Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
Нестан төркү бөлмөгө барып небактан даярдап койгон кийимин кийип келди. Асман түстөгү костюм-юбка. Кенжеге жакпай улам бирди Куланга алмаштыртып келип жатып ушуну тандашкан. Нестанга куюп койгондой, анан калса жарашканын айтпайсыңбы! Кеп кийимде эмес, кеп өң-келбеттеби, Нестан не кийсе да жарашып жатып калат. Кийинип келген Нестан кирери менен Кенже дароо эле айтты:
- Некен, чачыңды түшүрүп эки бөлүп өр. Тиги айбанга аял атың болгону менен, сен кыз эле бойдонсуң. Эки бөлүп өр, баягүнү эле айтпадым беле. Бол балам, шайтан сайып тиги айбан кирип келсе, балээ башталат.
Нестан артына чогулта байланган чачын түшүрүп, апасынын жанына чөк түштү да, эки бөлүп өргөнгө киришти. Жакшы өрө албай койду. Кенже кызды өзүнө жакындата эңкейтип, алсыз колу менен анын чачын туура экиге бөлүп, далай убара менен өрүп берди. Анан Нестанды наркы-терки бастырып көрүп, сумкасын карматып бастырды.
- Ка-ап, боосу узун болсо ийинге асынып алсаң сонун болбойт беле. Мейли, мындай деле жаман эмес. Кичине ийиниңди көтөр басчы, башты да бир аз өйдөрөк кыл. Ии, ошентип бассаң, жаш эмессиңби, каралдым десе.. Бутуңа кайсыны кийесиң?
- Кара туфлийди кийейинби?
- Караны кой, берки агыңды кий. Алып келсең?
Нестан ак туфлисин алып келди эле, Кенже аны да кийгизип, наркы-терки бастырды.
- Мына эми накта периште болбодуңбу, каралдым... Шашпай, элеңдебей токтоо бас, машине-сашинеден сак бол... Кайра келгениңче сарсанаа болуп атып карып кетем го... Кана, кайра бир жолу айтчы, бүгүн эмне ишти бүтүрүп келесиң?
- Бекен менен Макан байкенин кайда иштерин, кайда жашарын билип келем.
- Жок, баарын айт, үйдөн чыкканыңдан башта.
- Сиз менен коштошуп үйдөн чыгам. Дүкөндүн жанында остановка бар, ошол жерден автобуска отурам. Акчанын баарын алып чыкпай, ченеп алып чыгам...
Ушул жерден Кенже күлүп жиберди.
- Ай, балам ай, акчага чейин айтасың да.
- Антпесем болбой атпайсызбы...
- Ии, айта бер...
- Анан райондун борборуна жетип, биздин айылдын автобусуна түшөм. Түз эле Байкел атанын үйүнө барам. Бекен байкени сурайм.
- Дароо эле сурамак белең, адегенде жакшылап ден соолуктарын, ал-абалдарын сура. Чай берет эмеспи, андан шашпай ич. Анан барып сура. Дарегин жазып ал. Баса, кагаз менен ручкеңди салдың беле?
- Салгам.
- Ии, айта бер.
- Дарегин жазып алып кайра тартам.
- Үйүңө барбайсың, аны эмне айтпай калдың?
- Үйгө барбайм. Түз эле келем, эч ким менен сүйлөшпөйм.
- Тааныш болсо да сүйлөшпөйсүң, жөн эле учурашып коесуң, уктуңбу?
- Ии...
- Жөнө эми, жолуң ачылсын, каралдым десе. Кел бери, эңкейчи... - Кенже Нестанды эки беттен эки өөп, калтырап муун-жүүнү бошойт. - Каралдым десе, минтип мунжу болуп жатпасам өзүм ээрчитип барбайт белем. Сак бол, уктуңбу? Жолдон өтөрдө шашпай эки жагыңды карап туруп өтсөң...
- Макул, - Нестан апасын чопулдата өөп-өөп алды. - Сарсанаа болбой туруңуз, бат эле келем, макулбу?
- Макул айланайын, күчүгүм десе, сак боло көр!
Периште болуп чыгып бараткан Нестандын артынан кыйкырып калды Кенже:
- Сак бол, балам. Түз кел... - Кенженин калтыраган үнү өрөпкөгөн ыйга айланып кетти. Бүт бугу азыр чыгып жаткансып буркурап жиберди, алсыз колдору менен бет аарчысын алып жашын сүрттү. "Жакшылыктан айрый көрбө, ушул байкушумду" деп тиленип алды.
