Үйдө баатыр жоодо жок...

Шайлоодогу пайдасы жок жердешчилик, же добушун акчага саткандар

Кыргызстандагы көптөн күткөн шайлоонун аяктаганына жыйырма күндөн өтүп, БШК толук жыйынтыгын биринчи ноябрда жарыялады. Шайлоодо жеңип чыккан беш партия азыр өз ара сүйлөшүшүп, ылайыгына жараша биригишүүдө. Ошол эле убакта көпчүлүк эл айтып жүргөндөй "СДПК, "Республика" жана "Ата Мекен" партиялары биригип, парламентте көпчүлүк орундарды ээлеп, өкмөттүн курамын түзүп, өлкөбүздү оор акыбалдан алып чыгышат деп жалпы эл-журтубуз чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Азыркы өткөн шайлоо мурункуларга караганда алда канча таза өттү. Эч кандай административдик ресурс бийлик тарабынан күч колдонулган жок, элдин каалоосуна койду. Бирок таза шайлоо өткөнү менен, элдин күткөнүндөй болбой жыйынтыгы такыр башка болду. Революциячыл партиялардын бирөөсү гана алдыга озуп, экинчиси араңдан зорго 0,5%дык чектен өтүп, башка партиялардын чаңында калды. Үчүнчүсү болсо марага жетпей өкүттө калды. Ошондой болсо да "Ак шумкар" партиясынын лидери шайлоодо жеңилгенин мойнуна алып, жигитчилик кылып, жеңген партиялардын жеңишин тааныды. Ошол эле убакта "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодо утулганын мойнуна алмак турсун элдин тынчтыгын бузуп, өлкөнүн түштүгүндө жана борбордо эки жумага жакын митинг уюштуруп, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап жатканы өкүндүрөт. Айтмакчы, анын лидери Адахан мырзанын өзү өткөн бийликтин камчысын чаап жүрүп, чү дегенде эле кыргыздардын ата-бабадан бери жайлап келген атактуу кең жайлоосу Каркыраны, көгүлтүр көлдөгү төрт пансионатты казак туугандарга жөн эле өзүнүн менчик жериндей кармата салышы чыккынчылык, бери дегенде акылга сыярлык иш эмес, өлкөнүн бүтүндүгү эми эсине келип, түштөн кийин партия түзгөнүнө жол болсун. Ушул аталган партиянын дагы бир тең төрагасы М.Кайыпов дегени мурдагы бийликте Адилет министри болуп турган чагында Бакиевдердин элдин укугун мыйзамсыз тебелеп тепсеп,өз билгендерин кылып жатканда бул ишиңер туура эмес деп бир ооз калыс сөзүн айта албай коңулда жүрүп, эми үй-бүлөлүк бийлик токсонго жакын эр-азамат баатыр жигиттердин күлгүндөй өмүрүн жалмап анан курагандан кийин биз өлкөнүн бүтүндүгү үчүн элге кызмат кылабыз дегендери эки жүздүүлүк жана айыкпас дарттай болуп бийлик кумарына баткандыгын көргөзүп турат.
Учурдагы бийликти кээ бирөөлөр аябай эле алсыз, кээ бир маселелерде өтө эле мажирөөлүк кылып, же болбосо жумшактык кылып жиберишти деп күнөөлөшөт. Бирок иш жүзүндө накта элдик бийликтин үлгүсүн көрсөттү. Ошон үчүн алтын акырдан жем жеген мурунку чиновниктер ээн-эркин эч ким бут тоспой шайлоого кенен барышты. Албетте, эбегейсиз акча каражаттарын сарпташып одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, айрыкча түштүк жергесиндеги шайлоочулардын добуштарын сатып алышты. Кептин