Пикир…

Сырткы күчтөрдүн таасиринен качан кутулабыз?
1. "Аванс" катары "ишеним"
"Той да болор, тойдун эртеси да болор" дегендей ызы-чуунун башаты болгон шайлоонун жыйынтыгы да БШК тарабынан чыгарылып бүттү. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта шайлоолордо административдик кысым такай көргөзүлүп келген эле. Ал эми бул парламенттик шайлоодо бийлик мунарасындагылар мурдагы сыналган ыкмадан баш тартканга аргасыз болсо, аны башка күчтөр билгичтик менен пайдаланып кетишти. Натыйжада, акчалуу партияларга "жашыл" жарык күйүп, алар добушту сатып алууга, айрым жерлерде криминалдык күчтөр аркылуу таасир көргөзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү тууралуу калк ичинде кеп ачык эле айтылууда. Шайлоодо 5 пайыздык тоскоолдуктан өткөндөр кантсе да утушка ээ болду, бирок бул алар үчүн негизги жеңиш боло алган жок. Шайлоочулардын саны 50 пайызга да жетпегендиги - жаңы парламентке добуш бергендердин аларга "аванс" катары гана көргөзгөн азчылыктын ишеними катары санасак болот. Мындан тышкары сырткы күчтөрдүн да тийгизген таасири бар экендигин тана албайбыз.
2. Укуктуу "укуксуздар"
Элдин саясий өнөктүккө аз санда катышышын алардын пассивдүүлүгү катары саноого болбойт. Анын бир кыйла жүйөөлүү себептери бар. Тактап айтканда, буга чейинки шайлоолордо администрациянын кийлигишүүсүнөн бийлик колдогондор добушту аз алса да, жасалма жол аркылуу өткөрүлгөнүнөн улам калктын басымдуу бөлүгү бул шайлоодо деле калыстык болоруна ишенген эмес. Алардын айрымдары жаңылыштык кетиргенине эми өкүнүп жатат. Дагы бир себеп, өлкөдөгү тышкы жана ички миграциянын кескин көбөйүшү да өзүнүн терс таасирин тийгизди, башкача айтканда, миграцияда жүргөндөрдүн дээрлик басымдуу бөлүгү 18, 40 жаштагылар, же калктын добуш берүүчү негизги бөлүгү болуп саналат. Чет өлкөлөрдө жүргөндөрдүн 70-80 пайызы легалсыз абалда болсо, борбор шаарыбызда жана чет жакаларында жашагандардын паспорту бул аймактарда каттоодон өтпөгөндүгү да алардын жарандык жактан укугун чектеп койгондугун да саясий "сынчыларыбыз" эске алуусу керек.
Мисал келтирелик. Баш калаабыздын тегерегинде эле 100дөн ашуун дача бар дейли. Баасы арзандыгына карап ушул жерден үй сатып алышкан, туруктуу жашоочуларга айланган, бирок паспортту каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес. Бир дачада 500 үй-бүлө жашаса, азайтып санаганда эле 1000 адам добуш бермек, ал эми жалпы дачадагыларды эсепке алсак, 100 миң адам жарандык укуктарын пайдалана алышкан эмес. Шайлоону кайра жүргүзгөн учурда деле азыркы күндө шайлоочулардын саны жогорку көрсөткүчкө жетиши мүмкүн эмес деп коркпой айта алабыз. Ал эми мыйзамсыз басылып алынган жаңы конуштардын канча жашоочулары укуксуз абалда калганын айтпасак да болот.
3. Ыплас шайлоонун "уюштуруучуларынын ызы-чуусу"
Азыркы күндө эл аралык байкоочулар Кыргызстанда "таза шайлоо" биринчи жолу болгонун баса белгилешти, бирок К.Бакиевдин президенттикке экинчи ирет шайланышына жана ак жолчулардын парламентте негизги добушка ээ болушуна ыплас оюндарды уюштургандар шайлоонун жыйынтыгына ыраазы болушкан жок. БШКга шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахам Мадумаровдун салган ызы-чуусу тууралуу ким кандай ойлойт, менимче, ал азыркыга караганда мурдагы шайлоолорду эң таза деп эсептебесе керек, анткени ал шайлоолордо кандай жол менен болсо да депутаттык мандатка ээ болуп келгенин эсинен чыгара албай жаткан көрүнөт. Анын үстүнө аз болсо да мамлекеттик катчы, спикерлик кызматтарды да аркалап, элдин ишенимин мындай кой, мансап мунарасында К.Бакиев менен "үзөңгүлөш" болуп, анын камчысын катуу чапканын, ал бийлик кулагандан кийин эми бийликтен кол жууп калуу коркунучу пайда болушу ага тынчтык бербей жаткан сыяктанат. Аны "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партиялары кызуу колдошору далилдөөнү деле талап кылбас.