Дал ошол маалда сырттан баягы Сонундун кекерлүү үнү шаңк этти:
- Ии, шерменде, кайда жасанып алгансың, жалаптыкка барчудай болуп!..
Бул үндү угуп Кенженин жүрөгү шуу этти. Бу жалаңкыч кайдан жетип келди экен, эмнеге келди экен. Ушул желмогуз келип кеткенден кийин Нестан бир топ күнгө жинди өңдөнүп калчу эле. Тигинин үнү дагы чыкты ар сөзүнөн заары куюлат:
- Ай, өлүгүңдү көрөйүн сойку, мелтейбей айтпайсыңбы, кайда баратасың шүмшүңдөп, ыя?!
Нестандын жообу жок. Кенже ушул азыр атып чыгып тигини чачтан уучтай эшикке сүйрөп чыкса кана! А, кокуй де, балээнин ошентеби?!
Бир маалда калдыр-шалдыр эле түшүп калды. Нестандын үнү чыкты:
- Сокпо! Тийбе дейм чачыма! Чачыма тийбе!
- Мына сага, өлүгүңдү көрөйүн жалап, мына сага! Кокуй, кокуй, өлтүрдү. Башымды жарып салбадыбы, кокуй! - деп эми Сонундун үнү боздойт, тирилей кескилегендей чаңырып.
Кенже дагы обдулмак болот. Кайдан... Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, калтырай коркуп кетти, Нестан бир балээ болдубу?..
- Некен, э Некентай! Барсыңбы, каралдым?!
- Бармын!
Көзүң жамандыкты көрбөсүн, чекесинен кан шорголоп, бетине жаба куюлуп кызыл-ала болгон Сонун кирип келди:
- Ой өлүгүңдү көрөйүн, мунжу жалап, тигиниңди көптүргөн экенсиң, карачы, момуну! - деп Сонун бетин көрсөттү, - соттотуп чиритем а жалабыңды!
Кенже туттуккандай сөз айта албайт. Тигинин бетиндеги кан коркунучтуу көрүндү.
- Чирип өлгөн өлүгүңдү гана көрөйүн, салбар, мунжу, ары жок, жалап немени көптүргөн экенсиң э, айгактап жатып. Абышкаңды абышка кыла албай сасып жатканча өлүп албайсыңбы!
Бычак болуп тийген сөзгө жаны чыдабайт Кенженин. Бу албуут жалаңкычка кайрып, какшата айтчу сөз таппайт, буулугат.
- Некенимдин балакетин ал! Ал деген жигитин таап келет. Ошондо адыраңдаганыңды көрө жатарбыз.
- Ии, баягы башкесерге жөнөткөн экенсиң да, э?! Ал башкесер неме сенин сойку күңдөшүңдү карап коер бекен. Атасынын башын да карабайт, бир эмес, эки неме талпак кылган шуркуяны урганы барбы, ой өлүгүңдү көрөйүн сойку-шал. Бетиңди бетиме теңейинби, ыя?! - Кенженин бетин башына кошуп жулуп алчудай качыра бергенде кирип келген Нестан анын бир колуна асылып бери тартып тырмышат. Сонундун ачуу тырмактары Кенженин бетине аз жетпей калды, кайрыла берип кийимдери айрылып, эмелеки периште кейпи кетип, чачы апсайган Нестанды башка-көзгө койгулап кирди, - ме сага, өлүгүңдү көрөйүн жаш жалап! Мен сага! - Жалап деген сөзүн ар сөзгө кошуп, башын да калкалабай бир колуна үнсүз асылган байкуш кызды сого берди.
- Ой, бу эмне, ыя, энеңдурайын! Токтот! - Капыс кирип келген Кулан экөөнө мантаңдай жетип, эркек эмеспи, албуутуна тирүү жан чыдагыстай кутурган Сонунду көмөлөтө койду. Анын колуна тырышып колу каткан Нестан албууттун үстүнө жыгылды. Сонундун үнү басылбайт:
- Эмне согосуң, ыя, өлүгүңдү көрөйүн чочко! Мени менен жатсаң жакшымын, эки жалабыңдын жанында жаман экемин да, э?!