Ормош Чоюнбаев,
Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин башкы директору:
"Жетекчи катары талапты катуу койгон адаммын…"
(Башталышы өткөн санда)

...Баланста Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү 1981-ж. автомашинабыздын бар экендиги чындык. Запастык бөлүктөр көп чыгым талап кылгандыктан пайдаланылбай туруп атат. 2010-жылы өз каражатыбызга жаңы трактор сатып алдык. Буга чейин 1970-1980-жылдары өндүрүштөн чыккан Т-40 жана МТЗ-50 үлгүсүндөгү тракторлордун, чөп престегичтин сатылганы ырас. Түшкөн каражаттардын кириштелгени бир нече жолу болгон текшерүүлөрдө кайра-кайра такталган. Ордонун малын багууга 4-5 га чөп аянты иштетилет. Ал үчүн прессподборщик кармоонун зарылчылыгы жок. Анын бир жылдык ремонтуна кетүүчү каражатты төлөп эле чөбүбүздү пресстетип алабыз. Биз үчүн ушул ыңгайлуу. Азыркы күйүп бышып жазып жаткан арызчылар мурда ордонун микроавтобусу бир музоого, чоң мал сарай бир торпокко сатылып жатканда кайда караган болду экен.
Өздүк чарбабызда 400дөн ашык малыбыз бар. Революциялык комитеттин мүчөлөрү келип санаганда 800 баштан ашкандыгы чындык. Кой төлдөп, козулар кошулуп жайлоого чыгаар маал болгондуктан, акысына багып берүүгө элдин малы кошуп алынган.
Талас районунун акими болуп иштеп турганымда, А.Акаевдин тушунда, соттолгонум да чындык. Миллиондогон акча каражаты жумшалып салынган Чөңөр жолунун келечексиздигин ачык айтып чыккам. Талас районунун борборун Көк-Ой айылынан Чат-Базар айылына көчүрүлүшүнө да каршы болгом. Менин пикиримдин тууралыгын мезгил таразасы өзү көрсөттү. Чөнөр жарабай калды. Ал жерден азыр автомашина эмес трактор өтүшү кыйын. Чат-Базар айылы районубуздун ортосу. Райондун борбору ошол жерге көчүрүлсө, элибиз үчүн ыңгайлуу болору талашсыз. Бирок ага каражат болбогондон кийин маселе чечилбейт да! Кийинки жылдарда бул боюнча чоң аракет башталып, КРнын Өкмөтүнүн чечими чыкты эле. Бирок ал ишке ашпаганын элибиз өзү көрүп отурат. Арызда кайдагы бир эч ким көрүп-билбеген чоң муздаткычты үйүнө алып кетти деп жалган жалааны жабышкан. Менин үйүмдө ордого иштегенге чейин эле эки муздаткыч турчу. Деги эле муздаткычка таңсыздыгым жок. Мурдагы башкы директор алып келген арматураларды будамайлаган дешкен. Ал арматуралар курулуш иштерине пайдаланылды. Калганы складда сакталып турат. Мына ушундай, жалаң жалган жеринен үстөккө-босток каралоолор. "Жалганды чындай айтсак, чындыгың чычая качып берет" - деген ниет, тилек менен жок жеринен көөлөп жазышкан.
- Өзүңүз айткандай, баары жайында болсо, эмне себептен сиздин үстүңүздөн арыз жазып жатышат? Иш болгондон кийин адамдар бири-бирине жакшы да жаман да көрүнөт. Жаза тайып аларга жаман көрүнүп калган жайыңыз бардыр?
