Көз караш…

Чындыкты турмуш тастыктайт…
Ар бир нерсенин белгилүү өлчөмдө оң жана тескери жактары болору шексиз. Бүгүнкү жакшы нерсенин эртең терс жактары чыгып калат, ошондуктан жакшы же жаман деген түшүнүк шарттуу мүнөзгө гана ээ болорун унутпашыбыз керек. Азыркы күндө парламенттик шайлоодон кийин, болгондо да эл аралык масштабда дүйнө эли өлкөбүздөгү шайлоону таза өттү деп тааныганда, саясий серепчилердин буга ишенбестик менен мамиле жасагандыгын билдиргенден кийин бул маселе боюнча пикир айтуу зарылдыгы келип чыкты.
Ар бир адамдын бир эле көрүнүшкө ички мамилеси, көз карашы ар башка болушу - бул адамзаттын жашоосундагы табигый мыйзам ченемдүү кубулуш. Бул аспектиден алып караганда Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери административдик ресурстар колдонулбай өткөн биринчи шайлоо экендигин эч кимибиз танып кете албайбыз. "Таяктын да экинчи учу бар" дегендей, шайлоонун жүрүшүндө айрым терс көрүнүштөр болгондугу да жашыруун эмес. Буга себепкер элибиздин менталитетине байланышкандыгын жана буга чейинки бийликтин "бөлүп ал да, башкара бер" принцибинин каныбызга сиңип калганынын кесепети экендигин баса белгилесек болот. Буга өзүбүздүн айрым аргументтерибизди келтирип далилдөөгө аракет кылып көрөлү.
Калкыбыз эзелтеден уруу-урууга бөлүнүп жашап келди. Алардын кандаш туугандык байланышы дагы региондук өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана ошол эле учурда географиялык чөйрөсүнө жараша аныкталган десек жаңылыштык болбойт. Ушул тоскоолдуктарды жоюунун ишенимдүү жолу партиялык ыкма аркылуу шайлоого өтүү деген пикир пайда болгон. Ошентип, "ураалаган" бойдон 150дөн ашык партия түзүлүп, анын мүчөлөрү жергебиздин ар кыл аймагынан экендиги жар салынган. Көпчүлүк партиялардын мындай курамы формалдуу мүнөздө болгондугун, алардын шайлоо алдында ар кыл аймактагы акчасы барлар жана "кадыр-баркы бар" деп эсептешкен адамдар менен депутаттык мандатка соодалашкандыгын шайлоонун жыйынтыгы тастыктап койду сыяктанат.
Шайлоо эркиндигине эрте кубанган экенбиз, аны коррупционерлер, ички жана тышкы үчүнчү күчтөр муну өз пайдасына чечип кетти. Анын натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк адамдар күткөндөн тескери чыкты. Алардын мүмкүнчүлүгүнө учурунда эч бир адам, саясий серепчилер туура баа бере алган жок, ошол эле учурда жана эски бийлик өкүлдөрү мансабын эч качан ыктыяры менен өткөрүп бербесин, камырабастык аларга кызмат кыларын, эйфория абалдан тез арада кутулбасак, алардын саясий түрдүү оюндарда реванш алууга шарт түзүлөрүн эскерткенибизден майнап чыккан жок. Божомолубуз туура чыкты. Буга мисал катары шашылыш түзүлгөн "Ата-Журт" партиясын алып көрөлү. Ошол кезде булар жеңишке ээ болбойт дегендер учур бул партияга кызмат кылып жаткандыгын неге мурда эске алышпады?
Ушул эле шайлоо өнөктүгүнө азыркы күндө "Ата-Журт" партиясынын лидерлерин парламенттен кетирүү талабын коюшкан "Айкөл Ала-Тоо", "Мекен шейиттери" коомдук уюмдарынын талабына каршылыгыбыз жок, бирок "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" - деген элибиздин учкул сөзүн аргасыз айтууга туура келип отурат. Бул тирешүүнүн аягы канга сиңген региондук бөлүнүүлөрдү күчөтүп жиберүү коркунучун көрө албагандыгы алардын саясий жактан чабалдыгын көргөзүп жатпасын? Алар ошончолук жаны күйсө, күрөштүн башка жолуна өтүүгө, өлкөдө стабилдүүлүктүн сакталышына салым кошууга, кайрадан кан төгүлүшүнө жол бербөөгө тийиш. Себеби көптөн бери күткөн шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыяланды.
Биринчи кадамын "партияны тазалоодон" баштамак болгон "Ата-Журттун" курамы өзгөргөн жок, "сыныктан башкасы жугуштуу" дегендей, "бекитилген аймактардан 20 миң добуш ала албаган партиянын депутаттыкка талапкерлери" бул саясий-шоунун курмандыгына чалынды көрүнөт. Мурда саясий оюндарга катышып көрбөгөндөрдү эл тааныбасын алар эске алышкан жок, бирок алар кааласа да, каалабаса да ошол партиянын лидерлерине ак кызматын көргөзүшкөнүн белгилеп койсок болот.
БШКнын төрагасы А. Сариев "Республика" партиясынан 6, "Ата Мекенден" 1 адам депутаттык мандаттан баш тарткандыгын, алардын өтүнүчү аткарылгандыгын билдирген эле.
Калыстык менен карайлы, алар мыйзамга ылайык талапкерлердин тизмесин региондук, гендердик, диаспоралык тең салмактуулукту сактап түзүшкөн. Бул формалдуу мүнөздө болсо да, бардык партияларда сакталган, бирок муну айрым партиялар жөн эле "маскировка" катары пайдалангандыгы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылары менен белгилүү болду. Эски эки бийликтин учурунда үй-бүлөлүк башкарууну колдогондор "бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгарып, парламенттик шайлоодо ат салышты.
Ушундай эле пикирди "Ата-Журт" партиясынын лидерлерине да багыттасак жаңылыштык болбос.
Ушул жерден суроо туулат, "Ата-Журт" партиясынын лидерлери тизмесин БШКга өткөргөндө Д.Үсөновдун аялы Д.Исаеванын, Н.Түлеевдин, Н.Сулаймановдун аты-жөнү ачык көргөзүлгөн, ал гана эмес үгүт-насыят иштеринде алар айрым жерлерде жарнактарда сүрөттөрү колдонулган. Азыркы нааразылыкты уюштурган партиялар эмне үчүн шайлоого чейин буларды тизмеден чыгарып салуу, бул партиянын негизги өзөгүн түзгөндөрдүн көбүнүн эски бийликтин өкүлдөрүнөн тургандыгына байланыштуу БШКдан бул партияны каттоодон өткөрбөөгө кубаттуу нааразылык акцияларына жетекчилик кылышкан жок? Саналуу адамдар гана ошол учурда митинг, пикеттер өткөрүштү, бирок аларды кайсы партия туруктуу колдоду?
Ал эми "Ата-Журт" партиясынын лидери К.Ташиевдин: "Д.Исаева парламентке мүчө болсо, депутаттык мандаттан баш тартам" - деген сөзү чындыкпы? Ал табышмак... Эгер бул чындык болсо, "устаты" К.Бакиевдин "мен муну билген эмесмин, азыр уктум" дегениндей, Д.Исаеванын депутаттыкка талапкер болуп бул партиядан өткөнүн "жаңы билгени" таң каларлык окшоштукпу, же саясий сойкулукпу, окурмандар өздөрү талдап көрүшөр.
Ачык айтууга туура келет. Шайлоонун башталышында "Ата-Журт" түштүк региондорунда белгилүү өлчөмдө добуш алары белгилүү болчу. Учурдун аларга кызмат кылганы ушунда, Ош жана Жалал-Абад коогалаңы алардын рейтингин көтөрүп кеткени далилдөөнү талап кылбаган аксиома катары карасак болот, бирок бул партиянын түндүк региондорунан 5 пайыздык көрсөткүчтү камсыз кылуу күмөн эле. Ал үчүн "акча мешогуна" ээ болушкан Д.Исаева, Н.Түлеев, М.Абдылдаев, С.Жапаров, А.Кангелдиев, Н.Молдобаевдер аркылуу "эптеп" пайыздык тоскоолдуктардан өтүү максаты коюлган жана аларга дээрлик биринчи, экинчи "ондуктардан" орун бөлүнгөн. Алар кадыр-баркы мененби же каражаты мененби, айтор, пайыздык кыйынчылыктардан партиянын өтүшүн камсыз кылды.
"Укмуштуунун төөсү жорго" дегендей, К.Ташиевге эми булардын кереги жок болуп калды көрүнөт, "эң жогорку көрсөткүчтө добуш алып бере албагандыгынын" шылтоосу менен алардан кутулуунун амалын ойлонгон көрүнбөйбү? Ушул өңүттөн карасак, бул партияда баягы эле "ит оору" түндүк-түштүк бөлүнүүлөрү башталгандай таасир калтырып, натыйжада партия мүчөлөрүнүн ортосунда региондук маанайда тирешүү пайда болгон деген жыйынтык чыгарууга негиз түзүлдү. Мындан тышкары Д.Исаева менен Ж.Жолдошева ушундай кысымга дуушар болушкандыгын эске алсак, гендердик жактан да одоно мамиле жасалган десек болот. Бирок алардын бул ойлору ишке ашпай, алар депутаттык мандатка ээ болгондугуна көбүбүз күбө болдук. Эми К.Ташиев убадасы боюнча депутаттыктан баш тартабы, же К.Бакиевче "эл менин кетишиме каршы болгондуктан сөзүмдү кайра алдым" дейби? Күтө туралы, чындыкты турмуш өзү аныктайт эмеспи…




  Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат

Парламент тирешүүнүн очогуна айланбайбы?
Ошентип, шайлоонун жыйынтыгы толук бир айдан кийин расмий мүнөздө таанылды. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын чогулушун депутаттардын эң улуусу Ташболот Балтабаев ачык деп жарыялап, эски бийлик кулатылганда, тактап айтканда, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүү азасын жарыялады. "Биз бүгүн ушул жерде демократиянын негизин түптөөгө чогулуп отурабыз жана биз бул ишибиз менен тарыхта калабыз" - деген сөзү көп мааниге ээ болуп калды. Ошол эле учурда апрель окуясында курман болгон 86 адамдан тышкары Ош жана Жалал-Абад аймактарында этникалык кагылышууда ажал тапкандарды да кошо эскерип кетүүнү унутуп коюшу саясатчынын, болгондо да эл өкүлчүлүгү үчүн кечирилбес жаңылыштык экенин ойлобогондугу бизди өкүндүрдү.
Эскерте кетели, түштүк регионундагы бейкүнөө курман болгондордун саны расмий түрдө 300 адамдан ашкан, бирок официалдуу эмес маалыматтарга таянсак алардын саны 2-2,5 эсеге көптүк кылат. Бул кыргыз элинин тарыхтагы трагедиясынын дагы бир барагы болуп калары талашсыз, алар дагы эски бийликтин улут аралык жаңылыш саясатынын курмандыктарына айланышканын, булар да кыргыз жарандары экендигин унутта калтырышы азыркы парламенттин "ээрге кыйшык отурганынын" алгачкы белгиси сыяктуу таасир калтырды.
Парламентте саясий-шоуда "чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн" экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу көргөздү. Ал "Ар-Намыс" партиясынан депутаттыкка өтүп, ал КРнын Конституциясына жана Куран китебине колун коюп ант берип, чоң "ачылыш" жасады. Ушунча болгон соң курган адам бир гана кыргыз элине эмес, араб элине айрыкча кызмат көргөзөрүн кошо кетсе болмок. Менимче, Турсунбай Бакир уулу өлкөбүздө жүргөн өтө аз сандагы араб диаспорасынын атынан чыккан көрүнөт. Эми парламенттин жыйындарында кастюм-шым эмес, арабдарча кийинип келеби?
Анын айтымында ал "Ар-Намыс" партиясынын лидери "желим генерал" Ф.Куловго "арабча" үйрөтүп жаткан көрүнөт. Кудай сакта, өмүрү өткөнчө өз эне тилин үйрөнбөгөн бул адамдын көзүн омбудсмен болгон адам ачып коёруна "шек саноого" болобу? Намазы менен катар Турсунбек Бакир уулу кыргыз тилин окутуп үйрөтөт го? БШК Турсунбай Бакир уулунун антын кантип өткөрдү, анын: "тез-тез алмашылган Конституцияны жана эч өзгөрүлбөс Куранды кармап ант берем"-деген сөзүнө карабастан, депутаттык мандатка ээ болушу биздин өлкөнүн да жакынкы аралыкта парламенттик эмес, ислам мамлекети болуп жарыяланарына ишарат жасалып жатпасын? Ушундан улам, Турсунбек Бакир уулу мындан ары Конституциялык укугум бузулду деп чуу салууга моралдык укукка ээ боло алабы? Ага эми Куранда көргөзүлгөн укугу бузулганын айтууга гана акылуу болобу? Муну чебер актёрлукту көргөзгөн Т.Бакир уулу менен БШК чечмелеп берер…
Жалпыбызга белгилүү, "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" партиясы бир коалицияга бириккени жар салынган. Алар парламенттик башкарууну жоюп, күчтүү президенттик бийликти калыбына келтирүү багытын көздөшкөн. Ал эми К.Бакиевдин учурунда Ф.Кулов парламенттик бийликти киргизүү зарылдыгын белгилеп келгенин, кыска мөөнөттө багытын 180 градуска буруп кеткенин эске салсак, Т.Бакир уулунун таасинде эми Кыргызстан ислам мамлекети болуп түзүлүшү керек деп чыкпас бекен? Анда "Ата-Журт" өнөксүз калат көрүнбөйбү.
"Көз көрсө, курсак кайнайт" дегендей, депутаттыкка жер чечегин чечип такылдаган адамдар абадай керек болсо, тетирисинче эркин сүйлөгөндү мындай кой, кагазды жөндөп окуй албагандар бар экенин ант берүү аземи ачыкка чыгарып койду. "Жеңген партиялардын" лидерлери аларды калдайган калкка уят кылбай, алдын ала анттын текстин жаттатып, сыноодон өткөрүп койсо болмок, аттиң десең…
Азыркы күндө Кыргызстандын коомдук-саясий атмосферасында жаңы жандануулар башталды. Буга себеп коалициялык өкмөттү түзүүнү президент Роза Отунбаеванын КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевге тапшырышы ар кыл пикирлерди жаратып жатат. Айрымдар өкмөт түзүүдө Р.Отунбаева мурдагы партиялаштарын тымызын колдоо катары көргөзүшсө, айрым маалыматтарда бул жоопкерчиликтен "Ата-Журт" партиясы баш тарткандыгы тууралуу пикирлер айтылат. Эмне демекчибиз, бул демократиянын дагы бир башаты болгон плюрализмдин кеңири кучак жайышы катары эсептесек болот. Ошол эле учурда партиялардын ортосунда алынган добуштардын айырмасында пайыздар чечүүчү мааниге ээ боло алган эмес. Натыйжада, бир канча партиялар бир блокко биригишине байланыштуу болмок эмес.
Партиялардын лидерлери өз алдынча жолугушуп, соодалашканын да жашыра албайсың. Ал эми КСДП менен "Республика" партияларынын бир фракцияга биригиши "Ата-Журттун" жолун бууп салды көрүнөт, себеби эми "Ата Мекен" партиясы кайсы тарапка кошуларына байланыштуу болмок. Ырас, "Ата Мекен" жана КСДП партияларынын ортосунда пикир келишпестик бар, бирок "Ата Мекен" менен "Ата-Журт" идеялык жактан да, көздөгөн максаттары жактан да бириккенге эч негиз жок экендиги өкмөттү түзүүгө КСДПга жол ачкандыгын аныктоого чоң саясатчылыктын, өтө акылмандуулуктун деле кажети жок. Демек, айрымдардын президент Р.Отунбаевага "бир партиялаш болгондугу" тууралуу "жомогу" негизсиз экендиги ушундан ачык көрүнүп отурат.
Парламент түзүлүп бүттү, эми булар мамлекетибиздин кызыкчылыгын көздөшүп иш алып барышабы, же ит менен мышыктай ыркырашып, жеке амбициясы үчүн гана күрөш жүргүзүшүп калышабы? Эгерде партиялардын курамына көңүл бурсак, парламент такай тирешүүлөрдүн негизги очогуна айланары эмитен эле көрүнүп калды. Акыры акыл калчап, бири-бирине компромистик мамилеге өтпөсө, анда бул кыргыз элинин алдыда турган дагы бир шору болуп каларын алдын ала эскертип коёлу. Ошентип, өкмөт бирде өчсө, бирде кайрадан жанып жаткан учурдабыз, ушул жагын депутаттарыбыз эске алышса болду…
Бетти даярдаган
Эртабылды АТТОКУРОВ