2-ноябрь маданият күнүнө карат а

Юрий Бобков,
Кыргыз Эл артисти:
"Наамды сатып, сурап
алгандарга түшүнбөйм…"
Кыргыз эстрадасынын алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири болгон, эстрада жаатынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, өмүрүнүн теңинен көбүн чыгармачылыкка арнап келе жаткан "Досум Үсөн" тобунун көркөм жетекчиси Юрий Бобков менен чыгармачылыгы туурасында баарлаштык. Анда сөз башынан болсун.


- Элибизде "Аккан арыктан суу агат"- деген улуу сөз бар эмеспи. Бул сөз да жөн жерден айтылып жүрбөсө керек. "Өнөр - ата-энеден балага өтөт" деген чын окшойт. Менин музыка дүйнөсүнө аралашуума апам себепкер болгон. Апам мыкты гитарист, анан дагы катардагы эле эмес, профессионал ырчы болчу. Анын үнү тунук, обону уккулуктуу, жагымдуу эле. Бала кезимден эле апамдын гитара ойногонун көрүп, суктанчумун. Бала кезден эле чыгармачылыкка болгон кызыгуум күч болчу. Апамдын гитара ойногонун эч тажабай угар элем. Бир күнү апама: "Апа, мен үйдөгү жумуштардын баарын жасайын, сенин айтканыңды аткарайын. Мага гитарада ойногонду үйрөтчү"- деп сурангам. Апам макулдугун берип, алгачкы колума кармаган аспабым, гитара болгон. Кийин бешинчи класста окуп жүргөндө, үйлөмө оркестрге аябай кызыгып, байкемдин артынан калбай ээрчип жүрүп, үйлөмө оркестрде ойногонду үрөндүм. Ал эми эстрада жаатына кадам таштоомо, токко сайма гитарасы таасир этти десем болот. Ошол алгачкы колго жасалган токко сайма гитарасынын үнү дагы деле эсимден кетпейт. Андан бери бир топ фирмалык гитаралар чыкты. Биринин үнү да мен уккан гитаранын үнүнө жеткен жок.
- "Досум Yсөн" тобунун тарыхына токтоло кетпейсизби?..
- Буйруса, 2011-жылдын 1-мартында "Досум Yсөн" тобунун түзүлгөнүнө кырк жыл толгону турат. Аталган топ 1970 -жылы 1-мартта уюшулган. Союз мезгили. Эстрада жааты жаңы гана түптөлө баштаган кез. Ошол кездеги Кыргыз эстрадасынын жылдызы болуп турган Чоро Кожомжаров бир күнү бизге келип калды. Чоро менен болгон жолугушуудан кийин биздин чыгармачылык багытыбызда чоң өзгөрүү болду. Ал кишиден мен көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Музыкага болгон кызыгуум дагы артты. Өжөрлөнө алдыга умтула баштадым. Союз мезгилинде эстраданы жогору жактагылар "эстрада - батыштын шамалы"- деп көп жактырышпай, колдоого алынчу эмес. "Досум Yсөн" тобуна бир жыл толгондо "Батышты туурап ырдашпасын, Мекен, жер, партия жөнүндө ырдасын"- деп комсомолго өткөрүп койгон. Эркиндик жок болчу. Азыркы мезгилдегидей сүйүү жөнүндө ырдай алчу эмеспиз.
Биз биринчи жолу 1971-жылы алгачкы концертибизди бердик. Абдан жакшы өттү. Эл аябагандай ыраазы болуп, чоң колдоого ээ болгонбуз. Ошол күндөн тарта "Досум Yсөн" тобу кыргыз элине жагымдуу ыр тартуулап келе жатат.
- 40 жылдан бери топту чачыратпай сактап келе жатканыңыздын сыры эмнеде?