баары Бакиевдин көзүрлөрү жердештерине эгер биз түзгөн партияларга кошулбасаңар, колдобосоңор, анда түштүк жергеси таптакыр каралбайт, жерлерибиздин баары коңшу республикаларга өтүп кетет жана башка тири укмуш калп нерселерди айтышып, ошондой эле июндагы улут аралык жаңжалдан зор упай топтоп алышып, элдердин башын айлантты. Биздин түштүк туугандарыбыз апрелдеги кандуу окуяларга көз жуумп туруп, өз добуштарын акчага саткандары эң осол иш болду. Ошондой эле жаман да болсо өз корообуздан кочкор чыксын деген арамза маанидеги ойдон чыгарылган сөздөрдү туу тутуп, пайдасы жок жердешчиликке баргандары жан кейитерлик. Тилекке каршы, борбордо митингге чыккан миңден ашык адамдар, айрыкча арасындагы аялдар, карыган кишилерди эсепке албаганда, албан-субандай болгон килейген зор жигиттер алакандай болгон борборубузга толуп алып сес көрсөтөбүз деп топурап жүрүшкөндөрү бир четинен элин сыйлабагандык. Күчкө толуп турганда "эр-жигит эл четинде жоо бетинде" деген элибиздин акылман жакшы сөзүн түшүнбөй, түштүктөгү жерлерин таштап, болбогон иш үчүн борбор калаабызга толуп алышканы жакшы эмес. "Тууган күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат" дегендей, күйгөндөн айтып жатабыз. Албетте, "Ата-Журттун" лидеринин бул иш-аракети таптакыр мыйзамга туура келбейт, мурдараак "эгер биз шайлоодо өтпөй калсак, буга бийлик тоскоолдук жасады деп шайлоочуларыбыз жалпы митингге чыгышат"-деп мында бир дымагын көргөздү, өткөндөн кийин "менин артыман куугунтук түштү", кийинчерээк "кол салуу болду" деп, жогоруда айтылгандай үч-төрт күн борбордо тынч жаткан элди дүрбөттү. Бул иш-аракети менен мени көрдүңбү деп өзүнүн күчүн бийликке даңазалады. Бирок мунун Ормон опузасынын пайдасынан зыяны көбүрөөк экенин кийинчерээк түшүнөт. "Үйдө баатыр жоодо жок" болбой, андан көрө түштүктөгү чек араларды чек арачылар менен бирдикте элдик кошуун уюштуруп алып коргошсо болмок, өкмөтүбүз деле колдомок. Ал жерлерде өзбек, тажик туугандар улам бери карай жылып, чек араларын жылдырып, жерлерибизди чекесинен басып алып жатышат. Жогоруда айтылгандай, бир муштумга биригип, ынтымактуу болгондо алар ийиндерине кирип турат эле эми деле кеч эмес. Бизде кээ бир адамдар өлкөдө болуп жаткан кымбатчылык менен кыйынчылыктар июнь айындагы коогалаңдын ж.б.у.с. болуп өткөн нерселердин баарына эле азыркы бийликти күнөөлөшөт. Бул таптакыр туура эмес. Эмне алар сыйкырчы беле "Болсун!" десе эле болуп калгандай. Бардык боло турган жакшы иштер акырындап болот. Буйруса, иш оңунда болот, болгону тынччылык керек. Эми айтайын деген сөз-оюмду жыйынтыктап жатып, СДПК, "Ата Мекен", "Республика" партиялары биригип, бир багытта ынтымактуу түрдө иш жүргүзүп, элибиздин мүдөө-талабын орундатып, мамлекетибизди оор кризистен алып чыгышат деген зор үмүт бар, элибиздин күткөнү да ошол.
Садыбакас Бакаев,
Панфилов району.





