"Акациядагы"
айтып бүткүс майрам
7 - ноябрь журналисттердин кесиптик майрамына карата "Форум", "Учур", "Айат" гезиттеринин эмгек жамааттары чогуу майрам уюуштурушту. Шаардын абасы таза, салкын жайынан орун алган "Акация" кафесинин жылуу орундуктарында ой-даа тосттор айтылды. Иш деп жүрүп сагынышып калган кесиптештердин сөзү бүтпөйт. Куттук айтып, ыр ырдап, журналист кыздар чимириле бийлесе, жигиттер алардан өтүп былкылдашты. Жалаң жаштардан түзүлгөн үч гезиттин жамааты "Акацияны" шаңга бөлөп, көчөдөн өтүп бараткан адамды кафеге бир баш багып кетүүгө аргасыз кылды. Бул күнү журналисттерди куттуктап, кыргыздын таланттуу ырчылары ырдап, бийчилери бийлешти. Тамадалар кезек менен сөз кыраатын келтирип кепке салып, ар түрдүү оюндардын чаңын асманга сапырышты. "Калем менен жан баккан, чукугандай сөз тапкан" журналисттерге жылуу каалоо-тилектерин айтып, Назми, Бегимай Есенгулова, Съездбек Искеналиев, Дайыр Исмадияров, Айгерим Расул кызы өңдүү ырчылар ырдаса, ак куудай моюн созуп, "Береке" тобунун бийчи кыздары коноктордун оозун ачырды. Белгилүү тамада, актер Нурдөөлөт Копоев оригиналдуу оюндары менен журналисттердин талантын дагы бир жолу ачып берди. Кыскасы, журналисттер ойдогудай чер жазып, бийлеп атып тер агып, түн оодуруп үйлөрүнө кайтышты.