- Чыгармачыл чөйрөдө жүргөн адамдар, башка тармактагы адамдарга караганда жан дүйнөсү, мүнөзү жагынан башкача болот. Башкача айтканда музыка дүйнөсүндөгү адамдардын мүнөзү оор, жан дүйнөсү назик болуп, таарынчаак келишет. Чынында музыка багытындагы адамдар менен иштөө аябагандай кыйын. "Досум Yсөн" тобун кырк жыл чачыратпай сактап келе жаткандыгымдын башкы себеби - өз чөйрөмдү, кесибимди сүйгөндүгүм болсо керек. Анан дагы табиятымдан эле уюштургуч, адам менен бат тил табыша билген мүнөзүм да топтогу адамдарды таратпай, тил табыша иштешип келе жатканыма жардам берүүдө го деп ойлойм.
- Кырк жылдык тарыхы бар "Досум Yсөн" тобу эмнеге жетише алды?
- Бир нече улуттардын башын кошкон "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу фестивалын уюштуруу идеясы "Досум Yсөн" тобуна таандык. Мындан сырткары биз "Кадыр түн", 1992-жылы досум Т.Ормушев экөөбүз "Нооруз" фестивалын уюштурдук. Бул фестивалдардын канчалык деңгээлде өткөнүн эл жакшы билет. Эң негизгиси кырк жылдык тарыхында аталган топ Кыргыз элине жагымдуу, уккулуктуу ырларды тартуулап келди.
- Учурда көпчүлүк ырчылар түштүк аймагына барып, концерт берүүдөн чочулашууда. Сиздер кечээ Казарман шаарчасынын тургундарына концерт тартуулап келипсиздер…
- Жалал-Абад областындагы Казарман шаарчасына атайын чакыруу менен барып, ички иштер министрлигинде кызмат кылган кызматкерлерге жана Казарман шаарчасынын тургундарына концерт тартуулап келдик. Казарманга бара турган планыбыз жок болчу. Күтүлбөгөн жерден улам эле барып калдык. Мен айрым чоңдордун өз чөйрөсү, алдындагы кызматкерлери үчүн кылган иштерин көрүп кээде таң калам. Казарман шаарчасынын Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси бизди кайрымдуулук концертине чакырды. Бара албайбыз го десек, "Сиздер элдин коопсуздугун коргогон кызматкерлерге кайрымдуулук көрсөтө албасаңар, силердин Эл артисти атыңар кайсы?"- деген сөзүн укканда, токтоосуз жолго чыктык. Бул орган тармагында иштеген жетекчинин жетишкен сапаттарынын бири десек туура болот. Бизге баардык шарттарды түзүп берди. Койгон концертибиз өзүбүздүн да, элдин да купулуна толду. Эл менен жолугуу, эл менен бирге болуу, эл аралоо, элге кызмат кылуу - табылгыс байлык.
- Бүгүнкү Кыргыз эстрадасынын абалына кандай баа бересиз?
- Бүгүнкү кыргыз эстрадасынын мени кубандырган да, өкүндүргөн да жагдайлары бар. Кубандырганы - таланттуу, мээнеткеч жаштардын чыгып жатканы, өкүндүргөнү - акча менен артист болгондордун саны өсүп бара жатканы. Бирок бул көрүнүштөргө бушайман болуштун кажети жок. Мындай нерселер бизден башка өлкөлөрдө деле бар. Ушул көрүнүштөр менен биздин эстрадада баланс сакталып турат. Жаман менен жакшы жанаша жүргөндө гана, мыкты менен чабалдын айырмасы даана көрүнөт.
Башында мындай көрүнүштөргө менин жиним келе берчү. Азыр көнүп калдым. Ырдагысы келген адамдар тыйыны болсо ырдай берсин. Бирок чоң концерттерге, телекөрсөтүүлөргө чыгаарда ырчылар көркөм кеңештин кароосунан өтүп турса, абдан жакшы болмок. Ошондо таланттуу ырчылар, мыкты ырлар элге жетип, акча менен чыккандар тар чөйрө менен чектелип, маңызсыз ырлар элдин табитин бузмак эмес.
- Чыныгы талант менен күжүрмөн эмгекке ээ болгон ырчыга продюсердин кереги барбы? Кандай критерийлердин негизинде…
- Сахнага жаңы кадам таштаган ырчыга продюсердин зарылчылыгы бар деп ойлойм. Продюсер менен ырчынын көз карашы, аткарган жумушу эки башка болот. Ырчы уюштуруу иштери, каражат маселелери менен алагды болбошу керек. Бул продюсердин аткара турган жумушу. Ырчылар чыгармачылык изденүү менен гана алектениши зарыл. Бирок продюсер профессионал жана талапка ылайык болушу абзел.
