Сасыбачы саясат…

Оштогу жер басып алуунун артында М.Мырзакматов турабы?

7- ноябрь күнү Ош шаарына жакын жайгашкан Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын жанына топтолгон бир топ адамдар айдоо аянттарын ээлеп алуу аракетин жасашып, аталган айылдардын жер үлүштөрүн басып алышты. Алар аталган жерлерден тартып, Ош шаарына чейинки созулган бир нече гектар жерди ээлөө иштерин бүтүп калышкандыгы кабарланууда. Эң өкүнүчтүүсү, "баскынга" дуушар болгон жерлер айдоо аянты болгондуктан айрым жерлердин түшүмдөрүн дагы алигиче толук жыйнай электиги болууда. Албетте, ал түшүмдөр жүздөгөн таман астында калып, керектөөдөн чыгып жатат. Жер басып алуучулар: "Июнь коогалаңында жабыркагандарбыз жана өкмөт бизге жардам бербегендиктен улам ушундай кадамга барып жатабыз" - деп билдиришти. Айрым маалыматтарга караганда, жер басып алуучулардын саны миңге чамалап барат. Ал эми Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев: "Алар ээлеп алган жерлер бирөөлөрдүн үлүшкө берилген жери экенин жана аны басып алуу мыйзамсыз экенин айтты. Ошону менен бирге бул жер басып алууларды учурдагы абалды дестабилдештирүүгө кызыкдар күчтөр уюштуруп жатат деп эсептейм" -деген оюн билдирди. Бирок жер басып алуучулар Кушбак мырзанын пикири менен макул эмес экендиктерин билдирип, учурда ээлеген жерлерине бийлик үй салууга уруксат бермейинче кетпей тура беришээрин айтышты.
Бирок чындыгында эле ал адамдардын арасында июнь окуясынан жабыр тартып, үйү өрттөнүп кетип, үйсүз калган адамдар да бар экендигин да жокко чыгарууга болбойт.
Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, бул мыйзамсыз жер басып алуу иш-аракетине "Ош шейиттери" коомдук уюмунун 30дай мүчөлөрү да активдүү катышууда. Алар өздөрү ээлеп алган жерге июнь окуясында курман болгондордун сүрөттөрүн да илип коюшкан. Ошондой эле Ноокат, Араван, Алай райондорунун айрым алабармандары да "жер алабыз" деген илгери үмүт менен жетип келишкен. 7- ноябрдагы "жер басып алуучулардын" ар бир кадамдарын милиция кызматкерлери көз салышып, алардан тарап кетүүнү талап кылышканы менен, эч майнап чыккан эмес. Ал эми кечээ күнү Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын тургундарына тиешелүү үлүш жерлерди бөлүп алабыз дегендерди милиция күч менен айдоо аянтынан чыгарышты. Бул иштин жүрүшүндө аларга карата каршылык көрсөтүү болуп, тартип бузушкан 20-30 чакты адамды милиция кызматы камап, кайра чыгарышты. Ордолуу Ош шаарында жер басып алуу окуясы азырынча мына ушундайча өнүгүп жатат. Бул окуя эмне менен аяктары азырынча белгисиз.
Айрым такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок, бул жер басып алуунун артында Ош шаарынын "дерзкий" мэри турган имиш. Бул маалыматка ылайык, Мелис мырза кыргыздарга өзбектердин жерин басып алууга көмүскө "буйрук" берген имиш. Себеби ал ордолуу Ош шаарын өзү каалагандай башкара тургандыгын буга чейин "өзүм билемдик" айрым иш-аракеттери менен көрсөтүп келген. Мелис мырзанын бул иш-аракети өзүнө карата жергиликтүү элден "саясий упай" топтоо жана кадыр-барк күтүү үчүн жасап жаткандыгын кезектеги саясий боек сүртүлгөн кадам экендиги божомолдонууда. Ошентсе да бул кептердин азырынча анча так эместигин эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Бирок кандай болгон күндө да, азыр баш-аягын жакшы жыйнай албай жаткан өлкөбүзгө мындай иш-аракеттердин кереги жок эле. Не демекчибиз, эгер Мелис мырза чын эле жергиликтүү элди "козутуп" жаткандыгы чын болсо, анда бул максатынан баш тартууга чакырат элек. Неге дегенде, азыр баарыбызга маалым болгондой башка көйгөйлөр деле алыбызды кетирип, айлабызды курутуп тургандыгын жашырууга болбойт.




