Учур маек...

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Улутубуздун кызыкчылыгын эске алып, саясат жүргүзүшүбүз абзел"
БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Учурда парламентке өткөн партиялардын алдында коалицияга биригип, өкмөт курамын түзүү милдети турат. Ал эми шайлоодо өтпөй калган айрым партиялар Улуттук конгресс түзүп, БШКнын чечимине нааразычылыгын билдиришип, сотко кайрылышууда. Өлкөдө болсо саясий, экономикалык абал өтө курч бойдон калууда. Мына ушул маселелердин күңгөй-тескейи туурасында Улуттук конгресстин жана "Акыйкат" партиясынын төрагасы, кыргыз элине кеңири белгилүү дипломат, салмактуу саясатчы Аликбек Жекшенкуловго кайрылып, бир нече суроо узаттык.


- Аликбек мырза, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты. Бирок сиздер шайлоо таза болбой калганын билдирип келе жатасыздар. Ал түгүл сотко кайрылдыңыздар. Ушул жагдайга токтолуп өтсөңүз...
- "Сөздү учурунда айтпасаң, сөз атасы өлөт" деген кыргыздын жакшы макалы бар. Биз шайлоого чейин, шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин да БШК кандай кемчиликтерди кетиргенин, бийликтен кандай каталыктар кеткенин, шайлоо участоктору кандай иштегенин талдап чыктык. Натыйжада, бир топ мүчүлүштүктөргө жол берилгени ачыкка чыкты. Албетте, мурунку бийликтин тушундагы 2007-жылкы шайлоодогудай болуп мандаттар Ак үй тарабынан чечилген жок. Бирок шайлоо процессин бийлик таптакыр көзөмөлдөгөн жок. Элди акчага сатып алуу, криминалдар аралашкан коркутуп-үркүтүү, шайлоо участокторундагы одоно мыйзам бузууларга эч реакция жасабай койду. Эгер бийлик шайлоонун башында эле айрым партиялардын мыйзамга каршы иштерин тизгиндеп койгондо, шайлоонун жыйынтыгы башкача болмок. Тилекке каршы, бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн кээ бир партиялар өз билгендерин жасашты. Ошондо эле биз шайлоонун жыйынтыгына шектүү карап калганбыз. Албетте, Роза Исаковна саясий оюндарга аралашпай өзүнүн милдетин аткарды. Бирок БШК президенттин буйругун так аткарган жок.
Мына өзүңүздөр деле күбө болдуңуздар, БШКнын берген маалыматы менен жергиликтүү шайлоо участокторундагы протоколдордун ортосунда айырмачылыктар көп болду. Бир кол менен толтурулган, карандаш менен толтурулган печаты жок протоколдор чыкты. Бул одоно мыйзам бузууларды БШК "техникалык каталык" деп жатат. Республика боюнча Жалал-Абад менен Баткен облусунан алынган протоколдор салыштырылган жок. Буга БШКнын ошол аймактарга жооп берчү мүчөлөрү каршы болушту. Таза өткөн болсо эмнеге протоколдорду салыштырып, добуштарды кайра санап чыгуудан коркушат? Биз ушундай мыйзам бузуулардан улам Шайлоо кодексинин 45-беренесинин 9-бөлүкчөсү боюнча сотко бердик. Себеби БШКнын маалыматы менен жергиликтүү шайлоо участокторундагы протоколдордун ортосунда айырмачылыктар чыгып жаткандан кийин, кайрадан каралып, салыштырылып чыгыш керек. Баары болбосо дагы, өтө чоң кемчиликтер орун алган аймактардын протоколдору сөзсүз кайрадан салыштырылууга тийиш. Ошондо гана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун күмөн саноолору болмок эмес. Парламенттин легитимдүүлүгү да бекемделип, элдин ишеними артмак. Биз ушундай талап менен сотко кайрылып жатабыз.
- Сиздер бул кадамга шайлоодо утулуп калган ич күйдүлүктөн улам барып жаткан жоксуздарбы? Анткени шайлоонун расмий жыйынтыгын утушкан да, айрым утулган партиялар да таанышпадыбы.
- Ич күйдүлүк эмес. Биздин партиянын түзүлгөнүнө 5-6 ай эле болду. Биз шайлоого баратканда эле прагматикалык түрдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү түшүнгөнбүз.
- Демек, жеңип чыгарыңарга ишенген эмес турбайсыздарбы?
- Ишеним болгон. Бирок шайлоо калыс болобу же болбойбу деген күмөнсүнүү бар болчу. Анткени акча таратуу, коркутуп-үркүтүү, кур убадаларды айтып элди алдаган сыяктуу көрүнүштөр эртелеп эле башталбадыбы. Биз андай жолго барган жокпуз. Себеби коомду өзгөртөбүз десек, шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылышыбыз абзел. Ошондо эл чөнтөгүн, күнүмдүк кызыкчылыгын ойлобой, аң-сезимдүүлүк менен келечегин ойлоп добуш берет. Акыйкаттуу таза шайлоо болуп, мамлекеттин, элдин мүдөөсүн көздөгөн таза саясатчылар бийликке келет.
- Акыйкаттуулук болсун деп сотко кайрылып жатасыздар. Сиздер ойлогондой чечим чыгарына ишенесиздерби?
- Жок. Муну биз аң-сезимдүү түрдө түшүнүп турсак да жасап жатабыз. Кээ бир партиялар айтып жатышпайбы "биз мамлекеттин туруктуулугу үчүн таанып жатабыз" деп. Менин оюмча, мамлекеттин келечектеги туруктуулугу үчүн бүгүнкү күндөгү кемчиликтерди оңдоп, адилеттик үчүн күрөшсөк, эл да, саясий элита да өздөрүнүн кемчиликтерин туюшуп, кетирген каталарын оңдоого, кайталабоого аракет кылышат. Ошондо гана мамлекетибизде саясий туруктуулук болот. Акчага сатып алуу, кылмыш чөйрөсү аралашып коркутуп-үркүтүү, шайлоо комиссияларынын мыйзамсыз иштери болбошу зарыл. Мыйзамдуулук болсун десек, келечекти ойлосок, кемчиликтерибизди аныктап, тактап, оңдоп чыгышыбыз керек. Келечекте таза, акыйкат коомду куруу үчүн эптеп эле утуп алууну максат кылбай, мыйзамсыздыкка жол берген кемчиликтерге каршы күрөшө билүүнү үйрөнүү зарыл. Бул маселеге кош көңүл карабаш кажет.
- Шайлоодо утулуп калган партиялардын бирикмесинен Улуттук конгресс түздүңүздөр. Негизги максаттарына кыскача токтолуп кетсеңиз?
- Негизги максатыбыз - Кыргызстандын келечеги үчүн, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө саясий күч катары өз салымыбызды кошуу. Кайсы тармактарда? Биринчи, саясий системаны оңдош. Экинчиден, экономиканы көтөрүү менен элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү. Үчүнчүдөн, билим берүү, медицина тармагын заманбап учурга шайкеш келтирүүгө кам көрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошуу болуп саналат. Башкача айтканда, парламенттин, өкмөттүн кетирген кемчиликтерин, каталыктарын саясий күч катары коомдук көзөмөлгө алып, өзүбүздүн альтернативдүү сунуш, пикирлерибизди билдирип турабыз. Учурда өз оюбузду айталы деп өлкөбүздүн бүгүнкү экономикалык абалын, өкмөттүн түзүлүшүн карап жатабыз.
- Ошондо Улуттук конгресс бийликке оппозиция болобу?
- Бул түзүлгөн коалицияга жараша болот. Азыр айрым партиялар эптеп эле кайсы бир креслого жетүү, мандат алуу багытында гана коалицияга биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылууда. Кээ бирлери программа, көз караштар төп келишсе биригебиз деп жатышат. Ошондуктан коалиция кандай максатта биригип, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандай иштерди аткарат, биз ошого жараша иш жүргүзөбүз. Азыр тигиндей-мындай болот деп айтуу эртелик кылат. Бирок биз кандай коалиция түзүлсө дагы өзүбүздүн идеяларыбызды конструктивдүү түрдө билдиргенге даярбыз.
- Учурда сиз Улуттук конгресске төрагалык кылып жатасыз. Эл арасында төрагалыкты ич ара талашып жатат деген сөздөр айтылып жатат, ушул чынбы?
- Жок, бизде тең төрагалык бар. Улуттук конгресске бириккен партиянын укуктары тең болсун, бир партиянын үстөмдүгү болбосун деп, алмак-салмак кезек менен жетекчилик кылабыз. Бардык маселелерди кеңешип кабыл алабыз.
- Сиздин оюңузча кайсы партиялардан коалиция түзүлсө элдин талабына ылайык келет?
- Мамлекеттин бүтүндүгүн, кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлосок, баланчалар-түкүнчөлөр деп бөлүнбөй, кеңири коалиция түзүлсө туура болчудай. Анткени баары тең жаманбы-жакшыбы элдин добушуна ээ болушту. Ошондуктан баарына калыс мамиле жасоо парз. Ар бир лидердин өзүнүн саясий аброю, тажрыйбасы, шыгы, жөндөмү бар. Ошого жараша ар ким өзүнө ылайык кызматты аркалап, амбицияларын жыйыштырып эл үчүн иштеп бериши керек. Ал үчүн биринчи кезекте экономикалык маселелерди чечип, коррупцияны тизгиндеп, жакырчылык менен күрөшпөсө болбойт.
- Коомчулукта эмитеден эле "бул парламент көпкө иштебей эле тарайт" деген пикирлер айтылып жатат. Ушундай болушу мүмкүнбү?
- Албетте, толук мүмкүн. Партия лидерлеринин амбициялары өтө чоң. Партиялардын ичинде дагы кайчы пикирлер, көз караштары карама-каршы адамдар көп. Анын үстүнө Башкы мыйзамда да чоң жаңылыштык кеткен. Маселен, парламентте олуттуу маселеде талаш-тартыш жаралса, кайсы бир фракциянын депутаты болуп туруп, ошол фракциянын чечимдерине каршы, бөлөк фракция менен сүйлөшүп алып добуш берип коюу мүмкүнчүлүгүн, эркин мандат деп депутаттарга түзүп берип койгон. Бул деген саясий туруксуздукту жаратат. Коррупцияга жол ачат. Натыйжада, парламентте оор соодалашуулар орун алып, саясий оюндар жүрөт. Бир жагынан коалицияга бирикчү партиялардын программалары ар башка. Портфель бөлүштүрүү маселеси да чоң көйгөй жаратышы толук ыктымал. Андыктан парламенттин иштеп кетишине күмөнүм бар. Эгер партия лидерлери мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн амбицияларын жыйыштырып, кеңири коалиция түзүүнү эп көрүшсө, анда парламент иштеп кете алат.
- Бийлик сизди кызматташууга чакырса барасызбы?
- Бул нерсени ойлоно элекмин. Анын үстүнө Улуттук конгресстин кайсы мүчөсүн бийлик кызматташууга чакырса, кызматка баруу же барбоо маселесин жыйында карап, чогуу-чаран чечебиз деп сүйлөшкөнбүз. Бир жагынан кандай коалиция түзүлөт, программалары кандай, кызматташып калсак көз карашыбыз туура келеби ошого жараша да каралат.
- Россиянын шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да кандайдыр бир кысым көрсөтүп жатканы ачык айтылып жатат. Өз алдыбызча көз карандысыз саясат жүргүзүүгө жетишиш үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз зарыл?
- Россия болобу же башка мамлекет болобу ар бир өлкө өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөп саясат жүргүзөт. Дүйнөлүк саясатта тажрыйба ошондой. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Маселен, европалык саясатта Германия, Франция, Англия көбүрөөк үстөмдүк кылышат. Америкалык континентте бир гана Америка үстөмдүк саясат жүргүзөт. Азияда Кытай, Япониянын таасири зор болуп жатат. Ошол үчүн бул нерседен чочулабоо керек.
Кеп биздин саясатчыларда болуп жатат. Эгерде саясий лидерлер өз элинин патриоту болуп, мамлекетинин кызыкчылыгын көздөбөсө, аны эч ким сыйлабайт. Келечеги да узакка созулбайт. Албетте, Россиянын таасири да, жардамы да чоң. Себеп дегенде биздин экономикабыз да, коопсуздук маселебиз да Россия мамлекети менен тыгыз байланышта. Ошон үчүн Россия мамлекетинин башында ким болбосун биз улутубуздун кызыкчылыгын эске алып, терең ой жүгүртүп саясат жүргүзүшүбүз абзел. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий, экономикалык, маданий мамилелерди бекемдегенге кызыкдар болуш керек. Бул элибиздин мүдөөсүнө дал келет. Ошондо биздин саясатчыларды Россия жетекчилери терең сыйлайт. Себеби бүгүнкү күндө башка мамлекеттер да өз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөгөн өлкө менен гана эсептешет.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу