2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө карата
Маданиятты таптай да, мактай да билүү абзел…
- Бүгүнкү маданиятка болгон саясат өзгөрдүбү?
Улуттун жүзү маданият демекчи, маданият тармагын майрам күнү гана эстеп калганыбыз калп эмес. Алп акын Алыкул: "Берчи мага жарым кашык музыка" - деп жазгандай, кыргыз музыкасы, көркөм өнөрү, тасмалары, эпостору деги койчу кыргыз улутунун нукура маданияты өзгөлөрдү суктантып келет. Акыркы жылдары маданият тармагы солгундап, бирок кыргыз маданиятынын жүзүн жоготпой келаткан таланттарыбыздан уучубуз кур эмес. Бүгүнкү маданият кызматкерлеринин майрамына карата маданият тармагына эмгек өтөгөн айрым инсандарыбызга собол узаттык.

Муратбек Бегалиев, композитор:
- Эртең менен Маданият министри Садык-Шер-Нияз "Замана" телекөрсөтүүсүнө келип, "Биз, алгачкы сөздү экономика, каржы, бажы министрлигинен баштайбыз. Элдин жашоо шартын көтөрөбүз деп, каражаты бар министрликтердин көйгөйлөрүн эле көтөрүп келе жатабыз. Бардык министрлик талкууланып бүткөндөн кийин гана Маданият министрлигине көңүл бурган болобуз. Анда да эптеп-септеп кеп козгоп коебуз"- деп айтып жатканын уктум. Бул сөздүн да чындыгы бар. Элди ойлойбуз, элдин социалдык абалын көтөрөбүз деп жатып, улуттун жүзү болгон маданият тармагын унутта калтырып жатабыз. Бул биздин кетирген биринчи катачылыгыбыз. Түшүнгөн адамга маданият талыкпас эмгекти талап кылган, оор тармак. Азыр көпчүлүгүбүз маданият десе эле концерт, театрды түшүнөт экенбиз. Маданият - ар тарапты камтыган чоң тармак. Ошонун баркын- наркын билүү абзел. Адамдын турганы, сүйлөгөнүнүн өзү эле чоң маданият. Жогорку кызматка келген жетекчилердин баары маданиятты мактай билип, аны таптай билип, колуна көтөрүп алыш керек. Майда- чүйдө тыйындарды чөнтөккө катып уурдабай, маданиятка жумшоо зарыл. Ошондо биздин маданият алдыга жылат, өсөт, өнүгөт. Учурдан пайдаланып, жалпы кыргыз элимди эртеңки маданият күнү менен куттуктап кетем. Маданиятыбыз өркүндөп өсө берсин, Ала-Тообуздун үстүнөн музыка жаңырып турсун.

Марат Алышпаев,
Кыргыз Эл артисти:
- Жаңы бийлик келгени маданиятка өзгөчө көңүл бурулуп баштады. Өзүңөргө маалым "Учур" телетеатрын эски бийликтин тушунда телевидениеден кууп чыгышкан. Мурдагы Маданият министри Рыскелди Момбеков демилге кылып, "Чатыр-Көл" кинотеатры "Учурга" берилди. А. Өмүралиев атындагы театрдын имараты жок калды эле, ага башпаанек таап киргизишти. Президентибиз Роза Отунбаева кыргыз драмтеатрына 8 млн. сом каражат бөлүп берди. Угушума караганда Ош драмтеатрына, өзбек театрына акчалай каражат берилиптир. Мунун баары искусство тармагына болгон колдоо, камкордук десек жаңылышпайм.

Каныкей Эралиева,
Кыргыз Эл артисти:
- Жаңы министр келгенден тарта бизде маданият тармагы өнүгөт деген чоң үмүт пайда болду. Бир топ жылдан бери кыргыз өнөрлөрүн өркүндөтүүгө салым кошуп келген, адамдын министр болушу Кыргыз маданиятты үчүн чоң жетишкендик болду десем болот. Маданияттыбыздын азыркы абалы купулга толо турган абалда эмес. Мурда маданият тармагы урандынын алдында калган адамдай болчу.
Азыр бир топ жакшы маселелер көтөрүлүп жатат. Көп жылдан бери көңүл бурулбай калган, маданияттыбызды өркүндөтүүгө аябагандай зор эмгек талап кылынат.

