Эмил Үмөталиев,
Экономикалык тескөө министри:
"Эгемендүү мамлекеттин көз карандысыз экономикасы болбосо, ал эгемендүү мамлекет боло албайт..."
- Эмил Сатарович, өлкөнүн башкы экономисти катары айтсаңыз. Акыркы убактарда күйүүчү майларга, азык-түлүктөргө карата болгон баалар кескин түрдө кымбаттап жатат? Бул кымбаттоонун негизги себептери эмнеде?
- Кымбаттоонун бир катар себептери бар. Кайсы керектүү буюмдар, азык-түлүктөр кымбаттап жатканын бөлүштүрүп карашыбыз керек. Эгерде күйүүчү майларга баа кымбаттап жатканын алсак, күйүүчү майдын башкаларга караганда бир катар жүйөөлүү себептери бар. Биринчиден, биз күйүүчү майдын көбүн Россиядан алып келебиз. Россия бизге апрель айынан бери кошумча баасын (бажы пошлинасын) кошуп, сата баштады. Бүгүн биз Россиядан күйүүчү майларды эл аралык деңгээлде рынок баасы менен сатып алып жатабыз. Менин оюмча, биз ушундай баага толук кандуу жана экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген өлкө катары көнө бергенибиз оң болот эле. Бирок бюджетибиздин тартыштыгына байланыштуу, баанын төмөн болушун каалап, кандайдыр бир деңгээлде көз каранды болгондой болуп турабыз. Кандайдыр бир деңгээлде милдеттүү болуп да калабыз. Азырынча бул көз караштан толук чыга албай келебиз. Жалпылап айтканда, күйүүчү майларга болгон баа апрель айынан бери эсептеп көрсөк 30 пайызга өстү. Мына ушунун өзү азык-түлүктөргө болгон бааны көтөрүп жатат. Экинчиден, азык-түлүккө болгон баа биздин эле өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө да өсүп жатканын унутпашыбыз керек. Маселен, Россия, Казакстан быйыл буудайды аз өндүрүп, сыртка чыгарууга чектөө киргизип койду. Ал чектөө менен чыгып жаткан буудайлардын да баасы мурункуга салыштырмалуу бир кыйла кымбат болуп турат. Ошондой эле Россияда күз айларынын башында гречка, суу майдын тартыштыгы ачык байкалды. Үчүнчүдөн, мамлекеттер аралык чек аралардын толук ачылбай, ачылса да чектөөлөр киргизилгендиги, бажы союздарынын жаңы соода барьерлеринин ачылышы да ал жерлерде административдик жана коррупциялык көрүнүштөрдү көбөйтүүгө өбөлгө түзүп жатат. Албетте, бул көрүнүштөр да бизге терс таасирин тийгизип жатканын жашырууга болбойт. Жогоруда айтылып жаткан азык-түлүктөр, суу майлар бизден кымбаттаган жок, биз алып келип жаткан мамлекеттерде кымбаттап жаткандыгына байланыштуу, бизге келгенде баа көтөрүлүп жатат.
- Ушундай терс көрүнүштөрдөн, деги эле экономикалык кризистен чыгуунун жолдору барбы?
- Албетте, бар. Биз эң керектүү жолду таптык. Биринчиден, биз мамлекетке болгон монополиядан баш тартканбыз, бул эң керектүү жол. Мунун мисалы катары КРнын жаңы Башкы мыйзамын кабыл алдык. Башкы мыйзам саясий жана экономикалык укуктарды талапка ылайык сунуш кылып турат. Биз ушуну туура пайдалансак, максатыбызга жетебиз. Кыскача ушундай. Экинчиден, биздин экономикалык чабытыбыз, тилекке каршы, өтө тар. Темир жолубуз бир гана тарапты көздөй, тактап айтсак, 3000 чакырым алыска гана барат. Мисалга алалы, Түштүк тарапта эмдигиче темир жолу жок. Жада калса, өлкө ичиндеги керектүү асфальт жолдорубуз да талапка жооп бербей турат. Ал эми көпчүлүк авиакаттамдарыбыз 40, 50 жыл мурун кайсы тарапка учса, бүгүн деле ошол тарапты көздөй учуп жатат. Маселен, Түштүк Кореяга авиакаттамдарын ачуу сунуштары далай жолу болгон, тилекке каршы, кайсы бир күчтөр ал сунушту четке кагып койгон. Ушул маселелер өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө жана көпчүлүк учурда бир деңгээлде кармап турууга да терс таасирин тийгизип жаткандыгын ачык айтышыбыз керек. Демек, бул маселелерди да чечүүгө бар аракеттерибизди жумшашыбыз зарыл болуп турат.