- Учурда бизде профессионал продюсерлер барбы? Бар болсо, кимдерди айтаар элеңиз?
- Албетте, бар. Пофессионал продюсерлерден уучубуз куру эмес. Кыргызстандын шартында концерт уюштуруу жеңил иш эмес. Бирок ошого карабай, жогорку деңгээлдеги концерттерди уюштуруп, жаш таланттарды элге таанытып жаткан Канат Култаевди мыкты продюсер деп айтсак болот.
- Акыркы кездерде ырчылардын койгон концерттери элдин нааразычылыгын туудурууда. "Ырчыларда изденүү жок. Концерттери коендой окшош. Эптеп эле акча табууну көздөп калышты"- деген сын сөздөр байма-бай айтылууда. Музыкант катары жогорудагы сөздөргө кандай жооп айтасыз?
- Сиздин берген суроо абдан туура. "Калк айтса, калп айтпайт" деп коет эмеспи. Анын сыңары, эптемей концерттер жок деп айтпайм. Бар, өткөн жылы Мамлекеттик тилдин жыйырма жылдыгына карата коюлган концертти уюштуруп бергем. Каражат жагы да чечилип, баары ойдогудай уюшулган. Мына ошондо болуп көрбөгөндөй, өзгөчө мыкты концерт болгон. Муну мактангандан улам айтып жаткан жокмун. Концерт берүүдөгү кемчиликтерди жоюу үчүн ар бир ырчы режиссер жана сценарист менен иштешиши зарыл. Бизде ушул нерсе жок болуп жатат.
- Сиз наамдарыңызды ким аркылуу алдыңыз эле? Дегеним, артисттерге ыйгарылган наамдар акчага сатылып же тааныш аркылуу гана берилип калган деген сөздөрдү көп угуп калабыз…
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алууга мени беш жолу сунушташты. Маданият министрлиги беш жолу тең сунушту жокко чыгарды. "Досум Yсөн" тобунун 30 жылдыгын берип жатканда "Болду, мени наамга сунуштабагыла"- деп айттым. Анан 2000-жылы "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалын уюштуруп, чоң концерт бердик. Сөздүн чыны, концерт аябай жогорку деңгээлде өтүп, ошол кездеги айрым чоңдор: "Каап, А. Акаев болгондо сенин концертиңди көрүп, элдин көзүнчө "Эл артисти" наамын бермек"- дешти. Күлүп гана койдум. Кийин суроолор боюча ошол эле концертти бир аз өзгөртүп, кайра койдум. Өткөн концертимден да сонун болду. Биринчи жолу манасчыларды сахнага алып чыгып, кырк чоронун коштоосунда концерт бергем. Ошондо Казат Акматов жаныма басып келип: "Юрий сага КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алып берейин"- деди. "Рахмат, Казат Акматович, тек эле коюңузчу. Андан көрө Султан Каримовго алып бериңиз"- деп койгом. Бирөөнүн арты менен наам алгым келген эмес. Мага элимдин берген наамы эле жетиштүү. Бирок Казат Акматов сөзүнө туруп, үч жылдан кийин Султан экөөбүзгө тең КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алып берген. Эми азыр ар кандай сөздөр айтылууда. Колунан кармап албагандан кийин бир нерсе деп айтуу да туура эмес. Бирок наамды сурап, акчага сатып алгандарга түшүнбөйм.
- Сиз патриот адамдардын катарын толуктайсызбы?
- Менин патриот экендигимди өзүм айтпасам да, эл айтып жүрөт. Эгер мен патриот болбосом, эбак башка жумушта отурмакмын.
- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Жакында эле Турцияга чыгармачылык иш менен барып келдим. Биздин айрым ырчылар менен "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалынын катышуучуларынын коштоосунда Турцияга фестиваль койсокпу деген иш-аракеттердин үстүндө иштеп жатам. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса, келечекте ишке ашып калат деген чоң үмүттөбүз.
Баарлашкан
Жаркынай Кадыркулова