- Мен 2005-жылдын апрель айынан баштап ордонун башкы директору болуп иштей баштадым. Менин ишиме нааразы болуп арыз уюштуруп жатышкандардын бири С.Ноочорбаева комплекстин билет сатуучу кассасында кассир болуп иштеп туруптур. Алгач штаттык түзүм менен таанышып чыгып, кызматкерлердин ишине стимул берүү максатында бирин-бири кайталаган штаттарды кыскартып, биринчи кезекте чарба жумушчуларынын жана башка кичи персоналдардын айлык маянасын 2,5 эсеге көтөрүүнү көздөдүм. С.Ноочорбаеваны 360 сомдук алган эмгек маянасынан 2,5 эсе жогору маянага музейге көзөмөлдөөчүлүккө котордук. Музейде иштөө мезгилинде да, кассада да көнгөн адатынча эле эмгек тартибин бузуп, өзүнөн жаш көзөмөлдөөчү кыздарды коркутуп-үркүтүп, зыяратчыларга сатылган билеттерди кайра сатып, тартипсиздик иштерди жасап келди. Афган согушунун катышуучуларын уюштуруп, ортого салып: "Мен иштесем кассага гана иштейм, башка жерге иштебейм" -деген талабын коюп мага кирди. Ордонун жетекчилиги Афган согушунун катышуучуларынын Мекен алдындагы өтөгөн кызматын эске алуу менен алардын талабын канааттандырып (себеби алардын арасында С.Ноочорбаеванын жолдошу да Афганистанда кызмат өтөгөн экен), С.Ноочорбаеваны кайрадан кассирликке котордук. С.Ноочорбаева кассада жана музейде иштөө мезгилинде бир нече ирет эмгек милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгынан улам, ага оозеки жана жазуу жүзүндө буйрук менен эскертүүлөр, сөгүш берилип, тиешелүү тартиптик жазалар колдонулду. С.Ноочорбаеванын кассада иштөө мезгилине анализ жүргүзө турган болсок: 2004-жылдын апрель айында кассадан түшкөн жалпы киреше 10 710 (он миң жети жүз он) сомду түзсө, ал эми 2009-жылдын апрель айы боюнча 89 215 (сексен тогуз миң эки жүз он беш) сом түшкөн, башкача айтканда киреше дээрлик 9 эсеге өскөн.
2004-жылы жыл бою кассадан түшкөн жалпы киреше 206 451 сомду түзсө, ал эми 2009-жыл бою кассадан түшкөн жалпы киреше 1 259 870 сомду түзгөн же салыштырмалуу киреше 6 эсеге көбөйгөн.Жетекчиликке каршы өзүнүн басымын көрсөтүү максатында, жолдошу Афган согушунун катышуучусу болгондуктан, Талас областындагы Афган согушунун ветерандарын, жетекчиликке каршы уюштурууга аракеттерди жасады. Комплексте эмгектенген айрым жетекчилерди жана кызматкерлерди бир нече ирет моралдык жаткан жабыркоого алып келген жана аларды коркутуп, шантаждап көнгөн. Бул боюнча айрым жамаат мүчөлөрүнүн өз учурунда жазган бир топ актылары, түшүнүктөрү, билдирүүлөрү бар. Колу жеткен жогорку инстанциялардын бардыгына арызданып, алар тарабынан эч колдоо таппагандан кийин, акыры өз арызын жазып кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми бул ирет С.Ноочорбаева 2010-жылдын апрель окуясынан кийин кайрадан "Таластын ОБОНдору" (отряд баб особого назначения) деген атка конгон аялдарды уюштуруп, кайрадан көнгөн чагым иштерин баштаган. ОБОНчул аялдар тобу менен ордонун жетекчилигине 3 жолу келди. Мага: "3 күндүн аралыгында кызмат ордуңду бошотуп, ордодон чыгып кетесиң, болбосо, өзүңө, үй-бүлөңө жаман болуп калат" - деген коркутуп-үркүтүүлөр менен кирди. Республикалык, областтык деңгээлдеги жетекчиликке "Манас Ордонун жамаатынан" деген, ордодо иштеп көрбөгөн адамдардын аты-жөнү менен бир нече жолу чагымчыл арыздарын жазышты. Бул боюнча дагы областтык администрация тарабынан текшерүүлөр болуп, алардын жазган бир дагы фактысы аныкталган эмес.
"ОБОН" деп жатканыбыз, мурдагы бийликтин убагында Талас жергесинде да, Талас областынын жетекчилигинин көрсөтмөсүн аткарган, оппозициялык маанайдагы адамдарга каршы багытталган ажаан аялдардан түзүлгөн топ. Мисалга алсак, 2008-2009-жылдары "Ата Мекен" партиясынын, БЭКтин лидерлери Талас жергесине келгенде жумуртка менен ургулап, ал эми Роза Исаковна Отунбаева Бакай-Ата районуна келгенде, колунан жетелеп, талоонго алып, машинага салган аялдар тобу (Бул топ азыркы учурда да өз кызыкчылыгындагы иштерди жүзөгө ашырыш аракетинде). Булар кайра-кайра эле област жетекчилигине арыздана беришкендиктен, област жетекчилиги "Манас Ордонун" жетекчилигине С.Ноочорбаеваны кассирликке иштетүүнү сунуш кылган. Ордонун жетекчилиги област жетекчилигинин сунушун эске алуу менен С.Ноочорбаеваны "Манас" музейине көзөмөлдөөчүлүккө кабыл алган. Ортодон дагы "мен иштесем кассага гана иштейм", эгерде иштетпесең, сен дагы бул жерде директор болуп иштеп турам деп ойлобо!" - деп, чогулушта отурган күбөлөрдүн көзүнчө кыйкырып-өкүрүп чыгып кеткендигине чогулушта катышып отургандар күбө. Дагы деле тынчыбай ар кайсы тарапка арыздана бергенинен, балким, тынч иштээр, оңолгондур деп, бир чети ордонун тынчтыгы эске алынып, С.Ноочорбаеваны кассирликке котордук. Кассирликке иштеген биринчи күндөн баштап ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тынч, таза иштөөсүн талап кылдык.
