Кыргызстан: кырсык, кылмыш окуялары
Эне,
балада не жазык?
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 43 жаштагы Р. Сатыбалдиева аттуу аялды 12 жаштагы кызы менен белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Дал курсакка ок жеген аял ооруканага жетпей жолдон каза тапкан. Кичинекей кыз аман калган. Окуя болгон жерден 7 гильза жана Макаров пистолетинин 3 огу табылган. Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин башташты.

Токтогулда
томолонуп..
Бишкек-Ош жолунун 278-километринде жол кырсыгы катталды. ӨКМдин маалыматына караганда Ауди-100 маркасындагы унаанын айдоочусу Токтогул районуна жеткенде жолдон чыгып кетип, даракты сүзүп алган. Натыйжада айдоочу менен бир жүргүнчү каза таап, бирөө оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Айдоочунун сөөгүн туугандары үйүнө алып кетишип, жүргүнчү моргго түшкөн..

Уйку
артынан өлүм
Казакстандын Акмоло облусунда Кыргызстандын 4 атуулу жол кырсыгынан көз жумганын жергиликтүү басылмалар билдиришти. Жүрүп бараткан Камаз менен кичи автобус кагыша кеткен. Автобустун ичинде 12 мекендешибиз Россияга иштөөгө бараткан. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда автобустун айдоочусу рулда уктап кетип, жүк ташуучу унаанын арткы капталына кирип кеткен. Калган 8 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жайгаштырылды.

Мээни
жара чаап
Сокулукта кылмышка шектүү делген 30 жаштагы адам кармалды. Ал Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Т. Асаналиевди башка уруп өлтүрүп салган. Кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери адам өлтүргөн эргулду дароо эле кылтакка илишкен. Каза тапкан жигиттин мээ сөөгү талкаланып, катуу соккудан өлгөнү маалым болду.

Аялга
алың жеттиби?
Кара-Балта шаарында каракчылар түн ортосунда 30 жаштагы аялга күч колдонуп, кол телефонун тартып алып, өзүн жоолугу менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жайыл райондук ИИБ билдирди. Изкубарлар уурулардын изин суутпай тапкан. Учурда убактылуу кармоочу жайда жаткан эргулдардын бирөөсү 25, экинчиси 20 жаштагы Оштун тургундары экени аныкталды.

Поезд менен
тамашалашпа
Кыргызстандын 21 жаштагы жараны Москва шаарында поезддин астына кирип кетип, оор жаракат алган. Бактысыз окуя Партизанская жана Измайловская станцияларынын территориясында болгон. Көрсө шумпай жигит келаткан поезддин жолун кесип өтө коем деп кырсыкка кабылыптыр. Эки бутунун тизеси тең жарактан чыгып, учурда бул окуя иликтенүүдө.

Куралың
менен куурагыр
5-ноябрда Ош областынын Кара-Суу райондук Шарк айылынан курулуп бүтө элек үйгө катылган ок атуучу куралдар табылган. Жашырылган куралдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө ачыкка чыкты. Маалыматка ылайык үйдүн жер төлөсүнөн 3 мылтык, 3 патрон, 3 РГД-5 окуу гранатасы, 2 бет кап жана 1 аскердик каска табылган.Алынган заттарды далилдөө боюнча баллистикалык экспертиза дайындалып, учурда УКМК кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда.

Оюнчук курал менен
кызды коркутуп
Бишкек шаарынын тургуну Пежо автомашинасын, кол телефонун каракчыларга алдырып, милицияга арыз менен кайрылган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кылмыш иликтөө тобу Каракол шаарынын тургундары болгон 22 жаштагы эки баланы кармашкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө талап-тоноочулар кызды оюнчук пистолет менен коркутуп, буюмдарын тартып алган.

Жасалманын
арты жакшы эмес
"Манас" аэропортунан Бишкек-Стамбул каттамында Ош облусунда туулган 44 жаштагы Р.Д. УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө аталган жарандын өздүк багажынан 1994-жылкы үлгүсүндөгү 271 кыргыз жарандарынын паспорту жана 4 жаңы үлгүдөгү паспорт табылган. Алардын сериялык номерлери дал келбейт, жаңы барактарына сүрөт чапталган, кээ бирлеринин сүрөтү болсо, фамилиялары жок болуп чыккан. Ошондой эле 5 толтурула элек бланкалар табылган.

Уурдалган "Ажылык"
"Манас" аэропортунан ажылык визаларды алып жашыруун жөнөөгө аракет кылган Иран жараны кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын оперативдик-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 44 жаштагы Т.С.Ж. аттуу Ирандын жараны Сауд Аравиясына 146-ажылык визасы менен "Манас" аэропортунан жашыруун кетип жаткан жеринен кармалган. Маалыматка ылайык, ал визалар кыргыз жарандары үчүн даярдалган, бирок Иран жарандарына катталган. Бул кылмышка тийиштүү 2 кыргыз жараны кармалып, ушул тапта алардын жашыруун аракеттери текшерилүүдө.

Баңги зат
башыңды жейт
48 жаштагы Кыргызстандын жарандары М.Э. менен Ж.Б. кармалышты.
Кармалгандардын биринин спорттук сумкасынан күңүрт-күрөң түстөгү зат целлофан баштыгына оролуп бекитилген. Анда 5 даана баштык болгон. Анын жалпы салмагы 10 килограммга жакын жана баңги зат Ооган чарсы болуп чыкты.
Бул заттар Орусия аймагына жөнөтүлүүгө даярдалган.
Кармалгандар УКМКнын СИЗОсунда камакка алынган. Бул боюнча оперативдик-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Чечим
өзгөрүүсүз калды
Азимжан Аскаров боюнча сот өкүмү өзгөрүүсүз калды. Жалал-Абад облусунун соттук коллегиясы укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана анын жанындагы жети айыпталуучуга карата Базар-Коргон райондук соту 15-сентябрда чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган чечимин чыгарды. Маалым болгондой июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деген айып менен Базар-Коргон райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча райондук соттун өкүмү менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Жабырлануучу тарап кечээки жараянда облустук соттон айыпталуучулардын бешөөнө өлүм жазасы берилүүсүн же бардыгы бирдей өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышты.





КРнын Башкы прокурору Кубат Байболовго,
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго
Кайрылуу

Адыраңдаган автобустун айдоочусуна чара көрүлөбү?

Редакциябызга айдоочулардын жол эрежесин бузган окуялардан, автоунаалардан жабыркашкан жарандар көп эле кайрылышат. Ушундай маселе менен Айзада аттуу кыз кайрылды. Көрсө, Айзаданын бир тууган байкеси Тимур шаарыбыздын борбордук көчөлөрүндө эл ташыган №3 автобустун айдоочусунан жабыр тарткан экен. Түшүнүктүү болуш үчүн окуяны ирети менен баяндап берели.
27-октябрь күнү кечки саат 5те №3 автобустун айдоочусу Кирпичиков Владимир Михайлович Алма-Ата көчөсүнүн (Улан кичи району тарабынан) автобустун жүрүшүн эч негизсиз эле ылдамдатып, эч нерсеге карабай жеңил автоунаалар менен жарышкан. Натыйжада, автобустун ичинде арт жагында туруп келатышкан үч адам, айдоочунун жанына чейин тоголонуп жыгылышып, бир топ жабыр тартышкан. Жогоруда сөз кылган Тимур деген жигит башы менен темирге сүрүлүп, башынан бир топ оор жаракат алат. Экинчи адам бөйрөгү менен катуу жыгылат. Үчүнчү адам да кайсы бир деңгээлде жаракат алат. Бирок автобустун айдоочусу үчөөнүн жыгылышына өзүн күнөөлүү катары сезген эмес. Жабыр тартышкан үч адам милицияга кайрылууга аргасыз болуп турушканда, аларга: "Мен силерге бардык жардамды берем, милицияга кайрылбагыла"-деп жалдырап жатып, тиги жаракат алган эки адамды кетирип жиберип, башы сыйрылып, так төбөсүнөн кан шорголоп жаткан Тимурду автобазанын (Алма-Ата-Горький кесилишиндеги) медпунктуна алып барып, башын таңдырган. Бирок ал жердеги ак халатчандар: "Бул олуттуу трамва экен, тезинен ооруканага алып бар"-деп ооруканага жеткиздиришкен. Тимур ооруканга жатып чыгып, дарыланууга жалпысынан 6-7 миң сом коротсо, бөйрөгүнөн жабыркаган экинчи адам али күнгө чейин №4 ооруканада дарыланып жатат. Канча каражат кетип жатат, азырынча белгисиз?
Тимур бул адыраңдаган айдоочунун айдоо күбөлүгүн алып алып МАИ кызматкерлерине өткөзүп берген экен. Убаданы калың берген автобустун айдоочусу "урганым жок" дегенсип, ушу күнгө чейин жабыр тарткан үч адамга бир да тыйын төлөп берген эмес. Эң өкүнүчтүүсү, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирип, ден соолуктарын жабыркаткан Владимир аттуу эргулду эч ким жоопко тарткан жок. Айдоочулардын мындай "өзүм билемдигине" эмне үчүн чара көрүлбөйт? Жабыр тарткан тарап жоопкерчиликсиз айдоочу сөрөй Владимирди жоопко тартууну Башкы прокурор К. Байболовдон, шаар мэри И. Өмүркуловдон көптөн-көп суранат.