылыштыгыбыз деп эсептебейм. Себеби бул айымды биз убагында башкалардан айырмаланып түз жүргөн, түз сүйлөгөн, таза депутат катары тааныганбыз.
- Эл ичинде сиз тууралуу бир топ пикирлер айтылбадыбы. Маселен, "Сариев саясаттан акча жасайт экен, шайлоодон кийин айрым партиялаштары берген акчаларын доолашыптыр. Кадыров 30 миң доллар кошкон экен, кайра бир нечесин кайтарууну сураптыр"-деген өңдүү кептер. Бул кептер канчалык деңгээлде чындык? Деги эле шайлоого канча каражат сарптадыңыздар?
- "Сариев шайлоодон акча жасады" деген кеп караандай калп сөз. Тескерисинче, шайлоого бардык акчабызды сарптадык. Албетте, колунда барлар өз үлүштөрүн кошушту. Биздин тизмени жакшы байкасаңар, көп талапкерлердин акчасы жок экени ачык эле көрүнүп турат. Ал эми жаш, өсүп келаткан кадрлар, аялдар, интеллегенция өкүлдөрү эч кандай акча беришкен жок. Айтор, тизменин алдыңкы 20га чейинки адамдарынын 10ну бир тыйын кошушкан жок. Алардын катарында А. Эркебаев, Э. Өмүралиев, Г. Дербишева, К. Шаботоева, А. Сулайманова, Т.П. Пономарева, А. Абдрахматова өңдүү адамдар бар. Ал эми Кадыровдун 30 миң доллар төлөп кирди дегени калп. Ал тыйын төлөгөн жок. Шайлоого болсо, жалпысынан партиянын кассасынан 40 млн. сомго жакын короттук. Албетте, мындан тышкары айрым талапкерлер өз округдарына кайсы бир суммада акча коротушту. Бирок бул айрым партиялардын 10 млн. доллар коротушкандыгына салыштырмалуу, азыраак эле акча болуп калат.
- Сиздин пикириңизде уткан партиялар ортосунда коалиция түзүлүшү керекпи же көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилген бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы керекпи?
- Эгер бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарсак, албетте анда чыр-чатак чыгат. Утулгандар кубанышы мүмкүн, ал эми уткандар чыр чыгарышат. Кийинки шайлоону өткөрүү кыйынга туруп, мындай көрүнүштөр өнөкөт адатка айланып калат. Биз бул кемчиликтерден арылышыбыз керек. Ошондуктан биз өзүбүзгө өзүбүз душман болбошубуз керек. Таза шайлоо өткөрө албасак, өзүбүздөн көрөлү. Таарынсак, өзүбүзгө таарыналы. Эч качан жеке кызыкчылыкты, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койбошубуз керек. Убагында шайлоодогу мыйзам бузууларга эл өзү жол ачты. Жаманбы, жакшыбы эл өзү тандап алды. Эгер таза шайлоону, таза утушту кааласак, биз шайлоо күнү мыйзам бузууга, акчага сатылууга каршы турушубуз зарыл болчу. Тилекке каршы, анте албадык.
Азыр мамлекеттин туруктуулугун жана бийликтин күчтүүлүгүн орнотушубуз керек. Болбой турган нерселерге тобокелдик менен бара берүү, бул мамлекеттин тагдыры, келечеги менен ойноо болуп эсептелет. Демек, бул коркунучтан этият болушубуз абзел. Ал эми коалиция сөзсүз түзүлүшү керек. Бул учурдун талабы. Эгер коалиция 45 күндүн ичинде түзүлбөсө, анда кайра шайлоого барабыз деген чечим кабыл алынат. БШК бир-эки күндөн калбай шайлоонун жыйынтыгын жарыялашы зарыл. Анын үстүнө, экономикабыз өтө оор ахыбалда турат. Бүгүнкү учурда парламент келип, жаңы өкмөт түзүлүп, эртерээк өлкөнүн экономикасын көтөрүү менен алек болушу абдан зарыл болуп турат.
- Экономика демекчи, экономист катары айтсаңыз. Мына учурда азык-түлүк кымбаттагандан кымбаттап эле баратат. Деги эле сиз өлкөнүн мындан аркы экономикасына кандай прогноз бересиз?
- Азыр экономикабыз абдан кыйын абалда турат. Бир чети буга ички саясий окуялар жана сырттын да таасири тийип жатат. Көбүнчө кээ бир азык-түлүктөрдүн кымбаттап кетиши, күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу болот. Апрелден бери Өзбекстан менен чек арабыз жабык турат, эч кандай ачык соода-сатык болгон жок. Казакстан менен да бажы посттору толук иштеген жок. Болгону он биринен бешөө эле иштеп жатат. Анын ичинен да кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизип койгон. Россия менен да кыйынчылыктар бар. Ал жактан бизге келип жаткан күйүүчү майлардын баасы экспорт пошлинасын киргизип койгондугуна байланыштуу жөн жеринен эле 220 долларга кымбат болуп калды. Ушулардын баары ички экономикабызга өз таасирин тийгизип жатат. Маселен, суу майга, буудайга, кумшекерге кымбаттоолор болуп жаткандыгы ушундай себептерден улам десек болот. Андан тышкары кескин түрдө өзгөрүүлөр кыш башталган учурда көмүргө, күйүүчү майларына баа көтөрүлүшү толук ыктымал. Анткени өкмөт бир топ башаламандыктар менен алек болуп жатып, бул маселеге азыраак көңүл буруп калды. Жалпылап айтканда, бүгүнкү туруктуу өкмөттүн да жоктугу түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Жалпы экономикалык саясатыбызда да бир топ кемчиликтер бар. Биринчиден, менчиктин корголбой жатканы, экинчиден, инвестициялардын келишине бир топ бөгөттөр болуп жатат. Булар да жалпы экономикалык активдүүлүктү азайтып, ушунун негизинен бюджетке акча аз түшүп, дефицитибиз абдан көбөйүп кетти. Ошондуктан келе турган өкмөттүн түйшүгү абдан оор болот. Бирок ушундай болсо да, биздин бул кырдаалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени биздин экономиканын ички потенциалы абдан жогору.
- Убактылуу өкмөттүн наамына негиздүү да, негизсиз да сындар байма-бай айтылып келатканын жакшы билесиз. Сиздин пикириңизде, бул бийликтин эң негизги кемчилиги эмнеде?
- Эң биринчиси, Ош, Жалал-Абад окуяларына болгондугу. Ал окуяга кызыкдар тарап беш жылдан бери катуу даярданышкан экен. Ошол даярдыктын негизинде чырдын тамыры терең батып кетти десек болот. Экинчиси кадрдык саясатта көп кемчиликтерге жол берилди. Мисалы, тез аранын ичинде жана себепсиз эле мектептин директоруна чейин алмаштыруу аракеттери болду. Бул өз кезегинде Убактылуу Өкмөттүн кадырына терс таасирин тийгизди. Ал эми бийлик алмашкандан кийин күнөөлүүлөрдү, коррупционерлерди кыска убакыттын ичинде жоопко тартып, күнөөлөрүн далилдеши керек болчу. Бул иш алигиче талапка ылайык ишке ашпай келатат. Мындан тышкары экономикадагы менчикти кайра бөлүштүрүү маселеси да бар. Жалпысынан чоң катачылыктар ушулар деп эсептейм.
- Жаңы өкмөт түзүлүп калса, сиз кимди премьер, кимди спикер катары көргүңүз келет?
- Азыр мен ал адамдардын атын ачык айта албайм. Бизде калыптанып калган баланс бар. Түштүк, түндүк балансы сакталышы абзел. Ал кызматтарга сөзсүз түрдө эл колдогон чоң тажрыйбалуу адамдар келиши керек деп ойлойм.
- Мындан ары саясаттагы кадамыңыз кандай болот? Өкмөттүн курамына кирүү мүмкүнчүлүгүм бар деп эсептейсизби?
- Биздин партия мындан ары да саясатта активдүү кала берет. Эгерде эртеңки күнү кенен коалиция түзүлүп, биздин партияга сунуштар келсе, албетте, ал сунуштар каралып чыгат.
Ал эми өкмөттүн саясаты, биздин көз карашка, багыттарга дал келсе анда биздин партиянынын өкүлдөрү иштөөгө мүмкүнчүлүк алат деп эсептейм. Бирок утуп келген партиялар эгерде эски бийликтин ыкмаларын кайра алып келе турган болсо, анда биз албетте каршыбыз. Ошондой боло турган болсо, биз ал бийликтин ар бир кадамын талдоого алабыз. Туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп кылдың деп коомчулукка жеткизип турабыз. Албетте, бул көрүнүш саясаттагы атаандаштыктын бар экендигин көрсөтөт. Биз ушундай атаандаштыктын негизинде өнүгүп-өсө алабыз.
Мектешкен
Айбек Шамшыккев







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??