Меңди Мамазаирова,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын:
- Маданиятка болгон саясат жакшы жагына өзгөргөн жок. Себеби эл башкаруучулар саясат менен катуу алпурушуп, бийлик, мансап дегенде эт-бетинен кулады. 1-орунга материалдык байлык, дүнүйө-мүлктү коюп, руханий, маданий байлыгыбызды унутуп калдык. Экономикабызды көтөрсөк бүт баары оңолот деп ойлодук. Тилекке каршы, андай эмес, мамлекетти ошол элдин маданияты тааныта алат. "Биринчи базарын анан маданиятын көр" деген аксиома орноп калган. Базарын карап туруп, элдин жашоо-деңгээлин, маданиятын көрүп, улуттун жүзүн тааный алабыз. Учурунда кыргыз маданиятын көңүл сыртында калтырып, өз көмөчүнө күл тарткан аким, төбөлдөрдүн баары бийликтен кетет. Ал эми маданият өлбөй турган нерсе. Дүйнө эли кыргыз дегенде экономикабызды эмес "Манасты", Ч. Айтматов, Б. Бейшеналиева, Ч. Базарбаев өңдүү залкарларыбызды тааныйт. Улутубуздун асыл дөөлөттөрүн жарата алган, маданиятка салым кошкон инсандарды унутпашыбыз керек. "үмүтсүз шайтан" дейт, дагы деле үмүт кылып туралы. Парламентибиз эртерээк ишке кирип, мыйзамдуу жолго түшүп алсак, маданият тармагын көтөрчү эр-азаматтар чыгарына ишенем.

Жамал Сейдакматова,
Кыргыз Эл артисти:
- Маданиятыбыздын абалы мындан 15 жыл мурда кандай болсо, азыр да ошондй, эч кандай өзгөрүү, жылыштар жок. Кийинки он беш жылда маданият тармагына такыр көңүл бурулган эмес. Ушул кезге чейин маданият тармагын маданиятка күйгөн күйүмдүү маданият багытындагы адамдар гана кармап, сактап келишти. Мына жаңы жетекчи келди, эми оңолот деген үмүттөбүз. Негизи өсөбүз деген улут, эл маданиятын таштап салбашы керек. Маданиятка камкордук, сый-урмат керек. Ошондо гана маданият алдыга жылып, өнүгүп өсөт.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулава




  Кылым "тамашасы"

