Зар заман

Улут көрөңгөсүн ким сактайт?
Замананын тардыгы, калкыбыздын жардылыгы жалпы кыргыз элинин эртеңки келечегине өз залакасын тийгизерин ойлогон чыныгы патриотторубуз барбы? Беш миллионго жетип-жетпеген калкыбыздын миллиондон ашыгы чет мамлекеттерге тентип кеткенине жаны кейиген мамлекеттик ири чиновниктер бар болду бекен? Алардын аёолуу тагдырын мамлекетибиз жана бийлик бутактары ойлонушабы? Ошол чет мамлекеттерге кетип жаткан жаштарыбыздын канчасы кыз-келиндер экенин эсепке алган мамлекеттик уюмдар барбы? Эмгек жана миграция башкармалыгы канча адамдарыбыз легалдуу мүнөздө канчасы легалсыз тартипте сыртта жүргөнүн тактап айтып бере алышабы?


Эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап ири өнөр жай ишканаларын "прихватташтырып" кыйратсак, жерди менчиктештирүү менен айыл чарбасын акыры кол эмгегинин деңгээлине жеткирдик. Анын натыйжасында жумушсуздук күч алды.
"Бетке айткан сөздүн заары жок" демекчи, мындай "кыйратуу" зарылдыгы көптөгөн ишканаларды, турак жайларды, жүздөгөн гектарлаган жерлерди менчиктештирип алган бир ууч төбөлдөрдү жоопкерчиликтен куткаруу амалы катары санасак болот. Ошол эле учурда карапайым калк мамлекет үчүн камкордук көрүүгө милдеттүү болсо, мамлекет элдин алдында эч нерсеге милдеттүү эмес болгон жагдай түзүлгөн. Мында калыстык тууралуу сөз айтуу жөн эле парадокс болуп калган. Мына ушунун өзү элдин эмгекке жарактуу бөлүгүнүн гастарбайтер болуп кетишине шарт түзгөн. Бийлик өз күнөөсүн жаап-жашырып, "алар кыргыз жергесине ири суммада киреше киргизишип жатканын" бет чүмбөтүнө айландырышкан. Алардын санын кыскартуунун жолун эч ким издеген жок. Ошентип, миграцияга кеткендердин саны такталган эмес.
Бөтөн жер, бөтөн элге иш издегендердин көбү 17-35 жаштагылар, алардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер экендигине эми жаңы коркунуч коңгуроосу урулуп отурат. "Азаттык" радиосу тарабынан уюштурулган бул маселе боюнча маекке катышкандар иш издеп барышкан жаш келин-кыздарыбыздын шылуундардын жайган торуна түшүп каларын белгилеп отурат. Ошол эле учурда бул гастарбайтерлердин жашоо шартынын оорчулугу турак-жай маселесине байланыштуу экендигине, 2-3 бөлмөлүү батирлерде 20-30 адамдар жашай тургандыгына басым жасашат. Иштеген шарттары да оор, көбү идиш-аяк, пол жуугуч болуп иштегенине көңүл бурушуптур. Ал эми жумушчу мөөнөтү 12-14 саатка созуларына каңырыгын түтөтүшөт. Ушундай абалга жалаң эле чет мамлекеттерде иштегендер гана дуушар болушабы? -деген суроо өзүнөн-өзү пайда болот да мында айтылган айрым пикирлерге кунт коюп уккан адамдар кошула бербейт, тетирисинче, өздөрү иштеген уюмдарды актоого жасаган аракет катары гана санашарын белгилеп кетсек болот.
Чечмелеп көрөлү. Жумушсуздуктун өз апогейине жетиши менен кыргыз кыз-келиндеринин оор абалы Кыргызстанда деле жыргаган абалда эмес. Такай көзөмөлдүккө алынып турчу мамлекеттик ири ишканалар жок. Борбор калаабыздагы деле жумушчу убакыт "нормировкаланбагандыктан" жер жайнаган жеке цехтерде тигүүчүлөр 12-14 сааттан иштешет. Көп убакыт отуруп иштегендиктен "сары суусу" төмөн куюлуп, көбүнүн буттары шишип чыккан учурларына күбө болуп келебиз.
Айылдан шаарга келген жаш келин-кыздарыбыз деле өз элибиз, өз жерибизде жыргап кеткен жок. Кафе, ресторандарда идиш, пол жуугандар да жаштар. Кыздарыбыз шылуун эркектердин торуна гана эмес, "түнкү клубдарды түнөктөп", "сатаң" аялдардын байлыгын арттырууга "түнкү көпөлөккө" айланып отурушат. Жаш жигиттерди мындай коёлу, байлыгына чиренген "сакалчан иттер" канча кыздарыбыздын убалына калгандыгын айтып түгөтө албасыбыз жашыруун деле болбой калбадыбы? Бул үчүн ишенчээктик кылып, тагдырдын оор соккусуна дуушар болгон кыз-келиндерди күнөөлөө бир беткейлик го? Бузукулук ишин эрдик көргөн "жигит сөрөйлөрүбүз" ошол ишке барарында өзүнүн энеси, эжеси, карындашы, "сакалы өрттөнгөндөрдүн" өздөрүнүн кыздары бар экендигин эстейт болду бекен? Чет элде жүргөндөрдү мындай коё туралы, жергебиздеги кыз-келиндерибиздин абийирин кантип сактап калабыз да, алардын улуттун көрөңгүсү - эне болорун неге ойлонбойбуз? Кыштын ызгаарында, жайдын аптабында базарда отурган аялдардын, АЗСте зыяндуулугуна карабай иштеп жаткан кыз-келиндерибиздин, такай буту-колун шишик баскан тигүүчүлөрүбүздүн, такай кордукта жана зордукта жүргөн "түнкү көпөлөктөрүбүздүн" кыргыз элине ден-соолугу чың, акыл-эси ордунда, ар тараптан жетилген урук калтырарына ишене алабызбы?
