Эркектин сөзү, элдин көзү…

Кечээ эле үгүт иштеринде биримдик, ынтымак жөнүндө кеп салып жаткан айрым партиялар мандат алаар маалда ичинен ирип-чирий башташты. Өзгөчө бакиевчилер чогулган "Ата-Журттагы" ажырым ачык эле көрүнүп калды. Экс-премьер Данчиктин жубайы Динара Исаеваны катарынан чыгара албай ата-журтчулардын айласы алты кетип отурат. Бир нече күн мурун Садыр Жапаров: "Динара Исаева өз участогунан тийиштүү добуш топтой албаганына байланыштуу өз эрки менен арызын жазып, мандатынан баш тартты"-деди эле, анысы карандай калп экенин Динара Исаева менен БШК чоңу Акылбек Сариев ачыктады. Жапаровдун "лапшасы" эч нерсеге жарабай калган соң, Камчыке өзү чыгып: "Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева өзүнүн тегерегине мурдагы ак жолчуларды - "бакиевчил адамдарды" чогултуп алып, аларды каржылап, бизге каршы чабуул баштады" -деп көпчүлүктүн күлкүсүн келтирди. Кечээ эле Бакиевди алып келебиз деп ай-ааламга жар салып аткан Камчыбек мырзанын: "Динара айым бакиевчилерди чогултуп атат"-деп атканына түшүнө албай, башыбыз маң болуп турат. Баарынан дагы өзү баш болгон "Ата-Журт" партиясынын 95 пайызы "эгерде Динара Исаева баш болгон ак жолчулар депутат боло турган болсо, парламентке басып барбайбыз"-дегени кызык болууда. Динара айым жана партиялык тизмеден "тебилмекчи" болгон дагы бир ата-журтчу айым Жылдыз Жолдошевалар 10-ноябрь күнү партбоссторунун айбаттуу сөздөрүн "урганыбыз жок" дегендей кылып, жалпы кыргыз калкынын алдында ак иштеп беребиз деп ант берип жиберишти. "Эркек эки сүйлөбөйт" демекчи, "Эртең Жогорку Кеңештен Камчыбек Ташиевди же экс-премьердин эрке айымын көрөбүзбү"деп биз дагы катуу кызыгып турабыз. Камчыке эми кантээр экен? Бирок калыстык үчүн айтып коюшубуз керек, кылтыйып коюп, кымыранып жүргөн Келдибек Акматбековго окшогон өнөктөштөрүнө караганда Камчыбек мырза өз оюн ачык айтып келет. Андан дагы айтканынан кайтпаган көк беттиги бар. Тээ, 2006-жылы эски кожоюну Курманбек Бакиев "тамашалап" конституциялык реформа жасап жибергенде, көпчүлүк депутаттар берилүү менен Гимн ырдап киришкенде дал ушул Камчыбек нааразычылыгын билдирип, "позор эле, позор"-деп кыйкырганы эсиңерде да. Айтканынан кайтпаган Камчыбек эми парламентке киргиси келип, камчысын мойнуна асып, Данчиктин аялынан кечирим сурап жибербесе болду. Анда эле абийири айрандай төгүлөт. Бирок ким билет, байкап туралык, "Ата-Журттун" аталыгы Камчыке мандатын тандайбы же ар-намысын тандайбы?
Баса, тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы, мындан туура бир жыл илгери Данияр Үсөнов Камчыбек Ташиевди министрлик кызматтан айдап жиберсе, эми анын аялы Динара айымды депутаттык кызматынан айрыганы турат. Үсөновдун үй-бүлөсү Ташиевдин кокосуна тыгылган кылкан болду го, качан кутулаар экен…




Коалиция түзүү милдети КСДПга жүктөлдү
Өлкө президенти Роза Отунбаева премьер-министрди дайындап, Өкмөттү куроо үчүн парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция түзүү милдетин Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясына тапшырды. Кыргызстандагы парламентаризмдин алгачкы пайдубалы түптөлүп атканын белгилеген президент айым 15 күндүн ичинде КСДП партиясы алдына коюлган милдеттерди аткараарына ишенерин билдирди. Эгерде социал-демократтар мыйзам боюнча белгиленген убакытта коалиция түзө албай калса, бул милдет "Ата Мекен" социалисттик партиясына тапшырылмакчы.
"КСДПга тапшырылган бул милдет бардык партиялардын өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул чечимди беш партиянын тең лидерлери бир ооздон колдоого алышты"-деген Роза Исаковнага КСДП лидери Алмазбек Атамбаев бул өтө олуттуу жана жоопкерчиликтүү милдет экендигин белгилеп, аны аткарууга бардык аракетин жумшарын билдирди. Кокус, КСДП коалиция түзө албай калса, мындай мүмкүнчүлүктүн "Ата Мекен" партиясына берилишин Алмазбек Атамбаев эң туура жана адилет чечим болгондугун кошумчалады.
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Өкмөттү эң алгачкылардан болуп куроого социал-демократтар партиясынын тарыхый укугу бар. Мындай чечимге бир дагы партия каршы болгон жок"-деди.
Президенттин мындай чечими бир топ саясый серепчилердин да баамында эң туура болду. Себеби президент Кыргыз Республикасынын мындан ары демократиялык багытта өнүгүп-өсүүсүнө кызыкдар. Үй-бүлөлүк кландык бийликке каршы башынан бери активдүү күрөшүп келген социал-демократтардын тандалышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деген бааларын беришүүдө.


Ой тобо, отурукташканы да…
Шайлоодон туптуура бир ай өткөндө Жогорку Кеңеш алгачкы жыйынын өткөрдү. Буга "таза шайлоонун" таза эмес иштери таасирин тийгизген. Жаңы парламент жаңы ремонттолгон Өкмөт үйүнө көчүп барды. Ажобуз Роза Исаковна: "Кыргызстанга кырсык алып келген, өз элинин канын төккөн, каргашалуу ал Ак үйгө көчкүм келбейт" - деп көгөрүп, эски Ак үйдө отуруп алган эле. Эми жаңыланган ошол Ак үйдөн жаңы бийлик орун алды. Баарынан кызыгы, орундардын жайгаштырылышында болуп калыптыр. Ортоңку орунда СДПК, "Республика" жана "Ата Мекен" жайгашса, эки четки "Ата-Журт" менен "Ар-Намыска" тийиптир. Демек, арбактуу болуп калган Ак үй деле ошондой коалиция түзүлүшүн каалап жатса керек. Бир чети бөлүнүп отургандары жакшы эле болуптур, анткени кайнаса каны кошулбагандар кантип катарлаш отуруп калмак эле. Жакалашчулар жакын, кажылдашчулар алыс отурганы оң да.


Укук коргошобу же уруш козгошобу?
Саясый серепчи Марс Сариев "Ата-Журт" партиясынын депутаттары мандат тапшырууга келбей койгонун, бийликтеги түштүктүн элитасын түзүү аракети катары баалаптыр. Анын айтымында, "Ата-Журттан" башка партияларда түштүктүк депутаттар аз имиш. Марс мырза саясатчыларды билгени менен, жерлигин билбейт окшойт. Маселен, КСДП партиясынын азыркы депутаттарынын көпчүлүгү түштүктөн (аз добуш алышса да) "Республика" партиясында түштүк жергесинин өкүлдөрү көп экени көрүнүп эле турат. Дегеле, 120 мандат алгандардын теңинен көбү түштүктөн. Ушу укук коргоочулар менен серепчилер урушту эле каалап турушабы же ошон үчүн грант алышабы, айтор, ушундай чуу чыгара турган ушактарды урдурта беришет. Бакиевдин убагында баштарын чыгара алышчу эмес, эми эле эдиреңдеп кетишти. "Өздөн чыккан жат жаман" дейт кыргызда...


Бөлөсү жөлөкпү же бөлөкпү?
"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин парламент жыйынына кекетип келбей жаткандыгын партия депутаты Нариман Түлеев туура эмес деп эсептейт. "Камчыбек Ташиевдин Динара Исаева мандатын тапшырмайынча парламент жыйынына катышпайм дегени туура эмес. Шайлоо бүткөндөн кийин аял адамга мындай мамиле кылган жарабас" - деген пикирин Нариман мырза "24 kg" агенттиги аркылуу билдириптир. Ошентип, аналитиктер айткан "Ата-Журттун" ичиндеги араздашуулар ачыкка чыгууда. Баса, такталбаган маалыматтарга таянсак, ушул партиянын депутаты Марат Султанов тымызын азыркы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ташиев менен Келдибековду(бөлөсү) кетирип, өзү фракция жетекчилигин колуна алганга аракет жасап жаткан имиш. Билинип калбас бекен…


Бакыт Сыдыков "келди", "кетти", "үй камагында"…
"Бакыт Сыдыков Бишкекке келип кетти" деп бул жумада чыккан гезиттердин баары чуулдап жазып чыгышты. Бирок эске сала кетчү жагдай, мындан бир жарым айдай мурун эле Бакыт Сыдыков өз эрки менен Бишкекке келип, Башкы прокуратурага кайрылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан эле. Ошол кезде Б. Сыдыковго айтылуу кылмышкерлерди үй камагына чыгаруу "мыйзамы" менен күжүлдөп иштеп жаткан Азикеңдин жардамы тийип, үй камагына чыккандыгы тууралуу да маалыматтар (Кызыгы, "ат качырбас боз айгырга" айланган Азикең Бакыттан канча жашыл "сөлкөбай" алды болду экен?)тараган эле. Көпчүлүктүн пикирине караганда, бул маалымат чындыкка жакын. Ага болбой эле үй камагында сайрандап, ээн-эркин тайраңдап жүргөн эргул Бакытты сенсация издегендер "келди", "кетти" кылып эле чуулдатып жатышат. Эбин таап эки жегенди эң эле кыйын өздөштүргөн бу эргулуң эч жакка келип, кетпей эле бизнестин битин сыгып, канын жалап, өз ишин өркүндөтүп жатканы тууралуу жокко чыгарылгыс кептер бар. Бирок али күнчө тиешелүү тарап бул чуулдаган кептер боюнча негедир билдирүү кылгандан "коркуп" келишет. Элдин башын айланткан маалыматтарды тактап коюуга жарашпады. Кыязы, бир мандем бар окшобойбу?