КОРРУПЦИЯ КАЙДАН БАШТАЛАТ?
Эгемендүүлүккө жеткенибизге эрте сүйүнгөн экенбиз, себеби саясий багытта эркиндикке ээ болсок да, экономикалык жактан чет мамлекеттердин кайыр-садагасы менен жан сактап каларыбызды эске албаптырбыз. Тилемчилик аркылуу күн көргөндөр дегеле боштондукта жашабай тургандыгын унутуппуз. Анын натыйжасында ооздуктоого мүмкүн болбогон коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзүлгөн экен.
Ал эми дүйнөнү титиреткен АКШ баш болгон өнүккөн кубаттуу мамлекеттер бул коррупцияны жоймок түгүл, чек коё албай жатканда, кландык жана трайбалисттик байланышта жашаган Борбордук Азияда мындай кылмыштуу аракеттердин токтолбой турганы далилдөөнү талап кылбас. Айрыкча, мансап үчүн кошомат кылгандардан арылбай, аларга чечкиндүү чара көрбөй "кечиримдүүлүк" беришибиз да паракорчулукту колдоого жатарын эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн "унутуп" койгонуна нааразы болосуң. Ошол эле алар кошоматчыларды өздөрү колдоп, коррупционерлер парасын карапайым адамдарга эмес, ири чиновниктерге "белекке" берерин аргасыз ойлойсуң. Мындай көрүнүшкө жакында Талас облусундагы Бакай-Ата районунун акими Мурат Жунусовдун кызматын айтылуу Ак үйдүн "белгисиз" бир чиновнигине "жууп" бергендигин мисал келтирсек болот.
"Азаттыктын" маалыматына таянсак, Бакай-Ата районунун акими М. Жунусов "белек-бечкек толтурулган баштыкты жүктөп, өзүнүн таржымалы" жазылган кагаздарды айдоочу Нурбек Дербишалиевге берип, борбор калаабызга жөнөтөт. Ал бул аманатты Президенттик администрациясынын аппарат башчысынын орун басары тосуп аларын айтат. Ушул жерде дагы бир ньюанска көңүл буралы. Аким өзүнө тиешелүү автоунааны эмес, Бакай-Ата районунун социалдык бөлүмүнүн башчысы Ислам Изабековдун кызматтык унаасын пайдалангандыгын белгилейт. Өзүн Алик Орозов деп тааныштырган адам айдоочудан унааны да убактылуу пайдаланып турууга беришин өтүнөт. Айдоочу макул болбогон соң, акимге телефон менен "сүйлөшүп", "уруксат" алгандыгын ишендирет.
Эртеси бул адам автоунааны кырсыкка учуратып алганын кабарлайт, Н. Дербишалиев окуя тууралуу акимге кабарлаган менен, ал "өзүнүн колдоочусу" болор адам ишенимдүү экенин билдирип, айдоочунун көңүлүн жайгарат. Ортодон он чакты күн өткөндөн кийин аким Ак үйгө телефон чалса, А. Орозов Пакистанга элчи болуп кеткенин угуп, ошондон кийин чуу көтөрөт да, дайынсыз жоголгон автоунаа боюнча Талас облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзө баштайт.
Бул окуянын жүрүшүндө кылмыштын курамы барбы, аны облустук прокуратура аныктайт дечи, бирок айып Бакай-Ата районунун акиминеби, автоунаасын берген райондук социалдык фондусунун башчысынабы, болбосо эки тараптын буйругун милдеттүү түрдө аткарган айдоочуга коюлабы? Адатта биздин өлкөдө "айран ичкендер кутулуп, табагын жалагандар тутулуп" келгенин, мындай кырдаалда бийлик өкүлдөрүнүн акталып, ал эми тирөөч кылар кызматы, "белекке" берер ири суммада акчасы жок карапайым адамдар аягында күнөөлүү болуп табыларына көпчүлүк учурда күбө болуп келе жатпайбызбы?
Ошондон улам тергөө бүтө элек болсо да дайынсыз жоголгон автоунаанын борборго "жөнөтүлүшүндө" пайда болгон өзүбүздүн күмөн оюбузду ортого салууга туура келип отурат.
Аким М. Жунусовдун Президенттик администрациясынын аппараты тарабынан таржымалы жазылган кагаз-документтерди жөнөтүүгө, резиденцияга бир автоунаа жөнөтүүгө телефондон айткан буйругун аткаргандыгы күмөн ойду пайда кылат. Акимдин чала сабаттыгыбы, же өзүнөн жогорку инстанцияда иштейм дегендердин ким экендигине карабастан тапшырмасын аткара берүүчү радиомаңбашпы? Жогорку жактан тапшырмалар берилсе, аны аткарууга белгилүү бир документациялар керек экендигин, ал негизинен кат формасында, өтө шашылыш кырдаалда телефонограмма жөнөтүлөрүн, керек десе азыркы күндө техниканын жетишкендигинен ар түрдүү көргөзмөлөр электрондук почта аркылуу көз ирмемде жеткирилерин, "тапшырма" 17-сентябрында берилип, мөөнөтү 19-сентябрь деп көргөзүлгөнүн эске алсак, акимдин өз ишинде жоопкерчиликсиздиги ачык көрүнөт.
Ушул аралыкта телефонду ким чалганын аныктоого, кат түрүндө көргөзмөлөрдү талап кылууга убакыт да жетиштүү экендиги далилдөөнү деле талап кылбаса керек.
Экинчи жактан алып карасак, иш кагаздары боюнча чала сабат мындай адамды жооптуу кызматка ким алып келген? - деген суроо пайда болот. Ошол эле учурда телефон чалар менен, аким М.Жунусовдун "белек-бечкек" камдап жөнөтүшү анын А.Орозов менен байланышы бар экендигинен да кабар бергенсийт. Эгерде булардын ортосунда тыгыз байланыш болбосо, эч бир жетекчи, болгондо да райондун акими Президенттик администрациясынын башчысынын орун басарына башкалар аркылуу "падарка" берип жиберүүгө батына албасын баса белгилесек болот.
Башка өңүттөн да карап көрөлү. Акимдин "кыңк" этпей "тапшырманы" аткарышы жана кызмат ордун "жууганга" "белегин" шашылыш даярдап жөнөтүшү жагымпоздукпу же паракорчулукпу? Алгачкы кадамында ушундай аракет жасаган адамдарыбыз эртең белгилүү коррупционер болбойт деп бийликтегилердин кимиси кепилдик бере алат?
Баарыбызга белгилүү, бийлик бутактарына байланышкан мындай көрүнүштөр көбүн эсе кокустук, же коомго коркунучтуу эмес жаңылыштык катары жабылып келген. Анын натыйжасында паракорчулук туу чокуга жеткендигин жашыра албайбыз. Ал түгүл тартип коргоочулар кээде кызмат даражасына карап, "аныктоо мүмкүн болбогондуктан" ишти жаап да салууга негиз таап келишкенин жашыра да албайсың. Бирок азыр мындай шылтоого жол жабылган, аким М.Жунусовго "тапшырма" Ак үйдүн кайсы телефонунан чалынгандыгын байланыш коммуникациясы аркылуу, эгерде мобилдик телефон аркылуу байланышса, тийиштүү уюмдар кимдин телефону экендигин аныктап, бул кылым тамашасынын учугун таап, натыйжада анын чыныгы күнөөкөрүн аныктаганга толук шарты бар экендигин эскерте кетсек артыкпаш болбос.
Мамлекеттик күч структуралары мунун аныгына жетеби же "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей "жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?" аны учурунда көрөрбүз?! Ал эми иш аягына чыгарылбай жабылып калса, элдин азыркы бийликке болгон ишенимине доо кетирерин дагы айта кетели.
Эртабылды АТТОКУРОВ