Аз убакыттын аралыгында эле баягы көнгөн адатынча өзүнүн кызматтык милдеттерин, эмгек эрежелерин бузуп, кассадан билет сатуу боюнча туура эмес иштерди жүргүзүп жаткандыгы комплекстин кызматкерлери тарабынан белгиленип, жетекчилик тарабынан тынымсыз эскертүүлөр берилип жатты. С. Ноочорбаева жетекчиликтин анын иши боюнча берген эскертүүлөрүнө, өзүнүн чагымчылдык иш-аракеттери менен жооп бере баштады. Мисалга алсак, "жетекчиге каршы забастовка уюштурбайлыбы, телевидениени чакыртып, тарттыра коёбуз" деп, ошондой эле иштеп жаткандарга чагымчылык кылып, "Сен эмне кылып жатасың? Убара болбой эле кой. Директордун убактысы бүттү, ушул эле жеп-иче берет бекен, болду, мунун соодасы бүттү. Сени текшергенге алы деле келбей калды, жакын арада жумуштан кетет"-деп, ич ара кызмат бөлүштүрө баштаган.
Ал эми арызда "-Мени О.Чоюнбаев оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тилдеп, андан кийин менин кан басымым жогорулап, мурдум канап, ооруканага жатып калдым" деген. Бул боюнча С. Ноочорбаева кассада отурганда түлөө бергендер түлөөнүн акчасын төлөйүн деп кассага кайрылып калса, эки эркек аны сабап жатышканына күбө болушкан.
Арыздын уюштуруучуларынын дагы бири - Ибралиев Мударис учурунда музейдин мүлк сактоочусу, "Манас" музейинин директору, илимий кызматкер, уюштуруу иштери боюнча башкы адистик кызматтарды аркалап иштеп келген. Бирок бул мезгилде М.Ибралиев тарабынан ички эмгек тартибине жооп бербеген одоно тартип бузуулар кайталана берди. М. Ибралиев "Манас" музейинин директору болуп иштеп турган кезде бир канча жолу ичкилик ичип алып эмгек тартибин бузуп, ордонун ишине кесепетин тийгизгендигине ордонун жетекчилиги, музей жамааты көз жумуп, аны өз ишин жакшы билгендигин эске алып кечирим берип келди. Андан жыйынтык чыгарган жок. Жумалап, ар кайсы жерде мас болуп кулап, кайра "больничный лист" ачтыра коюп, "ооруп калдым" деп шылтоолоп ичкилигин улантып жүрө берди. "Экинчи ичкилик ичсем, өз арызымды жазып кетем" деген түшүнүктөрүн жазып берген учурлары көп. Акыры иштешүүгө мүмкүн болбогондон кийин кызматтан кетти.
Мен жетекчи катары талапты катуу койгон адаммын. Бирок кекчил эмесмин. "Сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деп жүрө албайм. Ордодогу иштин ырааттуу жүрүшүнө тоскоол болгон, ордонун аброюна шек келтирген өз билгенин жасагысы келген адамдар менен кош айтышышыбыз керек да. Манас атабыздын ордосуна күн санап миңдеген адамдар агылып келип, Манас күмбөзүнүн алдында касиетине табынып, таазим кылып, жан дүйнөсүн аруулантып, ой-тилек тилеп кетишет. Андыктан Ордонун жамааты да ушак айыңдан алыс, таза ниеттүү жана жигердүү болууга тийиш.
Тигини айтсак да, муну айтсак да, баары элге дайын. Кимдин ким экенин эл, жамаат билет. Жамаат колдобосо, мен бир күн дагы бул кызмат ордума отурмак эмесмин.
"Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба" дейт го элибизде. Теңелбейли десем, таза эле ашынып, "буттарын" сүртүп башташты. Аларды көкүтүп кайра-кайра арыз жазып берип жаткандардын куралына айланышканына түшүнүктөрү жеткен жок. Манас атабыздын Ордосунун жамаатынын, облус элинин атын булгагандыктары үчүн уюштургуч-аткаруучуларды Манас атабыздын касиетине койдук. Ар ким жасаган күнөөсүн башы менен тартыш керек. Биз сотко кайрылууну чечтик.
- Маегиңизге рахмат. Ишиңиз ийгиликтүү болсун.
Маектешкен
Козубек Иманкулов