4. Коалиция "коркунучу"
Мансапка берилген адам абийир деген эмне экенин унутуп коёт көрүнбөйбү?! Анткени азыр А. Мадумаров Каркыраны казак кайын-журтуна өтүшүнө кошкон салымын "улантып", "Бүтүн Кыргызстанды" өткөрүп бергенге даярдык көрүп жаткандай пикирди пайда кылат. Адахам кетирген кемчиликтерин сыртынан болбосо да, ичинен моюнга алууга эрки жетсе, арадай жерге чарадай жыйын өткөргөнгө мыйзамдык талапты мындай кой, моралдык укугум барбы? - деп ойлонмок. Партиянын "Бүтүн Кыргызстан" атынын маанисин мамлекетибиздин биримдиги менен байланыштырууга негиз табууга аракеттенсек да, анын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү терс пикирди гана пайда кылат.
Тарыхта Франциянын бир королу Людовиг: "Мамлекет - бул мен" - деген сыяктуу А.Мадумаров "Бүтүн Кыргызстанды" мен гана бийлешим керек - деген максат коюп, К.Бакиевдин ыплас шайлоосунда топтогон тажрыйбасын колдонгонго мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн БШКга, айрыкча, аны жетектеген А.Сариевге "тишин кайрап" жаткандай. Ал эми "карга карганын көзүн чукубайт" - дегендей "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партияларынын лидерлери учурунда ыплас шайлоонун уюштуруучулары болгондугуна көңүл бурсак, алардын А.Мадумаровду колдогондон башка аргалары жок.
Өкмөт курамын көпчүлүктү түзгөн коалиция түзөт, идеялык жана башкаруу жактан көз караштары дал келбеген КСДП жана "Ата Мекен" өнөктөш алар менен өнөктөш болмок эмес. Ал эми "Республика" партиясы КСДП менен бир коалицияга кирүүгө макул болушу шайлоодо реванш алган эски бийликти колдоочуларга тынчтык бербейт, себеби өкмөттү түзүү укугу алардын каршылаштарынын колунда калып отурат. Эгерде шайлоонун жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКны "жеңсе", конфронтация түзүлмөк, тетирисинче, БШК нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүн катыштырып, кайрадан эсептөөлөрдү жүргүзүшү учурдагы туура чечим болгондугун эскерте кетсек болот. Алар нааразылык акцияларын токтотпойт, бирок парламент өз функциясын аткарууга эми толук укукка ээ болот. Мамлекеттин бүтүндүүлүгүн жана өлкөдө стабилдүүлүктүн сакталышын ойлошсо, К.Бакиевдин ички жана тышкы саясатын колдогондор саясий ызы-чуу токтотмок. Буга эрк керек, эгерде жеке амбиция күчтүү болсо, акциялар менен митингдер күчөйт. Мындан А.Мадумаровдун ким экендигин, анын чыныгы жүзүн аныктоого мүмкүнчүлүк алабыз.
5. Саясий маданиятыбыз төмөнбү?
Күчтүү президенттик бийликти жактагандарды негизинен Орусия катуу колдогондугун жашыруу мүмкүн эмес. Баарыбызга белгилүү, Бакиев-Куловдордун ортосундагы "мандемдүү тандем" түзүлүп, бүтүндөй бийлик К.Бакиевге өткөндө, "желим" генералыбыз Феликс Кулов парламенттик башкарууга өтүү керек деп зар какшаган эле, арадан аз жыл өтпөй парламенттик шайлоо башталганда, Орусияга барып келер менен анын башкаруу системасына көз карашы 180 градуска бурулду. Бул Орусияга жагынуучулукпу же өзүнүн принциби жок күн карамалыгыбы, аны окурмандар чечмелеп алышар. Ал эми эски бийлик кулатылгандан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөөрүн жарыя кылганда, көз карашы өзгөрүлүп, күчтүү президенттик башкарууну жактап калышы эле анын туруксуздугун айгинелеп жаткан жокпу?
Эл аралык мамиледе бир мамлекеттин экинчи мамлекеттин ички иштерине кийлигишпестиги тууралуу мыйзамы да бар. Ал эми "улуу агабыз" өлкөбүздү башкаруунун башка жолуна түшкөнүбүздү жактырган жок. Орусия тарап жагынуучулукту жактагандарды ачык да, тымызын да моралдык жана материалдык жактан катуу колдоо көргөздү.