- Бажы биримдиги боюнча пикириңизди уксак. Мурда-кийин биздин мамлекет Россия, Казакстан, Беларусия мамлекеттери түзүшкөн Бажы Союзуна кирип калышыбыз айтыла калып жүрдү эле. Эгер бул союзга кирсек пайдасы канча, кирбей калсак зыяны кандай болушу мүмкүн? Ушул маселенин күңгөй-тескейине токтолсоңуз.
- Негизи биз, Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсүбүз. Ал эми жогоруда аталган мамлекеттердин ортосундагы Бажы Союзу ошол Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүнүн аракеттери ошол эл аралык соода уюмдар менен кандайдыр бир деңгээлде соодалашуунун куралы катары түзүлгөн десек болот. Ал бажы биримдигине эл аралык соода уюмдарына мүчө болгон өлкөлөр (мисалы, Кыргызстан) анчалык деле чакырылган эмес, же болбосо ошол эл аралык уюмдарга кирип калган өлкөлөрдүн Бажы Союзуна кирүүгө анчалык деле кирбегиле деп деле айтылган эмес. Эгерде биз Бажы Союзуна киребиз десек, анда дароо эле кире албайбыз. Себеби биз жогоруда айткандай, Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсүбүз жана ошол уюмдун талаптарына ылайык келген иштерди аткарабыз. Демек, анда дүйнө мамлекеттери менен макулдашып алган эрежелерибизден баш тартууга туура келип калат. Кайра ал эрежелерди четке кагуу үчүн, бир топ убакыт талап кылынса, экинчиден, ошол эле бизге товарларын импорттоп жаткан бир катар мамлекеттерге кайсы бир деңгээлде көз каранды болуп калабыз. Эгер бул Бажы Союздун салмагы өтө жогору болуп кетсе, анда биз ага көбүрөөк көңүл бөлмөкпүз. Адистердин, ишкерлердин, серепчилердин берген баасына караганда бажы биримдиги андай деңгээлге жетише элек. Бирок бул маселени кандайдыр бир саясий күч аралашып, бир жактуу чечип салбашы керек. Бул союздун ишмердүүлүгүнө көз салып, аткарган иштерин анализ кылып, биздин экономикабызга тийгизген оң жана терс таасирлеринен жыйынтык чыгарып турушубуз керек. Ошол эле учурда бул союзга кирбейбиз деп да айтууга болбойт. Азырынча бизге Дүйнөлүк Соода Уюмунун пайдасы, эрежелери көбүрөөк баалуу болуп турат. Кыскасы, биз азырынча эки тарапты салмактап турабыз десек болот. Бирок акыры жүрүп олтуруп, Бажы Союзун түзгөн мамлекеттер Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришет. Ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга анчалык деле негиз жок.
- Экономика маселесин кеп кылганда биз жеңил өнөр жайыбыз менен бир аз мактанабыз да. Деги эле жеңил өнөр жайдын абалы кантип жатат?
- Бир сөз менен айтканда, бул тармактын абалы азырынча дурус эле. Серепчилердин эсеби боюнча бизде тигүү цехтеринде эле 180 миңден ашуун адам жумуш орундары менен камсыз болгон. Алар тиккен кийимдер башка өлкөлөрдө жетиштүү деңгээлде бааланып жатат. Быйылкы жылы 9 айда тигүү цехтери жалпысынан 4489,1 млн.сомдук товар өндүрүштү. Алардын 7 айдын ичинде башка өлкөлөргө импорттогон товардын көлөмү 7,3 млн. долларга жетти.
Чынында, бул тармакка мамлекет кийлигишпей, өздөрү базар шартына ылайык өнүгүп-өсүүгө жетише алды десек болот. Бирок айрым учурларда бул тармактагы адамдарга мамлекет салык төлөөдө жана патент берүүдө бир аз кыйнап коюп жаткандыгы байкалууда. Менин оюмча, биз жеңил өнөр жайындагы адамдарды салык төлөөгө аз-аздан көндүрүшүбүз керек. Тилекке каршы, кээ бир ведомстволор өздөрүнүн планын ашыкча аткаруу үчүн, мыйзамдын чегинен ашып кеткен учурлар болуп жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, патенттерден чогултулган акчалардан тышкары соцфонд салык чогултууга бир топ күч, каражат жумшары белгилүү. Эми бул өңүттөн алып караганда алардын салык чогултууга кетирген чыгымдары жеңил өнөр жайда иштегендердин салыкка төккөн акчасынан да көп болуп кетет экен. Эгерде алардан салык чогултпай койсо, мамлекет чоң пайда көрбөсө да анчалык көп чыгымга дуушар болбойт эле. Ошону менен бирге эле ишканаларга да жеңилдик болуп, оорчулук түшпөйт эле.
- Ички дүң продукциянын абалын салыштырмалуу түрдө айтсаңыз? Кандай көрсөткүчтөргө ээбиз?
- Бул тууралуу бир нерсени так айта алабыз. Быйыл күз айларынын башында биз экономиканын өсүшү 4 пайызга төмөндөшү мүмкүн деп прогноз бердик эле. Бирок учурда салыштырмалуу түрдө талдоо жүргүзүлүп жатат. Талдоого ылайык, азыр экономиканын өсүшү 1-1,5 пайыз төмөн көрсөткүчтө турат. Жакшы байкап көрсөк, кымбаттоолорго карабастан экономика тармагында кайсы бир деңгээлде жандануу бар. Адамдардын коротуусу, сатып алуусу, тейлөө кызматтарынын күжүлдөп иштеп жаткандары буга далил болуп бере алат. Кыскача ушундай.
- Сиз буга чейин биздин мамлекетте кездешпеген бир оор ишти баштадыңыз. Ал чиновниктердин мамлекеттик автоунаадан жана байланыш кызматынан баш тартуу маселеси болду. Ушул маселенин жыйынтыгы жана пайдасы кандай болуп жатат?
- Бул иш Каржы министринин, Эсептөө палатасынын төрагасынын жана менин идеям болгон. Биз өзүбүз үчүн гана жооп бере алабыз. Башка башкаруу органдарына сунуш кылганыбыз менен, алар кабыл алабы, албайбы, өздөрү билет. Себеби укуктарыбыз бирдей эле. Албетте, биз бул кадамга ашыкча короп жаткан чыгымдарды кыскартуу жана каражатты үнөмдөө максатында барганбыз. Бул иштин натыйжасы жаман эмес, мамлекеттин акчасы аз да болсо үнөмдөлүп жатат. Министр автоунаа кызматына эки жылдын ичинде 1 млн. сом коротсо, байланыш кызматына 9 айда эле 1,5 млн. сом короткон экен.
Мен министрге деп бөлүнгөн Mersedes-Bens-600 автоунаасын өкмөткө өткөзүп берип, анын ордуна министрликтин карамагындагы Toyoty Camry автоунаасын өзүм айдап жүрөм. Натыйжада министрдин автоунаасына эле бир айда 1000 доллардан ашык каражат сарпталчу. Биз бул жол менен үч айда 793 миң сом үнөмдөдүк. Тилекке каршы, азыр көп эле жерлерде бул маселеге көңүл бурулбай келатат.
Ошондой эле ашыкча кызматтар кескин түрдө көбөйүп кеткен. Маселен, мыйзам боюнча 30 гана лицензия бериле турган болсо, бул чектөөгө карабастан берилген лицензиянын саны 300гө жетип кеткен. Ал эми лицензиядан тышкары уруксат бере турган кагаз мыйзам боюнча 100 гана болсо, иш жүзүндө алардын саны 200гө чыгып кеткен экен. Бул иштер кайсы бир күчтөрдүн элдин акчасын соруп алууга болгон аракети деп баалашыбыз керек. Мына, көзөмөлдүн начардыгынан улам ушундай башаламандыктарга жол берилип жатат. Биз бара-бара ушундай ашыкча кызматтарды жоюуга жетишишибиз керек. Антпесек, бул көрүнүш элди өкмөткө каршы койгон же өкмөттү элге жек көрсөткөн кадамдардын бири болуп кала берет.