  КАТ КУРЖУН

Карылардан дил маек
Бул макаланы жазып жатканыбыздын себеби: 2010-жылдын 20-октябрындагы "Аалам" газетасынын №35 санына жарыяланган Бөлөкбаев Эркин жөнүндөгү макала биздин оозубузду ачырды. Биз мурун газета окуп, телевизор көрүп жүрчүбүз, бирок макала жазуу такыр оюбузга келчү эмес.

Пайгамбар жашынан өтүп, "эсил кайран" СССРди жана азыркы заманды көрүп, өмүрүбүздүн күүгүм тарткан мезгилине карабай бала-бакыра, неберелердин кашында бактылуу карылык сүрүп жатабыз, заманыбыз тынч болсо деп Алла Тааламдан 5 убак суранабыз, айланайындар! Бирок өзүбүз жакшы көргөн газеталарыбызды: "Форум", "Алиби", "Эл сөзү" мурдагы Де-фактолорду окуп, телевизордогу жаңылыктардан күндө куру калбайбыз. өлкөдө болуп жаткан окуялар, жаңылыктар бизди өтө кызыктырат. Баарыбыз эле саясатташып кетпедикпи.
"Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн" дейт эмеспи. Биз Эркиндин ата-энесин көрүп жүрдүк, ыраматылыктар бир адамга да кылча жамандыгы жок адамгерчиликти жогору койгон, ак ниет, экөө тең чынчыл, түз жүргөн адамдар болчу. Атаганат! өмүр кыска турбайбы, энеси жаш кетип калды. Мындай үйдөн тарбия алган бала да чынчыл, боорукер, түз жүргөн, бетке айткан, арам эмес бала болуп тарбияланды. Турмуштары тың абдан жакшы жашашчу. Азыркы хаос доорон сүрүп, "пиарщиктердин" күнү тууп, заказ менен бирөөнүн артынан түшүп, чукуп, көрө албастыктар көбөйүп, алды артын карабай калпты чындай көбүртүп жазгандар көбөйдү. Ооба, журналисттер кандай гана оор кырдаал болбосун, кыйын учурга карабай бутактарында отургандардан тартып, министр, губернатор, аким, мамлекеттик кызматтарда отурган чиновниктердин оң-терс (жактарын) иштеринин жакшы-жаманын ылгап, эл арасына алып чыгышы зарыл нерсе дечи. Бирок, тилекке каршы, Бөлөкбаев жөнүндө өтө эле апыртып, "имиштерге" таянып, "аялы айтыптыр, бул айтыптыр" деген аял ушак менен фактыга таянбай колдон келишинче "шыбап" салынган. Мындай "пиар" кимге керек эле? Албетте, ал Бөлөкбаев аркылуу кызматынан четтетилгендерге алчы-таасын түгөнгөндөргө жана анын кызмат ордуна көз арткандарга, сугун арткан, бош калган чиновниктерге керек. Бул жигиттик эмне "пара" алган, фактысы барбы? Жумушта өйдө-төмөн боло берет, казса "не ошибается тот кто не работает" же "на ошибках учатся" дейт го. Ал эми үйү болсо ушундай кыска мөөнөттө эмес, көп жыл иштесе да табиятынан чынчыл, карапайым калкка боору ооруган, элдин кызыкчылыгын көздөп, бийликтин камчысы болгон бюрократтардан, акча десе ашын жерге койгон олигархтардан айырмаланган - революционер адам хан сарай ала албайт. Биз жүрөгүбүз менен ишенебиз, сезебиз. Ал үй жөн эле жашап турса керек. Бул калп! Ал эми эмне Келдибеков, Тюлеевдердин үйлөрүчү?! Сан жетпейт. Ишканалары мындан көп, мына ошого бомба бололу! Мына идея ошондо турат! Бөлөкбаевдин эл алдында ыйык милдетин туура түшүнүп, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн күрөшкөн адам экенин өзүнүн кесиптештери чогуу бир идеядагылары, эл да билет "взятка" алып араанын ачса, бир жерден эчак чыкмак "бир көзүң, бир көзүңө жоо" учурунда. Эми сөзүбүздүн аягында айтаарыбыз, Эркинди ким тааныбайт, аны ашыра чаап мактагандан алыспыз. Түрмөдөгү кыйналганын, 1 күн болсо да жатканы канча азап, а бул бир жыл куурады. "Түрмөдө жылан да жатпасын" дейт кыргызда. Мунун бардыгы Бакиев менен түздөн-түз бетке айтып каршы чыкканы болду. Петровкадагы 4 жашар кызга боору ооруп, Бакиевдин аша чапканынан жадаган элге акция уюштуруп атканда кармалбадыбы. Айтканга азыр оңой, а түрмөнүн иши түрмө да. Муну менен эмне айтмакчыбыз? Балдарыбыздын "шейит" кеткен арбактарын сыйлап, ак иштеп, элге кызмат өтөйм деп Бакиевдин жайдакталган, жүргөнү жок эч кимге ээлик бербеген бийлигинин тушунда ажал менен кармашкан көрүнүктүү жигиттерибиздин кемчилигин эле издеп, жакшы жактарын эске албай калыш туура эмес го. Бул көрүнүктүү жигиттерибиз: А.Атамбаев, ө.Текебаев, К.Байболов, И. өмүркулов, Б.Шерниязов, Абдрахмановдор, Э.Бөлөкбаев да булардын арасында. Анткени баары бир идея, бир пикирде. Ушулардын жана дос ушуларга тете болгон толгон кыргыз жигиттеринин аман калганына, бардыгына тобо! Жолуңар шыдыр болсун! өлкөдө тынчтык болсун, эл-жерди коргогула! "Ырыс алды - ынтымак" дейт эмеспи. Силерге кааларыбыз ынтымак. Бар болгула!
Ш.Сейилканова, С.Абдылдаева,
Б.Амантурова.