Эки курсант
каза таап, экөө жарадар болду
5-ноябрда ок атуучу куралды колдонууда коопсуздук чаралары сакталбагандыктан Коргоо министрлигинин "Ала-Тоо" окуу борборунда генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун 1-курсунун 2 курсанты каза таап, дагы экөө жаракат алды. Курсанттар "Утес" деп аталган пулеметту колдонуу боюнча машыгуудан өтүп жатышкан. Коргоо министрлигинин маалымдашынча, азыр жаракат алгандар Беш-Күңгөйдөгү аскер ооруканасына жаткырылды. Окуя боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду, азыр факт боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Коргоо министринин буйругу менен аталган институттун бардык жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду.


КСДП менен "Ата Мекен" жана Медведев
Азырынча "Ата Мекен" партиясына эч бир партиядан коалиция түзүү үчүн сунуштар түшө электигин аталган партиянын "бараандуу" өкүлдөрү жар салышкан эле. Ал эми КСДП партиясынын лидери Алмаз Атамбаев өткөн жумада журналисттер үчүн жыйын кылып жатканда "Ата Мекен" партиясы менен 15 күндөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, айрыкча тышкы саясат боюнча ача пикирлер болуп жатканын ачык эле айтты. Бул жагынан алып караганда, эки партиянын бул маселеде билдиргени эки ача болуп калды көрүнөт. Кимисиники чындыкка жакын, аны убакыт тактап берер. Бул эки партиянын тышкы саясат маселесинде анча келише албай жатканы Россия бийлигинин да "бүйүрүн" кызытып жатканы ачык эле байкалууда. Айрыкча, акыркы 10 күн аралыгында Д. Медведевдин Ө. Текебаев менен жолугуп, Өмүрбек мырзанын тышкы саясатка болгон пикирин өз оозунан угууга кызыкдар болуп жаткан имиш. Бул кептин канчалык деңгээлде чын экендигин убакыт көрсөтөөр… Балким, Өмүрбек Чиркешович өзү тактап бергиси бардыр…
Ал эми Өмүрбек мырза болсо, орус бийлигине учурдагы бүйүрдү кызыткан маанилүү маселелер чечилмейинче жана эл күткөн маселелер аныкталмайынча эч ким менен жолукпай турганын билдирген имиш.


Токтомушев менен Аракеевдин эмгеги эске алынбады
Өткөн жумада Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата бир катар журналисттер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Тактап айтсак, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы менен Мыктыбек Арстанбек, Момбеков Рыскелди, Мусабекова Жылдыз, Шарипова Салима, Юсупов Доктурбектер сыйланышты. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Шарипа айым менен Доктурбек мырза буга чейин азыркы бийликти "татыктуу" шыбап келген эмгектери үчүн, ушундай жогорку сыйлыкты "басып" жыгылышты. Кызыгың түшкүр десе…
Ал эми президенттин Ардак грамотасы менен Шайырбек Абдырахман уулу, Айнагүл Алымжанова, Жумабаев Болотбек, Макешов Кабыл, Слащева Тамара, Сартбаев Асланбек, Сакыбаева Аскербүбү, Темирбаева Жаркынбү, Турдукожоев Жыргалбек өңдүү журналисттер сыйланышты. "Ардак грамотага" татыктуу деп эсептелген журналисттердин саны жалпысынан 15тей болду. Ал эми бул сыйлыкты алгандардын арасында эл эмес, журналисттер да тааныбаган журналист имиштердин да кошулуп калганы таң калычтуу. Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын маалыматына жана басма сөзүнө төө көтөргүс эмгек кылышып, жыйырма жылдан бери жыргатпаган эски бийликтин былыктарын чукуп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалга таамай, курч аналитикаларды жазып келатышкан мыкты, таланттуу журналисттер Алым Токтомушев менен Баратбай Аракеевдин эмгектери бул жолу да бааланбады. Бул эки аксакалдын катарына Эртабылды Аттокуров деген аксакалыбызды да кошсок жарашат. Кыргыз журналистикасынын бул аксакал журналисттеринин эмгектерин оппозицияда нечен жыл чогуу жүрүшкөн Р. Отунбаева, Э Каптагаев жана мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүрүү бөлүмүнүн башында турган Б. Досалиева эжекебиз да эң сонун билишет. Эң башкысы, эл да жакшы билет. Оппозициянын арабасын алдыга жондору жору болгончо сүйрөп келишкен чыныгы журналисттердин эмгеги эске алынбаганы эң эле уят иш. Же сөзсүз эле бир гезиттин редактору болушу керекпи? Жок дегенде, "Ардак грамота" берип койсо эмне? Же эмне мамлекет ошондон кемип калабы?..