Кадам ушул…

БЕКНАЗАРОВ УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН КҮЗГҮСҮ ЭМЕСПИ? АТАМБАЕВ, ТЕКЕБАЕВ, БАБАНОВ ЭЛ ИШЕНИМИН АКТАР БЕЛЕ?
СОЛ КАЙРЫК. Өткөндө Бекназаров интервью берип жатып: "Убактылуу Өкмөт убада кылгандарынын баарын аткарды" - деп токпейил айтты. Ал калп айткан жок, бирок бир жагын, маселенин формасын гана айтты, ал эми мазмунуна келе турган болсок, Убактылуу Өкмөт бийликти кармап калуу менен гана алек болду. Жөнөкөй тил менен айтканда, Бакиев бийлиги Убактылуу Өкмөт менен алмашканда элдин турмушу мурункудан оңолуп кеткен жок, тескерисинче, начарлап тургандай.
Революция болуп, ушинтип коелу, болбосо бул термин деле 7-апрелдеги окуянын туура сыны эмес, талашсыз наамы "төңкөрүш" дегенге төп келет деп айткандар анча деле жаңылышканы жок. Эми бул азыр талкуулоочу маселе эмес, маанилүү да эмес. Маселе ошол бийликти кулаткандан кийин келген жаңы бийлик, эл массасы күткөн бийлик, алардын үмүтүн актадыбы? "Ооба"-деп, так-кесе айтуудан ким да болбосун айбыгат го, жаңылып калышым мүмкүн деп…
Бийликте отуруп келгендердин бири катары ушул эле Бекназаровдун өзүнүн кылган иштерин эске салалы: Бакиев бийлиги кулары менен Бекназаров "майлуу" жерди - сот, прокуратура, милийса тармагын көзөмөлдөөгө шайланды. Билип бүтпөдүкпү, аталган тармактар коррупция боюнча алдыңкы орундардын бирин "колдорунан чыгарбай" келе жатат эмеспи. Демек, ал жакта акча деген кыпкыргызча айтканда "саман". Анан кеп кетти: "Бекназаров баланчадан баланча доллар, түкүнчөдөн түкүнчө доллар алыптыр… тигини бошотуп жибериптир, муну кызматка коюп салыптыр, албетте, бекер эмес…" сыяктуу. Бул кепти "жарымы жалган, жарымы чын, жанында турган киши жок" дегенди эске алып, анан да "шамалсыз чөптүн башы кыймылдабайт" дегенди унутпай, "уккан кулакта жазык жок" кылып айтып жатканыбыз. Кандай болгон күндө да Бекназаров тарап анча таза болбой калды көрүнөт, ал тараптан жел жүрсө, жыты анча жагымдуу эмес…
"Тез аранын ичинде мурунку бийликтеги кылмышкерлерди кармап, жоопко тартабыз" дешти эле, анысы эмдигиче ишке аша элек. Эртеңден сот процесси башталат, андан эл күткөн жыйынтык чыгарына деле күмөн болуп турабыз.
Мына, Бакиев кулагандан бери сегиз айга чукулдап калды. Бул убакыт жалпы адамзаттын тарыхы менен ченегенде деңизге куйчу тамчы дечи, бирок бир окуянын чен-өлчөмү менен алганда, бир топ эле убакыт, азга жыйынтык чыгарчу.
Айталы, өткөн кылымдын 30-жылдары Рузвельт бийликке келип Американы "улуу депрессиядан" чыгарган, бат эле турмушту оңдоп койгон. Оңдоо жолундагы алгачкы сегиз айдын ичинде далай жылыштар болгон экен; согуштан таш-талканы чыккан Германия, капитализм боюнча калган бөлүгүн айттык, экономикасын оңдоо жолундагы алгачкы эле жылы кадимкидей жетишкендиктерди жаратыптыр.