Эмгек жана миграция башкармалыгынын маекке катышкан өкүлүнүн "кетип жаткандардын көбү мыйзамсыз, легалдуу эмес" жол менен "кеңеш сурабай кетип жатканы" тууралуу кеби зээниңди кейитпей койбойт. Муну тартипке салууга аларга эмне тоскоолдук кылып жатат? Кабинеттен чыкпаган, кагаз жырткандан башка алардын аткарар иши жокпу? Мигранттар менен иш алып баруу алардын башкы милдети эле го?! Менимче, булар паспорт столдору, виза берүүчү уюмдар менен тыгыз байланыш түзө албаган, ага аракет деле кылбаса керек.
Мамлекет ар дайым өзүнүн жарандары үчүн камкордук көрүүгө тийиш. Анын алгачкы кадамы миграция маселесин катуу тартипке салуу менен башталышы керек. Паспорттун так эсеби алынып, чет өлкөгө кетүүгө жарактуу паспортторго башка өлкөгө кетүүгө виза эң алгач миграция башкармалыгы тарабынан өткөндөн кийин гана коюлушу, мыйзамдаштырылышы зарыл. Ал эми жеке менчик виза "жасоочу" мекемелер жоюлууга тийиш. Ошондо гана легалдуу эмес миграцияга аздыр-көптүр чек коюлмак жана чет өлкөлөргө кеткен кыргыз мигранттарынын абалына мамлекеттик масштабда көзөмөл жасоого ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Мындан тышкары КРнын Эмгек Кодексине зор өзгөртүүлөр киргизилиши зарыл. Айрыкча иш мөөнөтү мыйзамда так көргөзүлүп, ашыкча иштетилген убакыт үчүн, өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдалангандыгын эзүүнүн бир формасы катары киргизилишин, кыз-келиндердин укуктарын коргогон өзгөчө мыйзамдарынын тез арада кабыл алынышы айрыкча мааниге ээ. Эгерде чет өлкөлөрдө никесиз бойго бүтүүлөр 300-400 адамды түзсө, жергебизде алардын саны 2-3 эсе көп экендигин моюнга алуу керек. Эмитен кыз-келиндерибизди мындай жолдон сактоого мамлекеттик масштабда аракет жасабасак, демографиялык кризиске дуушар болобуз да, ансыз деле аз сандагы элибиз жок болуп кетүү коркунучуна тушугат. Аялдарга камкордукту күчөтпөй туруп, улут көрөңгөсүн жок кылып аларыбыз шексиз. Бул багытта айрым кыз-келиндерибиздин өздөрү күнөөлүү болгон кырдаалдар болушу мүмкүн, бирок биздин чиновниктердин кыздарыбыздын өздөрү "окуп", "кайда баратабыз" деп "ойлобогондугун" сындаганы карапайым калктын көйгөйлүү турмушун билбегендигин айгинелеп жаткан жокпу?
Ушул пикирди укканымда учурунда жарыбаган эмгек акы алып мугалим болуп иштегеним эсиме түштү. Биринчи, кийин жогорку категорияда эки ставкада иштесем да, маянам менен үй-бүлөмдү камсыз кыла албай, акырында жогорку класста окуп жаткан кызымдын "бир дептер бешенеме жазып койгондугу", бир бетине кыргыз тили, экинчисине математика, үчүнчүсүнө орус тили сабактарын жазып, мугалимдерден "тил укканы" тууралуу ырын Талас райондук гезитинен окуп, сай-сөөгүм сыздаганы, айылда кыйналып жашагандарды окуп ыйлагандар али көңүлүмдөн чыга элек. Демек, буга ата-энелер эмес, жаңы "турмушубуз" жалпы элдин кызыкчылыгын көздөбөгөн, түп-тамыры менен чирип бүткөн коомдук системанын, мамлекеттин жана элдин эмес, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн бийлик мунарасындагылардын, күн карама чиновниктердин күнөөсү экендигин тайманбай айтууга мажбур болуп отурабыз.
Акырында айтарыбыз, күнөөнү кыз-келиндерибизге, жумурай-журтка койбой, мамлекетибиздин өз милдетин унутуп, жарандарынын тагдырына кайдыгер мамилесинин жыйынтыгы катары кароо гана чындыкка жакын болмок. Ар бир аялзаты - эне. Улутубуздун келечеги энелердин колунда экендигин кеч да болсо эске алар учур жетти демекчибиз.
Эртабылды АТТОКУРОВ