Шайлоо учурунда го мейли, азыркы учурда Кыргызстандын келечегине тескери баа берген Орусиянын "көзү ачыктары" күбүң-шыбың кептерин токтотпой келет. Буга жол ачкандар биз "ишенген" орус тилдүү партиялар да, орустар менен мамилени бузбайлы деген партиялар да күнөөлүү. Ал эми ВРС маалымат каражатына КМШ өлкөлөрүндөгү Орто Азия жана Казакстан Институтунун бөлүм башчысы Андрей Грозиндин маегиндеги пикирлер башкача жыйынтык жасоого мүмкүндүк бербейт, себеби биздин айрым "лидерлерибиздин" саясий маданиятынын эң төмөн экендигин ачык белгилейт.
6. Божомолдор жана чындык
Андрей Грозиндин айрым кебине караганда Орусиядан колдоо издеген саясатчылар биринин артына бири суу куйгандыгын, оппоненттерин жаманатты кылуу максатында ар кыл ушактарды кеңири колдонгондугун, "эч кимисине ишенбегиле, алар америкалыктарга, кытайлыктарга, түрктөргө, казактарга сатылып кетишкендер" - деп, өздөрүн гана сүттөн таза көргөзгөндөрүн белгилейт. Москвага өлкөдө саясий партиялардын эмес, бир канча бөлөк мамлекеттердин марионеткаларынын жана өкүлдөрүнүн ортосунда бийликти ээлеп алууга күрөш жүрүп жаткандай көз карашты калыптандырууга аракет жасалганын ачыкка чыгарат.
Шайлоодон кийин фракцияны түзүү жана А.Сариев башында турган БШКнын шайлоо жыйынтыгы тууралуу расмий жыйынтыгын чыгарарын, натыйжада КСДП, "Ата Мекен", "Республика" конфигурациясы түзүлөрүнө басым жасайт, бирок "килемге кармашка" чыккандар маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечише алышпасын, айрым маселелерде компромисске барууга али үйрөнбөгөндүгүн туура белгилейт.
Шайлоо аяктап, БШК алгачкы жыйынтыкты чыгарганда эле айрым партиялык лидерлер "улуу агалары" менен сүйлөшүүгө шашылыш жөнөшкөн, бирок алар бул "айылдашмак" оюнунун сырын жөн эле "тааныштарына" "учурашканга" баргандай түр көрсөтүшкөнү менен анын чындыгын А.Грозин аныктап койду. Ал маалыматка таянсак, Орусия бул жолу бардык саясатчылар бир "столго чогулуп", коалициялык өкмөт түзүшүнө кызыкдар катары көргөзөт. Бирок Москвага баргандардын "визитинин" жыйынтыгы тууралуу сөз сыртка чыгарылбай, жашыруун сакталып отурат.
Бул "оюндун" артында чет элдик геосаясат жашырылгандай, тактап айтканда, мындан жыйырма жыл мурда кыргыз эли эркиндигине ээ болгондо, "эгемендүүлүккө ээ болгон менен 20-25 жылдан кийин Кыргызстандын түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Казакстанга кошулат" дешсе, азыркы парламенттик шайлоодон кийин КСДП, "Ата Мекен", "Республика" партиялары бир коалицияга биригишет, бирок турмуштун биринчи сыноосунда эле бул коалиция да кыйроого дуушар болот деп божомол жасайт.
Бул божомолдун артында жашырылган сыр болушу мүмкүн. Парламенттик бийликке каршы Орусиянын каршы болгонун эске алсак, мурда Орусия мындай башкарууга каршы болушун азыр кыргыз элитасы саясий күрөшкө чыгууга өсүп жетиле электигин шылтоо кылышы буга биздин шек санообузга негиз түзөт. Өлкөбүздө партиялардын тирешүүлөрү мамлекетибизди жок кылууга жеткириши мүмкүн. Демек, жеңилген партиялар сабырдуулукту көргөзбөсө, мамлекетибизге каршылык кылган чыккынчылык кылгандыгы гана катары саноого болот, ал эми сырттан "байкоочу" катары карап турган Орусиянын Кыргызстанга өзүнүн саясий жана экономикалык таасирин сактап калууга жана күчөтүүгө көмүскө жол аркылуу аракет жасап жаткандыгын тастыктап койду сыяктанат.
Эртабылды АТТОКУРОВ