А биздин Убактылуу Өкмөт кандай ийгиликтерди жаратты? Менимче, "ийгилик" деген маанини бул өкмөткө пайдаланганыбыз натура болор, а балким, анысы акырындап келе жаткандыр дейли, пессимист болбой…
Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү тармактарды таламайга салгандан кийин, эки-экиден чабышуулар башталды: Атамбаев менен Бекназаровдун мисалын эле тарталы, акча маселеси боюнча ошол эле Бекназаров менен Сариев "түшүнө алышпай", элди "ээн ооз" кылышты, Каптагаев, Тургуналиев, Текебаев, Исаковдор, Ибраимовалар да ар кандай интригаларга бир сыйрадан "чумуп" чыгышты окшоду.
Убактылуу Өкмөттүн Бакиевдер жана бакиевчи еврейлер, орустар алып чыгып кеткен акчанын "сары изине" түшкөнү билинбеди; жегендерин "кустурабыз" деген аракети ай талаада калды; жогорку кызматтарды жакындарына алып берүү кармашы ушул бүгүнкү күнгө чейин уланып келет; коррупция дегениң ооздукталбаган боюнча; экономика маселеси жөнүндө эч кимиси башын катуу ооруткан жок; түндүк-түштүк бөлүнүүсү курчуп турат; Бакиевдин куйруктары бийликке келе баштады; "техникалык" делген Өкмөт айлыгын алганга ыраазы, аман-эсен күн өткөнүнө ыраазы…Жанагы Костюк-постюктарды тез арада кууш керек, жана да андайларды эмдиги бийликке жаа атым жакын жолотуштун кереги жок, андайлардын күнүмдүк түйшүгү Генпрокуратура тарапта болсун!
Жогорудагыдай санай берсек, Убактылуу Өкмөттүн элге берген убадалары жарым-жартылай гана аткарылды. Ал эми Бекназаровдун сөзү жеке өзүнүн пландарынын аткарылышын айткан сыяктуу. Билермандардын айтымында далай соттор кезекке туруп ага долларларын бере албай калышыптыр, кезек узун, узу-уун экен дешет…анан да "үй камагына" чыгарылгандар да ыраазы кылып турушту дейт. "Дейт" дегени эле көп, кайсы "дейти" чын экенин ит билсинби?! Кечээ жакында дагы бир "дейти"- "Англиядан үй алат экен" дегени пайда болду.
Кайсы бир динде айтылат экен: "жаман адам болбойт, жаман кылык болот"-деп. Анын сыңары Бекназаров деле жаман жигиттерден эмес, өлкөбүздө демократиянын орношуна салымын кошкон, бирок кылган иштерин негедир ушундай сыпаттай албай жатпайбызбы…
Бекназаровдун бир жүрүшү: жанагы эч кимге баш ийбейм деп жаткан балакай Мырзакматовду Ошто трибунага алып чыгып, элди экиге бөлгөн сөздөрүн айттырып эркелетип турушу таптакыр эле тескери кеткен саясат жүргүзүп жаткандай сезилди. Мырзакматов билип коюшу керек, бу бийлик элди бөөдө жерден дүрбөтпөйлү деп жатат, болбосо аны кызматтан алып, өпкөлөнтпөй ордуна коюп коюу чыйт түкүрүм эле го, бүтүндөй бир мамлекет үчүн…
Эгерде Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттүн башында турбай, анын ордунда башка болгондо, чалмакейибиз чалынып калмак экен. Андыктан ушул президентибиздин опурталдуу кырдаалда мамлекет башкарууга жарап бере тургандыгын баарыбыз моюнга алып койгонубуз туура болор. Анан да Отунбаеванын "эмдиги шайлоодо президенттикке барбайм" деген кебинен кайттырыш аракетин көргөнүбүз оң…
ОҢ КАЙРЫК. Өткөн кылымдагы орус ойчулу, революционер-демократы, адабий сынчысы Николай Добролюбовдун "Чыныгы күн качан келет?" деген чыгармасында эзилген элдин оор турмушун, крепостнойлукту, наадандыкты жазган эле. Анын сыңары биз, журналисттер, бүгүн да күткөн күнүбүз келер деп элдин атынан жазып келебиз, аныбызды кыйналып турган элден башка уккан адам жок сымал.
Ошол өткөн кылымдагы орус турмушу менен азыркы кыргыз турмушунун ортосунда асман менен жердей айырма болгону менен, кайсы бир деңгээлде, тырмактын учундай болсо да үндөшүппү, окшошуппу кетет экен. Айталы, ал кездеги орус байлары, жер ээлери, фабриканттар, завод ээлери карапайым элди аябай эзип турган. Эл массасы мал катары гана, кара курсактын айынан гана жашап тургандай абалда эле, алардын арасынан аракечтер, ууру-кескилер, сойкулар толуп кеткен эле. Эми андан ары улантпайлы, бу маселени сабаты арылгандын баары билет…
Азыркы кыргыз турмушун алсак, эл массасынын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашап жатат, өлбөстүн күнүн көрөт деп сыпаттасак жараша берет, бири-бирине карыз, мамлекеттен кредит алып кутула албай жүргөндөр толо, үйүнөн айрылгандар андан көп, аракечтик, сойкулук, кылмыштуулук сыяктуу негативдүү көрүнүштөр турмушубуздан биротоло орун алган сыяктуу. Өзүм билемдиктин айынан кымбатчылык болуп, ушул азыр кээ бир бүлө кантип нан таап жешти бүтүндөй жашоосунун негизги маселеси кылып турат. Бул трагедия эмеспи?!
Мамлекеттин, элдин деп окуйлу, эсебинен байыган айбандар азыр кай бийлик келбесин чалактап жашагандын үстүндө, алардын катыны да, кызы менен уулу да бекер акчанын күнүн көрүп, кымбат кафе-ресторандардан тамактанып, четтин мыкты машиналарын минип, кийимдерин кийип, карапайым адамдарды малга теңей карап, көөп турушпайбы.
Кыздарыбыз негрге, арабга, француз менен немиске, кытай менен түрккө тийип, ата-энесине акча жөнөтсө алар элге мактанып… мактанбай куруп калышсын. Абийирлери кетип жаткандарын, акча менен жабат деген ушул го бир!
Аттиңдерди айтып бүтүш, кечирип коюңуздар, "Манас" айткандан кем калбас, күнү-түнү айтылар…
Токтотолу. Анан "биз күткөн күн келди" кылалы. Жаманбы же жакшыбы бул парламент "буту-колун жазып" тезинен ишке киришпесе элибиздин турмушу таптакыр эле начар абалда калышы мүмкүн. Ошондо эмне кылыш керек? Бул маселеде Американы ачыштын зарылдыгы жок, тек гана дүйнөлүк мисалдарга таянып, биринчи иретте, таптакыр эле очорулуп калган экономикабызды бутуна тургузуш керек. Анын жолдору да небак изилденген, экономикалык өнүгүүнүн практикасында мыкты жетишкендиктерди жараткан мыйзамдары турат, аларды ишке ашырчу жетекчилерибиз бар, кесипкөйлөрүбүз бар.
Ошентип, Текебаев спикер, Атамбаев премьер, Бабанов фракция жетекчиси болсо, жанагы "биз күткөн накта күн да келер" деген үмүт-арман ишке ашышы реалдуулукту таяна жыгылат. Анткени жогорудагы жигиттерибиз далай "тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн", ошол жолдо жакшы менен жамандын, ак менен каранын ажырымын билип басышкан, элим деп соккон жүрөгү менен, элим мыкты жашасын деген тилеги бар, аларды ишке ашырчу программалары бар.
Атамбаев менен Бабанов экономикалык өнүгүүнүн түркүн жолдорун, анын ичинде кыргызга жарамдуу жолдорун жакшы билишет, Текебаев саясат жагынан, толук кандуу мыйзамдарды таба билүү жагынан алдына киши салбайт деле. Аталган лидерлердин аркасы менен министрликтерге, агенттиктерге иш билген, булгана элек жаштар келсе, кен байлыгы да, ар тармактагы профессионалдары да толо, токпейил кыргыз эли эртең эле алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулат. Бакиев, Акаев бийлигинин бир дагы вицесин же министрин эмдиги бийликке жолотпош керек, элдин талабы ушундай болуу керек.
ҮМҮТ КАЙРЫК. Биз күткөн күн - накта эркиндиктин, теңдиктин жана да жыргал турмуштун күнү да келет… бул жомок эмес деп катуу ишенели.
Баратбай АРАКЕЕВ