- Чиновник мамлекеттик автоунаага, байланышка муктаж болбосо, демек, ал адамдын патриоттуулугунан же бай адам экендигинен кабар бериши мүмкүн. Неге дегенде, муктаж адам бул кадамга оңой менен барбайт эмеспи. Ошондо сизди кайсы түрүнө киргизсек болот?
- Экөөнө тең десең болот. Себеби мени бул кадамга барууга, биринчиден, патриоттуулугум, экинчиден, өзүмдүн жашоомо жетиштүү оокатым болгондугу түрткү болду. Мен эч качан жулунган адам эмесмин. Демек, ток пейил адаммын десем болот. Мен башка адамдардан да ушундай сапатты талап кылам.
- Сиз жетектеген министрлик башка министрликтерге салыштырмалуу жакыр министрлик экендиги маалым. Бюджеттен да аз акча, болгону 60 млн. сом каралат экен. Жада калса, өзүңөрдүн имаратыңар да жок, иштеп жаткан бул чоң имаратыңар да чоң суммадагы ижарага алынат. Бул жерде иштегендердин да саны 200дөн ашуун. Эмне үчүн бул министрликтин аты зарыл болгон менен, затына келгенде толук кандуу иштөөсүнө анчалык көңүл бурулбай келет?
- Биринчиден, кеп иштеген адамдардын санында эмес, сапатында. Бирок мен сапаты анчалык жакшы деп мактана албайм. Министрлик эмнеге мындай ахыбалга келди? Бул маселе өткөн бийликтин экономикалык аң-сезимдүүлүгүнүн тайыздыгынан кабар берет. Мамлекет болгондон кийин, мамлекеттин экономикасы болбосо, экономиканы көзөмөлдөгөн тармак болбосо, анда мамлекетти кармоого мүмкүнбү? Албетте, татаал маселе. Эгемендүү мамлекеттин көз карандысыз экономикасы болбосо, анда ал эгемендүү мамлекет боло албайт. Мурунку бийлик бул маселеге эч кандай көңүл бурган эмес. Мындайча айтканда, бул министрлик үй-бүлөлүк бийликтин "курмандыгына" айланып, мамлекетке караганда, бир үй-бүлөгө көбүрөөк кызмат кылган. Ал эми бюджеттин бул министрликке аз бөлүнгөндүгүнүн себеби бар. Жыл сайын бюджеттен министрликтин борбордук аппаратына 50 млн. сом, ал эми министрликке караштуу агенттиктерге жана жергиликтүү бөлүмдөргө болсо 93 млн. сом бөлүнөт. Биздин министрлик болгону экономикалык саясатты жүргүзөт. Андан тышкары өзүнүн иш жүргүзгөн ишине, күнүмдүк оокатына гана акча алат. Башка министрликтердей акча жумшабайт. Бирок эң өкүнүчтүүсү, бул министрликтин функциялары да али күнчө так аныктала элек. Ушул маселени да тез аранын ичинде чечишибиз керек.
- Сөз соңунда жеке өзүңүзгө байланыштуу суроо узаткым келип турат. Сиз 7-апрелге чейин коомчулукка ачык чыкпай, оппозицияда да, бийликте да ачык көрүнгөн жоксуз? Буга чейин кайда жүрдүңүз эле? Кыскача айта кетсеңиз.
- Мен акыркы 10 жылда көпчүлүк жарандык уюмдардын катышуучусу, уюштуруучусу болуп алектенип келдим. Өзүмдү бизнес өнүктүрүүчүсү катары алып жүргөндүктөн, саясатка ачык чыкпоого мажбур болуп келдим. Негизи эреже боюнча бизнес ассоциациялары кайсы бир күчтөргө жакындабай, нейтралдуу позицияда болуп келишет. Биз деле оппозиция менен өтө жакындабай да, өтө алыстабай да конструктивдүү түрдө иштешип келдик.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев