Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)
"Тайторунун" журтту ошончолук суктандыра тыңдатып, көздөрүнө жаш алдыргандыгы жомокчунун чебер аткаруучулугу гана эмес. Албетте, анын да мааниси зор. Ал ыр окуясына шайкеш келген добуш ыргагын, үн эпкинин өзгөртүп, ар түрлүү картинаны көзгө элестетээрлик кылып орундуу кыймылдар жасап, угуучунун жан дүйнөсүн термелте ырдады. Анын чеберлиги көркөмдөп окууну кесип кылган - профессионалдардан да кем түшпөйт. Бул - бир маселе.
Бирок негизги кудуреттүү күч - эпостун өзүндө. Ошол бөлүмдүн идеялык мазмун, көркөмдүк күчүндө. Асыресе, композициялык элементтеринин кыйындан кыйышып, таң калгандай ажайып, чебер курулушунда. Каарман тагдырларынын ар дайым "кыл көпүрөнүн" үстү, кылычтын мизинде болуп, угуучуларын "кантип кетээр экен" дегизип, күдүк ойдон бошотпогондугунда.
…"Тайторуну байгеге кошуу" бөлүмүндөгү окуянын негизги өзөгү - ат чабыш. Каныкейдин башына түшкөн кайгылуу жагдайлар да ушул Тайторуну байгеге кошуу аракетинин айланасында болот.
Болбосо окуянын курулушу да, сүрөттөө ыкмасы да ошол ат чабыш, анын өзүнө таандык өзгөчөлүгүнө багынычтуу болот. Алдыңкы окуядан соңку окуяны күчөтө түшүү, окуучулардын көңүлүн жайдактабай өзүнө ээликтире тартып, кызыктыра турган күч да ушунда. Чыга чуркап, көшүлүп кала турган ат сыяктуу окуя өөрчүп, чиеленишип, алдыңкы окуядан соңкусу ашып түшүп отурбаса, ал кимди кызыктырмак? "Тайторунун чабышындагы" сыйкырлуу күч да ушунда. Тайтору оболу үч жүз, андан соң алтымыш, дагы бир караганда отуз аттын соңунда келе жатат. Кийин калган Тайтору бирден экиге көтөрүлүп, чабышын күчөтө берет. Алдында Чоң кашка, Күрөң, Ак тулпар үч гана ат калгандагы Тайторунун чабышын жомокчу акын мурункусунан да ашыра сүрөттөйт.
… Мылтык үнү чыкканда,
Жал-куйругу диркиреп,
Илебинен үн чыгат.
Тоо бүркүттөй күркүрөп,
Куюшканы шакылдап,
Чоң кашканы такымдап,
Көздү ачып-жумганча,
Жетип барды Күрөңгө,
Куйрук улаш жакындап.
Бирок Тайтору эпосто опоңой гана озо бербейт. Экинчи аттын да осол жылкы эмес экендигин, Тайторуну Ак тулпар менен үзөңгү кагыштыра бир-бирине жеткизип, талаштыра сүрөттөө аркылуу айкындап берет.
Эпсиз күлүк Ак тулпар,
Ал да күлүк мал экен.
Эңкейишке киргенде,
Тайтору озот мойнунча,
Эрегише жарышып,
Эки үзөңгү кагышып -
деп сүрөттөлөт. Биз жомокчунун өз оозунан өз кулагыбыз менен уккан бир бөлүмдүн көркөмдүк, өзгөчөлүгү жөнүндө гана сөз козгоп отурабыз. Эгер "Манастын" бир вариантын түгөл изилдеп, анын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүгүнө көңүл бурсак, жалпы эпоско таандык бөтөнчөлүк, же бир кызыктуу учурларды табууга да, фольклористика илимине көптөгөн үлүштөрдү кошууга да болор эле. Арийне, бул бир күндүн, же бир адамдын колунан келе турган иш эмес. Көптөгөн изилдөөчүлөрдүн биргелешип иштей турган жумушу.
Тоголок жүздүү, толукча келген, кичинекей кара чалдын бир башына сыйган дүйнөлүк мааниси бар "Манас" трилогиясы, жүздөгөн фольклор окумуштууларына илимий азык.
Бир калктын нечен кылымдар бою башынан кечирген турмушун, эрдик, элдик салтын, арманы менен муңун, патриоттук улуу идеясын, ынаным-ишенимин, этикасы менен эстетикалык түйшүгүн толук камтыган жарым миллион сап элдик ырды чыныгы мурасчысы болгон совет дооруна, бизге жеткизген жомокчу - Саякбай Каралаевге таң калбаска да, ага чын жүрөктөн алкыш айтып, аны чын көңүлдөн термеле сүйбөскө да мүмкүн эмес. "Колдо бар алтындын баркы жок" деген эл сөзүнүн мааниси зор. Саякбай - дүйнө жүзүндө бир гана адам. Эч жер, эч элде жарым миллион жолдон турган 30 томдук асыл казынаны жатка айта турган экинчи Саякбай жок. Ал - феномен. Ал эзелки Гомерден берки эл ырчыларынын тирүү айгагы, эң улуу өкүлү. Саякбай кыргыз элинин таланттуулугунун айкын далили. Эгер аны өз репертуары менен дүйнөлүк фольклористика илимине тааныта алсак, бул ХХ кылымда совет элинде гана болушу мүмкүн болгон кереметтердин бири деп билер эле.
Демек, Саякбайдын 70 жылдыгын өткөзүү, ал жер жүзүндөгү ажайып көрүнүш болуп эсептелген "Манасты" көтөрүү, жалпы совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин зор рухий күчүн, ашкан таланттуулугун аалам алдында көргөзмөгө чыгаруу деген сөз.
Ошондуктан бул маселеге кыргыз эли айрыкча маани берип, көтөрүү керек да, ага бүткүл совет элинин бардык илим кайраткерлери түгөлү менен ат салышуусу кажет.
…Айрыкча "Саякбай - дүйнө жүзүндө бир гана адам" деген сөзү не деген баа. Бу макала кеменгер манасчы али тирүү кезинде берилген аныктама. Улуунун улуулугун убагында туя билген боордош казак окумуштуусунун бул баасына чын жүрөгүңдөн ыраазы болбой нетесиң. Боору бир жумурлаш журт гана ушундай ак ниет ак сөзүн айтып, адамдык азиретиңди козгой алат...





  Сандан-санга

Шай Доот
Мезгил сабактары
Урматтуу окурман, биз буга чейин аалам түпкүрүнөн адамзат дүйнөсүнө келип жаткан кубаттуу энергиялардын таасирлери тууралуу маалыматтар менен таанышып келсек, мындан ары бизге чейинки жер кезген цивилизациялар тууралуу баяндамаларды улантмакчыбыз. Ал баяндамалар бизди жомокко айланган чындыктарга жетелейт…


Атлантида цивилизациясынын Жер планетасындагы эң акыркы күнү
Чоң аалам үчүн да аябай бир ары кайгылуу, ары өкүнүчтүү, бирок аргасыздан болуп калган бул атлантида цивилизациясынын эволюциялык жолун кескен алаамат күндүн, каран күндүн алардын башына түшүшү аалам бийиктигиндеги бардык улуу устаттарды да, касиеттүү улуу рухтарды да ушундай бир азаптуу муң-кайгыга бөлөп турду. Жер дүйнөдөгү алааматты көрүшүп бардыгынын рух дүйнөлөрү зор арман күүсүн чертип жатты. Аттиң! Жалган дүйнөнүн мыйзам чегин ыйык тутунуу менен гана түбөлүктүүлүккө жете алаарын атланттарга билдирүү үчүн, нечендеген улуу рухтар ушундай бир албан ишти артынып, өздөрүнүн рухун тобокелдикке салуу менен бардык оор түйшүккө да кайыл болуп, жер дүйнөсүнө ылдыйлоо менен улуулук алдындагы ыйык парзын, ыйык милдеттерин канчалаган ирет кайталап аткаруу менен убараланышпады? Улуу күчтөрдүн барысы тең жан кейиткен, бирок атланттар өздөрү тилеп алган бул арман күндөгү ажал менен актын ортосундагы алп бир алышууну жан дүйнөлөрү сыздап, ыйлап бийиктен чоң көз менен карап турушту. Бирок Улуулукка кайрылып, тиги жер бетинде азапка кабылгандарды армандуу аяктаган тагдырдан сактап калууга болоор бекен, ошол үмүткө акыркы бир жол бар бекен деп суроо сала алышпады. Себеби алар түшүнүшкөн, дал ушул ажал менен арбашкан жан далбас аракетке мындан ары кечирим жоктугун, ушул себептүү өйдөгө - Улуулукка эми бир жолу эле кабак көтөрүү да кесир экенин. Эгер кайрылышса төмөндөгүдөй жоопту угушмак " Улуулук мыйзамы эң акыйкат жана каардуу!" Асман күчтөрүндө ушул көрүнүш болуп жатты. Ал эми жер эненин боорундачы?...Атлантида цивилизациясы үчүн улуу устаттар жер планетасына канчалаган ирет кайталап маалыматтарды беришип, аларды туура жолго салып кетүү үчүн маяк сымал жанып турушпады беле?... Бул ыйык парзды аткаруу үчүн аларда кирпик ирмем тыным жок эле. Улуу устаттар каран күн түйшүгү түшөөрдөн мурда, табигатынан мээримге оролгон бул планетадан тандалма коом топтоого аракеттерин жасашты (бул улуу мыйзамдын программасына киргизилип сактап калууга шанс берген атайын иш-чаранын системасы эле. Азыркы тапта адамзат дүйнөсүнө ааламдан маалымдалып жаткан илимдерди өтө аяр талдап, анын негизинде туура нукка түшүп кетүүбүз абзел). Тандалма коомго тартылгандар алардын үмүтүн актоодо болушту. Планетада топтолгон аруу коом жана асман күчтөрү чогуу аракетте болуу менен албан ийгиликтерди жаратууда болушту. Мекендештеринин улуу чындыкка ишенишин каалап, жогору турган сфераларга ийгиликтүү көтөрүлүп кетишин тиленишип акыркы кубаттарын сарптап турушту. Жалпы цивилизацияга маалым болгон ыйык иштеринин айрымдары катуу сынга коюлуп, жалаң эле шагы сынбастан, мекендештери кайра аларды айыптап, жаза тартууга да туш болушту. Бирок арууланган коомдун бул "көшөргөн жер балдары" ыйык парздан тайыбай туруп беришти. Анткени аларды аалам бийиктигинен шакирттикке алган улуу устаттар дем берип колдоп турушкан эле. Жер балдары "бейкапар" жашап турган күндөрдүн биринде дил дүйнөлүк таза коомго "чукул келдиңер" деген жарыя келди Улуулуктан. Себеби өкүнүчкө карай, акыйкат таразасына терс күчтөрдүн "ийгиликтери" алда канча басымдуулук кылып калган эле. Убакыттын өтө эле тардыгын, жер планетасындагы жашоочулардын бардыгын жогорку сферага көтөрүп кетүүгө мүмкүн эместигин билдирип, жүрөктү үшүткөн бул кабар доорлордун алмашуусун баяндап турду. Доорлордун жаңырышы албетте жакшы кабар эмеспи! Бирок бул жолкуда доор жаңырат деп айтылбай, доорлор алмашылат делди. Бул кабарлардын бири-биринен айырмасы чоң экен да, демек. Доор жаңырат делгени ааламдагы бир цивилизациянын жаңы бир тепкичине, дагы бир ыйыгыраак сферасына көтөрүлүүсү экен да! Ал эми алмашылат делгени?... Али жер эненин бетинде "сонун жашоосун улантып жаткандар", ааламдан келген ыйык маалыматка ишенбегендери, бул доорлор алмашылат деген кепке деги капар салып койбоду. Бир гана дил дүйнөлүк аруу коом менен бийиктен көз салып турган улуу устаттардын арман күнү ушинтип башталды. Байкабагандарга, эч нерсени этибар албагандарга убакыт өз агымы менен агып турду. Суу да өзөндө өз нугу менен агууда, табигат да аларды эркелетип ырахатка бөлөөдө. Балдарын сүйүп, үй-бүлөдө да бакыт өз нугунан жазбай, сонун келечек өзүнөн кабар берип жаткандай болуп эле сезилип турду. Бир гана "апаат күнгө кептелебизби" деп, жанын үрөп сабагандар дил дүйнөлүк коом менен алардын устаттары болуп, деги эле аларга жер убактысы укмуш ылдамдык менен чимирилип,а бирде болсо, ал арууларга убакыт тап такыр эле токтоп ааламдын ичи бош калгандай болгон сезим-туюмдарда эзилишти. Эмне үчүн аалам бош калгандай? Себеби Атлантида цивилизациясынын берип келген жана мындан ары дагы бериш керек болгон мурдакыдан да кудуреттүү уникалдуу энергиясын аалам койнундагы башкаларына бере албай, ал азыктан аларды куру жалак калтырышканы олтурушпайбы?! Ошол эволюциялык прогресстин кесилген күнүнөн алып караганда, ааламдын глобалдык ыйык балансын кармап турууга керек болгон кубаттан өңгө дүйнөлөрдү кем калтырышаары таза дүйнөлүк коомду азаптуу туюмга салды - өздөрүнүн дүйнөлүк кубатынын аалам ичинде катышпай калуусу аларга ааламды бош кала тургандай сездирди. Ошентип, азаптуу күнгө чукулдаган бул убакыт бирөөлөргө бош калгандай, ал эми бирөөлөргө закым болуп өтүп жатты... Айтылган күн да келди! Жалпы замандаштарга карап турган жан болбоду. Ар бир жеке жан өз ички дүйнөсүндөгү апаатта калды. Өкүнүч, арман, азап ар бир жеке жандын өз ичинде гана добулбастарын уруп турушту! Бир жандыкы экинчисиникине окшошподу. Көрсө, алар ар бир рухтун кайталангыс уникалдуулугу аалам мыйзамынын алдында зор күчү бар кубат экенин өтө кечигүү менен сезген экен да! Эмнеге улуулук мыйзамына бирде ишенип, бирде ишенбей, же таптакыр эле аны жоктоп келишти экен? Аттиң, эми берилсечи алтынга тең келген кирпик ирмем убакыт!...
(Уландысы бар)